Кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаев тууралуу тасма тартылууда
Кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаев тууралуу учурда көркөм тасма тартылып жатат. Аягына чыгып калды. Башкы каармандын ролуна актер Марат Жантелиев тандалган. Ал эми залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейнесин уулу Эльдар Айтматов жаратты. Тасма тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн режиссер Эрнест Абдыжапаровду, актер Марат Жантелиевди жана чыгармачыл топту маекке тарттык.
Саякбай атанын ролун жаратууга сунуш түштү беле же кастингге катыштыңызбы?
Марат Жантелиев, актер: Мындан бир жыл мурун эле Саякбай Каралаевдин ролун аткарууга сунуш түшкөн. “Саякбай Манасчы” эл аралык коомдук фондунан кайрылышып, образды жаратып бере аласызбы, сизди окшоштуруп жатабыз дешкен. Мен аткара аламбы, билбейм, бирок аракет кылып көрөм деп макул болгом. Андан кийин Эрнест Абдыжапаровдун сценарийи бекитилип, кастинг жарыяланды. Канстингге келгендердин арасынан тандалып алындым.
Саякбай Каралаевдей инсандын образына кирүүгө атайын даярдык көрдүңүзбү?
М.Жантелиев: Бул тарыхый инсан болгондуктан, Саякбай Каралаевдин баскан-турганын, манас айткандарын, сүйлөгөнүн, баарын туураганга аракет кылдым. Режиссердун айтканы боюнча бир аз көркөмдөдүк. Албетте, даярдандык, көргөн-билгендерден сураштырдык. Манас айткандарын уктум, жазылып алынган видеолорун көрдүм. Тилекке каршы, Саякбай Каралаевдин басканы, кыймыл-аракети, шамдагайлыгы, шайырлыгы аз тартылып калыптыр. Көбүнчөсү манас айтып аткан жерлери бар экен.
Кыргыз манасчыларынын акыркы могиканы Саякбай Каралаев жөнүндө фильм тартууга кандайча киришип калдыңыз?
Эрнест Абдыжапаров, режиссер: Негизи Саякбай Каралаев тууралуу тасма тартам деген ой болгон эмес. Бирок манас темасы дайыма оюмда жүрчү. Анткени чоң таятам манасчы болгон экен. Ошондон улам таякелеримдин баары манасчы, музыкант. Менин биринчи тасмам да манасчы Рысбек Жумабаев тууралуу эле. Студенттик кезде Сагымбай Орозбаковдун томдору биринин артынан бири чыгып баштаганда стипендия менен кубалап жүрүп алганбыз. Кийин Бүбү Мариям Муса Кызынын “Айкөл Манасы” тууралуу даректүү тасма тарткам. Бирок “Манас” эпосу жөнүндө тасма тартам деген ой ар бир режиссердун жүрөгүндө болсо керек.
Сынактан сиз жазган сценарий кандайча тандалып алынды?
Э. Абдыжапаров: Былтыр сунуш түшкөндө “Шабдан баатыр” тасмасы менен алек болуп атам деп айткам. Кимди сунуштайсыз дегенде Темир Бирназаровду көрсөткөм. Темир Бирназаровго эки жолу кайрылса, ал экөөндө тең баш тарткан экен. Анан күзүндө “Шабдан баатыр” тасмасы токтоду деп айтканда мага кайрадан сунушташкан. Ошондон кийин макулдугумду бердим. Сынак жарыяланып, мен жеңип чыккан сценарийди тартышым керек болчу. Ошондуктан мен мындай сунуш киргиздим. Сынакка мен да катышайын, бирок байге фондунан баш тартам деп айттым. Анткени менде да Саякбай Каралаев тууралуу маалыматтарым, көз караштарым бар болчу. Тасманы да өзүм каалагандай тартышым керек деген ойду айтканда макул болушкан. Себеби өзүмдүн тасмаларыма өзүм сценарий жазам. Сынактан биринчи орунду беришти, бирок айткандай эле байгеден баш тарттым.
Тасма тартылар алдында тарыхый фактылар бурмаланбасын деп чыгышты, андай тынчсызданууга эмне себеп болду?
Э. Абдыжапаров: Ар бир адамдын көз карашы болот. Көпчүлүгү адамдын өмүр баяны, жазылып калган окуялары бурмаланбаш керек деген ойдо болот. Бирок чыгармачылыкта, мисалы, тасманы ала турган болсок, эки түргө бөлүнөт: бирөө — даректүү, экинчиси — көркөм. Даректүү тасмада ошол адамдын өмүр баяны изилденип,тактык менен берилиш керек. Көркөм тасмада болсо, анын басып өткөн жолу эмес, ички дүйнөсү чындыкка жуурулушуп чагылдырылат. Шабдан баатыр тууралуу тасма тартылып атканда ушундан улам тартыш жаралып, долбоор токтоп калган болчу. Ушул жолду кайталабайлы деп чакан эле топ сценарий менен иштедик. Биздин максат Саякбайдын өмүр баянын эмес, анын касиетин дүйнөгө чагылдыруу болду. Бул тасма Саякбай Каралаевдин өмүр баяны эмес деп айтсам болот. Манасчылык касиетти дүйнөгө жайылтууну көздөйт. Ошол эле учурда Саякбай Каралаевдин жашоо-турмушунун алкагында тарых бурмаланган жок. Биз образдуу түрдө бир жарым саатка батырыш үчүн көркөм ыкмаларды пайдаландык десем болот.
Саякбай Каралаевдин образын Марат Жантелиев кандай ачып берип атат?
Э. Абдыжапаров: Баарыбыз эле Марат Жантелиевди куудул деп билебиз. Анын драматикалык ички дүйнөсүн көргөндөр сейрек кездешет. Ал чет жакка чыкканда эки гран-при жеңип алган күндөрү болгон. Сейрек кездешчү кесипкөй. Актердук билимди Москвадан алган. Буга чейин көптөгөн тасмаларга тартылган. Аны көптөн бери билем. Ички дүйнөсү да мага тааныш. Албетте, биз көп актерлорду карадык. Бирок кастингге биринчи болуп Марат Жантелиевди чакырдым. Биринчиден жогорку деңгээлдеги чебер, экинчиден Саякбайдын жаштыгын буга чейин аткарган тасмасы бар. Сырткы келбети да окшош экенин баары көрүп, күбө болуп атышат. Бирок баары бир тасма чыкмайынча баа берүү албетте кыйын.
Суйумкан Сулайманова, аткаруучу продюсер: Бул тасманы толугу менен “Саякбай Манасчы” эл аралык коомдук фонду каржылап жатат. Тасманын премьерасы 2017-жылга деп пландалган. Пусандагы долбоорлор конкурсуна сценарийи менен катышууга жолдомо алгандыгы үчүн октябрда фильмдин башкы продюсери Саматбек Ибраев менен койгон режиссер Эрнест Абдыжапаров Түштүк Кореяга аттанганы турушат.
Айзаада Омуралиева, монтажер: Азыркы учурда тасманын 90 пайызы тартылып бүттү. Буюрса, съемка ойдогудай тартылууда. Монтаж болсо удаалаш жасалып атат. Мындайча айтканда монтаждын “черновой” вариантын жасап атабыз. Тасма тартылып бүткөндөн кийин кайрадан монтаждалып, үндөр коштолуп, түстөргө коррекция жасалат. Кызыккандар Саякбай Каралаевдин тасмасы боюнча маалыматтарды, сүрөттөрдү www.sayakbay.com сайтынан таба алышат.
Элвира Акимова, «Де-факто», 03.10.2016-ж.