Адабий сынак №9 Чычкан жылы
№9
Чычкан жылы
Аңгеме
Чаалыгып-чарчаган Күз айым акырын басып келип, жүктүн ылдый жагына кабаттап төшөк салып жатты. Жаны жер тартып турган эле, ушунчалык шайы ооп калыптыр. Улуу тоолордун койнундагы ак мөңгүлөр менен ак булуттарга түндүгү тийип турган он эки канат боз үй шаңкайып көрүнөт.Ушу ак өргөөнүн ичиндеги көз тайгылткан сулуулук да, аны күтүп турган Кыштын: «Аман-эсен келип алдыңбы?»-деп жүзүнөн жылуу сүйүп, күлүп тосуп алганы да, боз үйдүн сол капталындагы көшөгөдө илинип түркүн-түс кийими да, үчөөнүн-Жаз,Жай, Күздүн сулуулугунан толуп турган нур дагы көңүлүн ача алган жок. Ушунчалык чарчап турган эле. Күз айымдын жанына Жаз бийкеч менен толукшуган Жай жетип келишти. Жылда Күз айым алгач жашыл, анан кызыл,сары көйнөктөрүн күндө үч маал түрдөп кийип,кээ күндөрү кол чатырын көтөрүп,жаркылдап жасанып кирип-чыгып жүрөт эле. Күн сууй баштаганда түрдүү жылуу тондорун алмашып кие турган. Кезмеги бүткөн күнү үйгө кирип, апакай тону менен кол кабын чечип:
– Мына, эми мен да эс алайын, кезекти сага өткөрүп бердим, Кыш!- деп, апакай жылуу көйнөгү менен тегеренип күлүп-жайнап кире турган. Быйыл башкача келди го Күз айым, тынчылык бекен?
– Эмне болду, сага? Деги тынчылыкпы? Биздин жүрөгүбүз үшүп бүттү,тиги балакет оору кетиптирби?- Санааркаган Жай шашылып суроо берди. Анын санааркап корккончолук бар эле.Быйыл эки чоң калаада жойлогон апаат жүрөгүн алып койгон болчу. Кайдагы балакет жыл болду эле деп, Күзгө кезегин өткөрүп берип эле, төшөккө жатып калып, эми араң өзүнө келгени ушу. Апаат күндөрдү эстегиси да келбейт, эсине түшсө эле ыйлап алат…
…-Эже-е, эжеке-е дейм!… дем алыңызчы?!.. Мына,жетип калдык!..Эже дем албай калды..дем албай калды дейм.. үү-үү.. я так больше не могу-у!…-деп, машинанын ичинде жаш келиндин өмүрү үчүн чый-пыйы чыгып, өпкөлөгөн жаш кыздын ый аралаш үнү, машина айдап бараткан баланын көзүнө жаш тегеренип акканы.. Булар ыктыярчылар эле. Канчалардын өмүрүн сактап калып, дагы канчаларын сактай албай ыйлаган дагы бир ыктыярчылардын тобу эле. Быйыл балдардын көбү ушул апаат оорунун айынан апасын, атасын, жакындарын таппай калды.. Толукшуган Жай өңүнөн азып, ошо күндөрү ыйлап-сыктап, калааларды аралап жүрбөдүбү..Ооруканаларда өмүр үчүн күрөшкөн дарыгерлерди көрүп бир ыйлап…,дем жетишпей жаны жай албай кыйналып жаткан оорукчандарды көрүп бир ыйлап…,өз өмүрүн тобокелге салып жүрүп, акыры өзү көз жумган ак халатчандарды көрүп бир ыйлап…Аккан жашын тыя албай, нес болуп калган күндөрү болду.. Кабат-кабат кийимдерин чечмек түгүл басканга ахыбалы келбей, турган жеринде сулап жатып калган дарыгерлердин жүзүнөн сылап, жардам бере албаганына ичи ачышып ыйлаган күндөрүчү… Күтүүсүз акыркы сапарга узаган жакындарынын жүзүн ачып бир көрө албай, ичи ачышып өксүгөн адамдарды көрүп ыйлайт.. Жайдын акыркы айлары тынчыгансып калган. Жай айынын акыркы күнү эгемендигин мурда шаңдуу майрамдаган эл быйыл апааттан аман-эсен калганына эле сүйүндү.Ошо эгемен майрамын эл менен кошо өткөрүп коюп эле, өңүнөн азган Жай,үйгө келип төшөккө жатып калган эле.Эми араң жакшы болду. Жылда түрдөп кийчү түркүн түс көйнөктөрүн да быйыл көңүлсүз кийип жүрбөдүбү.
