Абдысамат Сарала
* * *
Жүрөк күткөн кайгылуу ыр угулбайт,
Бульвар гана созот эски кайрыгын.
Айтчы акын дагы кандай бугуң бар,
Эмне келдиң бул жерлерге кайрылып.
Эмне анча оорлойт сенин кадамың,
Кышында кар койгон сымал калың жаап.
Барбы сенин күтүп жүргөн адамың,
Сооротучу, таптай турчу далыңдан.
Билесиң сен биздин дагы ак таңдар,
Биздин жаштык артта калат жалындап.
Мына кечээ төгүп жаткан аппак кар…
Бүгүн жамгыр … Эртең кулайт жалбырак…
Эртең биз да, айла жоктон жылмайып,
Эртең биз да, көзду сүзүп акырын,
Жол тартабыз… Жетип кезек жыл айы,
алыстарга кимдир бирөө чакырып
Горизонтко караанындай ак куштун,
Эзилээрбиз, учуп барып кыйлага.
………………………………………………………..
А сен алдайм деп мезгилди, байкушум,
Алдап жүрбө жүрөгүңдү туйлаган.
2016-2017
* * *
Таңдар атты кирип жүргөн түшүмө,
Үмүт менен күнүм менин чыгат жай.
Батсам дагы кубанычка түшүнөм,
Жыргалда да болуу керек чыдамкай.
Мен тагдырга таарынганды унуттум,
Өткөнгө да, кеткенге кайгырбайм.
Санаа тартып тиктебеймин булутту,
Даярмын мен шолоктогон жамгырга.
Эх, адамдар, бир кызыктай жандарбыз,
Биз жасаган иштер андан кызыктай.
Күн ысыса эскеребиз ак карды,
Аяз суукта түшкө кирет ысык жай.
Өтүп бара жатабы жаш курагым?
Турмуш менен күндөн-күнгө сылыкмын.
Бүгүн келбейт кудайымдан сурагым,
Жүрөгүмө кереги жок чындыктын.
Турчу элем сезимдерди жыялбай,
Бүгүн сездим, билбейм чынбы, төгүнбү –
«Канчалыка бийик учса кыялдар,
Ошончолук ылдай кулайт көңүлүң…»
* * *
Өмүр деген бар экен,
Өткөнүмө жараша, жакшы жашап өткүм келет.
Өлүм деген бар экен.
Өлгөнүмө жараша, келме айтым өлгүм келет.
Көрүү деген бар экен
Көргөнүмө жараша, эң ажайып, эң бир кооз,
Бейиш багын көргүм келет.
* * *
Кайгырдымбы, сүйүндүмбү баары бир,
Күнүм батты, күнүм батты дагы бир…
Салаалардан куюлгандай агын суу,
Агат күндөр. Жаштыгым ай жалындуу.
Кылчаямын, жылмаямын өткөнгө,
Алга карайм… Түтөйт карек, өрттөнбөйт.
Бириң күйүп, бириң мага суудуңар,
Какталганда турмуш ысык-суугуна.
Талааларды муңкандырат жай шамал,
Кайгылуу сөз талаалардай жайкалат.
Суроолор көп жообу али келелек,
Жооптор күтөт, суроо эч ким берелек…
ЧОҢ АТАМА
Отурасың эски бактын түбүндө,
Күйүп бүтпөй колуңдагы тамеки.
Узаткандан кошунаңды күзүндө,
Айта элексиң «ассолому алейкум»…
Шашпагын деп топуракты тебесиң,
Кадам сайын жерди сабайт таягың.
Кайра-кайра караганы келесиң,
Айылдагы жалгыз жолдун аягын.
Атакебай, кимдин издеп караанын?
Кимди күтүп? Жүрөгүңө не керек?
Мелдешемин! Азыр дагы карадың
Алыс жолду… Келеби деп неберем..
Же жөн эле карылыктан зеригип,
Көзүң өтүп кан кайнаган күндөргө.
Ал ансайын сага улам сезилип
Кимдир бирөө сени аңдып жүргөндөй…
А түндөсү! Түндөсүчү селт эте,
Ойгоносуң, бырыш жүзүң тер басып.
Сага угулат шуулдаса теректер,
Кыз-келиндер кошок кошуп жаткансып.
