Баяман Нурбек

МЕЗГИЛ ЖАНА МЕН

Мен ойлогон ойлор азыр – ак бейит,

Мен сүйлөгөн сөздөр азыр – өткөн күн…

Мерчемине аалам бүтүн сыйбаган,

Мезгилдерди ороп-чулгап көмгөнмүн.

 

Ал мезгилдер эскирбеген бир тарых,

А мен болсо алабарман бир күнмүн.

Жылдыз сымал, таң сөгүлсө жок болом

Жалп! -, деп жанып, өчөөрүмдү ким билсин?

 

Мезгилдер бир, өчпөс-өлбөс бир дүйнө,

Мен, мезгилдин ичиндеги бир ырмын…

Кашымда шул турса сынап улуу күч,

Кайсы арыма, билбейм неге,  кыйынмын?

26.07.2021

****

… толуп турган,

Күмүш түстүү күз айы болуп турган,

Күүгүм талаш, калаанын ортосунда,

Күлсө күндөй, бир кызды жолуктургам.

 

… жанып турган,

Ай-жамалы дүйнөмдү жарык кылган,

Апапакай жоолугун башындагы,

Жоолугуна апамдын салыштыргам…

 

… тиктеп турдуң,

Көңүлүңдү мен жакка түздөп турдуң,

Апкаарыган жүзүмдү уяң карап,

Ак жалынын сүйүүнүн издеп турдуң.

 

… айып менде,

Аяр карай албадым, айып көрбө?!

Сен сүйбөгөн дүйнөнү, мен да сүйбөйм,

Жандүйнөмдү азапка салып көрбө?!

 

… кечир, мейли,

Көңүлүңдөн кааласаң өчүр мейли,

Буйрук экен, жазганын көрөбүз да,

Буйрубаган тагдырга өкүнбөйлү…

 

… шаттыгы мол,

Жакшы адамдын, жакшы бир тагдыры бол,

Жүрөк менен сүйлөшкөн арзууларды,

Жүрөктөшүм сен эми бактылуу бол.

20.03.2020

 

Күбө болуп биздин сүйүүгө,

Тоолор гана тиктеп турушкан.

Азап сунган кезде адамдар,

Тоолор бизге бакыт сунушкан…

 

Жыгылаарда кокус чалынып,

Тоолор бизге жөлөк болушкан.

От жакканда канча адамдар,

Тоолор гана бөгөт коюшкан…

 

Азыр минтип арабыз алыс,

Көзүм ыйлап, көңүл тынчыбайт.

Күлүп карап турат  адамдар,

Тоолор гана үнсүз тунжурайт…

20-июль,2021

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.