Шамшиев: Залкарлар мага белек болгон экен

Кыргыздын “Караш-Караш”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар” өңдүү кинотасмаларын жаратуу аркылуу аты далайга кеткен кинорежиссер, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев быйыл 75 жашка чыкты. Анын урматына өлкө аймагында 22-августтан тарта киножумалыгы башталды.

Болот Шамшиев кыргыз киносунда Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Генадий Базаров менен катар “кыргыз кереметин” жараткан режиссер катары таанымал. Автордун ийгилик алып келген тасмаларынын бири “Караш-Карашта” образ жараткан актриса Жамал Сейдакматова режиссердун ошол фильмди тартып жаткан учурунан кеп куруп берди:

– Ал картинада кантип иштегени такыр эсимден кетпей калды. Өзгөчө, такыр башкача усул менен иштеди. Актерлорго койгон талабы, жумушка болгон жоопкерчилиги өтө жогору эле. Чыгармачылыкка өтө кылдат мамиле кыларын көргөм. Тасмадагы “Кара тоону аралап көч келеди, Көчкөн сайын бир тайлак бош келеди,”-деген сцена бар. Аны укканда адамдын денеси дүркүрөп кетет. Элдин кайгысын, элдин трагедиясын эпикалык жанрда жогорку деңгээлде берген.

Болот Шамишев кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган. Буга удаа эле “Караш-Караш”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, “Бөрү зындан” , “Снайперлер” сыяктуу тасмалары жаралып, алар да авторго бир катар эл аралык сынактарда байгелүү орундарды алып келип турган.

Болот Шамшиев тасма тартуу учурунда
Болот Шамшиев тасма тартуу учурунда

Быйыл 75 жашка чыгып турган турган режиссер Болот Шамшиев өзү бул ийгиликтерге жеткенин ошол кездеги залкар артисттер менен иштешип калганынан улам деп билет:

– Сыдыкбек Жаманов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева сыяктуу бир нече залкар артисттер мага берилген белектей эле болду. Өзүм дагы мыкты актерлорду өстүрдүм. “Ак кемедеги” Нургазыны, Сүймөнкүл Чокморовду, Орозбек Кутманалиевди, Асанбек Куттубаевди жана башкаларды киного тарттым.

Шамшиев учурда өзүнүн экранга чыга элек бир нече сценарийлери, кино долбоорлору да бар экенин кошумчалады. Мисалы, анын “Жолоочуну курмандыкка чалуу” , “Курманбек баатыр”, 2 сериялуу “Сүйүү тангосу”, “Акылынан адашкан дервиш”, “Ханыша жана олигарх”, “2021-жыл KG аймагы” сыяктуу ондон ашык долбоорлору каражат тартыштыгына байланыштуу киноөндүрүшкө киргизилген эмес.

Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева Шамшиевдин тасмалары бүгүн да өз бийиктигин жогото электигин кеп кылды:

– Азыр да Шамшиевдин тасмалары кыргыз улутунун жүзү катары пайдаланылат. Мисалы, Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимп оюндарында ар кайсы өлкөлөрдүн фильмдери көрсөтүлүп жатат. Бизден Шамшиевдин “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасы коюлганы тууралуу кат келди. Бул Шамшиевдин чыгармалары эч качан өлбөй турганын билдирет.

Төлөмүшева Шамшиевдин ар бир тасмасы классикага айланып калганын, бирок автор өзү бул ийгиликтерине эч качан төш какпаган, ички маданияты терең инсан экенин кошумчалады.

Болот Шамшиев, 2012-жыл
Болот Шамшиев, 2012-жыл

Кинематографисттер бирикмесинин жетекчиси Таалай Кулмендеев өзүнүн жеке көз карашында кыргыз киносунун өткөн тарыхын төрт катмарга бөлөт экен. Адистин пикиринде, Шамшиевдин мууну ошол катмардын көч башында турат:

– Биринчиси – кинонун келиши, андан кийинкиси – анын калыптанышы. Мына ошол калыптануу доорунда “кыргыз керемети” жаралды. Андан кийин эгемендиктин алдында кино тармагында кандайдыр бир кыймыл болгон. Акыркы этабы – жаңы кино деп коет элем. Ал жаңы технологиянын негизинде пайда болгон тасмалар. Болот Шамшиев ошол этаптардын экинчи же “кыргыз кереметин” жараткан катмарда турат.

Кулмендеев Болот Шамшиевдин мууну жараткан тасмалар классикага айланып, кыргыз киносунун кийинки мууну үчүн үлгү болот деген ойдо.

Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да белгилүү. Ал 1985 – 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, 1998-жылы Туризм жана спорт министри, кийин элчилик кызматты аркалаган.

Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда ал кездеги Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы ал окуу жайды аяктап кинорежиссер кесибине ээ болгон.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 20.08.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.