Тажиева Кыял

Үмүт өчөт, унутулат болгон иш

 

Үмүт өчөт, унутулат болгон иш,

Кээде кыйрайт максаттар да, ии деңиз,

Кыял гана өлбөй жашайт ааламда

Менин атым өлбөстүгү чоң жеңиш!

 

Жүрөгүм менен маек

Күлбөй дагы, ыйлабай да, унчукпай,

Бергенимди албай дагы, ыргытпай,

Тике карап тирүүлүктүн көзүнө

Кытмыр күлүп, кыңырылган сөзүмө

Сен өзүнчө жашайсың ээ, мени укпай.

 

Сурооң да жок, бир нерсени билесиң…

Айтпай-дебей издөө салып жүрөсүң.

Тапканыңды деле мага көргөзбөй

Татканыңдан деле мага бөлүшпөй

Сен өзүнчө, сезим өмүр сүрөсүң.

 

Тилим кылыч, калкан болуп тамашам,

А мен сенин намысыңды талашам.

Падышасын угуп, бирок, көрбөгөн

Букараңдай кызматымды аянбай

Этегиңден элкин сүйрөп баратам.

 

Жакшылык баасы

Жакпаган жакка барып жарга урунуп,

Жакшылык издегениң бир сулуулук.

Каршы алып кайра-кайра козгойм анан

Дүйнөмдү бир жыгылып, бирде туруп.

 

Тынч дүйнө издеп бир кез балээ басып,

Калдайган кара башты ала качып.

Кеткен күн мен мен болбой ошол замат

Кеткенсийм таштандыга аралашып.

 

Жар ылдый шаркыраган суунун дагы,

Же ооруйт болду бекен кайран жаны.

Чачырап, шоокум салып, мурун жарып

Турганы бизге бакыт айла барбы?

 

Чартылдап чымын жанын чыркыратып,

От деле күйүп-күйүп ыйлап атып

Жылытса керек бизди а биз эмне

Канча ирет аптабына жыргабадык.

 

Күн деле тийиш үчүн күндөй болуп,

Кара түн кучагына түнөй коюп,

Эч нерсе болбогондой жаркып келет,

Кимде бар түбөлүктүу мындай жорук.

 

Жакпаган жакка барып жарга урунуп,

Жакшылык издегениң бир сулуулук.

2018-ж.

 

Мен эмнеге келдим экен жашоого?

Жообу түркүн жомогу калп жашоодо,

Көөдөндү эзип көңүлүмдө канча “…го”.

Кокусунан жаралбасам керек ээ?

Мен эмнеге келдим экен жашоого.

 

Үмүттөрүм үзүк-үзүк үзүлүп,

Турса дагы барар жолум бузулуп,

Терин аарчып шымаланган мезгилдин

Тургум келет маңдайынан сызылып.

 

Көздөрүнөн көрнбөсө учкундар,

Көөнгө толбойт көңүлү өскөн мыктылар.

Күйүкчөөлдүн күлүн улам түшүрүп

Көкүрөктө жалынына бышкым бар.

 

Мээрими суз менменсинип тургуча,

Мейлимин мен мекен деген кулдукка.

Мемиреген калп жашаган жайга эмес

Бой ургум бар чыркыраган чындыкка.

 

Кереметим келген жерде талашам,

Бул жашоодо бир ишим бар карасаң.

Тегеренген жерге каршы бет алып

Тегеренбей тегиз кетип баратам.

2017-ж.

 

 

Жамгыр жана апам

Жанын жанга уруп жамгыр дыбырап,
Терезеден маңдай тердей куюлат.
Селтдейтүшүп эстеп алып апамды,
Ыргып турдум сезимимди ургулап.

 

Жамгыр ага абысындай күн сайын,
Убайымын тарттырганын кантейин.
Тилдеп алса керек жаанды божурап,
Алып кирип күнгө жайган жуурканын.

 

Апа, билем, туйдум азыр жан-алың
Жаан аралаш шамал сындуу абалың.
А мен үйдө сезбей жаандын жоругун
Терезеден сызылганын карадым…

 

Көл-шал болуп, жаанга калбас ай-жылды,
Эстеп, бетим уялуудан албырды,
Сезбейт элең мейли түшсүн чагылган
Тилдесем не сени менен жамгырды.

2017-ж.

 

Тоолорго

Аруу дүйнө амансыңбы, барсыңбы?

Арман толо, сага айтайын кайсымды.

Көр тирликтин кечип-кечип баткагын,

Качып келдим бир карабай артымды.

 

Турам мына турушуңдан көз албай,

Төргө өт дейсиң, бутум жаман чече албайм.

 

Буйрук апам сатып берген отугум,

Бир кездерде мага кылып кечирим,

Дал ушунун  таманына жазылган,

Өкүнүчүм, бакытымдан кечигүүм.

 

Тар бутумду чечким келип күймөлдүм.

Чечилчүдөй түйүндөрү дүйнөмдүн.

Чыдайм, чечпейм ушул менин бакытым

Мен турмушка баш ийгенди үйрөндүм.

 

Улуу тоолор койнунду аччы, сырдашчы,

Жылбай туруп, жылытканың ай жакшы,

Мен жок деле аруу бойдон турасың,

А мен сенсиз жүрөгүмдү чаң басты.

 

Алка-шалка төккүм келип бугумду,

Тоң денеңе тоң мүнөзүм жуурулду.

Ый токтобой, көз жаш менен чубалып,

Көкүрөктөн көргөн күнүм суурулду.

 

Кучагымды кенен ачып айлана,

Бийигине, ыйыгына байлана,

Тизе өйдө карын кечип бараттым,

“Аруулугуң жүрөгүмө саймала”.

 

Бир үн чыкты, жалт карадым артымды

Бала ыйы күлкүсүнө катылды,

Бак дүйнөсү көр тирликке аралаш

Дал ушинтип басып келет асылды.

 

Сени унутуп ошол үнгө күймөлдүм.

Мен кандаймын, кайда, кайсыл үйдөмүн.

Өзүн сезгин,өзүн баалап, өзүң чеч,

Ал-абалын мен кечирген күндөрдүн.

 

Эсим кирди, эскирди да бу башым.

Мезгилдерди а сен кантип туясың?

Селки элем, а мен алгач көргөндө

Тоо болчусун, тоо эле бойдон турасың?

 

Тоо болчусун, тоо эле бойдон турасың.

Мезгилдерди а сен кантип туясың?

2015-ж.

 

Ушундай…

Турмуш кээде шамал жүрүп шуулдаса,

Турмуш кээде бейпил тартып күлбөгөн.

Сырткы жүзүм бейпил дешип туйбаса

Ички дүйнөм аркыраган дүрбөлөң.

 

Ыр саптарым ыргып-ыргып туш-туштан,

Жыйнай албай, ээ боло албай бараттым.

Ойлуу тиктеп отургандай көрүндүм

Бирок, алай-дүлөй ырды жараттым.

2015-ж.

 

 

 

Адам – асман

– Асман таза

-Койчу, асман кээде кетет түнөрүп,

-Асман күчтүү,

-Калп айтпачы, кээде ыйлап басылбайт го, күүлөнүп.

-Асман көпкөк,

-Көргөм кээде бозоргонун дүйнөсүн.

-Кызык, анда же сеники чындык болуп жүрбөсүн?

-Ооба, чындык, көргөнүмдү айтам да.

-Көргөнүңө таянсаң сен, анда айтканың калп болот.

көргөн көзүң жүрөгүңө ишенгин деп шарт коет.

-Андай эмес,

-Ошондой.

-Кайда анда сен жашырган чындыгың?

-Чындык болот, адам деген туйганына ишенсе.

Эгер сенин көргөн көзүң чындык бул деп түшүнсө,

Не көрбөйсүң,

Асман эмес булут ыйлап жатканын?

Таза, күчтүү, тунук жайды

Сурагы жок мекедешип, көк дүйнөсүн чачканын.

Адамдын да көк асмандай таза, күчтүү дүйнөсү.

Түркүн ойлор, түркүн сөздөр,

Булут сыңар келип, кетип турушат.

Булут сөздөр түнөртүшүп, булут ойлор урушат.

Тышын гана көрө алсаң

дүйнөнүн,

Ал жөнүндө чындыгыңды кыйратат.

 

Тегиз жааган ак кардагы теректер

Ушул таңдын бактысына себепкер,

Термейт мени тээтиги бир элестер,

Бүт дүйнөмө таза бүлгүн түшүрдү

Тегиз жааган ак кардагы теректер.

 

Камданышкан үйлөнүү үлпөтүнө,

Топ кыздардай дарактар үлп этүүдө,

“Аяй, менин көйнөгүм апапакай!”

Дегенсишип чайпалат бир четине.

 

Бир салтанат болоордой жасанышкан,

Кар удургуйт каргадан катар учкан.

