Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мелис АСЫЛБАШЕВ: “Ак марал” – элдик бийлердин лабораториясы”

– Агай, ансамблге жетекчи болуп келгенде ишти эмнеден баштагыңыз эсиңизде барбы?
– Албетте. Мен ишти кыргыз бийлерине басым жасоо менен баштагам. Анткени, 1980-жылдары элдик бийлерди аткаруу анча деле мааниге ээ эмес болчу. Эч ким деле көңүл бурчу эмес. Ошондуктан, алдыма кыргыздын бийлери башка улуттардын бийлеринен кем калышпашы керек деген максат коюп, болгон аракетимди жумшагам. Кудайга шүгүр, жыйынтыгы жаман болгон жок. Биз керек болсо “Ак маралды” элдик бийлердин лабораториясы деп койсок болот. Себеп дегенде, биздин жамаатыбыздын артынан кыргыз бийлерине болгон кызыгуу артып, күчөп, азыркыдай абалга жетти. Мен бул жөнүндө уялбай эле мактана алам.

– 45 жыл ичиндеги сыймыктануу менен айта турган сыйлыгыңыздар жөнүндө айт­саңыз?
– Алган сыйлыктарыбыз тууралуу айта берсек көп. Эң маанилүүлөрүнө токтолсом, Францияда элдик бий боюнча өткөн конкурста алтын медалды жеңип келгенибиз. Ага негизинен 22 өлкөнүн бир канча белгилүү бий топтору катышкан болчу. Ошонун ичинен калыстар тобуна, уюштуруучуларга жана көрүүчүлөргө биздин бийибиз, формабыз абдан жаккан экен.

– Ансамблде көп жылдан бери иштеп жүргөн бийчилер барбы?
– Биздин жамааттагы эң чоң айырмачылык (кемчилик деп да койсо болот) – бийчилердин бардыгы 20 жыл иштеп эле пенсияга чыгып кетишет. Анткени, сахнада жаштар бийлеп, жаштар жүрүш керек. Алар болгондо дагы өңдүү-түстүү, келбеттүү, дене мүчөсү келишкен, сулуу кыздар-балдар болушу зарыл. Анткени, биз көбүнчө чет жерлерде болобуз. Биздин улан-кыздар чет элдиктерге кыргыздардын сулуу болушарын көрсөтүп турушу керек.

– А сиздер топко мурда-кийин бийлеп жүргөн балдар-кыздарды аласыздарбы?
– Бизде кадр маселеси абдан кыйын. Мисалы, жаш кадрларды “көчөдөн” эле тандап алып келип жатабыз. Эмнеге дегенде, Кыргызстанда элдик бийди окутуп, үйрөткөн атайын окуу жай жок. Болгону хореографиялык жалгыз окуу жайыбыз бар. Ал жерде дагы кыздарды буттун учуна тугузганды, айланганды, секиргенди гана үйрөтөт. Улуттук, элдик бий боюнча бир гана сабак бар. Ал дагы бир жумада бир жолу өтүлсө өтүлөт, өтүлбөсө калат экен. Ошондуктан, элдик бийдин келечеги үчүн бизге атайын окуу жай керек болуп жатат.

– “Сейтек”, “Таберик” сыяктуу бий ийримдери бар го. Аларда бийлеп жүр­гөндөр келишпейби?
– Мындай учур өтө чанда кездешет. Себеби, сиздер билесиздер “Сейтекте” орто мектептин окуучулары бийлешет. Алар 15-16 жашка келгенде ийримден кетишет. Алардын ата-энелери: “Бийчи болгондон көрө экономист бол же, юрист бол”,- деп башка кесипке түртүп жиберишет. Ошентип, алардын башка тармакка өтүп кетүүсүнөн улам, биз кадрсыз калып жатабыз десек болот.

– Сиз айткан окуу жайды ачууга бизде мүмкүнчүлүк барбы?
– Мүмкүнчүлүк болбогон учурда дагы, аракеттенип ачыш керек болуп турат. Анткени, Орто Азия боюнча бизге окшогон чоң-чоң бий жамааттары кадрлардын жетишсиздигинен улам жоюлуп бара жатат. Мисалы, өзбектердин эң белгилүү “Бахор”, тажиктердин “Лола” деген мамлекеттик бий ансамблдери жабылып калды.

