Адабий сынак № 4 Аңгеме

№4

Күчүк

(аңгеме)

Капыстан эле короого туулганына 2-3 ай болуп калган сары күчүк кирип келип, куйругун шыйпаңдата, кимдин көзүнө болсо да жалооруй карап, эркелей жерге жата кетти.

– Бул кайдагы күчүк? – эркек үнүн бийик чыгара “Кет!” деп кыйкырды.

Күчүк ары чуркап барды да аялдан ырайым күткөндөй жанына барып жалпактап жата калды.

– Кет! – деди аял да капыстан кирип келген күчүккө таңыркай.

Аны укканда күчүк кыңшылап ыйлап жиберди. “Мени кет дебе” дегендей угулду анын кыңшылаганы. Аял буга эчтеке дебестен үйгө кирип кетти. Ит акыры кетет да деген ишеним бар эле. Анткени, андан 2-3 ай мурда жаңы туулган күчүк багып алышып, ал бойтоңдоп ойноп калганда күтүүсүз өлүп калган. Эмнеден өлдү, ким өлтүрдү, белгисиз бойдон уулу жыгачтан жасап берген уясында жатып калыптыр. Аны уулу досу менен алып барып, жерге көмүшкөн эле. Ал капкара болуп, көзгө өтө сүйкүм болчу. Эми бул күчүк сапсары, өңү да серт, жүндөрү эмитен эле түлөп, жүдөө көрүндү. Аны эч качан багып алышмак эмес. Ал күнү күйөөсү түрү суук күчүктү кечке кубалады. Катуу каар менен кубалаганда көчөгө чуркап чыгат да, убакыт өткөрүп кайра келет. Ошентип, ал күчүк эч кеткис болду. Акыры үй-бүлө мүчөлөрү – эркек, аял, кызы, уулу ага айла жок көндү. Бирок ысым коюшкан жок. Жөн гана Күчүк деп коюшту. Күчүк да ошол атка көндү. Көнгөнү курусун, бир күнү үйдүн кызы аны кине басып кеткенин айтты.

– Кандайча? Кине деген кандай болот? Аял таңыркай сурады.

Кызы мектептеги классташ кызы колуна салфетка кармап, көчөдөгү иттен кине сууруп алганын, аны жерге буту менен басса кан жая бергенин айтып, мунун да кинеси денесинде толтура экенин божурады.

– Кана, кана,- деп баары күчүктү көргөнү короого чуркап чыгышты. Жакшылап карашса, чын эле аппак болгон кине курттар жүнүнө жабышып, өтө эле көп экен. Аны көргөн аялдын денеси дүркүрөп кетти.

– Кет десе болбогон кандай ит? Эми кыйратып койгонсуп, курттап алган тура. Аял кычышып кеткен денесин жыйрый үйүнө кире качты. Кайра атып чыкты да балдарына “жолобогула, инфекция жугат, колуңарды таза жууп киргиле” деп кыйкырды. Ошону менен күчүк баарына жаман көрүнүп жатып калды. Эртеси эркек эч ким жокто аны өзөртө ичке тепти. “Кет!” деп үнүнүн барынча бакырды. Күчүк катуу кыңшылады да дарбазадан ары атып чыкты. Кетип бараткан иттин артынан таш да ыргытты. Бирок, эки саат өтпөй ит короодо жатты. Ага эч ким деле атайылап тамак бербейт, үйдөн бирин-экин жугунду чыгып калса, табагына куюп коюшат.