Жүрөгүңдө сагынычтын желеси,
Ошондуктан отура албай жай алып.
Кайра-кайра караганы келесиң,
Айылдагы жалгыз жолдун аягын…
Сагынычтан карегиңе жаш оосо,
Алдырып сен бара жатсаң кайгыга –
Эсте мени! Сенин жупун жашооңо
Жайдын салкын таңы менен кайрылам.
Мен келгенде токуп чабдар туягын,
Аралайлы ар бир кокту-колотту.
Айтып берчи баягы эски жомокту-
Куланчынын окуясын угайын.
Азыр болсо шаардын супсак күнүндө,
Ырым менен айтам салам алейкум.
Түтөй берсин эски бактын түбүндө,
Күйүп бүтпөй колуңдагы тамекиң…
ТҮН
Жаркыратып ай чатырын үйлөрдүн,
Жылдыз жанып төрт бурчунан дүйнөнүн.
Салкын шамал тереземе кагылып,
Сапар тартат андан ары күүлөнүп.
Тынчтык бербей айлуу түндүн бу тынчы,
Агыткансып табышмактуу жырткычын.
Үкү күүлдөп, жарганаттар шуулдап,
Кыяк тартат чегиртке да түнкү ырчы.
Ай сулуусу өөп кеткенсип жер сылап,
Же койгондой сыйкырчы аны сыйкырлап.
Туягынан алтын жамгыр жаадырып,
Же өткөнөй алтын туяк аргымак…
Мына ай да ак булутка камалды,
Жерге түшүп сырдуу күңүрт карааны.
Чырак өчсө басып кирип келчүдөй,
Терезеден тиктейт мени караңгы…
ТҮНКҮ ЖАМГЫР
Жини келип бир заматта түнкү асман,
Күркүрөдү көзүнөн от чачырап.
Терезе ачык, үйгө кирген шамалдан,
Жаш селкидей бийлеп жатат шам чырак.
Көзгө урунуп бүдөмүктөр, караандар,
Үндөр чыгат ар тараптан ар кайсы.
Чагылгандын нурундагы дарактар,
Тарбалаңдап мага келе жаткансып…
КҮҮГҮМ
Ызы чуунун изи сууду бир азга,
Күн кызарып тоо артына бой таштай.
Томсорушуп, түнөрүшөт тоо-аска,
Булак шылдыр агып жатат эч шашпай.
Кара-көгүш тартып барат көк асман,
Сууп баратат жайдын жылуу абасы.
Муздак шамал согуп батыш тараптан,
Шуулдатып айдоо эгин талаасын.
Бак дарактар термелишет кайгылуу,
Жалбырактар шыбырашып жаңыра.
Айыл барат караңгыга думугуп,
Терезелер боёлушуп жалынга…
* * *
Жылдыздуу түн, жылуу аба, жай шамал,
Каалабаймын уйкунун да келишин.
Эмнегедир жылмаямын ай карап,
Көргөн сымал айдын сулуу перисин.
Ушул түнкү сыйкырланган керемет,
Уйкудан да таттуу сымал сезилип.
Бархат сымал жылуу-жумшак теребел,
Ай нурунун алтынына эзилип.
Сезимдерим көл бетиндей жайкалып,
Эч капарсыз ай нурунда олтурам.
Кандай жакшы бул пейзажка айкалып,
Эске түшсө жакшынакай окуя…
ЖАЗГЫ ТАҢ
Бүгүнкү таң кечээкиден башкача,
Бүтүн дүйнө толуп турат мээримге.
Таңдын нуру күндөн түшүп капкачан,
Там башында мышык сымал керилет.
Жерди жапкан кыштын аппак шейшеби,
Ар жеринен олурайып жыртылган.
Уйку менен жаткан дүйнө кечээги,
Бүгүн толгон жаздын жыпар жытына.
* * *
Күн батаарда сыйкыр чырак жагылат,
Жалын нурлар өрттөп көлдүн толкунун.
Убакыт да агылгансыйт жайыраак,
Чыгыш жактан түн да баштайт жортуулун.
Иттер үрбөйт, короздор да кыйкырбайт,
Толкун гана шыбыр айтат талаага.
Тоскоол болбой ушул кечки сыйкырга,
Сиңип кетсем кандай болот абага.
