Айзат Кудайберди кызы

Ош облусунун Араван районуна караштуу Кичик-Алай айылында 2003-жылы жарык дүйнөгө келген. Учурда Кыргыз Улуттук университеттин филология факультетинде окуйт. 2023-жылы өткөн “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалында экинчи орунга татыган.

 

Айзат Кудайберди кызы жана анын чыгармачылыгы тууралуу

 

 

Ырлар

* * *

Көпкө уктум, күндөр жылга айланды,
Уктум сени – жарадар бир дүйнөнү,
Көпөлөктөй дирилдедим мен сенден,
Көрдүм сенден
наристенин нур көздөрүн
карай берчүү асманды,
Тилектери айланышкан графикалык сүрөткө.

Күнөөсү жок жандай элең
көөдөнүңдөн жаш агып,
Көзү сокур ыр агып…
Алдейлегим келди сени,
Алдейлегим келди сенин
жүрөгүңдү жүгү оор…

Кооздогум келди сенин калааңды,
Муздактыгы
тунук айнек кылып койгон көзүңдү,
Жылмаюңду балатыдай жасалгаланган,
Жасалгасыз үшкүрүгүң.
Көз жашыңды аяр аарчыгым…
Куткарайын сенин таза дүйнөңү!
Тилегиңди, санааңды,
Жылдыз учпас асманы бар калаадан,
Кыялыңды кымтып алып ызгаардан!
Бирок, бирок аттиң!
Коргой албайм сени тагдырдан,
Жолун тосо албаймын да Кудайдын…

А менинчи?
Угуп тур,
Мен ырдаган, мен ыргалган аз күндүн
өңү өчтү,
Муң калган жок күрөшчүү.
Күйүп кетти мен жактырган сары талаа,
Жашылданган бойдон калды көздөрүм.
Күз күнүндө күлгө айланып,
Мен өзүмдү алдым жоготуп.
Эсим жыйган бир убакта,
Кайып болуп кетти бардыгы,
Эскерүүлөр – бычак алтын сап,
Эссиз күнүм – күмүш куурчак.
Мен жолум бир жол эле,
Жанга жан да, канга кан.
Ушул күндө келээр беле,
сенин дагы жашымды
аяр аарчыгың…

Жашоо бүтөт башталган жерден,
Башталууңу керек эми тандашың.
Эрте-кечпи кетет күндүн кызылы.
Кетем мен да кайык болуп
колум булгабай,
Тандап алып ким бирөөнүн жүрөгүн.
Же баш ийип бүт дүйнөлүк мыйзамга,
Тандайм үйдү асман көрүнбөс.

Бул жөн гана боолголоо эртеңди.
Бирок мен,
төрөлгөндө башым ийбей эч кимге,
сөзүн укпай эч кимдин,
жага турган Теңирге да, өзүмө,
тандап алгам тескери жол Теңирден!

Мен Теңирден тескери жол тандадым!

Ж….га

Сени көрсөм келе түшөт эсиме,
Эстеликтер көчөлөрдө жашаган.
Адамдардын көздөрүнө суз карап,
Бүгүн Күндү,
Түнү жылдыз санабай,
Баш кийимсиз төбөсүнө сезилбей,
Жаздын, жайдын ысыгы…

Сени көрсөм келе түшөт эсиме,
Эски үйдүн терезеси,
Арча, тагдыр жыттанган.
Айнеги жок,
көргөзүүчү келечекти, жамгырды.
Сүртө албайсың,
суулап андан
өтмүшүңдү тумандуу…
Айнеги жок терезеби терезе?..
Терезесиз Үй болобу үй дагы?..
Терезесиз үйдө болсо да эркиндик,
болбойт бирок бейпилдик…

Сени көрсөм келет менин эсиме,
Текчедеги окулбаган китептер,
Көргөзмөгө коюлгандай тизилип,
Көргөзүүгө үйдүн ээсин билимдүү,
Кооздоого муздак үйдүн бир бурчун…
Көп жыл мурун,
Уктаар элең бир жаздыктын астында,
Бир адамдын оюнда…

Азыр сенин келип жүрөт,
Кечир десе
Кучагына кулагың,
Канча жылга
искей албай жоготкон,
Көчөдөгү таза, муздак,
Кыш жытын,
Жайдын аптап абасын,
Өзүңдөгү андан кийин,
эч ким даап өппөгөн,
Эриниңди, чачыңды,
Алмаштырып салгың келип,
Кечиримге, каргышка…
Топтоп берчи күзгүлөрдүн сыныгын,
Көздөрүңдүн сыныгын…

Өлгүң келип, өлбөстөрдөй жашайсың,
Асман сени катар миң жыл
күзөтпөй, көзүн алат бир күнү,
Жалбырактар жарым кылып жашабайт,
Жерге түшкөн көлөкөңдү кайталап…
Сенде калат жалгыздык,
Өчөт, өлөт бардыгы,
Суралбаган кечиримден,
Айтылбаган кечирүүдөн башкасы…

Сени көрсөм келет менин эсиме,
Эстеликтер көчөлөрдө жашаган,
Унуттурбоочу байыркыны, өткөндү,
Эске салып түбөлүктүн жоктугун.

АЛДЫДА КҮЗ…

Сентябрдын сепкил баскан жүзүндө,
Ишенимдүү айтылбаган сүйлөмдөр…
Даамын унутуу бүгүн ичкен кофемдин,
Уктап калуу угуп жатып Шопенди…
17-күзүм кирип түшүмө.

