Атага тең уул Азиз Бейшеналиев
Атактуу кыргыз актёру Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиевдин кино тармагына аралашып жүргөнүнө 10 жылдай убакыт болду. Бирок, актёр тууралуу кыргыз журтчулугу жакшы биле бербейт. Анткени Азиз алгач Россиянын кино тармагын багындырып, андан соң Казакстанга келип иштеп калды. Аткаруу чеберчилиги жана өң келбети жагынан кино тармагында суроо-талап күч болгон Азиз да атасынын жолуна түштү дешет кино сынчылары. Анткени, совет доорунда да кинорежиссёрлор Болот Бейшеналиевдин келбетине кызыгышкан. Атага тең уул Азиз өмүр таржымалынан урунттуу деген учурларын баяндап берди.
Атам менен апамдан алыс өстүм
Атам менен апам экөө эки башка адамдар эле, бирок алар табышып, бири-бирине арзуусун арнап, мени табышыптыр. Анткени менен 2-3 жашымдан эле мени Түркмөнстандын Чарджоусуна таенемдин колуна жиберишкен. Ошондон баштап ата-энем менен бирге өскөн жокмун. Бала чагымда ар бир дем алыш сайын Фрунзеге учуп келчүбүз. Атам менен ошондо гана көрүшчүмүн. Кийинчерээк 5 жашка чыкканымда апам менен атам эки башка жолго түшүштү. Мага бул ажырашуу таасир берген жок. Таенемдин колунда кала бердим. Кийин атам Москвага кетти. Мен окууга тапшырып, Ташкентте жашап калдым.
Кайрадан жолугушуу
Негедир атам менен жолугушкум келе берчү. 90-жылдардын башында Ташкенттеги Чыгыш таануу факультетинин кытай филологиясында окуп турган чакта келечегимди дипломатиядан көрө албай окуумду таштап, Ташкенттеги Орус драма театрындагы театралдык студияга тапшырдым. Кубанып, атама айтайын деп Бишкекке келдим. Анда атам жаңы эле Москвадан көчүп келген эле. Экөөбүз бир түн сүйлөшүп олтурдук. Атама келечекте анын жолун жолдогум келгендигин айтканымда жаңылыгымды жакшы кабыл алган жок. Аябай капа болду. “Орус театрында сеникиндей келбет менен кантип иштейсиң? Азыр кино жок!” — деди. Бирок, ага көнгөн жокмун. Ошондо: “Мени кара, балам. Сен да мен сыяктуу жинди чалыш экенсиң. Менин көзүмө кызыгып көп режиссёрлор кино тартышты. Каармандарым япон, кытай жана башкалар болушту. Бирок, мен атактан башка эч нерсе топтободум балам”, — деп тим болду.
Актёрлук жолум оңой болбоду
Атам сыяктуу менин келбетиме кызыккандар 90-жылдары аз болду. Артка тартпаган жаным билим алган соң, алдыга чоң максаттарды коюп, Москвага кеттим. Режиссёрлукту аяктаган аялымды да кошуп алдым. Биздин оюбузда ал кино тартып, мен артист болуп, Москваны багындырабыз дедик. Болбоду. Баргандан иш жүрүшпөй, жүк ташуучу да болуп иштеп жүрдүм. Бир күнү жүк түшүрүп жатсам, «Азиз, сени телефонго чакырып жатышат”, – деди. Трубканы алсам, “Сиз Болот Бейшеналиевдин уулу болосузбу? Бизге келип кастингге катышыңыз”, — деди. Россиянын кинематографиясына ошентип аралаштым.
Кыргыз казакка айланганы талкуу жаратты
Россиялык “Параграф 78”, “Озерныйдагы үй”, “Көчмө”,”Трио”, “Качуу” жана башка сериал, кинолордо роль жараткан соң, Казакстандан “Мустафа Шокай” сериалында Мустафанын ролун ойноп берүүмдү суранышты. Ошондо казактар кыргыз уулу кантип казакты ойносун дешти. Өзүм да ыңгайсыз болуп жүрдүм. Бирок, көнүп кеттим.
Атамды түшүндүм
Бир күнү уулумдан «келечекте ким болосуң?» – деп сурасам, «Сенин жолуңду жолдойм», – деди. Ошондо мен атамды түшүндүм. Балама актёрлуктун кыйын жолун кантип түшүндүрүүнү билбедим. Бул кесип биздин канда бар окшойт. Атам менен балалыкта жолукпасам да 19 жашымдан кайра катташып калганымда анын мени жана эжемди сагынып жүргөнүн билдим. Мен да атам менен сүйлөшүп, аны менен жолукканды жактырар элем. Көзү өткөнчө бат-баттан экөөбүз жолугуп турууга ашыктык.
Келбетибиз өзгөчөбү?
Айтор дээрлик көп режиссёрлор мага бир каармандын ролун сунуштаарда келбетиме кызыгышат. Атамдын да тагдыры ушундай болгон тура. Анын өңү өзгөчө эле. Билинбеген менен атам менен сыймыктанып, анын келбетине өзүм да суктанар элем. Менин эң кубанган нерсем экөөбүз казактардын “Көчмөн” тасмасына бирге ойногондугубуз болду. Эми уулум да жолумду жолдосо, мүмкүн бирге тасмага тартыларбыз.
Жазгүл Кенжетаева, «Эркин тоо», 15.03.2016-ж.