Шахзадакан Жумабекова: “Асан акем телевизордон чыкканда бүт айыл сүйүнгөн”
7-февраль – залкар обончу Асанкалый Керимбаевдин туулган күнү. Ал бу жарыкчылыкта болгону 49 жыл өмүр сүргөн.
“Жакшы кал, жашоо берген жарык аалам,
Жашагым келген эмес сенде жалган.
Ыр менен ыйласа ыйлап, күлсө күлдүм,
Айырмам ошол эле башкалардан”, – деп акын Турганбай Эргешов жазгандай, кайран талант ыр менен ыйлап, ыр менен күлүп өттү. Кайталангыс обончуну эскерүү үчүн бир тууган карындашы Шахзадакан Жумабекова менен маектештик.
– Эже, кыргыз эли сүйгөн обончунун бир тууганы болгонуңузга сыймыктанасызбы?
– Сыймыктанбагандачы?! Асан акем кандай гана мыкты инсан эле. Ал мен үчүн атамдан кийинки таянар тоом болгон. “Жакшы адамдар аз жашайт” деген чын окшойт, 49 жашында бизди арманга салып кете берди. Азыр аны эскерүүдөн башка аргабыз жок.
– Бүгүн агайды эскерип сиздердин балалыкка кайрылалы.
– Оо, биздин балалык аябай бактылуу болгон. Ата-энебизге эркелеп чоңойдук. Мен Асан акемден 7 жаш кичүүмүн. Менин атымды Шахзадакан деп Асан акем койгон экен. Көрсө, ал ошол мезгилде эле “Миң бир түн” жомогун, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” аттуу кичи эпосторду шар окуп калыптыр. Себеби эң улуу агабыз Султанкалый менен чогуу 5 жашында өзбек мектепке барып тамга таанып калат. “Асан “Курманбекти” окуганда ыйлай берчү, тим эле китептин барактары суу болуп калчу”, – деп апам айтып калар эле. Бала өңдөнүп бири-бирибизге каяша айтышкан эмеспиз. Аябай ынтымактуу чоңойдук.
– Асанкалый агай өзбек мектепте окуганбы?
– Ооба, өзбек мектепте окуган. Себеби манаптын тукумдары болуп советтик саясаттын айынан куугунтукталышкан да. Анан тагдыр ата-энебизди Өзбекстанга айдап барыптыр. Апабыз Илаш Саралаева энесиз жетим калат, таенебиз 19 жашында төрөттөн каза болуптур. Анан кадимки Токтогул Сатылгановдун жакын инисинин колунда чоңоёт. Анын Бурулча деген төрөбөгөн аялы апамды өз кызындай бапестеп чоңойткон экен. Илаш бой жеткенде Жалал-Абад облустук театрында ырчы, актриса болуп 6 жыл иштептир. Анан турмушка чыгат. Биринчи күйөөсү белгилүү партиялык кызматкер болуптур, аны менен 5 жыл жашап, төрөбөй ажырашып кетет. Бир топ убакыттан кийин 45 жаштагы Ысакжан атага турмушка чыгат. Ал кезде Ысакжан атанын аялы каза болуп үч уулу менен калган болот. Төрөбөгөн 25 жаштагы жаш аял балдарыма эне болор деген үмүт менен үйлөнөт. Айткандай эле, апам үч баланы өз баласындай карап, көп өтпөй Султанкалый акемди төрөйт, андан кийин Асан акем төрөлөт. Ысакжан ата менен бактылуу турмушта жашашат, ошол мезгилде апамдын үй кызматчылары болгон экен. Бирок көп узабай Ысакжан ата ооруп, болгону 7 күн төшөктө жатып 49 жашында каза болот. Апам 5 баласы менен жесир калат. Ысакжан атанын 3 уулун туугандары алып кетишиптир. Өзүнүн эки баласын багыш үчүн өзбектердин кийимин тигип кол өнөрчүлүк менен жан багыптыр. Ошентип, тагдыр апамды менин атам Ырысбекке жолуктурат. Ал киши биринчи аялы менен 25 жыл бирге жашап, балалуу болбой ажырашат да, 47 жашында 34 жаштагы апама үйлөнүптүр. Ошондо 4 жаштагы Асан акем: “Өзүмдүн өлгөн атам тирилип келди”, – деп сүйүнүп, чыбык минип элге сүйүнчүлөгөн экен. Ырысбек атам дагы Султан акем менен Асан акемди өз балдарындай көрүп, аябай эркелетип, өтө ынак мамиледе болот. Асан акем дароо эле “ата” деп алыптыр, апам кайын журтунан ыйбаа кылып “аке” деп айткын деп урушуп жүрүп атамды “аке” дедирген экен. Ошентип, Асан акем 11 жашына чейин Өзбекстанда окуйт да, андан кийин Ырысбек атамдын туугандары Токтогулга көчүрүп келишиптир.
