Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бардык жогорку окуу жайларында ыктыярчылар ийримин түзүүгө чакырат

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бардык жогорку окуу жайларында ыктыярчылар ийримин түзүүгө чакырат

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КРда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык республикадагы жогорку окуу жайдын окутуучуларын жана студенттерин ыктыярчылардын ийримине чакырат.

Ыктыярчылык – мамлекеттик тилди өтө терең урматтоого таянуу менен инсандык жоопкерчиликти жогорулатуу, бүгүнкү жашарды чынчылдыкка, адилеттүүлүккө, достукка бекем болууга, чыдамкайлыкка, жаратмандыкка, эмгекчилдикке, боорукер, айкөл болууга тарбиялоо менен социалдык активдүүлүккө дем берүүчү жана калыптандыруучу институт.

Ыктыярчылар ийрими – юридикалык жак болуп саналбаган өз алдынча уюм.

Ийримдин максаты:

  • мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
  • мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу;
  • тил саясатын өркүндөтүү;
  • калктын сүйлөө маданиятын жогорулатуу
  • мекенчилдикти туу тутуу менен жаштарга ар тараптуу шайкеш тарбия берүү ж.б.

 

Ийримдин негизги ишмердүүлүгү:

  1. мамлекеттик тилди үйрөнгүсү келген жарандарга, башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүү;
  2. мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү жана аны жаштар арасында жайылтуу;
  3. Кыргызстандын тарыхый-маданий баалуулуктарын сактоого үгүт жүргүзүү;
  4. кыргыз тилинин эң оорчундуу көйгөйлөрү жөнүндө иликтөөлөрдү, бейлөөлөрдү (мониторингдерди) жүргүзүү;
  5. көрнөк-жарнамалардын кыргызча жана сабаттуу жазылышына багыт берүү;
  6. мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүүгө багытталган ар кандай акцияларды, семинар-тренингдерди, форум, кереге кеңеш, жыйын, талкууларды уюштуруу жана өткөрүү.

 

Аткарылуучу негизги иштердин түрлөрү

  • Машыктырууларды (тренингдерди) уюштуруу;
  • талкуулар
  • тестөө
  • викториналар
  • сынактар
  • иш-чараларга катышуу;
  • кереге кеңештер
  • аң сезимге чабуул ж.б.

 

Толугураак маалыматты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сайтынан тапса болот.

14.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.