Барбай калган үлпөткө көйнөгү жок

Бактысыз бир жан сымал карайм тыштан.

 

Ээрчип алып мен сизди барсам дедим,

Аптыктырып а анан арсар кебим.

Билмексенге салып эх, дарак учун

Кармап туруп бир силкип качсам дедим.

 

Башым, чачым, моюнум ак бубактап,

Аяз кызга айланып, ах кылактап,

Моюн ылдый куюлган кардан чочуп

А сиз мени кууп барып бек кучактап.

 

Кардан дагы оттук таап колубузга

Алоолонуп от кетсе боюбузга.

Ысык эрин-эринге эзилгенде

Апапакай бак жаамак жонубузга.

 

Күлкүбүздү жаңыртып, жыргаганда,

Аппак дүйнө кошулуп ырдаганда…

Кандай гана керемет жаратмакпыз

Эңсейм азыр ошону ыйлаганда.

 

Ушул ырдын бактысына себепкер,

Термейт мени тээтиги бир элестер.

Колдон тайчу бакытымдай карайсың

Тегиз жааган ак кардагы теректер.

2016-ж.

 

Эстечи жүрөк

 Сагынуум кайда, баягы кездей эзилип,
Ыйладым күчкө, күйүтү күлкү сезилип,
Көкүрөгүмдү мыжыгып турчу бир тамыр,
Чыккансыйт иштен, бурама сындуу жешилип.

 

Эсимден танып, ичимди басып каткырып,
Үстү-үстү, үстүнө тамаша жааган шаштырып,
Мүнөттөр кайда? Таарынып мага кайдадыр,
Кетишкен өңдүү, кайгырбас жайды жактырып.

 

Коңур жел аймап, маңдайым өбөт күз кечи,
Жалбырак каалгып, бутума конот, “Кет!” дечи.
Эсиңде чыгар, тилинен чаңын чыгарган,
Кыз элем, жүрөк! Эстечи, мени эстечи.

2016-ж. март.

 

Толкуганды билбей калмак окшоймун

Эгер чындап сезим, дилди көтөрсөң,

Эче ирет белги болдуң экен сен?

Жаралды окшойт өжөрлүгүм өзүңдөн

Ызгаар суукка тоңуп бербей, көшөрсөң.

 

Тереңдигиң, тегиздигиң байкалбай,

Тегиз тартып, мемиресең чайпалбай.

Жүрөк термейт жүргөн кезим эзилип

Сезимимди сүйгөнүмө айта албай.

 

Шамалдын да көнүп берип эркине,

Толкуганда чыга түшсөң көркүңө.

Күйөөсүнүн бүт эркине баш ийген

Делбир жоолук аял түшүп эсиме.

 

Мейкиниңде бир өзүмдү бош койдум,

Сезим болдум, серпилдим да, от болдум.

Шарпылдайсың… эгер минтип турбасаң

Шар мүнөзүм туйбай калмак окшоймун.

Ысык-Көлүм, толкуп-ташып турбасаң

Толкуганды билбей калмак окшоймун.

2019-жыл

 

Экинчи өмүр

Жалбырактар, өмүрү эбак үзүлгөн,

Алтын түстүү өмүр чачып изимден.

Шуудурайсың… Кайда калды билдиңби,

Тирүүлөрдөн үмүт арткан көз ирмем?

 

Күн желеси күлгөн ирмем тартуулап,

Туш-тарабың саргыч-кызыл жаркырайт…

Өтүп кеткен жакынымдын күлкүсү

Эске түшүп, эт жүрөгүм жанчылат.

 

Экинчи өмүр, кандай сыйлуу, кандай бар,

Канча жанга өмүр берет андайлар.

Теңир берген бир өмүрдөн арттырып,

Түбөлүктүү өмүр жасап алгандай.

2019-ж. ноябрь

Эй адамым!!!

Эй адамым, билдим эмне башкысын,
Аяп калдым сендейлердин бактысын.
Кудуретиң кудайды да сүйдүргөн
Сен жакшысың, сен чын эле жакшысың!!!

Момунум ай, ыйлаганды билбейсиң,
Сени ыйлатат, ооба сени башкалар.
Бир жакшысы өзүң деле жыргайсың
Ооба жырга, а калганы башта бар…

Пейилиңчи, миң азапты той кылган,
Ыйманыңчы, ыпыласты зор кылган.
Жүрөгүңчү, жүрөгүңдөн ок учкан
Дүйнө жашайт эки бети албырган.

Адамым эй, адамым эй, адамым,
Менин, сенин, анын дагы алардын,
Тулкусунда көзүм көргүс жарык бар
Бир жарк этип карашындай аялдын.

Таң калдырбайт мени көптү билгениң,
Таң калдырбайт улут үчүн күйгөнүң.
Айран кылат акылымды жөн эле
Сүйдүргөндү, сүйгөндү да билгениң.

Ушунуңа кандай сыйлык ыйгарам,
Эрким жетпей, эргийм эч ким туйбаган,
Сезим менен серпилем да, тим болом
Сенсиң АДАМ акылыма сыйбаган.

Бир сен үчүн ай жаркылдап, күн күлөт,
Асман жерге, жер асманга күңгүрөп…
Сен ааламга келбей эле чынында
Аалам сага келет окшойт дүңгүрөп.

06.05.2020.

 

Адам керемети

Адамды жек көргөнүң кандай азап,
Жаңылыш бир иши үчүн жамандашса.
Кантип эле адам тар, тайыз болсун
Муштумдай бир жеринде кудай жатса.

Адам эй, аны бекер жемеледиң,
Аттиң ай, мүмкүндүгү чексиз эле.
Бир күнү сен билгенден, сен көргөндөн
Жүз эсе бийик болмок, сенсиз эле.

Жакшылык болуп кайтат болуш керек,
А сенин ага болгон арамдыгың.
Жиндеген, ич күптүңдү кайдан билмек
Ичинен тилеп жүрсө амандыгың.

Аралай билсек адам көкүрөгүн,
Бейиш да бекер кыял боло түшмөк.
Ааламдын сырын ачып алаар белек
Адамды дал өзүндөй билип өтсөк.

Жүрөгүн жая салып адамзатка,
Анда эле адам кандай толукталмак.
Күнөөгө батпайын деп жөн жай эле
А балким ажал дагы коркуп калмак.

23.04.2020.

 

Сары-Челек жалган жашоо бейиши

Кудай таалам кооздук менен жер бөлөп,

Келе жатып Аксы тарап өйдөлөп,

Кокусунан кооздук колдон чачылып

Сары Челек түшүп кеткен өңдөнөт.

 

Сулуу бийкеч керемет көл назданаар,

Ала качып кетпесин деп башкалар,

Жеңелери – карагай-чер шаң курса

Какайышып кайтарышат аскалар.

 

Сары-Челек, ушунчалык көрк менен,

Көкүрөккө жалын чачтың өчпөгөн.

Табигатка жуурулбагам мынчалык

Эстен танган, эстен кеткис эрк менен.

 

Эгер мени кыз кезимде көрүшсө,

Жигиттериң колум сурап келишсе,

Жакпаса да балким, макул болмокмун

Жашап калыш үчүн сендей бейиште.

2013-ж.

 

Курак

Суроо талап азайып, урап калган,

Уста, узду машине туурап калган.

Мезгилде да сакталып айылдарда,

Өөндөрдөн курамай курак калган.

 

Кайран апам кураган ошол курак,

Чачылганды жыйна деп айтып турат.

Насаатыңды издеп мен шаарга келсем

Сенде калган турбайбы асыл булак.

 

Тик мүйүз, чымын курак, оймо курак,

Түрлөрүн келиштире койгон курап.

Манас бабам өрнөгүн элестетет,

Үзүлгөнүн кыргыздын турган улап.

 

Кел кызым! – деп уз энелер үйрөткөн,

Өнөр калды кездемени сүйлөткөн.

Кыргыз кызмын боз үйдө, жүк түбүндө,

Сайма сайып, курак менен бирге өскөн.

2011-ж.

 

Жашоо

Жаша – сөзү бир айрым чүпүрөктөй,

Өлгөндөрдө жыртыш болуп берилген.

Эске салып өлүмдү, жан үрөтпөй

Ар бир күнү акыркысын жедирген.

 

Жаша – сөзү көз жаш өндүү төгүлгөн.

Ал бир гана өкүнүчтө көрүнгөн.

Чапкан сайын таскактаган алкынып

Аргымактай арабага чегилген.

 

Жаша  – сөзү ашталгандай өлүмдө,

Кыш сыңары үйдүн орчун жеринде.

Коркунучтуу болгон үчүн  а өлүм

Жашап турат кыш кулабай чегинде.

2013-ж.