* * *
Жалбырактар сапырылып тизеден,
Түнкү жаандан нымшыйт асфальт-тротуар.
Күтпөйт эч ким… Мен да эч кимди издебейм
Эски ойлор… Жалгыз гана отурам…
Эске түштү бир кездеги балалык,
Ушул жерден узатчы элем куштарды.
Мүмкүн бүгүн мен атайы адашып,
Мүмкүн дале ушул күзгө куштармын.
Куштар, куштар бүгүн анча тынчсыңар,
Жаптыңарбы коңур күздүн эшигин?
Силер күткөн, силер күткөн ырчы да,
Бүгүн келди бир аз… бир аз кечигип.
Ойго чөгүп мен ордуман басалбай,
Көз чаптырам алыстагы ашууга.
Жылдан-жылга чуркаганым басаңдай,
Жылдан-жылга кадамдарым катуулайт.
Жылдан-жылга ичим тарыйт кыялга,
Мага эми жер түз эмес, шар сымал.
Бирок такыр ушул күздү кыялбайм,
Ушул күздү жүрөгүмөн жактырам.
……………………………………
Кайсыл жерге куласам деп ойлонуп
Жалбырактар каалгып учат мас сымал…
* * *
Бир башкача тиктейт мени карт эмен,
Бир башкача сезимдерди чакырып.
Ушул кечте жааган аппак кар деле,
Тынчтык издеп жерге кулайт акырын.
А бир кезде! Ах алтындай бир кезде,
Чоң энелер коё электе туз себип,
Чуркап чыгып күңүрт, эски подъезден,
Үй алдынан калчу элем муз тебип.
Бүгүн мен бала эмесмин баягы,
Мен жашаган үй да эчак өзгөргөн.
Орун таппай, каректерден жай алып,
Какап турам тааныш эмес көздөрдөн.
Бир четинен ууртуман жылмая,
Бир четинен бекем түйүп кабакты.
Көз чаптырам алыстагы жылдарга-
Аяп тиктейм мен үчүнчү кабатты.
Жарык күйдү, жалындады терезе.
Чай үстүндө демек да бир үй-бүлө.
А бир кезде! Ал үйдө, а бир кезде…
Ой-санаалар кабагыма күбүлөт.
Жылаңач бак… Карга үнсүз отурат…
Кар кытырайт, айрылгансып булгары.
Менин бала кыялдарым толтура,
Кучак жаят Жаш Гвардия бульвары.
Эки бала чана сүйрөп чыгышты,
Балалыктын кызыгына тойгону.
Аяз суугун унуткарып бу кыштын,
Менин дагы келип кетти ойногум.
Бирок антпейм… Ойнобоймун кар менен,
Муздан качып, басам кайра акырын.
………………………………………
Бир башкача тиктейт мени карт эмен,
Бир башкача сезимдерди чакырып…
* * *
Эмне анча тике мени карадың,
Антпе жаным… Жүрөгүмдү булкуба.
Ансыз деле, жүдөп турам, каралдым,
Жаңы гана ойгонгонсуп уйкудан.
Көз кыйыгың салып мага атайы,
Укпайт дебе, көңүлүңдү түшүрбө.
Түшүнө албай турсаң мени айтайын –
Мен өзүмдү өзүм жакшы түшүнбөйм.
Сен албетте дайым мээрим күтөсүң,
Аккуу сымал жайып мага колдоруң.
А мен кээде жамгыр, кээде күнөстүү,
Кудум аба ырайындай Лондондун.
Ыр окусам, кулпунасың, эх, жаным,
Кылгырасың… Мен ичимден жай күлүп –
Мен өзүмдү эчак бүткөм тажатып,
А сен тажайт болдуң экен кай күнү.
Мен кулундай туйлагандан чарчадым,
Тагдырыма эчак эле баш ийгем.
Күлүк тулпар болсо дагы канчалык –
Темир жолдон катуу жүрбөйт машине.
Ошондуктан тик караба атайы,
Укпайт дебе, көңүлүңдү түшүрбө.
Түшүнө албай турсаң мени айтайын –
Мен өзүмдү, өзүм жакшы түшүнбөйм…
Абдысамат Сараланын фейсбуктагы өздүк барагынан алынды.