Алдыда жаан,
Жаайт дешкен бейшемби,
Октябрдын ойго оролгон түндөрү.
Жамгыр жаайт бүт тытмалап денемди,
Келсе эгер ушул күнү,
Сыртка чыгып, сырым төгүп,
Бирөө менен жеңил бийди бийлегим,
Кантээр экем мен эми!?

Алдыда кыш…
Куштар кетип жылуу жакка,
Калат ж-а-алгыз мен сүйбөгөн каргалар,
Коркунучтуу көзү менен капкара…
Тиктейм көпкө адамдарды,
Жазда, жайда, азыноолак күзүндө,
Бирге болгон көлөкөсүн жоготкон…
Апам чалат:
“Кайткын үйгө,
кол кабыңды унуттуң!”
Келип жатат үшүгүм…
Кайтат үйгө муздаткычтай адамдар,
Жумушунан көлөкөсүн таба албай.

Алдыда кар…
Зым мамыга конуп алып сезимдер,
“Тып” деп түшөт ызы-чуулуу базарга…
Үч дубалдуу, эшиги жок бөлмөгө,
Көлөкөмдү күндө жалгыз калтырып,
Жөнөп берем адамдарга,
Кара кийим кийинген…
Тайгаланып, кайра туруп,
Колдорумдан бир Кар киши жаралбай,
Кара чачын ак кар кылбай бирөөнүн,
Оюн курбайм карды кечип тизеден…
Суукта да жүрсөм керек үшүбөй?
Аяз Ата келбет окшойт бу кышта!?…
Тентектигим жоголгонун тез билип,
Таарынса бир Аяз Ата таарынсын!

Алдыда жаз…
Куштар келет,
билбейм кайсы тараптан,
Каргаларды унуттуруп дос болгон,
Эң чыдагыс убакта…
Бир талаада өлөт миңдей байчечек,
Мага арналып терилбей…
Кечээ жазган ырлар бүгүн окулбайт,
Кечээ сезген бакыт бүгүн жок!

Алдыда жай…
Күн түбүндө,
Күн өткөрбөй кыялдуу,
Күндүн сөөгүн көмүп салып,
Кышта мен,
Жолоочудан жомок сурайм,
Укташ үчүн тынчыраак.
Түшкө кирбейт деңиз көздүү Капитан…

Алдыда күз…
Жашагым жок бу күздү,
Кан көчөдө басып жүрөм, аралап жалбырактын өлүп калган денесин…

Күзгүдөн карап турам өзүмдү мен,
Күзгүдө күлүп турам…
Күзгүдө жамгыр жаайт…
Көрүнөт көгүлтүр көл өмүрлөрүм,
Көк асман болгон таза сүйүүлөрүм,
Көк аскага коюлган табыттар да,
Бүркүттөр көмүп кеткен…
Анан сен көрүнөсүң,
Турпатыңдан жалтанат менин күзгүм,
Бөлүнөт тең экиге!..

Теңирдин көзү түшкөн турпатыңда,
Деңиздин толкундары…
Жашадым жүрөгүңдө,
Жашадым Өзүм болуп!..
Кенен жайгын асмандай канатыңды!
Батсын ага коён көз кыялдарым,
Кар киши мурду сабиз,
Жолдонгон каттар дагы
Аяз атага,
Кырк күн жетпей түшүнчүү кылыктарым,
Бал таттуу ырлар дагы
сага арналчуу,
Жамгырдын ыры менен,
бийлегиси келген бир
бала жыттуу
Периште,
батсын сенин канатыңа…

Ирмебе көздөрүңдү…
Көзүмдү албай сенден,
тиктегим келет дейсиң
таарынганың…
Оо, менден мурун көргөн
кайгыларың,
Сенден мурун сестенткен сүйүүлөрүм,
Айлансын бир заматта
балбал ташка!..
Деңиздей көздөрүңө
дилимди чайкайын да,
Эриним тийгизейин…
Деңиздер өлбөйт, жаным!
Кечээ эле чайпалган бүгүнкүдөй,
Бүгүн дагы чайпалат кечээкидей…
Өтөлбөгөн өмүрдөй кызыктуусуң
Баштан өткөн байыркым эске кирбейт…

Айкөлүм, ак пейилдүүм!
Ырлардай ыйык болгун!
Топ элдин арасынан
батперек кармап алган
баёлукту,
Адашып кете электе башка болуп,
Айрыбай таап алгын!
Айлангын тилегиме,
Ыйгаргын кыялыңды.
Жанымда бийик сезгин!
Жанымда баатыр сезгин өзүңдү өзүң,
Куткарып калган мени коркунучтан!

Мен азыр сенден кетсем,
Жүрөгүм оорубайт да,
Жүрөгүм зырпылдабайт!
Баш тартуум көнүмүш иш,
Бакыттан, же азаптан
белгисиз бир…
А бирок туюп турам,
Жоготом ыйыктыкты,
Жоголот сезимдерим,
Сага жаккан периште болбой калам,
Бирөөнүн таштай муздак көзүндө курман болом…
Андыктан сакта мени,
Кыяндан, кубулуудан.
Өзүмдү жоготконум – өлүм болсун!

Деңиздей албуут дагы,
Деңиздей күн өткөргөн
көздөрүн кадап алып көк асманга,
Деңиздей жапжаш дагы
көзүндө миң кылымдын сүрөттөрү.
Деңиздер өлбөйт, билем!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.