Адабий сынак №20 Ырлар

№20

Тамчы кыз

Билем сен сүйөсүң жамгырды,

Сырдашың тамчылар мына бул.

Ыйласаң жууп коёор жашыңды,

мен болсо бара албай турамын.

 

 

Баргым бар, бара албайм, тартынам,

сүйгөнүң болсо анан тамчылар.

Бергим бар кол чатыр белекке,

ал сени тосот деп тамчыдан.

 

Жамгыр жаап, башкалар үшүсө,

сен гана жүрөсүң көйкөлүп.

Тамчылар барысын суу кылат,

Мен гана мен жүрөм өрттөнүп.

 

Дүйнөңдү тамчыдан башкага,

Ачпай тур, аруу кыз, жаш гана.

Бир күнү мен барам, күтө тур,

Дос болуп сен сүйгөн тамчыга.

20.02. 21

 

Алмашчу гүлдөр

Ошол күн бүтүрүү кечеси,

Мектептин узатуу бекети.

Бирден гүл сунушат досторум,

Жок үчүн колунда букети.

 

Эжеке,агайлар гүл алып,

Ыр белек окушат, кубанып.

Мен дагы сунганмын гүлүмдү,

Негедир эжейден уялып.

 

Ал сырдуу эжейдин жанына,

Бара алчу эмесмин батына.

Сүрдөгөн сырым бул эжейден,

Үйүндө гүлү бар татына.

 

Ал гүлдү алмашып гүлүмө,

Өстүрүп алайын үйүмө.

Анткени ал гүлдү жүрөгүм,

Дагы да жактырып жүрүүдө.

03.05.20

 

Тоолук десе

“Тоолук” десе тамашалай көптөрү,

томсорушат тообо, тоодо өскөнү.

Шаардыгы деле тоолук негизи,

токсон пайыз тоолор түзөт өлкөнү.

Топ таш ойноп тоонун сулуу кыздары,

тоо койнунда а биз тарттык көк бөрү.

Андан эмне арданабыз агалар?

Томсорткула “тоолук” деген көк мээни.

17.04.21

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.