Адабий сынак №17 Ыр

№ 17

Уялчаак дүйнөң кайда

Уялчаак дүйнөң кайда,
өрүлгөн чачтарыңчы?
Мен сенден издеп жүрсөм,
айылдык, жаш чагыңды,
шаар сени өзгөртүптүр…
Жасалма дүйнө сени,
жасалган 18 жыл,
жазыптыр чачтарыңды.

Уялчаак дүйнөң кайда?
Ушул сөз тажаткансыйт.
Жашагың келип жүрөт,
жаңыча, адаттан сырт.
А бирок, түшүн мени,
аруу бир дүйнөң сенин,
батыштын деми менен,
бүлүнүп бараткансыйт.

Айылда эсиңдеби?
Агарып күн чыкканда,
сен туруп күндөн мурун,
ырдасаң чымчыктарга.
Шаарда сен ырдабай,
ырдаган кулакчының,
Карачы айыл менен
Шаардын узактыгын.

Колдоруң шөкөттөлгөн.
Көрбөдүм китебиңди,
уялып көчөттөрдөн
жер чийген этегиңди.
Бүт- баарын тартып алган,
күнөөлүү шаар болсо,
тоолорду сүйөсүң го,
тоолорго кетелиби?
Билемин, а сен деле,
сагындың кечегиңди.

Көңүлүң болсо менде,
өткөндү унут баарын,
үмүттү үзө элекмин,
үзүгүн толуктагын.
Колуңду сурап сенин
барайын бүгүн кечте,
апакем камдап жүрөт,
апапак жоолуктарын.
Аруу кыз жоолук салын.

14.04.21

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.