“Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды
Конкурска өткөн жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат.
“Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталганын уюштуруу комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул конкурска 2016-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катышып, эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-апрелде “Манас” кинотеатрында болот.
Мындан беш жыл мурун негизделген иш-чара 16 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация — “Борбор Азиядагы мыкты актер” жана “Борбор Азиядагы мыкты актриса” кошулган.
“Мыкты тасма” номинациясы үчүн “Асман алдында”, “Биртууганчик” жана “Сүтак” фильмдери ат салышмай болду.
Номинациялардын тизмеси:
- “Мыкты тасма”
- “Мыкты режиссер”
- “Мыкты сценарий”
- “Мыкты оператор”
- “Мыкты художник”
- “Мыкты композитор”
- “Мыкты үн режиссеру”
- “Мыкты монтаж”
- “Эркектин мыкты ролу”
- “Аялдын мыкты ролу”
- “Мыкты даректүү тасма”
- “Мыкты кыска метраждуу тасма”
- “Көрүүчүлөр тандаган мыкты тасма”
- “Улуттук кинематографиянын өнүүгүсүнө кошкон салымы үчүн”
- “Борбор Азиянын мыкты тасмасы”
- “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн”
- “Борбор Азиядагы мыкты актер”
- “Борбор Азиядагы мыкты актриса”
«Sputnik-Кыргызстан», 25.01.2016-ж.