Чебер дипломат Ишенбай Абдуразаков
Маркум, коомдук ишмер, дипломат Ишенбай Абдуразаков эгемен Кыргызстандын тышкы саясатында дипломатиялык мамилелерди калыптоо боюнча өзүнүн терең билимин, бай тажрыйбасын жумшагандыгы менен элинин эсинде. Өлкөбүздүн саясий турмушунда кандай гана маанилүү маселе көтөрүлбөсүн, өзүнүн акылман кеби менен пикирин билдирген коомдук ишмер катары белгилүү болгону чын. Ал өмүр бою дипломатиялык кызматтарда, коомдук-саясий уюмдарда иштеп келди. Маркум 1937-жылы Чолпон-Ата шаарында туулган. Ишенбай Абдуразаков – чебер дипломат гана эмес, публицист катары да белгилүү. Ал досу Салижан Жигитов тууралуу бир катар эскерүүлөрдү жазган. 2007-жылы “Данакер” ордени менен сыйланган. Дасыккан дипломат Ишенбай Абдуразаков 2004-жылдын 24-апрелде 77 жаш курагында каза болгон. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. И. Абдуразаковдун курсташы, кесиптеши жана казак досу Вячеслав Гиззатов досун адамдык сапаты өтө жогору, кесибинин чебер адиси болгондугун баса белгилейт.
Вячеслав Гиззатов, Ишенбай Абдуразаковдун досу:
“Кыргыз бабаларынан калган эркиндикти сүйгөн духу күчтүү болчу”
Ишенбай Абдуразаков менен 1967-жылдын сентябрь айында Москвадан таанышкам. Ишенбай менден беш жаш улуу болучу. Бирок көп өтпөй эле бул бир нече жылдар эмес, андан маанилүү айырма экенин түшүндүм. Ишенбай абдан жакшы даярдыгын, курч аналитикалык акыл калчоосун, илимий түшүнүктөрдү жана ыкмаларды жакшы билерин көрсөттү. Ал берген суроолор так, ар сөзүн бышыктап, жакшылап ойлонуп сүйлөчү. Анын айткандары адамды өзүнө тартып турчу. Үнүн акырын чыгарып, керек жерлеринде тыныгуу жасап, марксизм-ленинизм классиктеринен мисал келтирип турчу. Менин иституттагы мугалимдеримдин да мындай сапаттары жок болчу. Көрсө Ишенбай Жогорку дипломатиялык мектепке келгенге чейин башкаларга окшоп, Союздук республикалардын БК аппаратынан келген партиялык ишмер эмес, өлкөнүн экономикалык жогорку окуу жайы- Москвадагы Плеханов атындагы эл чарба институтун аяктаган, экономика илимдеринин кандидаты, СССР Илимдер академиясынын Экономика институтунун аспиранты экен.
Жогорку дипломатиялык мектепте окуп жүргөнүбүздө Чехословакияда “Прага жазы” деген ат менен белгилүү окуя болуп өттү. Ал социалисттик системанын олуттуу кризисинен кабар берип, ал системанын жакын арада тарых аренасынан жок болору билинип калды. Андагы окуялар абдан ыкчам өнүгүп, бүткүл дүйнөнүн көңүл борборунда турду, бул биз, болочок элчилер үчүн түздөн-түз кесиптик кызыгууну жаратты. Биз басма сөз каражаттарына жарыялангандарды эле окубастан, ТАССтын жабык бюллетендерин да алып турдук. Чет өлкөлөрдө бир катар жылдары Казакстандын элчиси болуп жүрүп 2005-жылы пенсияга чыгып, мен Мекениме кайтып келдим. Ошентсе да мага Казак Республикасынын чек арасын демаркация жана делимитация боюнча өкмөттүк делегациясын жетектөө сунушу болуп, Кыргызстанга тез-тез каттап турдум. Ошондо Абдуразаков менен жолугушуп турдум. Ишенбай анда пенсияга чыгып калган, бирок коомдук-саясий иштер, окутуучулук менен алектенип жүргөн. Кыргызстандык ар кандай өкүлдөр менен жолугушканымда Ишенбайды мекендештеринин баары сыйлап, аны «акылман» деп аташаарын билдим. Аны «Данакер» ордени менен сыйлашканда жана Япониянын эң жогорку сыйлыгы «Улуу лентадагы Күн Чыгыш» ордени менен сыйлаганда аны Мекенинде гана эмес, алыскы Японияда, өзү көптөгөн жылдары берилип иштеп, күчүн, эмгегин арнаган жерде да сыйлашаарын билдим, адегенде СССРдин, андан кийин Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын коргоп жүрдү. Жапалдаш бойлуу, жөнөкөй Ишенбай Абдуразаковдо кыргыз бабаларынан калган эр жүрөк жана эркиндикти сүйгөн духу бар болчу, анын элин сүйгөндүгү жана ага берилгендиги, улуу Манастын арбагы колдоп, кыргыздын кийинки урпактарына сабак болуп, алар да өз Ата Журтуна ошондой жан аябастан кызмат кылууга, анын жаркын келечегин камсыз кылууга багыттайт деп ойлойм.
Ишенбай Абдуразаков 1959-жылы Москва мамлекеттик экономикалык институтун бүтүргөн. 1959-1962-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо (Госплан) мекемесинде ага инженери кызматынан баштап, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын системасында, Кыргызстандын Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин илим жана окуу жайлар боюнча бөлүмүндө инструктор болуп эмгектенген (1965-ж). СССР Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык жогорку мектепти (азыркы Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академия) бүтүргөн. 1994-жылы Кыргызстандын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт, Президенттин кеңешчиси болуп иштеген. Көптөгөн совет-жапон сүйлөшүүлөрүнүн, пост-советтик эл аралык конференция, симпозиум жана башка жыйын, жолугушуулардын катышуучусу.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы, «Эркин тоо», 10.03.2016-ж.