Адабий сынак №21 Аңгеме
№21
АТА БАЛАГА ИЛИНЕТ
Аңгеме
Асанбек буга дейре мындай жоболоңдуу жорукка даттанып, маңдайкы үстөлдө саймедиреген улгайыңкы аялга адеп учурашы. Орундугунан козголуп, бөлмө ичинде аркы-терки басып көз кыйыгын байкатпай, жубанга салды: аялдын жүзүндө кат-кат бырыш. Ажарлуу болгону менен кийим-кечеси да жүдөө, башына салынган жоолугу шыпырылып, бир чекесине түшүп турат. Кебетеси алагүүдөй, бирок, аны сездирбейин дейби, сүйлөп атып, тетири бурулуп, оозун алаканы менен улам-улам калкалай коёт. Сураштырса, иштебейт, батирде жашайт экен.
-Ал жигит сизге неге катылды?
-Билбейм ай, – аял колун эки жакка жайды да, – кой-ай дегиче болбой эле төшөккө сүйрөдү… Жалынып-жалбарып атып, араң качып кутулдум. Анан сизге келген жайым.
-Анда арыз жазып бериңиз, териштирели.
-Кой айлана-айын, кагаз жаздырбай эле ишти бүтүрчү…
-Арыз-датсыз эч кимди сурай албайбыз да, эне..
-Антпе, садагаң… Мен али жашмын. Энелик доорго жете элекмин, небере-чөбүрө жыттагыдай, бала-чака көрө элекмин. Жалгыз боймун.
-Кебетеңиз менин чоң энеме окшоп атат. Алтымышка барып калгандайсыз.
-Кайдагы-ы?… Ой мен кырктын кырына эми чыктым, кагылайын.
-Анан эмне кыл дейсиз? Куру сөз далил болбойт, иш да ача албайбыз…
-Ок, иш ачып эмне кыласың, балам?
-Башынан сылабайбыз. Милиция болгондон кийин укугуңузду талашып, сизге катылганды териштиребиз. Кылык-жоругу ырасталса, ишин сотко ашырып, камайбыз …
-Жок, камаба… – Аял жалдырады.
-Макул, бирок, аны суракка алганга жүйөө керек. Арыз жазыңыз. Балким сиз жалган айтаарсыз.
-Чып-чын эле, кошунам болот, бойдок. Мурду жыт алгандан бетер меникине улам кирип-чыгып, тийише берет.
-Көрдүңүзбү, мына өзүңүз күбө өтүп жатасыз.
Жубан даттануу катын жазууга акыры көндү. Кагаздын аягына кол коюп жатып, Асанбекке кайра жалынды:
-Камаба ээ, балам, сенден өтүнүч… Бир аз какыс-кукус кылып кой. Айттым го, иштебесем, кантип жашайм?…
– “Тизгинин тартып кой”- дейсиз да, түшүнбөдүм сизди… Эмне кыл дейсиз?…
– Ай бала, аны түрмөгө тыкпай эле… Мага тыйын-тыпыр өндүрүп бере сал… Болду. Анан арызды жыртып ий, – жубандын бул кеби ишенимсиз чыкты.
Асанбек кыялында: “Ээ иш быякта деңиз, акча табуу үчүн жасаган амалыңыз тура” – деп ойлонду да, зайыптын бети-башына кайра көз жүгүрттү. Муну илгиртпей байкаган аял жүзүн дароо ала качып, дагы тескери бурулду. Милиционерге дит бага алган жок. Арызды колуна алган майор жубандын көңүлүн улап, баш ийкеди.
Ал калдырап-шалдыраган эски унаасы менен жалгыз бой аялга асылган жигитти издегени баратып, кабар алмакка ата-энесинин үйүнө бурулду. Энесине колундагы белек-бечкегин карматты. Кайра чыкканда апасы узатмакчы болуп, артынан ээрчиди. Чала жан машинасы кайра-кайра ачкычты буратып атып, араң от алды. Бирок, унаанын арткы дөңгөлөгү чуңкурга тыгылып, андан чыга албай, ордунда кыйла айланды. Энеси ага түтпөдү, дөөтүнүн артына жабыша калып, эки кол, ийини менен түртүмүш этип атты. Ордунда чимирилген дөңгөлөктөн алды-артка чачыраган ылай үстү-башына барып жабышты. Апасы булганган кийимин кагына берип, үйдө калган күйөөсүн чакырып чыкты.