– Асанкалый агай кантип чыгармачылыкка аралашып кетти?
– Асан акем мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка аралашып, оюн коюп, чоң атасы Керимбайдын ролун аткарып эл көзүнө көрүнөт. 5-классынан тартып Тургунаалы Орозов деген музыкант агайдан аккордеон үйрөнөт. Эң биринчи Какен Алмазбековдун калемине таандык “Кайдасың?” деген ырга обон чыгарат. Ал обону ак жолтой болуп элге тарап, чыгармачылыкка биротоло киришип кеткен. Эсимде, Асан акем алгачкы жолу 1968-жылы телевизорго чыкты. Анда элде телевизор жок болчу. Биздин айылда Орозбек Мырзырайымов деген киши телевизорду сыйлыкка алган. Бир айылга бир телевизор. Асан акем телевизордон ырдап чыкканда биз эле эмес, бүт айыл сүйүнгөн Атам тим эле терисине батпай: “Асандын ыры чыгып, Асан ушинтип ырдап”, – деп ал окуяны далайга чейин мактанып жүрдү. Асан акемдин ар бир ыры чыкканда жарыктык киши баласын мактап эле жатып калчу. Бир да жолу ага өгөй баласындай мамиле кылган эмес. Асан акем да атама аябай жакын болчу. Атам “Асан келатат” дегенде малын союп, дасторкон жайдырып төрөдөй эле тосуп алчу. Ал өзгөчө куурдакты, дымдаманы жакшы көрчү. Анан Асан акем менен тамак ичүү өзүнчө бейиштей эле болчу, ар кайсыны айтып берип, ырдап берип, түн бир убакка чейин маектешип олтурчу элек.
– “Атама” деген ырын Ырысбек атага арнап чыгарган да ээ?
– Албетте, атам каза болгондо аябай жаман болгон. Анан кыркылыгында ушул ырды чыгарып келген экен. “Апа, акеме арнап ыр чыгардым, ырдап берейин угуңуз”, – деди. Аккордеонун сыздатып, өзү ыйлап ырдады, угуп олтургандардын баары ыйладык. Баарыбызды ыйлатып туруп, кайра тамашалап: “Апа, көрүндүк бересизби?” – деп күлдүрүп бир торпок алган. Кийинчерээк Салижан Жигитовдун “Шуулдаба, терегим, теректерим” деген ырына обон жазды. Ошол ырдагыдай атабыз чын эле миң түп терек тиккен.
– Адатта атактуу адамдар тээ төрөлгөндө эле бир белгилер менен төрөлөт эмеспи. Дегеним, Асанкалый агай да батадан бүткөн баладыр?
– Анысын билбейм. Бирок кичинекейинде апам ырдамайынча уктачу эмес экен. “Ырда” деп ыйлачу тура. А Султан акем, тескерисинче, апамды “ырдаба” деп ыйлачу экен.