 

Издөө

Кайдадыр кетүү, кайдадыр мени күтүү бар.
Кай жакта анан кай багыт экен билбедим.
А бирок мени үстүмдөн басып, кысуу бар
Чечкинсиз ушул ченелүү дүйнөм тилдедим.

Кайсы бир жанды, жан эргип эңсеп сүйүү бар,
А бирок ал ким, кандай жан экен билбедим.
Элеңдеп издейм, эмнеге мага ичи тар,
Кездешпей койду, миң эстеп, ага миң келдим.

2013-ж.

 

Боштук

Эркелөө, эреркөө эми жок,

Ыйлабайм, кайгырбайм, кубанбайм.

Баягы жаштыктын деми жок

Күлкүмдөн шыңгырды угалбайм.

 

Кунарсыз, мээримсиз, сезимсиз,

Тоңдоосун жүрөктөр эзилгис.

Шаттыкты бойлогон шаңдар да

Мен үчүн жөн гана көңүлсүз.

 

Эч кимге таң калбайм, таарынбайм,

Кокуй деп, күйүп да жалынбайм.

Жадесе күтүүдөн жол карап

Зарыгып эч кимди сагынбайм.

 

Көөдөндө өчкөндөй шам чырак,

Карайлап, турдум эх жол сурап.

А балким о дүйнө кеткемби?

– дедим эх, этимди чымчылап…

2014-ж.

***

Бугумду ичке катып, жылмайып сүйлөп койсом,
Бүлүнгөн жан дүйнөмдү билгизбей, күрмөп койсом.
Бактылуу жансың дешти, баш ийкеп ичтен сыза
Бактылуу болуп койдум, көкүрөк толгон ыза.

 

Жаңы жыл
Табышмактуу жашоо бизге дүйнөсүн,
Аянбастан ушул күнү чаччудай,
Буйрук эне тагдыр деген сандыгын
Ачкыч алып ушул күнү аччудай.
Нурун чачкан канча таңды көрсөк да
Дал ушул таң бир башкача атчудай.
Кандай гана аздек күнсүң жаңы жыл!

Жык-жыйылма үмүт толгон кампанын,
Шар эттирип бир эшигин ачкандай.
Сүйүү толгон көзгө  сүйкүм кубаныч
Буудай сымал белченден бир баскандай.
Жашала элек жылдарымдын жаңысы
Тегирменге бара жаткан ак дандай.
Кандай гана берекесин жаңы-жыл!

Көк асмандан жерди көздөй ээрчишип
Жаркырашып түшүп келди жылдыздар.
Аяз ата кирип келди ээрчитип
Аяз кызын ааламда жок үр кыздай.
Кана эмесе жаңы-жылды тосолу
Жаным бирге жакшынакай кыргыздар!

2019-ж.

 

Кайра жашайм, бирок баары бир

Бакыт жаады мына карачы,

Чексиздиктей укмуш арасы.

 

Көөнүм жыргап-куунап ыргалат,

Мээлейими көккө булгалап.

 

Каалгып келип анан бир ирет,

Эриниме конду үлбүрөп.

 

Жетишпей да калдым өпкөнгө,

Ар ирмемин аңдап сезгенге.

 

Кайда коноор экен калганы,

Алар жашаар бизде жай барбы?

 

Кайран бакыт жаны жай алып,

Жерде жатты, жерде агарып.

 

Ыйык көргөнүмдү унутуп,

Аны менен ойноп урушуп…

 

Тебелеп да алдым кайра аны

Тапканымдын бири калбады.

 

Кандай гана айла кылбайын,

Оо куу турмуш, ушу мыйзамың!

 

Ал ирмемди күтүп дагы бир

Кайра жашайм бирок, баары бир.

 

II

Үн

 

Сайма өмүр

Токтоно албай, алды-артын карабай,
Зуулдап барат өмүр, а биз жайма-жай,
Отурабыз, токтоп деле турабыз
Бизге дүйнө ар ким сайган саймадай.

Кудай өзү чийип берип чиймесин,
Бизге ишенип иш тапшырып жүрбөсүн.
Өткөнүңдө өрнөк болоор түбөлүк
Зор бир килем токуп өтүү милдетиң.

Сыйда, сулуу, кооз кебете келтирип,
Сайма түшсүн көкүрөктү толтуруп,
Жип түгөнгөн күнү токтоор өмүрүң
Сайбай коюп басып кетүү чекилик.

Аркы-терки, ар кай жерди миң күндөп,
Кармасаң да күнүң өтөөр үлгүрөп.
Ар бир мүнөт ийне түртүп отуруп
Зор табият токусак ээ бир күүлдөп.

Кебетесин бузуп албай сүрөттүн,
Жаңылыштык менен жакшы күрөшкүн.
Канча азап тартсак дагы акыры
Жалындаган жүзү түшөөр жүрөктүн.

“Мына бүттүм!” – деп жаркырап кудайга,
Умтулалы бир керемет сунаарга.
Одур-бодур ойноп сайган дүйнөңдү
Заман кийин илбей коет дубалга.

7.05.2020.

 

 

Ушул доор – …

Коркок доор –
Катаны көрүп туруп үн катпаган,
Чайкаган башын толук муң каптаган.
Чоркок доор –
Килеми аркы-терки саймаланган,
Бүтөөрүнө көз жетпей кармаланган.
Опкок доор –
Колго тийсе ап этип аймап алган,
Жеп атып, желөпкөдөй сайрап алган.
Көк бет доор –
Бийликке өзүн-өзү шайлап алган,
Өз колун өзү артына байлап алган.
Жүдөө доор –
Картасынын бир четин айрып алган,
Алтын берип, араң жан айлык алган.
Мүдөө доор –
Айтып, жазып а бирок, аткарбаган,
Гезиттерден чолоо жер бош калбаган.
Күлүк доор –
Дүбүртүн кулагы укпай, чаң чыгарган,
Алды-артын карабай эч ыр чыгарган.
Күйүт доор –
Тирүүлөй абийирин көмүп кеткен,
Жаш туруп жашай албай өлүп кеткен.
Мунжу доор –
Алакан жайып акча сурап турат,
Ал жолду балдары тек улап турат.
Каржы доор –
Пулу жок акыл жолдо калып кеткен,
Эси жок эбин таап байып кеткен.
Даяр доор –
Кир жуубай кийимди тек кийип тынган,
От жакпай оттун кутун унут кылган.
Аялдоор –
Жоолукчан желип-жортуп той башкарган.
Кайран эр тамак жасап төр бош калган.
Аяр доор –
Эстесең ачуу жашың алкының бууйт,
Суктана албай аттиң супсунуң сууйт.
Суктангым келген эле, суктангыным.
Келсинчи эл ушул доорду уткан күнүң.

2017-ж.

 

Кайда шашат бул заман?

Алка-жака жетелеп тиригилик,

Дөнгөлөгү ааламдын чимирилип,

Кайда шашат бул аалам кайда шашат?

Узун түнү мүнөткө сиңирилип.

 

Суроосуна жооп албай шашып барат,

Багелегин балтаңдап басып барат,

Мурун суусун шуу тартып оо бу заман

Кимден кайда, каякка качып барат?

 

Токтоо мүнөз күткөндөр тебеленип,

Акыл тунук адамдар чебеленип,

Тетиринче, баардыгы тетиринче

Жер жатабы тетири тегеренип?

 

Уяң мүнөз күткөндөр уят болуп,

Уялбаган тастаңдар класс! болуп,

Өзүн өзү мактаган тете өлүмгө,

Деген макал баратат жылас болуп.

 

Алдагандар акылдуу адам болуп,

Алданышкан шордуулар жаман болуп,

Жаман менен жакшынын айырмасы

Бар экени баратат тамам болуп.

 

Алданганын билсе да жылмайышып,

Бир-бирине калп эле ыржайышып,

Ичи толгон арамдар, кадам сайын,

Кайда жүрөт адамдар ыйманы ысык?

 

Шашпагыла адамдар шашпагыла,

Буйруп койгон тагдырдан качпагыла,

Чимирилбей, шашылбай шылдыр эткен,

Илинүүбүз дүйнөнүн чачпагына.

 

Өзгөргөн жок ааламдын түсү деле,

Апам шашпайт жашоодо ушул эле,

Күүгө салып ийигин, жерди айтат,

Тез айлана турган бир күчү беле?

 

Жип созулат мезгилдей катарлана,

Чимирилет ийиги качан кара,

Тутуп алса токтотуп, жыргай түштүм.

Жерди кармап тургансып Апам гана.

2015-ж. декабрь.

 

Сен өзүңдү керексиз сезе көрбө

Жанга шыпаа ар ооруу күчөгөндө,
Аттиң бирок көктөгөн көчөлөрдө,
Баткак баскан кир бака жалбырактай
Сен өзүңдү керексиз сезе көрбө.

