Адабий сынак №5 Ырлар
№5
АПА
Апакем-ов, касиеттүү апасың,
Аалам нурун карегиңден чачасың.
Бар күчүңдү мага жумшап бүтүп да,
Бакубат, соо болуп келе каласың.
Чындыгында сен керемет энесиң,
Чыйрыкканым айттырбастан сезесиң.
Бүт дүйнөңдү мага берип, кайра эле,
Бүтүн дүйнө болуп кала бересиң.
Турмуш сага далай мүшкүл салган ээ,
Табиятың ушул болсо айла не?
Дарман, күчтөн кетип жатып анда да,
Дайра болуп оргуштадың кайра эле.
Ошондуктан мактайм апа сени миң,
Сен бар кезде басынта алмак мени ким?..
Кесепеттен сактап жүрөт калкалап,
Чачкан сайын толуп-ташкан мээримиң.
Оор күндөрдү топчу сыңар бүчүлөп,
Ооруп жатып чыйраласың күч үрөп.
Кара күчүң короп жатып чыңалган,
Кайратыңа таазим кылам миң ирет.
Адам жолун, адал жолун үйрөткөн,
Апа сага таазим кылам миң ирет.
БУМЕРАНГ
Байкатпастан шыпылдап бура басып,
Бантигиңди чачыңдан жула качып.
Ой да сени ызага батырчумун,
Ойносок деп бир азга кубалашып.
Сен кууганда жеткирбей качам анан,
Сен да көксүң, куугандан тажабаган.
Жеткирбейин деп качып баратып да,
Желкеңдеги чачыңдан тарта калам.
Жалгыз ошол болчу эле сүйүнгөнүм,
Жакчу мага артымдан жүгүргөнүң.
Качып жүрүп байкабай калыптырмын,
Капилеттен түбөлүк сүйүлгөнүң.
Бойго жеттик, суйкайып бура бастың,
Боз уланча бой салсам, тура качтың.
Бантигиңди жулдурган кегиң үчүн,
Бакытымды колумдан жула качтың.
Тагдырдагы ызаңды кайтып алдың,
Таразанын тактыгын айтып алдың.
Чачың тартып ойногон күнүм үчүн,
Чамгарагым түндүктөн тартып алдың.