Кымыз сүйүүчүлөр коомунун төрагасы Бакыт Дыйканов: Кымыз – кыргыздын акак шарабы
Кыштан жүдөп чыккан адамды калыбына келтирүүчү жана канча ичсе да табитти кайтарбаган кымыздай суусундукту ойлоп табуу кыйын чыгар.
Д.И.Даль
Жаз келгенде, өзгөчө май айында “ден соолугумду чыңдап бээнин сүтүн ичет элем” деп жайлоону көздөй сапар тарткандардын саны арбын. Бирок, бээнин сүтүн өз алдынча гана иче бербестен атайын убак- сааты менен ичүү зарыл. Өзү билемдикке салып иче берсе, анда пайдасы деле тийбейт дешет докторлор. Кыргыздын улуттук суусундугунун касиетин даңазалап, унутта калтырбоо максатында атайын коом түзүлгөн.
– Бакыт мырза, алгач сөзүбүздү Кымыз сүйүүчүлөр коомуна бурсак, борбордо кымыз ичүү салты бар экен?
– Борборубузда кымыз ичүү салты 50-жылдардан бери жанданып, ошол убакыттан бери кымызды үзбөй өзүнүн салты менен ичип келе жаткан топ бар. Мен алгач бул топто 2002-жылы аралашып калдым эле. Бул топтун айырмачылыгы төрт мезгил бою кымызды үзбөй ичкендигинде. Кыш айларында кайдан кымыз болмок эле деген суроо туулушу мүмкүн. Мурдатан эле шаардын четинде бээ байлап, кымыз жасаган адамдар бар экен. Алар атайын график түзүшүп, бээлеринин бир бөлүгү кыш айларында тууйт. Биздин аталган топ ошолордон кышы менен кымыз ичебиз. Ал эми жаз келгенден тартып жайлоонун кымызын ташыган кымызчылардын кымызын ичүүгө өтөбүз. Бул топто атактуу аксакалдар, эл артисттер, илимдин кандидаттары бар. Аксакалдар кымызканада каада-салт, ата-бабаларыбыздын нарк-насилинен, санжырадан кеп салып отуруп, кымыз ичип кетишет.
– Деги эле кымыз туурасында эмнелерди өзгөчө белгилейсиз?
– Кымыз бээнин сүтүнөн алынган, кыргыздын улуттук кычкыл суусундугу. Кымыз адам баласынын ден соолугун чыңдоочу негизги улуттук суусундук болуп эсептелет. Швед археологдорунун изилдөөлөрүнө караганда, кымыздын пайда болушу 5500 жылды камтыйт. Көчмөндөрдүн жакшы көргөн жана өзгөчө суусундугу жылкынын сүтүн чаначка куюп бышуу жолу менен алынат экен деп жазып кетишкен. Убагында Марко Поло дагы кымызды ак вино деп айтканы бар. Кымыз бир эле учурда суусаганың кандырат, ач кишини ток кылат. Жылкынын өзгөчө мүнөзү, эч качан отоо чөп жебей таза чөп жеп, таза суу ичет. Андыктан ата-бабаларда жаңы төрөлгөн баланы жылкы ичкен суудан алып жуундурушкан.
– Жаз айларында бээнин сүтү менен дарыланабыз дешет, дарылык касиети барбы, адамга кандай жардам
берет?
– Кымыз – дартка шыпаа дейт элибизде. Так ушул кымыздын дарылык касиети туурасында Абу Али ибн Сина эмгектеринде да жазылуу. Мындан 1000 жыл мурда Авицена бөйрөк ооруларын кымыз менен дарылаган деген маалыматтар бар. Негизинен кымыз жазында үркөр жылдызы чыкканга чейин ичилет. Бээнин сүтүндө уйдун сүтүнө караганда май аз болгондуктан, кургак учук дартын айыктырууга керектүү витаминдер көп. Мындан сырткары бөйрөк, боор органдарын тазалайт. Муун, сөөк ооруларын (ревматикалык артрит, атрофикалык артрит), баш айлануу, уйкусуздук, ичеги жарасы сыяктуу ооруларды алдын алып жеңилдетет. Ошондой эле жаңы төрөгөн аялдардын сүтүн калыбына келтирүүгө зор пайдасын тийгизет.
