Кыргыздын оюуларындагы маанилер
Кыргыздын көп колдонулуучу оюм-чийимдери жана алардын маанилери, жашоодо колдонулушу тууралуу элдик чебер, сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүү боюнча отличниги Шейшембек Моңолдоров оюулар туурасындагы изилдөөсүнөн кеп кылат.
Жалбырак – Жайлоо, айлана-чөйрө, жаратылыш деген маанини билдирет. Жалбырак дайыма оюм-чийимдин башына жайгашат.
Карга тырмак – Кыламык карда карга басып кеткенде ушул сыяктуу из калгандыктан бул оюм “карга тырмак” деп аталат.
Ит куйрук – Иттин чычайта көтөрүлгөн куйругунун элесинен алынган элемент. Ит куйрук оюму жалгыз колдонулбайт. Шырдак, сайма, ала кийиз беттеринде бир нече элемент биригип кооз тизмекти түзөт.
Кочкор мүйүз – Кожоюндун, жайлоодо жайлаган элдин мал-жандыгын түшүндүрөт. Кандай оюм-чийим болбосун кочкор мүйүзсүз түзүлбөйт. Башка элдин оюуларынан кыргыздыкын айырмалап турган ушул элемент.
Теке мүйүз – Кочкор мүйүздү жандап жүргөн кошумча элемент. Теке мүйүз жалгыз турганда жөнөкөй, көрксүз болуп калат.
Каз моюн – Каздын моюнуна окшошкон оюу.
Булак – Жерден чыккан көзөнөк суунун булакка айланганы. Кыз-келиндердин кийимдеринде көбүрөөк колдонулат.
Умай оюму – Кийим-кечеге, анын ичинде балдардын кийимдерине, баш кийимдерге, күмүш буюмдарга түшүрүлөт.
Адамдын жүзү – Аялдардын дээрлик көбү илгери саамайларын экиге бөлүп өрүшкөн. Экиге бөлүнгөн саамайдын элесинен алынган элемент “адамдын жүзү” деп аталат.
Мүйүз кыял – Жандыктын мүйүзүнүн элеси тартылган, бирок үзүлбөгөн оюм. Саймада, шырдакта, темир, жыгач буюмдарда, белдемчи, чапандардын жээктеринде жээк оюу катары колдонулат.
Төрт кулак – Боз үйдүн керегелерин билдирип, “боз үй” деген маанини берет. Бир нече оюу бириккенде көп учурда ортосуна жайгашат.
КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИН КИЙИМДЕРИНЕ
Кыз-келиндердин көйнөктөрүндө өсүмдүктөрдүн, гүлдөрдүн жана алардын жалбырактарынын элестери түшүрүлгөн оюм-чийимдер басымдуу болот. Ал жерде кочкор мүйүз оюму сөзсүз катышат.
ЭРКЕКТЕРДИН КИЙИМДЕРИНЕ
Эркектердин кийимдерине бүркүт, бугунун элеси, кочкордун мүйүзү, куштун канаттары салынат. Жигиттер аңчылыкка, куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Мисалы, “тоо теке”, “бүркүт”, “аркар” оюмдары. Эл баатырларына «илбирстей», «бөрүдөй», «жолборстой» деген салыштыруулар көп колдонулгандыктан калпактарына “илбирс”, “жолборс” жана башка түрдөгү оюулар түшүрүлгөн.
ЖАШ БАЛДАРГА УМАЙ ОЮМУ КОЛДОНУЛГАН
Жаш балдарга колдой жүрсүн деп Умай эненин, көз тийбесин деп карганын тырмагын, тилеги дайыма суудай аппак болсун деп булактын жана башкалардын образын оюу менен чагылдырышкан. Ошондуктан оюулар да “Умай эне”, “карга тырмак”, “булак” оюмдары деп аталат.
Сүйүн Кулматова, “Супер-инфо”, №744 03, 09.02.2017-ж.