Адабий сынак №16 Ырлар
№16
СУЛУУГА СУКТАНУУ
Пейилиң кенен деңиздей,
Тамашаң ширин мейиздей.
Келбетиң сулуу, тамшантат,
Бейиштен келген жемиштей.
Каректер, жанат мөлтүрөп,
Кирпиктен нуру төгүлөт.
Кайрылып, турган турпатың,
Кадиксиз сындуу көрүнөт.
Салаалап чачың бөлгөндөй,
Күн нурун кошуп өргөндөй.
Басышың жеңил доошу жок,
Жел кайык менен жүргөндөй.
Жайкы таң тоонун желиндей,
Жытыңа көксөйм жетинбей.
Жайкалып учкан асманда
Жапан куш болдуң жеткирбей.
Сүйүнгөн уккан кулагы,
Үнүң бир сонун бурамы.
Шырылдап аккан булактай,
Шыр айтып турсаң ыйманды.
Сүлуусуң тегиз көп сырдуу,
Сулуусуң жаным ыймандуу,
Суроолор жоопсуз калбаган,
Сулуусуң чексиз акылдуу.
Сулууга болот суктануу,
Сулуусуң жаным нур өңдүү.
Сындаса сының бүтпөгөн,
Сулуусуң дайым сүйкүмдүү.
КЕЧИНДЕ
Шаарыбызга кеч да кирди, күн бекинип,
Шайыр үндөр, парк ичинде күү чертилип,
Жайкы кечтин жеңил шамал ойдолоктоп,
Көнүл эргийт, бейиштеги төр сезилип.
Көчө жарык, дем алгандар сандалышып,
Көрктүү гүлдөр жол чекеси ыргалышып.
Бул жашоонун кертмегинде бараткансыйм,
Бул өмүргө сереп салып, бек жармашып.
Асман толо жылдыздары жанып турат,
Ай төгүлүп, ааламга нур чачып турат.
Ажайып бул көрүнүштө сезим учуп,
Көөдөнүмдө эргүүлөрүм агып чыгат.
Ойлорумду саптарымда кенен айттым,
Оргуштаган ичте сырым кынап жаздым.
Жайкы түндүн керемети көөдөн козуп,
Ырларыма обон кошуп ырдап жаттым.
Шаарыбызга тун да кирди, эл азайды,
Парк ичинде, күүнүн үнү басаңдады.
Жайкы мезгил, ысык шамал жеңил ойноп,
Көнүл эргип, сезимимди серпип жатты.