– Канчалык көлөмдө ичүү керек?
– Негизи дарылык катары бир күндө беш маал 200 граммдан ичүү зарыл. Бир жума же он күн бээнин сүтүн ичкенден кийин кымыз ичип улантып кетүү жакшы натыйжасын берет.
– Учурда кымыздан канча пайда табышат жана кайсы жактын кымызын эл баалап ичет?
– Ар бир региондо баалар ар кандай. Учурда атайын кымыз менен дарылоо жайларын уюштургандар көбөйүүдө. Мисалы, Суусамыр өрөөнүндө бир курстук дарылоо 700 сомдон 1000 сомго чейин, Чуңкурчак жайлоосунда 1000 сомдон 1500 сомго чейин, Жети-Өгүздө 200 сомдон 1000 сом болсо, Ысык-Атада 2500 сомдон 3500 сомго чейин. Кээ бир жерлерде аталган баага жатаканасы, тамак-ашы да кирет. Эми канча пайда табары туурасында айта турган болсок, учурда бул өзүнчө эле бизнес. Акыркы учурларда бээнин сүтүн ичебиз дегендердин саны арбын. Менин оюмча жогорудагыдай баада болсо, бир жайда бир топ эле каражат топтолот.
Бээнин сүтүн дарыгердин көрсөтмөсү жок ичүүгө болобу? – деген суроого Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Карачев төмөнкүлөргө токтолду:
– Бээнин сүтүнүн көп кереметтүү жактары бар. Биринчиден, сүтү суюк болгондуктан, адамдын организминдеги белокторду эритүүгө жөндөмдүү. Экинчиден, боордун, бөйрөктүн клеткаларын жаңыртат. Учурда бээнин сүтүн ичебиз деп өз алдынча кеңеш албай туура эмес ичип жаткандар толтура. Менин айтарым бээнин сүтүн ичүүнүн өз убагы, көрсөтмөлөрү болот. Ичерде алгач адистен кеңеш алып, канча күн, канча көлөмдө ичүү керектиги туурасында билүүсү зарыл. Мындан сырткары ичтин токтобой өтүүсү туура эмес, тескерисинче адамдын алын кетирип, кан басымын жогорулатып жибериши мүмкүн. Ошондой эле саамал ичүү өтө пайдалуу. Бээнин сүтүн ичүү менен бирге күчтүү тамактар менен тамактануу зарыл.
Бишкек шаарынын тургуну Кундуз Кыдыргычова:
– Мурда эжемдер бээ байлашып жыл сайын ичип келчү элем. Учурда бээнин сүтүн жыл сайын иче албасам дагы, 2 жылда бир жолу ичип турам. Туура, ден соолукка абдан пайдалуу. Өзүңдү кадимкидей жеңил сезип, бир чети жайлоого чыкканга дагы эс алып калсаң керек. Башкалар кандай болот билбейм, бирок мен өзүмдү абдан жакшы сезем.
Ысык-Көл облусунун тургуну Эркинбек Элалиев: Бээнин сүтүн ичип оорудан айыккандар да бар
– Мен тээ 1992-жылдары ушул эле Көл өрөөнүнүн Кара-Кужур деген жайлоосуна 2 жыл катары менен барып, саамал ичип өпкө оорусунан айыккам. Ал убакта өпкөм ооруп жөтөлүп, арыктап кеткен учурум эле. Дал ушул бээнин сүтүн ичип, учурда өпкө оорум жок.
Нарын облусунун тургуну Мээрим Токторова: Кымыздан пайда да табууга болот
– Биз жыл сайын Соң-Көл жайлоосуна чыгып, бээ байлайбыз. Бээ байлап кымыз кылганга не жетсин. Кымызды сатабыз, биздин жумушубуз ошол, андан тапкан каражатка балдарды мектепке даярдайбыз, керектүү нерселерибизди сатып алабыз. Менин айтарым кымыздан жакшы эле пайда табууга болот. Өзгөчө жазында үркөр чыкканга чейин бээнин сүтүн ичебиз деп келгендерден жакшы эле каражат түшөт.
Айнура Шайкеева, “Эркин тоо”, 19.06.2015-ж.