Талаа жерде, бул жерде, тигил жайда,
Жайы-кышы мөмөлөөр түрүң барда,
Ашы таттуу а бирок, шагы тикен,
Чычырканак экенин билип алба.

Бир бактылуу жан жоктой дүйнөлөрдө,
Сирень сүрөт дооранын гүлдөгөндө,
Күбүлгөнүн баригин байкай көрбө,
Сен үйрөнгөн учурда сүйбөгөнгө.

Таман жолдо өссөң да чарчабагын,
Ар жаз сайын дооранын кайталагын
Жарык таңдын атышын күтө билип,
Күндүн батып кеткенин байкабагын.

2017-ж.

 

Бирөөлөрдү сагындым тааныбаган

Бирөөлөрдү сагындым тааныбаган,
Жаманымдан, жакшымдан кабары жок,
Көйнөгүмө ичи да тарыбаган,
Туулган күндө берээри, алаары жок.

Бирөөлөрдү сагындым актай барак,
Чийилбеген, сүрөтү тартыла элек,
Кадырымды сындырып, тетир карап,
Көңүлүмдү көк таштай калтыра элек.

Бирөөлөрдү сагындым көп көңүлдүү.
Сырыма да чыныма кызыкпаган.
Өткөнүмдү эстетип өткөнүмдү
Бүгүнкүмө куйкасы курушпаган.

Жашагыла бирөөлөр күнү кызык
Аянбастан ал жайым биле берген.
Жаңы алган кийимдей сүйүнтүшүп,
Кайра-кайра карагым келе берген.

Жашагыла бирөөлөр тааныбаган.
Жаманыма, жакшыма наалыбаган.

 

Байлык сен кандай жайсың?

Уучуна толбой аттиң,
Умсунса таштай каттын.
Ээ дүйнө кенен элең
Сен эми канттиң, канттиң?
Кемиткен кемдин бактын.

 

Кол шилтеп бардыгына,
Багына, кадырына.
Кең дүйнө, көзүндө анын
Тар бойдон. Азыр мына
Ич толбойт азырына..

Жутунуп, жутап барат,
Суу кечип суусап барат.
Кемиген жан дүйнөсүн,
Кебелбей бутап барат.
Келмеден узап барат.

Алдоолор акырындан,
Чындыкка жашырынган,
Өткөн күз, келээр жаз да,
Үмүтсүз асылынган.
Кунары качырылган.

Максаты бийик болгон,
Мансабы улук болгон,
Көптөрдүн бүгүнүнөн,
Күдөрүн үзүп жолдон,
Арына тийип койгон.

Байлык сен кандай жансың?
Алдайсың, алданбайсың.
Улууну кичигине,
Жалдайсың, жалданбайсың.
Кууганга кармалбайсын.
Байлык сен кандай жайсың?

2016-ж. ноябрь

 

Сок бурганак

Сок бурганак, сок бурганак!

Сойкуларды келтир эсине,

Чап бурганак, чап бурганак!

Уялбаган бетсиз бетине.

 

Айткан сөзгө алар көнүшпөйт,

Арсыз кылыгына кейишпейт,

Каткырыгы кайра таш жарып,

Жалынууга жанып, кергиштейт.

ЭНЕ болоор бактын унутуп,

Күнүмдүгүн ойлоп жем издейт.

Чап бурганак жаның сөгүлүп,

Бир сен калдын айтаар төгүлүп,

Сага аралаш төгүп көз жашын,

Кур талаада калсын жээрилип,

Дал ошондо ыйманы ойгонуп,

Кудайына үнү жетээр дейм,

Ыйман турмуш жакшы көрүнүп.

 

Сок бурганак, ур бурганак

Сойкуларды келтир эсине,

Чап бурганак, чап бурганак

Уялбаган бетсиз бетине.

 

Тоң үшүсүн, жаба албай этегин,

Денесинин билсин баалуу экенин.

Көкүрөгү сыздап турсун чыдатпай,

Чоочун колдун көргөн үчүн эченин.

 

Сөзүн берсин, шондо өзүнө ыйлактай,

Жаштык күнүн көрүнгөнгө арнатпай,

Аппак сүттүү көкүрөгүн жүрүүгө

Баласынан башка жанга карматпай.

Кол булгасын, карабасын эч кими,

Көзүн кыссын, көрбөй өтсүн көптүгү,

Бурганакта буга күйчү адам жок,

Сууй түшсүн, сууй түшсүн супсуну.

Бурганакта балам келмек жүгүрүп ,

Кол булгасам, кол булгамак сүйүнүп,

Деп ошентип антарылып дүйнөсү

Кетсин, кетсин ак ыйманы тирилип.

 

Ур бурганак ургун буюгуп,

Аруулука арман жуурулуп.

Айткан сөзгө алар көнүшпөйт.

Табам канып, өчүмдү алайын,

Кете көрбө эрте суюлуп.

Ур бурганак, ургун буюгуп.

2015-ж. декабрь.

 

Несин айтам

Адамдарды майдалап, бөлгөндөргө,

Анан өзүн бийиктен көргөндөргө,

Күлкүм келет, а чыны боорум ооруйт

Өзүн-өзү көтөргөн көйрөңдөргө.

 

Бар үчүн идиреги, өсөөр күчү,

Башкалар баасын берип көтөрүүчү.

Буйдалбай да булгалайт көкүрөгүн

Бүгүнкүнүн билимсиз, көрөөр көзү.

2015-ж.

 

Шакаба

(жаңы кыргызга)

Капилеттен жүргөн желге калдаң-кулдаң этесиң,

Теңиңе албай телтейесиң түп атаңдын кепесин.

Кызыл деген дипломундун сандык болгон мекени

Батинкеңдин боосун дагы башың чытып чечесиң.

 

Көз айнегиң тагынганда дароо бир топ өсөсүң,

Пай, пай, кантем, үн жаңырган аркы башты кантесиң,

Сөөлөттүү бир сөз таба албай сөөмөйүңдү чычайтып

Дердең-дердең, дердең этип, боорду жаман эзесиң.

 

Мээнеттенип өзүң тапкан кебетеңди чеч өзүң,

Бир сыр айтам, жок деген ушуну илип кетээрсиң

Бир көзүңдү кысып алып, мээлеп туруп карагын

Түз карасаң бу дүйнөнү көрбөй жүрүп өтөсүң.

2015-ж.

 

Түгөнүү

Кенендик кесчүдөй кендирди,

Мыжыгып колдоруң тырышып,

Мынча не куурадың, куурадың

Колуңда акчадай бырышып.

 

Арамдык ой менен кууланып,

Жакшылык кыла албай буйдалып,

Эч кимдин иши жок калдың сен,

Өзүңдүн оюңа ууланып.

 

Ак ниет, кең пейил, көңүлдөр,

Адамды толуктап, түгөлдөйт,

Чиренген байлыгың түгөнөр,

Ал эми адамдык түгөнбөйт.

2014-ж.

 

Телефон

Табышмактуу дүйнө бизде калдыбы?
Кайда азыр тээ замандын калдыгы?
Сыры күчтүү, касиеттүү туюмду
Техно дүйнө бизден тартып алдыбы?

 

Үндөн баштап, үндөр менен кеч кирди.
Көрбөй калдык кебетени, кешпирди.
Телефондор бизге келип калганы
Жан дүйнөбүз сагына элек эч кимди.

 

Көрө элекпиз, сен карааның үзгөнү.
Беш жыл болду сагынбадык биз сени,
Эртең, анан, азыр деле таап алам
Телефондо номериң бар анткени.

 

Телефондуу техадамдар билгенге
Күтүлбөгөн күндөн алыс көрпенде,
Үйдө жүрсөм жорук баштап башкача
Күтүүсүздөн курбум кирип келсе эмне.

 

Көздөрүнөн кусалыктын жашы агып.
Сырын төгүп, кайра баштан жашарып
Сүйлөп берсе дей беремин көзүмө
Телефондон уккам баарын кашайып.

Бир көргөнгө, сыр бөлгөнгө шашылбай,
Санга айланып кетти азыр жакындар
Кээде келип адам сымак жашагым
Телефонсуз, сагынгым бар асылдар.

Көз сүйлөбөй. көп сүйлөгөн кеп өлүк,
Кел курбулар айласын таап чечелик.
Сагынам мен качан кантип кимиңди
Баарыңарды жүрсөм колго көтөрүп.

2017-ж.

 

Жалгыз

Муун жалгыз, кызы жалгыз, бала жалгыз,
Мезгилге мээни берип, алданганбыз.
Көпчүлүк көөндө бирок, көбүртпөгөн
Интернет илип койгон санаа жалгыз.

Муун жалгыз, эмгек жетим, китеп жетим.
Кол шилтеп кое билген чүчөк чечим.
Компьютер колуң кайрып басып койгон,
Бир кезги чыдай албай түтөп кетүүң.