А, баса,Жаз бийкеч кезегин Жайга берейин деп келгенде, гүлдөй өңү кубарып,күлгүн түс көйнөгүнүн жеңи менен жашын сүртүп ыйлаганда үчөөлөп урушканычы…Толукшуган Жай суроо салды, анын кезеги келип келген күн эмес беле.
-Ой,деги эмне болду?! Эмне ыйлайсың?
– Кантип ыйлабайм?.. Мен жылдагыдай жадырап-жайнап кирип барсам, он-он беш күн өтпөй,элдин баары үйлөрүнө камалып отуруп калбадыбы? Тиргилиги бүтпөгөн эл базар-учарга басканы басып эле жүрдү дечи. Бирок элдин маанайы жылдагыдай эмес, кандайдыр коркунуч ээлеп алган!.. Баарынын эле кыжаалат болгону болгон, балакет баскыр жугуштуу жаңы оору чыгыптыр.
– Эми ал балакет баскыр оору келсе кетет да! Ошого да ушунча болосуңбу?!-деп Кыш барк этти.
– Анан кантем?! Шаардыктар жылдагыдай түркүн-түс жеңил кийинип алып, көчөлөрдө күлүп-жайнап жүрүшпөсө?Сүйүшкөн бактылуулар гүлзарларды аралап жүрбөсө? Жазды күтүп зарыккан эл ээн-эркин талаа-түздө басып жүрбөсө?Ээнсиреп, калааларды, талааларды, тоо-ташты аралап өзүм жүрдүм го эки ай.. Силер мени түшүнбөй жатасыңар дейм! Быйыл негедир башкача.. Адегенде эле кышындасы ой баккан Ойчул кетпеди беле?Анын артынан эле жез таңдай булбул менен таңшыган торгой ээрчишип кетишти..
– Жөн отурчу ары!- Кыш дагы бурк этти:- Айтат десе ардемени айта бербей! Бардыгы Кудайдан!- деген Кыштын сөзүн толукшуган Жай менен Күз айым колдоп кетишти:
– Ооба да!Адатыңдай эле жакшылыктарды айтып келбейсиңби, кайдагыны айтып жүрөктүн үшүн албай? Деги ниетибизди жакшылыкка буралычы! Эл бизди күтүп,бизден жакшылык күтүүдө
-Ушинте бересиңер анан жашсынтып.. Дайыма жашсынта бересиңер…-Жаз ыйламсырап, таарынып отуруп калды. Аны кагымыш болуп койгону менен берки үчөөнүн жүрөгү да алдемени сезгендей түпөйүл санаада калган эле. Мына эми Күз да келип эле Жай сыяктуу жаны жер тартып төшөк салып жатканынан кооптонушту.
– Деги тынчылыкпы, айтчы? Мен кеткенде тиги атың өчкүр оору басаңдап, тынчып калбады беле? Күздө дагы козголот имиш деп атышкан эл кооптонуп. Дагы башталдыбы балакет баскыр?-деп, өзүнө араң келип, өңүнө эми чыга баштаган Жай корккон көздөрү менен суроо салды.
– Жок. Баары эле жакшы, эл тынчыраак эле. Балакет баскыр айыл-апада козголуп атыптыр. Бирок…
– Эмне бирок? Айтпайсыңбы эми батыраак?- Мына азыр кезмеги келип,эл-жерге барууга камынган Кыш ак өтүгүн кийгени буттарын жылуулап ороп-чулгап атып адатынча барк этти.
