Адабий сынак №6 Аңгеме

№6
ТУУЛГАН КҮН
 Аңгеме
       Мен өзүмдүн элүү беш жашымды мынчалык аргасыз абалда тосом деп эч ойлогон эмес элем. Таң атпай бузулган маанайымды бир аз да болсо көтөрмөк болуп, жылуу күрмөмдү кийдим да, көчөгө жөнөдүм. Көчөгө чыгып, үйдөн эки жүз метрдей обочодо турган аялдамага келдим. Аялдамада табло жанып турат. Бир мүнөттөн кийин 107-электробус келет экен. Ал мен жашаган жерди аралап,  шаардын борбордук бөлүгүнө барат. Менин ал жакта ишим деле жок. Бирок азыр мага кайда барсам да баары бир эле. Ошондуктан аны күтүп калдым.
      Электробус келди. Токтоп, эшиктери ачылды. Электробуска мени менен чогуу дагы экөө түштү. Мен эң арткы орундукка отурдум. Алдымдагы отургучтун артына жайгашкан кичинекей планшетке колумду тийгиздим. Планшет жанып, анда менин сүрөтүм пайда болду. Бул планшеттин фронтал камерасы мени сүрөткө тартып жаткандагысы. Менин сүрөтүм үч секундга жетпей өчтү да, эми экранда: “Чоң ыракмат! Сапарыңыз байсалдуу болсун!” – деген жазуу пайда болду. Баары жакшы. Демек, менин банктагы эсебимден жол кирени алышты.
     Бир сыйра салонго көз чаптырдым. Он бешке жетпеген жүргүнчү отурат. Шыпта болсо кыркалекей тизилген видео-камералар. Бул камералар салондогу жана аялдамадан кирген-чыккан ар бир адамды сүрөткө тартып, автопилоттун кабинасындагы компьютерге узатат. Ал компьютер болсо маалыматты борбордук серверге жөнөтүп турат.
      Эми терезеден сыртты тиктедим көңүлсүз гана. Тротуарда адам деле көрүнбөйт. Зуулдап, алты дөңгөлөктүү үч робот жарышып баратат. Алар тамак ташыган курьер роботтор эле. Оюмду капыстан сөгүнгөн жаш жигиттин үнү бузду.
– Шайтан алгырдыкы! Жол кире төлөгөндү унутуп калып, үч аялдама жүрүп коюпмун! Ушуга эми 5 миң сом айып пул салганы кандай ?! Же жыргатып жумуш жок! Иштин баарын роботтор жасайт! Өкмөттүн тапканы эле айып пул!
      Ооба, бул жигиттин ачууланганы да жөндүү. Азыр дүкөндөгү кассадан баштап, короо шыпыргандарга чейин роботтор. Жумуш жок. Анан калса баары кымбаттап эле баратат. Адамдар да балалуу болгусу келбей калганы качан.
      Көңүл чөктүргөн ойлордон алаксымакка чөнтөгүмдөн көз айнегими алып чыгып тагындым да, жаңылыктарды окуй баштадым. Биртке жаңылык окуганымдан кийин эле көз алдымда “Көз айнегиңиздин кубаты аз калды. Көз айнегиңиз өчкүчө сиздин кайсы жерде жүргөнүңүз жарандардын жалпы базасына жөнөтүлүп турат. Көз айнегиңизди кубаттоону унутпаңыз” деген жазуу пайда болду. Кашайып, түндө уктаарда көз айнегимди кубаттап албаганымды кара. Эми уйкудан ойгонуп жаткан досторум куттуктап чалып калса, көз айнегим да өчүк болсо, кабатырланар бекен ?
     Көз айнегимди чечтим да, өчүрүп чөнтөккө салдым. Эрте менен тамактанбай эле чыкканга курсагымын ачканын сездим. Чөнтөгүмө кол салсам, бир тюбик нанүштө бар экен. Аны алдым да, оозума салып, шимий баштадым. Нанүштөмдү шимигенче, качан акыркы жолу нан жегенимди эстегенге аракет кылдым. Үч жыл мурунбу ? Же беш жылбы ? Эстей албай койдум. Көрсө, акыркы жылдары адамдар нан жебей калган турбайбызбы.
     Электробус кезектеги аялдамага токтоду. Түшкөндөр түштү. Чыккандар чыкты. Аларга караганга деле көңүлүм жок эле.
– Кандайсың ?
      Жаныма келип отурган адамдын үнү оюмду бузду. Мен курактуу, жапалдаш бойлуу киши экен. Анын көздөрү бул жашоодо жашай берип чарчап кеткенсигендей кайдыгер эле. Ошентсе да эзелки эски таанышын көргөндөй, анын кайдыгер көздөрүндө жылт эткен учкун көрүндү.
– Жакшы, – дедим бүшүркөй. Ким эле деп ойлоп, таппай жаттым.
– Сен дагы деле бул жактасыңбы ?
– Ооба, кечиресиң, тааный албай турам.
– Мен Нурлан. Эсиңдеби, чогуу иштебедик беле ?
Кайсы Нурлан ? Каерде чогуу иштеген элек ? Ал менин оюмду окуп жаткансып өзү сүйлөп кирди:
– Кампада иштегенбиз. Эстедиңби ? Сен өзгөрбөпсүң. Чыгып эле тааныдым.
– А-а, ооба, ооба, эстедим. Кандайсың ?
– Жакшы. Эмне жаңылык ?
– Жаңылык деле жок. Өзүңдө ?
– Баламды үйлөдүм. Сенчи ? Небереден канчоо ?
– Эки уулумду үйлөдүм мен дагы. Небере жок. Азыркы балдарды билесиң го.
– Ооба, – деди Нурлан күрсүнүп, – Туура кылат балалуу болбой. Мына мен, – деп төшүн муштады, – Кечээ кызымдын үйүнөн келдим. Эки күн мурда бакчада беш жашар баласынын мээсине чип коюшуптур. Ушинтип балаңды тирүүлөй биоробот кылып бергенден көрө, балалуу болбой койгон деле жакшы.
     Эми экөөбүз тең үнсүз отуруп калдык. Ар кимибиз өз оюбуз менен алпурушуп жаттык. Аны эмне деп жубатышты билбедим. Менин абалым деле жыргатарлык эмес болчу. Ортодогу жымжырттыкты “Кийинки аялдама “Үмүт” көчөсү” – деген электробустун салонундагы радиотүйүндүн үнү бузду. Электробус болсо жүрүп баратты…
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.