Жалгыз муун,
Майнабы маанилүү эмес күрөшкө түш,
Атагың айга жетсин… сүрөткө түш…

Жалгыз муун,
Узануу эмне экенин билесиңби?
Ызалуу айга карап күлөсүңбү?

Жалгыз муун,
Айдарым жел бетиңди сыладыбы?
Алп тоолор кыялыңды уладыбы?
Мөңгүлөр ак чач атаң сыңар сенден
Эртең сен ким болооруң сурадыбы?

2017-ж.

Боз үй философиясы

Күн көрүнбөйт, айырма жок коргондон,

Асман тиреп турган үйгө кирсенер,

Жерде жатып Күнгө эркелеп ойгонгон

Жалгыз гана кыргыз болгон билсенер.

 

Каражатсыз жылдыз санап алыстан,

Аба ырайын алдын ала айталган.

Кыргыз деген улуу ойчул данышман,

Турмушунда терең илим байкалган.

 

Ал адамдар андап күтөт бир гана,

Нур чайыган жүздөн көргөн үзүрдү,

Жанын берет бийиктикке арбала,

Терезеси түндүк болгон үчүнбү?

 

Үй ичинде кызып алып кымызга,

Эс алууга отурганда жайланып,

Бул ааламда жалгыз гана кыргызга

Күн төбөдөн күлүп турат айланып.

2017-ж.

 

Көчмөн оюну

 Улут наркын улуу бойдон барктаган,
Оюнга даңк эрежени сактаган.
Ким экенин адам эми көрсөтөт
Көчмөн элдин көрөңгөсү асмандан.

 

Көк беттенип көк бөрүнү ойногон,
Көп жигитке өкүм мүнөз орногон.
Кай жерде бар мындай оюн намысты
Жылкы менен адам чогуу коргогон.

Көк түтүндөй көтөрүлүп көк менен,
Каны кызып, кайратынан өчпөгөн.
Көрдүң беле эр сайышты дүйнөдө
Кызык үчүн өлүмдү да беттеген.

Келечекте толкун келсе күтпөгөн,
Таамайлыктын таразасын күчтөгөн.
Жамбы атыш менен сени аталар
Түптүү жолго түздөшүңдү көксөгөн.

Келекчектин кем болбосун көздөгөн.
Байыркылык менен өсүп кет деген.
Көчмөн журттун уюткусу козголду
Ойну менен ким экенин эстеген.

2016-ж.

 

Генибизде жазылуу «Манас» деген

Көйкөлгөн мейкин түздүү талаа сыңар,

Көзүндө көк мелжеген  санаасы бар.

Турпаты  сөздөн бүткөн адам көрдүм

Күпүлдөп айта  турган Манасы бар.

 

Кудайдын тилин тишке кайрап көргөн,

Касиет кайдан келди сайрап көнгөн?

Жамгырды тилек кылган дыйкан экен

Жайкалган  эгин алган кайрак жерден.

 

Кан тамырда кыргыздык намыс дүргүп,

Калтаарыган көөдөнгө жанып  бирдик.

Түпкүлүгү түтөгөн кайран кыргыз

Ана кетти түбүнө жалгыз сүңгүп.

 

Улуу руху жамгырдай көнөктөдү,

Чагылгандай чартылдап «Манас!» – деди.

Ушул ураан дил сыздап, «Оо кыргызым,

үзбөйм сени! –  дегендей элестеди.

 

Сөзү менен сөөлөттүү аалам жасап,

Тарыхына таамай бир кадам жасап,

Аккуласын алкынтып ана,  ана!

Алп Манаска айланып бара жатат.

 

Манас өзү келгендей бүгүнкүгө,

Угармандар аптыкты сүйүнчүнө.

Касы, досу биригип кулак төшөйт

Баш коюушуп бириси-бирисине

 

Чоң казаттын чаңына аралашып,

Намыс менен ар издеп санаа басып,

Кырчылдашкан  кыргызды эл-жер үчүн

Айтып жатты көз жашын талаалатып.

 

Көл-шал түшүп узакка күпүлдөдү,

Жүрөгү анын башкача дүкүлдөдү.

Баба каны ойгонуп баласынын

Тула бою чуркаган күчүндөбү?

 

Бул илимге жыйынтык кеч дебесек,

ДНКсын кыргыздын чечмелесек:

Генибизде жазылуу  МАНАС деген

Түшүнүгү түбөлүк  бек келечек.

2016-ж.

 

Күлкү оронгон жаздай сөздү күздөтүп,
Таттуу сөздүн кыйкым даамын издедип,
Күлкү сөздү көтөрө албай таарынган
Кош бол, досум! Тамашадан айрылган.

Оо шаар турмуш,
Жакшы көргөн досторумдан айырдын,
Көздөн учат, көздөн учат
Таза мүнөз, тамашакөй адамдары айылдын.
Мен шаардыктын ошондогу
Айылдагы жыты кетпей,
Күлкүсүнүн куну кетпей,
Жаманга да, жакшыга да
Мурчуюну билбей, иттей
Жайдаңдай жакшы кезин сагындым.

А бүгүнчү,
Сылык сүйлөп, сыйлуу адамдар жанымда
Мина салып алгансып мен жаныма,
Жылмайышып, жылып басат акырын,
Билбейсиң эх алардын оо,
Акмагын же асылын.

Бүдөмүктүү ойлор менде күн күтүп,
Бүтүндөй бир тулку боюм үркүтүп,
Айланууда,
Айланууда
канымда
Мени дагы жылма жолго түртүшүп…

2015-ж.

 

Качып жүрөм уялып

Өтүп барат, көчүп барат ушул жыл,
Бири-бирин мыкты дешип алдашып…
Дүйнө элинин жасаганын, кылганын
Бир жыл бою бирин жасай албадык.

Майдалыктын майда-майда торуна,
Маанай менен түшүп берип капарсыз.
Ичи көңдөй иштен колдор бошобой
Ирээти жок ийгилик көп, катарсыз.

Өнөр көрүп сүйлөгөндү көбүртүп,
Өнөр көрдүк жайдаңдаган мүнөздү.
Тили сайрап, дили тайгак бирөөнүн
Тыңдыгынан таштандыга гүл өстү.

Башкалардай барбалактап, байкабай
Мен жаңырган жылды тоспойм кубанып,
Карызы көп, кайсар бизге келаткан
Жаңы-жылдан качып жүрөм уялып.

23-декабрь. 2019-ж.

 

Токто аалам, демиң калсын жүрөктө

Токто аалам, токто дүйнө мүнөткө,

Демиңди тарт, демиң калсын жүрөктө.

Чыдап турат окшойсуң ээ дагы да

Үшкүргөнүң – жер титиреп бир өтсө.

 

Ушунчалык эмне мынча бекемсиң,

Дагы деле чыдай бермек экенсиң.

Адамдардын өзү сага катылган

Эң жакшысы азыр өзүң эсенсиң.

 

Адам калган акыл-эсин жыйнабай,

Адам калган жаратканын сыйлабай,

Адам жеген адамдарды көргөндө

Аалам кантип турдуң экен кыйрабай.

 

Алдамчынын алдаганын туюнуп,

Айта албай, өзүбүзчө буюгуп,

Көрүп туруп кылмыш кылган бирөөнү

Көрмөксөнгө салган жакшы туюлуп…

 

Колду шилтеп жашап калган кезде элек,

Адамдарды өгөй анан өзгөлөп.

Анан ушул кир дүйнөгө чыдабай

Кыйкырчу элем: “Качан дүйнө өзгөрөт!”

 

Сурагыңды күтүп жүргөм жаш ууртап,

Ушул дүйнө качан өкүм жаңыртат.

Көргүм келет мен чындыкты көз менен

Келдиң мына, сурак жүргүз акыйкат.

 

Коррупционер башка түшкөн тагдырга,

Моюн сунсун, бүт дүйнөсүн каздыр да

Эл ырысын жегендерди чогултуп

Элге жардам көргөзгөнгө  мажбурла.

 

Ата-эненин баркын билбес кагылсын,

Кучагына жете албай сагынсын.

Аалам кезип издеп жүргөн бакыты

Селсаяктын өз үйүнөн табылсын.

 

Эрки бекем, эмгекчилдер таанылып,

Атак сүйгөн арсызга жол жабылып,

Олуттуу бир кадамдарга жарык таап

Кетчи аалам биротоло жарылып.

 

Чачырагын, кыйсыпыр түш, качпагын,

Кимдин мында ким экенин тактагын.

Өлкө үчүн өлүп берчү түр менен

Өпкөлөгөн өлүмүштүн жап жаагын.

 

Ийне менен кудук казган адамдын,

Ачкалыгын көтөрө албай каралдым.

Сен акыйкат келдиң окшойт акыры

Кана эми акылынан жай алгын.