– Эмне болмок эле? Баягы эле тынчыбаган эл да… Алгач ордосуна өкүл шайлайбыз деп атышкан ары-бери болушуп. Анан ызы-чуу чыкты, ак үйүн дагы өрттөштү,ажосун алып тынышты, эки чоң калаада дагы ары сүр, бери сүр болушту. Эми дагы шайлоо деп жүрүшөт ары-бери жаат-жаатка бөлүнүп…
– Кудайым ай! Дагыбы?! Деги ушу эл тынчыса экен…журт башчыларын айдап деле бүткөндөй болушту эле? Тоолуктардын толкуганы калбады деги..-Бир эмес эки жолу толкуган элди көрүп жүрөкзаада болуп калган Жаз ордунан туруп, ары-бери басып атты.
– Ой,анан толкуйт эл байкуш! Толкубай анан эмне кылсын? Элдин жарымы тиргиликтин айынан дүйнө кезип кетсе. Бүлө атмай эки бөлүндү,үч бөлүндү болуп атса! Бала-бакыра отуз жылдан бери энелерин сагынып ыйлап атса.. Ушу наристелердин ыйы элди тынч отургузабы эмне?!-Кыш үстүнө ак тонун кийип, үчөөнү алмак-салмак карап сөзүн улады:-Бул элдей эл жок өзү: жөнөкөй,чынчыл, ак ниет, эмгекчил, момун. Анан эл ишенип, «төрөбүз» деп, төбөсүнө көтөргөн уулдары тууру оокат кылбай, ууру оокат кылып атпайбы. Ушундай май курсак уулдарына чыдаган кайран эл!..
– Ооба,элинин жакшылыгынан Эгем бейиштей жерди энчилеп берген да,төртөөбүзгө дагы.. Күтө туралычы…- Ордунан турган Күз айым Кыштын кемерин алып берип жатып сөз кошту. Жаз менен Жай да Күз айымга кошулуп Кышты аттап-тондоп жөнөтүп жатышты. Адатынча эркелиги калбаган Жаз бийкечтин, толукшуган Жайдын, чарчап-чаалыгып турган Күз айымдын жүздөрүнөн сүйүп: «Жакшы тургула мен келгиче,»- деп,Кыш аппак жылуу тебетейин кийип эл-жерди аралап кетти. Он эки канат боз үйдө калган үчөө али эл-жерден кандай кабар келээрин билишпейт. Бир гана аяздуу Кыш баарын билет, ошону күтүш керек эми. Мөөнөтү бүтүп эмне деп келсе калган үчөөнүн маанайы да ошого жараша болоор. Эмне болсо да билип келет буюрса. Былтыр да Кыш биринчи алдемени сезгендей: «Күтүүсүз болду..ой багып,сөз багып жүргөн бирөө кетти..Эми кандай болоор экен..»- деп кабатырланып келген эле. Көрсө, анын айтканчалык бар экен.Ой багып, сөз багып келген эл жакшыларын баалап алышы абзел тура… Болбосо он эки жылдын башы болгон быйылкы Чычкан жылындагыдай жакшылар ээрчишип кетип кала тура…
Ушундай ардемени ойлогон Жаз бийкеч, толукшуган Жай, Күз айым он эки канат ак өргөөнүн жомоктогудай жасалгасын ансайын сулуу кылып көркүнө чыгарган очоктогу алоолонгон оттун боюнда отурушту. Эгерде баары ойдогудай болсо, эл-жер тынч болсо,кезеги келгенде адатынча үчөө күндө үч маал түрдөп кийинип эл-жерди аралап келип, Кышка эркелеп, анын аяздуу көңүлүн ээритип, төртөө чогуу тамашалашып, үйдүн ичи, айлана шаңга бөлөнүп турганы турган. Деги эл-жер тынч болсо эле болду…
2020