Эне-атасынын машинанын жанында күйпөлөктөп жатканын дөөтүнүн каптал айнегинен көргөн Асанбек машинасын токтотуп, орундугунан ыргып жерге түштү. Апасынын кийимине жуккан ылайды колундагы чүпүрөгү менен аарчып кирди.
-Олдо апам эй, ысык үйдө эле олтура бербейсизби? Эмне жармаштыңыз дейм да…
– Машинаңды чыгарышайын дедим да, балам! Кой, өзүм эле тазалап алам. – Эне этегин ага карматпай, четке тартты.
Атасы күрүлдөп жүрүп, коюу түтүн бүрккөн машинанын дөңгөлөктөрүнө астейдил көз жиберди да:
-Атаны байкуш балам, ай! Бу дөңгөлөктөрүң да менин башымдай тасыраят го – деп жылмайып, калпагын алып, өзүнүн ныпым чачы жок, жыдып таз болгон кызыл ала башын кашылап койду. –Кызмат машина берсе, минбей койдуң, ырыскыңды тээп…
-Күйүүчү майы менен тетигине акча бөлүнбөгөн машинаны эмне кылам, ата!? Аны өзүм сүйрөмөк белем?.. Бирөөлөрдөн коркутуп-үркүтүп пара алып, май куйган иш күмөндүүрөөк, андай болбойт. Андан көрө өз маңдай терим менен тапкан дөөтүмдү айдаганым дурус. “Нары таза иште”- деп өзүңүз үйрөткөнсүз.
Атасы ошо акылын эстен чыгарып ийгенине тартына түштү да:
– Бу бузук унааң менен зөөкүр-бандиттерди кантип кууп жетесиң?
– Ээ ата, алты саным аман, бутум бүтүн. Жөө кууп эле кармап алам… Ата, жумушка барайын – деди да, кол кармашып кайырлашты.
Кайра унаасына олтуруп, машинасын алга-артка сүрдүктүрүп, тыгындан чыкты да, зуулдаткан бойдон жолго түштү.
Атасы бузук машинага чыдап тура албай, үкөгүнөн акча алды. Такси чакырып, унаа базарга жетип барды. Андан жап-жаңы дөңгөлөктөрдү сатып алып, уулуна телефон чалды. Баласынын таза иштегенине, колго түшкөндөргө чоңдугун көрсөтпөй, коркутпай, сылык мамиле жасоо менен күнөөлүүлөрдүн айыбын моюндарына койдуруп, пара албаганына сүйүндү. Оболу борбордогу академияны артыкчылык диплому менен бүткөнүнө алымсынбай, “Москвага барып, андан да жогорку академиядан билимимди тереңдетсем” – деген Асанбектин тилегине каршы чыкканын эстеди. Орусиянын байтагынан окууну самаган баласын ал жакка жибербей койгонун айтканда, уулунун атына уйкаш, суусар тебетейчен, өрөөндөш агасы чыкчыйган мурутун ары-бери жанып: “Ой, энеңди урайын!… Баланын жолун эмнеге бууйсуң, ыя? Муну эмне саап, ичет белең? Окууга тез жибер!”- деп катуу жемелеген. Ошондон кийин Асанбекке ак бата берген.
Уулу ал окууну да мыкты бүтүп, жаңы кызматка дайындалгандан бери жарым кылым бою каралбай, ураар алдында калган имаратты кош кабаттуу кылып оңдотту. Өзү эски дөөтүсүн шалдыратып-калдыратып айдап жүргөнүнө карабай, башка кызматкерлерге өкмөт эсебинен үч автоунаа алып бергенин эстеди. Мына ушуларды көңүлүнөн чыгарбаган атасы Асанбек жанына жетип келгенде зооттон жаңы чыгарылган кылдыректерге сөөмөй шилтеди:
– Машинаңдын төрт бутун жаңылап ал балам, сыйдам дөңгөлөккө ишенич жок. Иштен чыккан дөңгөлөк, этият жүрбөсө, чыканактай бурумдарда ала салып кетиши да мүмкүн. Кудай сактасын! –
Атасынын кең пейилдигине Асанбек не дээрин билбеди. Көңүлүндө “адалдыкка өзүңүз үйрөткөнсүз” – деди да, дене-бою жибип, атасын кучагына кысты.