– Демек, сиздин оюңузча бий ансамблдеринин жабылып жатышына кадр маселеси себеп болуп жатабы?
– Бул биринчи жагы. Экинчи жагы, бийчилердин айлык-акысы аз болуп жатат. Азыр 2-3 миң сом менен үй-бүлөнү бакмак түгүл, бир кишинин өзүнө жетпей калды. Мына ошол себептен, таланттуу бийчи кыздар-балдарыбыз ар кайсы өлкөлөргө кетип калып жатышат. Анткени, алар дагы үй-бүлөсүн, бала-бакырасын эл катары багыш керек.

– Орто Азия боюнча биз үлгү ала турган башка бий ансамблдери барбы?
– Казак элинде “Салтанат” деген элдик бий боюнча мамлекеттик ансамли бар. Биз ошону айтып, сөз кылсак болот. Себеби, азыр “Салтанаттын” абалы башкаларга салыштырмалуу абдан эле жакшы. Эмне үчүн дегенде казактарда акча көбүрөк. Ал тургай казактар биздин кыргыздардын артисттерин ишке чакырышып, бир аз кымбатырак төлөп берип иштетип жатышат. Бирок, мен ошого карабай студиядагы кыздар-балдарга: “Силер кыргыз элине, Кыргызстанга керексиңер!” ,- деп алардын мекенчилдик сезимдерин ойготуп, жандандырып турууга аракет кылып турам.

– Мен билгенден, “Ак марал” Кыргызстандагы эң ак сакалдуу ансамбль, сиздердин жолуңуздарды жолдоп, учугуңуздарды улагандар барбы?
– “Рахат” бий ансамбли бар эмеспи. Аны учурунда бизде бийлеп жүрүп бөлүнүп кеткен бала негиздеп, түптөгөн. Алар азыркыга чейин биздин репертуарларыбызга, костюмдарыбызга кызыгып, кээде кеңешип иш кылып келе жатышат.

– Менин байкашымча, бийди суктанарлык кылып бийлөөдө кийген форма дагы абдан чоң роль ойнойт ээ?
– Туура. Бирок, бизге форма тиктирүү абдан машкаттуу иш. Анткени, биздин костюмдар кандайдыр бир окуяларды элестетип, өзүнчө бир образды берип турушу абзел. Анүчүн ал кийимдерди тиге турган адам чыныгы кесипкөй болушу зарыл. Ал кайсы бийге кандай форма менен чыгыш керек жана ал кийимге кандай материал тандоону таамай билүүсү шарт. Себеби, сахнада ал материал да кошо бийлеп, бийчиге жардам берип турушу керек.

– Сиз бийдин өзгөчөлүгү жөнүндө эмне айта аласыз?
– Бий – бул кыймыл. Кыймыл – бул өмүрдү узартуучу фактор. Бир орунда отуруп кыймылдабай иштеген адамдарда ар кандай оорулар пайда болуп, көп учурда маанайлары пас болушат. Ал эми дайыма кыймылда болгон адамда, ошончолук энергия, ошончолук жакшы маанай болот. Ошондуктан, мен айтар элем, кимде ким көбүрөк жашагысы келсе, көбүрөк кыймылдасын. Ал эми көбүрөк кыймылдоо бул – бийлөө.

– 26-майда бере турган отчеттук концертиңиздер кандай жаңылыктарды, өзгөчөлүктөрдү камтыйт?
– Бул сапар жөн гана бийлеп берүүдөн сырткары, келген меймандарга сахнада 20 мүнөттүк мастер-класс өткөрөлү деп жатабыз. Биз ал жерде жөнөкөй, майда кыймылдар куралып отуруп, чоң бий жараларын көрсөтүп беребиз. Андан сырткары, А.Огонбаевдин, К.Молдобасановдун, С.Жумалиевдин музыкаларына жазылган театралдык пос­тановкаларыбыз бар.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”, 24.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.