 

Абийирсиз адам болуп өзгөрсүн,

А адамзат ЖАРАТКАНГА сөз берсин:

“МЕН ЭКИНЧИ СЕНИ УНУТУП ЖАШАБАЙМ!”

Оомийин, аалам айыкканын көз көрсүн!!!

2020-жыл. апрель

 

 

Аталардын үнү угулат

Эрди көрдүм автобуста орун бербей отурган,

Аталардын үнү угулду кан майданда бакырган.

Жакалагым келип кетти: “Тур ордуңан ант урган!

Мекен жүгү маңдайыңа мөөр болуп басылган!”.

 

Кызыл чоктой балбылдаган күн отурган тараптан,

Бугүн дагы кан майданда согуш болуп жаткансыйт.

Биздин эрлер бекинишип, башын катып ал жактан,

Ай кантейин кадырынан, кадырынан качкансыйт…

 

Канча тагдыр талкаланып, канча жанды муйңайткан,

Бирок, анын эрдиктери алган өзүн тирилтип.

Ок тийгенде көзүн жумбай күлүмсүрөп муну айткан:

“Өлүм менен өмүрдү улап койсо болот ушинтип!”

 

Сенче, менче аталарга кымбат болуп тирүүлүк,

Өлүм менен коштошкон эмес үнү буулуп куңгүрөп.

Ажалга да бакырган ал мекен үчүн түбөлүк.

“Атака!” деп азыр дагы жер алдынан дүңгүрөп.

 

Намысыма бычак такайт: “Согуш али бүтө элек!

Кансыз согуш! – чыдай албай жер титиреп жекирет:

“Тирүү өлүк жанга айландың, эсиңе кел, болбосо,

Ушул ирет жер жүзүнөн биротоло өчүрөт!”

 

2019-ж.

 

Эр жигитке

Алтын башты канжыгага байланып,

Каныңды азык, карууң казык кылаарсың.

Ата журттун тамырынан айланып,

Кыяматта жалгыз өзүң чыдаарсың.

 

Ата журттун өзү болсо Манастын,

Колундагы шылып түшөөр кылычсың.

Кереги жок чет эл колун караштын,

Ишенимдүү сени тирек кылышсын.

 

Сен бар үчүн тынчтык орноп калаада,

Кары, жашы, ымыркай да саламат.

Тиреги жок тентимекпиз талаада,

Сен жок болсоң дүйнө салмак алаамат.

 

Ошондуктан антың бергин эр жигит,

Кыргыз элдин жаны сага аманат!

2012-ж.

Кечирээр бекен анда келечегин?

Тамагым буулуп турат ыйым чыкпай,
Мен качан кыйкыра алам үнүм кыспай.
Кайсы арым, кайсы арыма кыйкырамын,
Болбой турса кышың кыш, кызың кыздай.

Көтөрө албай койдук эркиндикти,
Көккө эмес көр тирликке серпилдикпи.
Мекенден мээрим көрбөй, жашоо издеп,
Өзгө элде темселеген эркиндикпи?

Көзүңдө караңгылык орноп турган,
Көрө албай келечегин болжоп турган.
Куу заман эми кайда карайлайсың,
Мурасын коргой албай кордоп турган.

Чындыктын жолун бууп, жойлоп турган,
Чыр башында соймоңдоп сойлоп турган.
Кантесиң бийлик кумар уулдарыңды
Чыркыраган эл менен ойноп турган.

Мээлеген бутаң барбы жок дегенде,
Багыттан кабар барбы көр-кереңге.
Максатсыз кадам таштап, телмиришет,
Каякта көөдөн жарган зор көрөңгө.

Атаңдын жүрөгү оору, жүзү башка,
Карачы, энекеңди көзү жашта.
Манчыркап, кантип мансап күтүүдөсүң
Эл ырысы кыркылып турган чакта.

Көзүңдү ач, ойло улут жарды экенин,
Уул-кызың талаа-түздө, сайда экенин.
Келээрсиң эске бирок, кеч келээрсиң
Кечирээр бекен анда келечегиң?…
Кечирээр бекен анда келечегиң?…

2013-ж.

 

Мургаб эли кыргыздардын каймагы

Оо кыргызым! Амансыңбы, бир боорум,

Өтсө дагы бөтөн жерде бул дооруң,

Кыргыз бойдон келатасың сакталып

Мен ишенем Манас руху колдоорун.

 

А биз болсо өз айлында улуттун,

Бирин билбей кыйындыгын турмуштун,

Эрке өскөн эселектей эсирип,

Жашап келдик баркын билбей кыргыздын.

 

Бөтөн тилдер турса дагы тузактап,

Дилин бербей кыргыздыгын ырастап,

Өжөрлөнүп канын сактап келаткан,

Мургаб элин Памир турат кучактап.

 

Тажикстан болсо дагы аймагы,

Кыргызча аккан бардык өзөн сайлары.

Тээ бийикте калкып калган Памирде,

Мургаб эли кыргыздардын каймагы.

 

 

Эмнеге?

Денеси уугуп жаман ойго негедир,
Кыпындай да жакшы ой болбой деле бир,
Айбандарды жашай бер деп тим койгон,
Мынча неге кең пейилсин сен өмүр.

Бет кызарбай кээ бир иштен жасаган,
Уятынан өлүп калбай жашаган,
Адамдарга катуу жаза болсун деп,
Тирүү коюп, кыйноо адатпы же саган.

2012-ж.

Тазалануу

Жан дүйнөм аңтарылды, бардыгы башаламан,
А анда адам окшоп, жашаган, жашабаган.
Кайдыгер карап турам, кайдадыр кетүүчүдөй,
А анан барын баштап бир өзүм жасап алам.

Көңүлүм сындырышты, жек көрүү ичте толгон,
Кайда бар а достордон жан дүйнөң текши болгон.
Айылың, балалыкты сагынган жүрөк менен,
Сагындым эле баарын, калыпмын эски бойдон.

А бүгүн дүйнө жаңы, мен үчүн байлык алар,
Эскилик конок болоор, арга жок кайрып алар,
Чийилди жүрөгүмөн кээ бири эмнегедир,
Бир гана алар үчүн акыркы ырым булар.

2012-ж.

Жарым чындык

Көрдүм чындык тепселенип жатканын,
Көрдүм бирок, айталбадым айтпадым.
Туюп турган туура эмес экенин
Ал аргасыз чындыгы эле башканын.

Башым чайкап, ичим турду кайрылып,
Жанчып сезим, турсам дагы кайгырып,
Билмексенге салып аттиң мылжыйдым
Жакынымдан калбаш үчүн айрылып…

2012-ж.

 

Оо ал кезде…

Кыз кезимде сезбей суукту жойлогон,

Кыш кечинде жылгаяк тээп ойногом.

Бетти, колду чымыратып турса да,

Дене бойду бир үшүтүп койбогон

Оо ал кезде кыш да сонун болучу.

 

Көк эшекке артып алып челекти,

Апкыты жок кийип алып көлөчтү.

Суу ташыган тээ сайдагы күбүрдөн

Күндөр кандай кайталангыс элестүү.

Оо ал кезде суук да сонун болучу.

 

Андан бери көп жыл өттү арадан,

Ызгаар кышты тосуп турам калаадан.

Керек болсо кыштан эмес жүрөгүм,

Үшүп турат, үшүп турат адамдан.

Оо ал кезде эл да сонун болучу…

Ооба, ал кезде мен да жакшы болчумун.

2011-ж.

Түшүр башты…

 

(З.Ажыматовдун “Көтөр башты” аттуу патриоттук ырына пародия)

Түшүр башты армандашым, муңдашым,

Азаптанып не көрбөдү бу башың,

Кыргыз кыздар төрөгүлө башкадан,

Кийин балаң кыргыз болуп калбасын.

 

Кыргызды эмес башкаларды сүйүшкөн,

Корейлерге, негрлерге тийишкен,

Бизге Теңир берген кыргыз кыздарын,

Төрөсүн деп тентип келген туристтен.

 

 

Күң кылышып келген кеткен коногу,

Индияда уйдан баркы жогору,

Кыргыз кызын экспорттоп туралы,

Оо, мырзалар үйлөнгөндү коелу.

 

Бакиевдин алып асыл өрнөгүн,

Баарын саткын байпагыңды, көйнөгүң,

Инвесторду башы тартуу сага деп,

Кыздар менен сыйлабасаң өлгөнүң.

 

Пейлиң сенин кыргызым ай кыргызча,

Меймандоссуң, бирок бечел турмушка,

Бөтөндөргө жетпей калып жүрбөсүн,

Бир да кызың тийбесинчи кыргызга.

 

Солкулдаган жаш кезинде шартылдап,

Кеткен эле келемин деп алтын таап.

Арсыз кыргыз  айтам сага сүйүнчү

Эртең кызың негр төрөйт жаркылдап.