Үй ээлеринин сүйгүнчүктүү мышыгы бар. Аны атайылап чычкан кармасын деп багып алышкан. Ага деле ысым ыроологон эмес. Мышык деп аташат. Бир күнү мышык жылжый басып сыртка чыкты. Түрү суук күчүк чуркап барып жыттамакчы болду эле, мышык бет талаштыра эки-үч уруп, үйгө качып кирди. Бул ала-шалбырт болгон эрте жаз эле. Кышы менен үйдөн чыкпай жашаган мышык жаз келгени сыртка чыкчу болгон. Чыкса эле, күчүк чуркап келет. Итатайы тутулган мышык ага ырылдап, бетке эки-үч урат да качып кетет. Эми үй ээлери иттин курту мышыкка жукпаса экен деп корко башташты. Аял балдарына мышыкты эркелетпөөсүнө тыюу салды. Мурда балдары мышыкты кармап отурушса, эми кармабай калышты. Күн тийип, мышык короого чыккан сайын ит-мышыктын оюну башталат. Кээде күчүк аны дыргаяктатып кубалап алат. Күн өткөн сайын аял иттин тынымсыз кашына бергенине эне катары боору ооруду. Арыктап, жүнү шалбырап, көзү жалдыраган күчүк аны аянычтуу карачу болгон. Бир күнү аял короодогу көчөттөрүн дарылоо үчүн дары аралашкан сууну бөтөлкө менен чачты. Бактар дарыланып бүткөн соң бир бөтөлкө ашып калды. Караса, ары жакта кашынып күчүк жатат. Аял басып барды да биринчи жолу анын жүнүн сылай кетти. Мындай эркелетүүнү күтпөгөн күчүк ушунчалык сүйүндү дейсиң, жата калып куйругун шыйпаңдатып жиберди. Аял колундагы дары аралашкан бөтөлкөнү иттин башынан аягына чейин жүндөрүн ачып, толук куюп салды. Ит болсо массаж алып жаткандай жыргап жатып берди. Ошондон кийин күчүктүн денесиндеги кине курттар жок болду.

Жай келип, аптаптуу ысык башталды. Үй ээлери каникулга, отпускага чыгып, алыска кетишти. Алар күчүктү ойлобосо да, мышыкты ойлошту, бирок айла жок эле. Аял анда-санда келип-кетип жүрдү. Короодо экөөнү көрсө, тамак берет. Алар аялды эш тутуп, анын жанынан эч чыгышпайт. Үчөө сүйлөшүп короодо көпкө отурушат. Анан аял кайдадыр узак сапарга чыгып кетет, кайра келет. Бул учур мышык менен күчүк үчүн жаман болду. Үй ээлери жок алар кадимкидей жетимсирешти. Акыры, алар күткөн күн келди. Сентябрь айы жаңырып, үй ээлери толугу менен кайтып келишти. Мышыктын сүйүнгөнүн айтпа, улам бирине сүйкөнөт. Үйдүн кичүү уулу аны көтөрүп алып, көпкө кармалайт, эркелетет. Экөө кубалап ойношот. Мышык оңуп эле калды. Анан баары таң калган окуя – күчүктүн бийик болуп чоңоюп кеткени болду. Андан да таң калыштуусу – анын овчарка болуп чыга келгени.  Мурда үй бүлө мүчөлөрү овчарка сатып алабыз деп кыялданышчу. Эми мына, короодо овчарканын өзү турат. Баягыдай жүдөгөн эмес, буттары жоон, кулактары тикчийген, сапсары жүндөрү жылтырайт. Көргөн кишинин көз жоосун алат. Баары аны таң кала эле карашты. Анысы аз келгенсип, жоон үнү менен түнкүсүн үйдү айлана үрүп, короону кайтарып чыгат экен. Көрсө алар жокто жайы менен үйдү кайтарган турбайбы! Бул үй-бүлө үчүн чоң жаңылык болду. Эми ага мээрим төгө карай башташты. Шалпайган жаман күчүктүн кандайча овчаркага айланып калганына таң калышты. Бул чөлкөмдө овчарка тукумундагы ит деле жок, жолдо жүргөн жолбун иттер майда-чүйдө кандектер. Аял ага тамак бере баштады эле, күчүк карап да койбоду. Качан аял үйгө кирип кеткенде идишине акырын басып барып, куюлган жугундуну карайт да кайра ордуна басып барып жатып алат.