Подполковник, жубан даттанган жигиттин үйүнө дароо эле жетти. Кең короонун кыйгач ачылган эшигинен шыпылдап ары өткөн арык уландын карааны көрүнө калып, кайра көздөн кайыды. Асанбек аны көрүп, каалганы тыкылдатты. Ичкериден жооп жок. Эшикти өзү ачып, ичкери кирип барды да, короо четинде ой басып, ага далысын салып турган жигитке үн катты:
-Ай досум, бери бурул…
Жигит жакындабай жатып, милиция кийимчен, узун бойлуу кишиден жалтактады.
-Мен эмес, мен эмес, байке…
Асанбек аргасыздан ыкшып күлдү да, анан:
-Эй, кызыксың го! Сен болбосоң, анан ким?… Сурай электе эле мен эмес… деп, сен эмне өзүңдөн өзүң актандың. Уурулугуң бар окшойт, жөнү жок шектенип атасың… Бери бас…
Коркконунан көздөрү жалдыраган жигит жалтактап атып, Асанбек менен араң-зорго учурашты. Милиция аны ээрчитип келип, темир капаска салды:
-Эмне өнөр көрсөткөнүңдү билесиң, ээ? –
Башын шылкыйткан жигит үн чыгарбады. Асанбектин андан эмне тууралуу күмөнсүрөп жаткандыгын болжогон шекилдүү. Милиционер ал жигиттин жаш курагын сурап, өзү сындуу отузга чамалаганын, бирок, али үйлөнө электигин билди. Көзүнө тикирейе карап, кайра суроо узатты:
– Өзүңдөн улуу аялды “ошенткениң” чынбы, ыя?
– Жалган, – жигиттин көзүндө жаш ойноктоду.
– Кантип калп болсун? Өзү арыз жазып берди…
– Өзүмдөн он беш жаш чоң аялга кантип тийишейин?
– Ии, анан…
– Мен ал түгүл, кыз-келинге сүйлөгөндөн тартынам.
– Уялчаак экенсиң, анда? … Минтсең, колоктоп, үйлөнбөй жүрө бересиң..
– Коңшу-колоңдордон деле сурап көрүңүз… Ал аял өзү…
– Өзү эмне кылды?…
– Ары өтсөм да чакырат, бери өтсөм да, чакырат. Ата-энем жогунда үйгө кирип келет. Талтайып, диванга жатып алат да көзүн ымдайт. Пул сурайт, тамеки сурайт… Бир күнү үйүнө чакырды… Барсам, “ чаңкап атам, ичели” – дейт. Суу сунсам, ичпейт. Кебин кыя албай, анан пиво алып бердим… Үч бөтөлкө ичкенден кийин мени баса жыгылды… Кучактап, өпкүлөп: “ Зордуктадың… Момунча акча төлөйсүң. Болбосо, милицияга даттанам. Анан камаласың… Милиция, прокурорго, сотко пара берип жүрүп, үйүңдөн айрыласың. Менин айтканым эп. Бардыгы запкы көргөн кыз-кыркындарга ишенет. Мыйзам да мени коргойт” – дейт. Мен ага тийгеним жок, байке!… Эптеп, тузагынан араң бошонуп чыктым…
Жигит айткандай болду. Асанбек ал жашаган көчөдөгү аял-эркектерден сураштырып, арызданган аялдын аягы суюктугун, буга дейре да башка эркекти жалган жерден жалаа жаап, каматтырганын укту. Шектүү жигиттин койдон жоош, ала жипти аттабагына ынанды. Үч күндөн кийин аны капастан чыгарды да, аялдан “доом жок” – деп тил кат жаздыртып келүүнү тапшырды. “Иш ошондо гана басылат. Эгер, кокус бир канча убакыттан кийин аял кайра даттанчу болсо, анда жакшылык күтпө! Мен сенин артыңдан аңдып жүрбөйүн. Өзүң барып, кошунаңдын ошо жообу менен кел. Качып, дым-дарегиң чыкпай кетеериңе ишенейин. Артыңдан из кубалап, жүрбөйүн, ээ?” – деди соңунан.
