Адабий сынак №15 Ыр

№15

Сүйүлбөй куру калдым чачыладан

Термелип селкинчеги кыялдардын,

Тентиген ойлорумду жыям барын.

Тентектик кылбай токтол сезимдерим,

Темирдей жүрөгү.., сыягы анын..

 

Көлкүлдөп көңүлдүн толкундары,

Көл үстүндө көбүрбөй солгундады.

Көктүгү бар окшойт го көмүскөдө,

Көп ойлонуп тескедим сөзүн анын.

 

Сүйүү – нур, сүйкүмдүү чачыраган,

Сүйүлгөндөр – бактылуу бапыраган.

Сүйүнчү айталбаймын сүкүт сактап

Сүйүлбөй куру калдым чачыладан.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.