-Аристократ мүнөзү бар тура, -деди аял таң кала. Анан баары иттин идиштен тамак ичпээрин билишти. Анда бул кайдан тамактанат? Бул суроо баарына кызык болду. Күндүзү уктаганы да кызык. Төрт бутту асманга чыгара эркелеп уктайт да, түнкүсүн үйдү айланып, кайтарып чыгат. Андан да кызыгы – ар бир үй-бүлө мүчөсүн чоң жолго чейин узатып барат. Качан машинага түшүп кеткенде, кайра үйгө келет. Сүрү катуу, үнү жоон сары ит эми башка адамдардын көзүнө уруна баштады. Короого байланбагандан кийин ар ким эркелетсе, чочуркабай бара берчү болду. Кошуналары “мурда эле байлап албай”, “мындай кооз ит болоорун кайдан билиппиз”, “овчарка экенин билбей калган турбайбызбы” деп сүйлөй башташты. Үйдүн кичүү уулу менен күчүк ынак. Аны мектепке узатып барат, мектептен тосуп алат. Анан жолун тороп, экөө буйташып, кубалашып ойношот. Мышык да эми ага көнүп калыптыр. Сыртка чыга калганда далдайган ит аны баса калат да чоң оозуна мышыктын башын тыгып алат. Мышык эптеп бошонуп алып чуркап качат. Мурдагыдай бетке чабайын десе, бою жетпей калыптыр. Ит да аны эркелетип, ойноп жатканын түшүнүп, андан деле чочубайт. Баса калса, унчукпай жатып калат. Анан мышыктын башын оозунан чыгарып, тумшугу менен түртүп коет. Экөөнүн мынчалык бири-бирине көнүшкөнүн көрүп, үй ээлери таң калышты. Алар ит-мышыктай ырылдабай калышыптыр.

Бир күнү аял командировкага бармай болуп, таңкы 4тө үйүнөн чыкты. Ал чоң жолго чейин бир аялдамадай басышы керек эле. Аны күчүк ээрчип алды. Үйдөн бир аз узаганда жолдун аркы, берки бетинен топтошкон иттер ажылдап чыга калышты. Ошондо Күчүк жолдун ары жагындагыларды ары, бери жагындагыларды бери кубалап, аялды кадимкидей коргоду. Караңгыда капыстан чыга калган кандек ит аялдын бутун аз жерден тиштеп ала жаздады. Эгерде Күчүк болбогондо эмне болмок … анан аял өзү үчүн жанын берүүгө даяр Күчүгүнүн айланып-тегеренип, жанына иттерди жолотпой үрүп турганына аябай таң калды, чынында биринчи жолу ыраазы болду. Акырындап иттер тарап-тарап жок болушту. Анан экөө чоң жолдун боюнда соксоюп жалгыз калышты. Аял бою бийик болуп чоңоюп, овчаркага айланып калган үнү жоон итин биринчи жолу кучактап ыйлап жиберди. Муну күтпөгөн ит жерге жата калып эркеледи. Аял иттин башын сылап, бир топко эркелетип, кечирим сурады. Анан ага көңүл бурбай, ысым да бербей келатканына өкүнүп, аял ушунчалык шолоктоду дейсиң…

Ошондон кийин ит үй-бүлө мүчөлөрүндө чоң сөзгө айланды. Анын ар бирин узатканы, батинкаларды тиштеп туш-тушка ыргытканы, короодогу диванга жатып алып, төрт бутун асманга каратып уктаганы, мышыкты кубалап барып баса калып, чоң оозуна башын тыгып алып кайра чыгарганы, деги койчу, баскан-турганы тынбай айтылып турду. Анын ушунчалык сүйкүмдүү, кооз келбетине эми башкалар да суктана башташты.

Бир күнү, кеч күздүн алгачкы суук күндөрүндө үйгө келген конок кыз Күчүктүн бир машинада кадимки эле алдыңкы отургучунда отуруп, кетип баратканын айтты. Ал күнү кечке күтүшсө, келген жок. Демек, машинанын ичинде эле отуруп баратса, анда уурдап кетишкен. Алдап, эт беришкен да салып алышкан. Арадан эки күн өткөндөн кийин гана иттин биротоло жок болгонун билишти. Үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирин суз карап, эми көнүшүп келатканда анын уурдалып кеткенине кейип, отуруп калышты.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.