Кан кызыткан “Маш ботой”. Күү тууралуу 7 факты
Кыргыз элинин атактуу күүсү “Маш ботой” тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатында 1000 комузчу “Маш ботой” күүсүн аткарып, жергиликтүү элди да, чет жактан келгендерди да ыргагы, добушу менен таң калтырды.
Жумурай журттун сыймыгына айланган күү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги 7 факты даярдады.
Күү белгилүү комузчу, талантуу композитор, булбул үндүү ырчы Атай Огонбаевге таандык;
“Ботой” — армандуу күүнүн бир багыты болуп саналат. Атай Огонбаев шатыра-шатман мүнөзүнө жараша муңдуу ыргакты өзгөртүп, ыкчамдык, көңүлдүү маанай кошуп, күүнү “Маш ботой” деп атап алып чыккан деп айтылат;
1939-жылы Москвада өткөн маданий декада өтүп, Атай Огонбаев эки шакирти менен “Маш ботойду” чертип чыккан. Эгер бул декаданын кыргыз маданиятындагы орду менен маанисин эске алсак, комузчулар бул күү менен дүйнөлүк аренага чыккан деп айтууга болот;
Кыргызстанда бүйүр кызыткан көк бөрү оюну дээрлик “Маш ботойдун” коштоосу менен өтөт. Оюндун кумары менен күүнүн ыргагы бири-бирине төп келип, толуктап, көрүп отурган кишинин ого бетер делебесин козгоп, канын кызытат. Аларды карап отуруп, “Маш ботой” атайын көк бөрү үчүн жаралгандай сезилет;
Комуздун бул күүсү улуттук башка музыкалык аспаптардын да, дүйнө элдеринин аспаптарынын коштоосунда да кеңири аткарылып келет. Мындан чыгарманын көркөмү артып турары шексиз;
Жыл башында атактуу кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков Нью-Йорктогу Таймс-сверде ачык асман алдында роялда “Маш ботой” күүсүн аткарып, чыгармага дагы бир жаңы сүртүм кошкон;
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатында өлкөнүн булуң-бурчунан келген 1000 комузчу бир маалда “Маш ботой” күүсүн аткарды. Аны көргөн да, көрбөгөн да арманда…
«Sputnik-Кыргызстан», 05.09.2016-ж.
Сүрөттүн автору Султан Досалиев.