Адабий сынак №8 Очерк

№8
Татаал тагдыр
Очерк
– Апаке чуркасаң,азыр кайыктар кетип калат, болсоң, жүгүрсөң мага окшоп,  деп чыйпыйы чыгып көлдүн жээгинде турган катерлерди көздөй,тыпыйган колу менен  Санжар апасынын колун бекем кыса кармап жүгүрүп баратты…..
         Үч күндөн бери Көлдөн моокуму канбай,кумдан машина жасап ойноп, кумду чоң дөбө кылып үйүп,ичине өзү көмүлүп алып  ,койкойто башын чыгарып алып ,
 – апа мени тапчы ,деп кыйкырган  уулуна карап  Толкунай уурутунан жылмайып, жаны эргип,көкүрөк күчүгүн бир саамга кучактап ,өпкүлөп алды.
            – Апа кийинки келиште атамды да алып келеличи ээ,тиги баланы көрдүңүзбү,атасы мойнуна отургузуп алып  сүзүп жүрүшөт,мен дагы суунун ортосуна баргым келип жатат, же сиз мени мойнуңузга көтөрүп,ортосуна алып бара албайсыз…., деп Санжар буту менен кумду шилеп жатып , көзүн жүлжүйтө жалооруй карады .
     Толкунай  чынында сууда сүзүштү билбейт болчу,тоолуу жерде төрөлүп өскөн үчүн ,салкын жердин  тиш какшаткан суусуна кайдан түштү дейсиң.
   Үстүндөгү  кыпкызыл шайы көйнөгүнүн суу болгон этеги кумду шилеп  , Көлдү жээктей, уулуна   мыйыгынан жылмайып ,
 – болуптур уулум,кийинки жылы атаң экөөңөрдү жөнөтөм деп тим болгон эле.
          Бүгүн Толкунай Көлдү бойлой жалгыз жээктеди.Баягы Толкунай эмес ,жаактары шимирилген , өтө узун эмес боюу арыктаганына  куурчактай болуп калган.
Бубак баскан саамай чачтары ,жумшак желге эркелегенсип жүзүн аймалайт.
Кусалуу көгүш көздөрүнөн кандайдыр кайгынын көлөкөсүн көрүүгө болот эле.
 Жети  алдын бул жерге үйдүн эң кенжеси ,көкүрөк күчүгү уулу Санжар менен төрт күнгө ,туугандары менен эс алууга келген эстеди.
Ошол күндөрүн элестеп, экөө кубалашып ойногон жерге келип,кайдандыр уулу чыгып келчүдөй эки жагын элеңдеп карап,уулу ойногон кумдун үстүнө келип көпкө телмирип олтурду.
    “Апаке  атамды да алып келеличи” деген уулунун сөздөрү кулагына жаңырып туруп алды.
Үч уктаса түшүнө кирбеген,каргашалуу авто кырсыктан уулу менен жолдошунун каза болушун кайдан билди дейсиң ,шордуу Толкунай.
            Ич ичинен өзүн өзу жеп жатты.
Буулугуп , көзүнөн  аккан тамчылар жүзүн жууп,заматта көзү кызарып чыкты.
Дем жетпегендей көөдөнү кысылып ,жаны кашайып ,энтигип келатып бир саамга токтоп ,оор үшкүрүп кайра жолун улантып келе жатты.
Көлдүн шарпыллаган толкундарынын үнү  токтоп,айлана бир заматта Толкунайдын дүкүлдөп уруп жаткан жүрөгүнүн дабышын тыңшап жаткандай болду . Муңканган энени көрүп, Көл да аны аягандай,сезгендей баягы күндөй чаркыраган ыссык аптабы жок,салкын тартып, жумшак муздак жел Толкунайдын маңдайынан сылап,кайрат айтып жаткандай эле.
          Бул сапар Толкунай мурдагыдай Көлгө кайтып келем деп убада да берген жок.
Төрт күн эс алып келебиз деп келишкен болсо,Толкунай эки күндө эле  Көл менен кош айтышып шашып жөнөп кетти……..
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.