Көзү жашылданган жигит капастан чыккан соң, Орусияга качып кетүүнү болжоду. Бирок, ал жакта канча жыл өмүр сүрмөк? Жылдардын бир жылдарында “ат айланып казыгын табат” – демекчи, туулуп-өскөн жерине, туулган тууруна келип коноору бышык. Иштин ушул жагын ойлогон жигит банктан насыя акча алды да, аны аялга карматты. Таңгак-таңгак акчага сүйүнгөн аял дароо эле тил кат жазып бере салды…
Асанбек күндөгүдөй ишканасында кезектеги жумушту болжоштуруп аткан. Уруксат сурап, бөлмөгө кара-ала сакалы ээгине түшкөн аксакал кирип келди. Бейтааныш, кара ала чапанын жоолук менен белинен байлап алган.
Подполковник бу карыянын ким экенин бүшүркөп, тааный албай койду. Улгайган жат киши колуна кармай кирген сумкасын ачты да, андан түйүнчөккө оролгон таңылчак алып чыкты. Таңылчакты стол үстүнө коюп, оң колун көкүрөгүнө тийгизип, ийиле берип:
– Бул бизден сизге соога балам, – деди күлө бага.
Дүйүм түйүнчөктүн ачык кыр-бурчунан акчалардын учу чыгып турат. Асанбек аны дароо түшүндү да, таңылчакты аксакалдын колуна күчтөп карматты:
-Азыр чыгып кетиңиз, аксакал. Сиз мени бөлөк адам менен чаташтырып алган көрүнөсүз. Кимге келсеңиз, ошого барыңыз. Мен сизди тааныбаймын, биринчи көрүшүм.
-Ээ уулум, мен жаңылган жокмун, сага келдим. Баламды жалган жалаадан куткарган сенсиң. Ошого чын дилимден белек атап, ушуну көтөрүп келдим…
Асанбек карыянын сөзүн укпай, тисерилгенине карабай, каруусунан катуу кармап, түртүп, аны босогого дейре узатып барды да:
-Аны менен аксакал, айгыр балаңызды үйлөндүрүп коюңуз. Сиздин мага берген соогаңыз ошол болсун, -деди да аксакалды коридорго чыгарып, бөлмөсүн ичинен жаап алды.
Карыя каалганы кайра ачты да, баш багып:
-Анда сени балама өкүл ата шайлаймын!
-Бу акылыңызга макулмун, карыя. Андан мурда мен табыштаган жумушту бүтүрүңүз… – деди подполковник күлүмсүрөп.
Асанбек жубанды издеп тапты. Аял андан чоочуду.
-Эне, минтип жашоого болбойт, – деди ал жубандын бирөөлөрдү жалган доомат менен коркутуп, акча өндүргөнүн кыйытып. – Качанга дейре минтип жүрөсүз?
– Мага ылайык иш табылбаса.., – жубан кымырылды.
-Жумуш ба-ар эне, иш толтура… Азыр ырыскысы төгүлүп-жайнаган күз, бышыкчылык. Талаада пахта тергенге теримчи жок. Дыйкандардын жардамчыларга көзү чачырап турат… Макул десеңиз, сизди күнүгө талаага жеткирейин. Кечинде кайра үйүңүзгө алып келип койом. Бекер эле… Болгону бир шарт менен.
– Ии?
– Терген пахтаңыздын акысын топтойсуз, ичпейсиз… жанагы өнөрүңүздү таштайсыз… Талааны көрдүңүзбү, колу бош маалда тестиер балдар-кыздар да пахта терип, китеп-кийимине акча таап жатышат, туурабы? Издеген адамга иш табылат. Чайкоочулукка ыгыңыз болбосо, ооруканада, же ашканада пол жууп, иштегенге да жарайсыз.
Аял баш ийкеди.
-Талаа иши бүткөндө чачтарачтын окуусуна, тигүүчүлүккө киресиз. Окуу акысын өзүм төлөп турам… Үч ай шуулдаган бойдон өтүп кетет. Анткени менен сиз кыш убактысын бош кетирбей, ал кесипке үйрөнөсүз… Окууну аяктаганыңызда ишке жайгаштырып койом… Сүйлөштүкпү, келе колуңузду?
Асанбектин акылы жубанга туура келди көрүнөт, ал жылмайып, колун узатты. Подполковник ага берген антында турду. Эми ал кез-кез сулуулар бөлмөсүнүн тушуна барып, анда чач бойоп жаткан жубанга айнектин сыртынан көз салып койот. Тиги аялдын шертти бузбаганына ичинен сүйүнөт. Кыялында: “Өмүр шеригин таап, бала-чакалуу болуп, бактысы ачылса, жакшы болот эле” – деп ойлонду.