Адабий сынак 10 Ыр

10

Үн боёгу кызыктуу жан дүйнөлүү

” Үн, боёгу кызыктуу жан дүйнөлүү,
Үлбүрөгөн сезимдүү, туюмчулсуң,
Сезгич, назик, арзуунун канышасы.
Көөдөн үнү, көкүрөк чындыгы бул.

Сүйүү арман, таш тагдыр чебериндей,
Жазганыңда жашоо сыры, угуту бар.
Мен сен үчүн Бишкекке келгенимде,
Тартуулайын асманды, булуту ак”

– Дегенсиз, качан болсо күтүп жүрөм,
Сизге окшоп сын сыпат айталбаймын.
Сүйлөбөстөн чын дилден сизди угуп,
Күчүм жетпейт, алсызмын, аргам барбы..?

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.