– “Ал өмүрдөн эрте кетерин билген” дешет…
– Билген окшойт, сезген окшойт. Бир ирет апама: “Мен деле өзүмдүн Ысакжан атама окшоп элүүгө чыкпай өлөт окшойм”, – деп атпайбы. Апам: “Каяктагыны айтпачы, менин энем 19 жашында өлгөн, мен жүрөм го силердин жаныңарда. Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында болот. Жакшы сүйлөсөң”, – деп урушуп койгон. Өлөрүнө жакын: “Рысбай Абдыкадыров түшүмө кирип мени ээрчитип кетти”, – деп да айтып жүргөн экен. Айтор, ошол жылы мен үчүн аябай оор жыл болгон. 1999-жылы 28-майда апам каза болду. Арадан алты ай өтүп 10-декабрда Асан акем каза болду. Бир жылда эки тирегимден айрылып кан жутуп катуу кайгыргам.
– Асан акеңизден айрыларды сиз дагы сездиңизби?
– Менин үйүмө кайдан-жайдан бир ургаачы ит байырлап келди. Апам ыраматылык: “Үйдөгү аялдын жакшысы короодогу итинен билинет, итти жакшылап карагыла”, – дечү. Ал итти аябай бактым. Үч күн катары менен улуду. Иттин улуганы жаман эмеспи. Ичимден “өз башыңа көрүнсө экен” деп коём, же тигинин жаагы басылбайт. Тандырга нан жаап, жаңы бышкан нанды бир тегеретип алдына ыргыттым. Бирок болгон жок. Жүрөгүм бир жамандыкты сезгенсип өзүмө-өзүм батпай, бир орунда тура албай жаман болуп аттым. Асан акемди эмнегедир өлөт деп такыр ойлобоптурмун. Түн ортосунда короого дабырап эле кирип келишти, эшикти ача салсам, “Асандан айрылдык” дешти. Өзүмдү жоготуп коюпмун. Эми айта берсем арман көп, эрте кетти да, жашай турса болмок. Канча сонун тилектери бар эле, канча сонун ырларды жаратмак. Асан акемди азыр эстесем, азыр ыйлайм. Теле-радиодон ырларын уксам да ыйлайм. Анан кайра каниет кылам, ал өлбөс инсандардын катарында. Чыгармачылыгы менен экинчи өмүрүн жашап атат. Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок. Канча залкарлар өткөн. Кээ бири такыр унутта калды, ал эми Асан акемдин ырларын элибиз сүйүп угуп келет, ошондуктан анын ысмы унутулбайт дегим келет. Кудайга шүгүр, аркасында үч уулу калды. Ошолордун өмүрүн тилеп жүрөм.
– Сизге акеңиздин кайсы ырлары жагат?
– Дээрлик бардык ырлары жагат. Өзгөчө “Атама”, “Энекем”, “Шуулдаба, терегим, теректерим” деген ырларын жакшы көрөм. 1994-жылы апам аябай катуу ооруду. Асан акем өзү Бишкектен дарылатып аман алып калган. Анан апам жакшы болгондо “Энекем” деген ырын ырдап апамдын батасын алган. Өмүрүнүн акыркы жылдары “Жалгыздык”, “Өткөндү мага баяндап” деген ырлары чыккан. Шайлообек Дүйшеев жазган “Жалгыздык” деген ырды Рысбай Абдыкадыровго арнап обон чыгарган. Апам сөздөргө аябай маани берчү да, ушул ырын укканда: “Ээ балам, мага сөздөрү жакпай калды, ырдабай эле койчу”, – деп суранган. Анткени ал ырда “Бозортуп турар карааным, боз турпак баскан мүрзөмдү” деген саптар бар болчу. Ошондой эле “Өткөндү мага баяндап” деген Манап Алиевдин жазган ырына да обон чыгарган экен. Ошол ырда да “Өмүрдүн арты кайгы экен, өлүмү ээрчип акырын” деген саптар бар.
– Эже, маек куруп бергениңиз үчүн рахмат.
– Силерге рахмат. Элден айланса болот, кыргыз элим барда Асанкалый Керимбаев унутулбайт. Токтогул районунун маданият үйүнө ысмы ыйгарылган. Марафон аркылуу ошол маданият үйүнүн алдына акемдин эстелиги орнотулду, ачылышы жакында болот.
Чолпон Асанова, “Леди.КГ”, 02.2017-ж.