2013-ж.

III

СЕЗИМ БИЛБЕС АДАМДА ӨМҮР БОЛБОЙТ

 

Байланбас сезим

Ээ бербес жүрөктү жүдөтүп,
Денемде жашайсың дир этип,
Сен дүйнө бир билсең а менде
Койгондой АСМАНды сүйлөтүп.

Эңсөөнү, ойлоону талдырбай,
Кыйын да түйүнүң жандырмай,
Эсимди оодарып не келдиң
Кышында төгүлгөн жамгырдай.

Жүргүм бар сырымдан ачылбай,
Ансайын кызыгың басылбай.
Буркурап боюмдан кетпейсиң
Ашыкча себинген атырдай.

Алпарып арзууга күтпөгөн,
Алдадың жанымды түш менен.
Айламды ар кайда калчадың
Ачкычтай кулпуга түшпөгөн.

2018-ж

 

Сен мени сүйө албасаң

Татына кебетемдин,
Тал чачы керек  эмес көздөрүңөн,
Таалайсыз болуп кеттим.
Жаркырап келип анан,
Жарадар болуп сенден,
Жай туруп, ооруп кеттим.
Сен мени сүйө албасаң,
Эмнеге гүлдөр жайнап, жаз келди эле?
Маңдайдан күн жаркырап,
Эмне андай бак берди эле?
Сен үчүн сатып алган
Көйнөгүм жарашыктуу чак келди эле.
Көздөрүм жайнап турган,
Көзүңдөн чачкан нурду
Көтөрө албай денем
Кара жер жерлигинен кармап турган.
Балкыган ошол кезим,
Унутуп өзүмдү өзүм,
Ууртум умсунуп, дир-дир этип
Арбап тургам.
Эзилип, биротоло
Жоголуп, а мен сага сиңип кеткем.
Ошондо, жүрөгүмдү тилип кеткен
мен сени кечире албайм.
Сен мени сүйө албасаң:
Экинчи,
Көчөгө гүлдөр жайнап, жаз келбесин!
Мага антип
Маанисиз махабатын апкелбесин.
Алдыман чыксаң сен чык,
Жетишет болду мага,
Мандайдан мени алдап күн чыкпасын.
Экинчи кудай мага унчукпасын.
Татына кебетемдин,
Тал чачы керек эмес,
Көздөрүңөн таалайсыз болуп кеттим.
Кор болгон кайран өмүр
Аттиң, аттиң!

2020-жыл.

Жоголбойт да, муздабайт да ишенсең
Айырмасыз кечирбесен, кечирсен.
Мен жашоону сүйөм азыр аеосуз
Аябастан азап берген үчүн сен.

 

Ошонуңду кайра сүйгөм да

 Менин жашом сендеги мээримсиз,
Бурганактуу кечтей, көөнүм суз.
Жарык чачуу көзүмдү уялтып,
Жаба калдым бетим көрүнгүс.
Караңгылык кайдан маа жаксын,
Жарыгыңа жаным көзүм түз.

Бир айтылган жансыз сүйлөм да,
Ачыштырып ичти турганда,
Абай салбай айттым көп сөздү,
Аңтарылып менин дүйнөм да.
Нардай карап шашпаай, баш ийкөө…
Ошонуңду кайра сүйгөм да.

Билдире албай, чыктым эшик жаап,
Калып калды сөзүм кейиш таап,
Жолду ката сүйө баштадым,
Мурдагыдан күчтүү бейиш таап.
Кайра, кайра бузуп шаар курган,
Жаш баладай жакшы, тырышчаак.

2014-ж.

Жообу жок түш

Түшүмө кирдиң билбейм,
Түш эмне экөөбүз кездешүүчү жай болдубу.
Бул аалам кенен бирок,
Түштөн башка жер калбай калгансыган.
Бир келсең түш жакка келмек элен.
Бир көрсөм, таттуу түштө көрмөк элем.
Башкача болушу да мүмкүн эмес.

Эх, менин байкуш түшүм өзүмө окшош,
Сени издеп, башканы сүйгөнсүгөн көзүмө окшош.

Өзүм сүйүп, кайра эле өзүм сүйгөн,
Жообу жок сөзүмө окшош.

2014-ж.

 

Качан жүрөк бөлүндү эле денемден

Жарыгым ай, жаш баладай умсунган,

Кулкүң бүгүн төгүлбөстүр ууртуңдан.

Өзөгүмдү өрт каптаган күндө да,

Өзгө жандай муздай тоңмун сыртымдан.

Жарык нуруң таап алган күүгүмдө,

Жашоо бербей жалп өчүрдү сүйүү де?

Отко түртүп кеткениме кейирсиң

А мен эбак күлгө айлангам сүйүүмдө.

Капа болбо, кайда качмак элем мен,

Качан жүрөк бөлүндү эле денемден.

2019-ж.

 

Коркуп турам

Жүрөктү өрттөп барат сырларыңыз,

А кудай, бул эмине кылганыңыз.

Кочуштап корккон бойдон кармап турам

Төгүлүп кетүүчүдөй жыргалыңыз.

 

Кут болду бир мен үчүн кезигүүбүз,

Бир кылымдык байлыкпыз ээ деги биз.

Аянбай сүйгөндөн да коркуп турам,

Азайып калуучудай сезимибиз.

 

Келбейт ээ миздүү жолдон тайыгыбыз,

Оту улуу махабатта айыбыбыз.

Бул отту козгогондон коркуп турам

Азайып калуучудай жалыныбыз.

2015-ж.

 

Океаным

Сен мага билип-билбей ушул күнү,

Канчалык өмүр бердиң билесиңби?

Колдон жулуп ыргыттың эч аеосуз

Тирилик менен болгон тирешимди.

 

Ажарланып, жомокто чымчык болуп,

Жүз айлантып кыдырдым ааламыңды.ө

Эч ойлонбой серпидим канатымды,

Кандай күндө, кай жерде калаарымды.

 

Чырайыман жаркытып ырдын ырын,

Эч бир болуп көрбөгөн ирмем бердиң.

Мүмкүн эмес кайталоо эми эркем

Океаным, күтүүсүз термелгениң.

2018-ж.

 

Эсте мени

Эсте мени, жок дегенде жаман көр,

Кечире албас таарынычтын артында

Кандай гана түбөлүктүү сый жатат.

Ээлик кылып бүтүн акыл-эсиңди

Жалгыз ошол жүрөгүңдү туйлатат.

Билбейм сени, сен эмнеден ыйлайсың?

 

А мени бир сүйүү эле ыйлатат.

 

2019-ж.

 

Экинчи өмүр

Жалбырактар, өмүрү эбак үзүлгөн,

Алтын түстүү өмүр чачып изимден,

Шуудурайсын…  кайда калды, билдинби?

Тирүүлөрдөн үмүт күткөн көз ирмем.

 

Ушунчалык кызык ирмем тартуулап,

Туш-тарабың саргыч-кызыл жаркырайт…

Өтүп кеткен жакынымдын күлкүсү

Эске түшүп, эт-жүрөгүм жанчылат.

 

Экинчи өмүр кандай сыйлуу, кандай бар,

Канча жанга өмүр берет андайлар.

Тенир берген бир өмүрдөн арттырып,

Кудум аны кайра жасап алгандай.

2019-ж.

 

Сүйүү деген сүйгөнүнө кор болуу

 

Көптү күтүп,

Ичтен бышып,

Көлкүлдөөрмүн, арсыз күлүп, жашып да,

Бирок, күтпөйм, күтпөй калдым,

Жакшылыкты, жашчылыкты ашыкча.

Сүйүү деген кор сүйгөнүнө кор болуу,

Таарынганды унутасың атайын,

Алып коет, уят, намыс, арыңды,

Аракетиң жашоо үчүн таарынды.

Керек болбой өзүңө да бу башың,

Болушунча кичирейип турасың.

Болушунча ичиң кейип,

Кыйын болот ал-абалын сурашың.

Дайым сага тийип турат жонуңа

Сүйүүнүн чоң чокоюнун таманы.

Таманына калган кокус жабышып,

Чөптөй көрбөй, топурактай силкибей

Кете берет, кете берет аеосуз.

Сага жагат ушундай да талабы.

Бүркөөгө да жарап койбойт кабагы

А сен ага баягы.

Жумшак, жагым, бирок өтө ызалуу

Сүйүүнүн бир кычыгына сиңесиң.

Анан аны билип-билбей

Жүрөгүнө өрдөп барып киресиң.

Бүт тулкусун ээлейсиң да

Мына сага! Башыңа ылдый киесиң.

Бир болгон бир жакшылыгы ушунда

Азап менен болсо да

Жанга жагым жай тапканың

Бир ичиңден туясың.

Жакпай калып колуңду бир шилтешиң,

Сүйүү сага мээлейт дароо милтесин.

