Кызга сеп: кашыктан шырдакка чейин

Кыргыздар — ата салтын бекем туткан эл. Ал эми кыз узатуу, уул үйлөө салттарына өзгөчө мамиле кылышат. Мисалы, чала камдалган сеп же аны өз каадасындай ачып көрсөтө албай калуу кыз менен анын төркүнү үчүн кадыр-баркын жоготууга барабар.

Сеп даярдоо — кыргызда бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготпогон олуттуу салттардан. Ата-эненин кызга болгон камкордугу мезгилге, замандын оош-кыйыштарына баш ийбейт эмеспи. Ооба, азыр айрым апалар өз колу менен шырдак оюп, аны шырып же ала кийиз басып-бышырбай калгандыр, бирок кызынын барган жеринде жакшы жашоосу, тиричилик оокат-буюмдардан кем болбошу үчүн ата-эне мурдагыдан жазбай кам көрүп келишет. Андыктан баба салтын сактап, турмушка узап жаткан кызга чыны-кашыгынан тартып, астына минчү унаасы менен үстүндөгү үйүнө чейин берип келет. Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңы инфографикасы болочок келиндерге жана алардын ата-энелерине септи туура камдап, туура бергенге (ооба, кызга деп жыйнаган байлык-оокаттарыңызды туура көрсөтө билген жакшы) жана кыргыздардын кыз берүү салты жөнүндө кененирээк билүүгө жардам болот.

sep

«Sputnik-Кыргызстан», 15.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.