Дароо таштап өзүндү,

Жаның жанчып, жашооңду бүт силкесиң.

Таарынычтан бир карабай артыңды,

Бийик жерден дир-дир этип үркөсүң.

Кыйын болуп биротоло, жардан ары кулашың,

Жаның тирүү калаарына ишенбей,

Биле албай ырасын,

Дайым ошол жар үстүндө,

Куюн турган айланып,

Алай-дүлөй ааламатта

Азап чегип турасың.

 

Мен сүйүүдөн көргөнүм жок жакшылык,

Мен сүйүүдөн укканым жок жакшы сөз.

Бир билгеним, бир өмүрдү азгырып,

“АРМАН” деген тамга басты чекеме,

Ар күн сайын, бир мүнөт да тынчыбай

Намыс менен чыгып турдум жекеге.

Чын айтайын, анын жыргал экенин,

Анан дагы бакыт эмес экенин

Тааный албай калдым азыр эч эле.

2019-ж.

 

Күүгүмүм

Шорум менин,

Шооласынан күн өлгөн,

Шоокумуңан миң төрөлүп, миң өлгөм.

Кайда катам, кайда сени жашырам?

Кантем мени көмөлөнүп жашыган?

Кайда барам? Кайда, кайда? Басынам…

Билбестирсиң, айрый билип көп элден,

Арманымды, артка кайтпай көгөргөн.

Анткени мен, өтмүшүмдө сени менен бир өлгөм…

 

Күүгүмүм ай, күүгүмүм ай, күүгүмүм,

Кантип гана жетет болдук экенбиз

Кадырына акыреттик сүйүүнүн.

Балким азыр, менден кымбат сага азыр,

Колуңдагы, жаныңдагы буюмуң.

А сен мага,

Айтпай келген улуу муң.

Сени таануу, сени билип асыроо,

Мага кыйын

Жетпейт окшойт билимим.

Ал үчүн мен керек кайра тирилүүм.

Үчүнчү ирет кездешкенде таанырмын,

Кайра келсем катарына тирүүнүн.

2019-ж.

 

Туура жашап жатасыңбы деги сен?

Эбегейсиз эрдик болмок эзелтен,

Сен мендеги сагынычты көтөрсөң.

Кокус сени көргөнүмдөй  сезилет,

Өзүм менен өзүм болуу ишенсен.

 

Кудай кантип жаңылсын деп миң ирет,

Тыйдым эчен сезимимди дилдирек.

Бурмаласам башка түшкөн тагдырды

Кандай болмок биздин жашоо ким билет.

 

Мейли, мейли менин жолум ушунда

Деп ишенсем: “Бакыт деген ушул да”.

Сенин кейпиң эске түшөт анда не,

Сүйүү эмне? деп сураган учурда.

 

Болоор болбос нерсең учун кейисем,

Болоор болбос жылмаюуңа эрисем.

Унчукпайсын, унчукпайсын таң калам

Туура жашап жатасыңбы деги сен?

2018-ж.

***

Аа кечир,  андан айрылыптырмын.

Сенчелик болбойт эч ким!

Жүрөккө жакын албай кыйкрганым,
Кулагынын сыртынан кетиргеним.
Тажабай жамап-жаскап жыртылганым,
Тоо болсо да күнөөмдү кечиргеним.
Баарынан улук болуп аман жаным,
Илим жолдо кендири кесилгеним.

Бири дагы сенчелик болбойт тура,
Кыялымды көрсөтүп кыйкыра албайм.
Каалашынча жүргөнгө көнбөйт тура.
Эркин ойноп киймимден жыртыла албайм.
Кай бирөөнө бир күнү кечирээр деп,
Күнөө кылып уурданып кылтыя албайм.

Оо, энеке бир сендей бакыт барбы,
Күн батып, түн кирсе да нурун төккөн.
Сен үчүн токтотууга алым барбы,
Карыткан өмүрүңдү жылып өткөн.
Оорусам мага азыр баасыз дары,
Саамайым сылаганын сүйүп беттен.

Бир күнкү ак сүтүңдү жок дегенде,
Бактылуу болуу менен төлөп берем,
Уйкусуз бир түнүңдү кеч дегенде,
Акыңа бир небере төрөп берем.
Калган сансыз эмгегин эстегенде,
Уятыма чыдабай өлөт белем.

Тетиринче оордугум салып алып,
Уялбадым карызың бербегенге.
Дооматым артам анан барып алып,
Шолоктойм көптөн бери көрбөгөнгө.
Кыйнай берем “Мен сенсиз кантип жашайм,
Сөз бер! – деп, “мен өлгөнчө өлбөгөнгө”.

2012-ж.

 

Атчан жигитке

Тоо бойлоп баратсаң да тилиң жалпак,

Чаптырган таскагың да токтоо тартат.

Кыйшайып башың коюп табигатка

Момурап жүрүшүңдө бир сыр жатат.

 

Туптунук үмүт менен алыс карап,

Мейкинди мээлеп турган көзүң багат.

Ишенген жериң көптүр … калса экен оов!

Ушул ой ушул бойдон атаганат.

 

Бейпил бир дүйнө турса, бурганактап,

Көз жаш да көлдөп албай, муңду жаздап…

Эгерде, сендеги ой менде калса

Дүйнөнү жактыра албай ыйлап атмак.

 

Сен күткөн мейкиндиктин ал бетинде,

Ыйман да, ырыс дагы жар бетинде.

Көрбөгөн бойдон өтүп кете көргүн

Дүйнөнүн табигаттуу чаң бетинде.

 

Үшкүргөн бойдон койду айдадың ээ?

Жаныңда ойноп жүрсө бакыт биз деп.

Жамгырга жашыл аалам жуурулушуп

Үстүңө төгүп жаткан бакытты издеп.

 

Кандайдыр бир кара күчтөн бошоно,

Сени көрүп, жанып турдум ошого.

Шагылы көп шаардан кайтып келатам

Кайра сенден үйрөнүүгө жашоого.

2017-ж.

 

Кантип аман калып келе жатасың?

Кантип аман калып келе жатасың?

Ичимдеги жүргөн селди тоготпой.

Араң туруп, уламкы бир кыйроодон

Баш көтөрсөм, калган болом жоготпой!..

 

Оңдонот да, онтоп карайт көздөрүң,

Муң жазданган мухитиңе чакырат.

Чөгөөрүмдү билип туруп бой урам

Ойлонууга чамам жетпей чачырап…

 

Бир гана ирет Эйфель көргүм келгендей,

Эңсөө менен эченки ирет тигилем.

Мага тааныш эмес улам бир ирмем

Оргуп чыгып ортосунан биригем.

 

Мына эми, билем кандай болоорун

Илебиңе эрийм дагы жок болом.

Ичпей жүрүп ичип кеткен байкуштун

Заманасы куурулганын коштогон.

 

Үн ээрчийт да, сыр ээрчийт да, ый ээрчийт,

Азап кайра жайнап ачат эшигин.

Ай-буйга да карап койбой а мени

Бөлөп салып термейт арман бешигин.

 

Эх, замана! Бул не деген айланбаш?

Тапканымдан жоготконум бат болгон.

Оо жараткан! Ушул ирет сактап кал

Таза дүйнө тапканыма аз болгон.

 

Коштошуу

Жоготуунун жолу катаал каралдым,

Жоболондуу жолдун учун узартаар.

Жоголбосом болбойт сенден акыры

Кантмек элем, көп болсо өмүр туз артаар.

 

Туш тарабым аркы-терки чачылып,

Башаламан бойдон сүйдүм басынып.

Эсимди жый, эсимди жый суранам

Жүрөгүмдө өкүрүк да, бакырык.

 

Кеп эмес да аттиң минтип урашым,

Көзүм көргөн жерден жайнап турасың.

Бороондогон дилим менен сабылдым

А сен аны мен кеткенде туярсың.

 

Мени кыйбас, сүйбөс жаның чыйраба

Мен ыйлаган, а сендеги ый кана?

Деңизимден чабак уруп чыгып кет

Бир өмүрлүк бүт эркиңди жыйна да.

 

Баарын таштап махаббаттын үйүнө,

Сен бар күндү бекиттим да сүйүүмө.

Кепинимди ала кеттим болгону

Акыретте сени кошо кийүүгө.

 

Жанырган жыл гана калды колумда,

Билбейм кандай  жашоо уланат боюмда.

Кайран өмүр кайрык издеп ушундай

Кайран жаным өчөөр бир күн коңулда.

 

Көкүрөгүң башын жаздап сүйүүмө,

Жашай албай койгонуңа күйүгө,

“Эмне мени эстебейт” деп таарынбай

Ээн-эркин эстейм эми  күнүгө.

 

Сени жоготуум мүмкүн эмес,

Сүйүнчү!

А мен сенден жоголоюн биринчи.

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.