Адабий сынак 22 Аңгеме

22

 

ТАЖЫЯ

Дал ушул күндөр.Таңга жуук. Демейдегиден баланы ширин уйкусун бузуп,
– Тур, батыраак тур,- деп түрткүлөгөн ата эшиктен чыгып баратып аялына айкырды.
– Балаңды ойгот. Жайлоого барып келсин.
– Эмнеге, мынча эрте?
– Ойгот көп сүйлөбөй!
Макул дегендей баш ийкеген эне бала жаткан бөлмөгө баш бага,
– Садагасы, тура кой. Атаң турсун дейт. Жайлоого барат экенсиң.
Атаң дегенде баланын көзү умачтай ачыла түшүп, ордунан учуп турду. Уйкусу кана бербеген бала деңселе бир чети апасына эркелей,
– Жайлоого, эмнеге апа?- деди көзүн ушалап койуп.
– Атаңдын ачуусу келип жүрбөсүн бол көзүнө көрүн батыраак.
Атасы дегенде ордунда калчылдай түшкөн бала жылаңайлак сыртка чуркап чыкты. Арыдан келе жаткан атасынын түрү бузук. Бала ансайын коркуудан үшүдү. Ийинин куушуруп атасын жалдырай караган баланын буттары билинер билинбес калчылдай араң,
– Ата..,- деди.
– Кийин да, тез жайлоого жөнө.
– Мм…
Эмнеге барат, эмне кылат бала сурай албады. Бул үйдө бир гана атасы сүйлөшү керек. Туурабы, туура эмеспи ошонуку эп. Туура эмес деп көрсүн бирөө жарым.Ошо күнү укпаган сөздү угушуп, жебеген токмогун жешет. Айрыкча апасы көргүлүктү көрөт. Ошон үчүнбү атаң дегенде таманынан тик туруп, атасынын түрү жаман болсо, жалбырактай дирилдейт. Атасы болсо баланын жүрөгүндө мээрим ойготуштун ордуна бүлөө башкарган болуп, каарын күчөткөндөн күчөтүп барат. Атаганат, мындайда бала дүйнөсү жабыркап, азапка чулганып не болот акыры. Аны атасы ойлонбойт окшойт да. Апасы эне да кичине шам- шум этип алсын дегиче болбой,
– Болбойсуңбу энең…- деп ата айрылып кетчүдөй бакырып, эне баланын үшүн алды.
Кийинип аткан бала шашканынан көздөрүн алайта апасын карап,
– Апа,- деп жиберди.
– Этият болуп барып келгин ээ, балам. Барагой.
Бала шаша чыга ачуусу бетине чыгып, ызырынган атасына бетме- бет келе түштү.
– А- ата.
– Кыбыраган энеңди урайын. Тез бол деген сайын ылжыраган.
Адатынча колун көтөрө чапмак болуп калганда,
– Ай, атасы,-деген апасынын үнүнөн бала атасынан жалтаңдап апасына далдалана калбаспы. Апасын жакасынан мыжыга,
– Тиякта тажыяга жылкы издеп менде бар деп,кымбат айтсам да макул болушту эле. А булар болсо эчтекеден камырабай энеңди..,- деп апасын ары түртүп жибере,- ушундайда кымбатыраак сатып алайын десе маарканасыңарда экөөң. Деги пайда- зыянды билесиңерби!?- деп ордунда титирей атасы.
– Ким өтүптүр атасы?-деп
күү менен жыгылганда мойнуна түшкөн жолугун оңдоно ордунан туруп жаткан апасы атасына суроолуу карап.
Эмнеси болсо да өлүм ар кандай адамды жошута койобу айтор, атасы ачуусу тарай,
– Тике көчөдөгү Бады ава өтүп, кара ашына эттүрөөк жылкы сураштырышканын менде бар дедим. Тез алып кел дегеним ошол.
Ата баласын карап,
– Тез жөнө. Жетип минип алып тез чаап кел.
Балада жан калган жок. Чымын- куйун болуп, ыйлаганча айылдан чыгып, тоону өрдөй берди. Жан дүйнөсү куйкалана ичиндеги ызасын ыйдан чыгара, өпкө өпкөсүнө батпай арада кыйкырып- кыйкырып ыйлай, кимдир бирөө угуп жаткансып сүйлөнүп да алат. Эмне кылсын анан!? Кулун тайынан бери жан биргедей чоңойгон Айкарасын өз колу менен сойгонго алып келип берсинби?
– Жок алып келип бербейм, сойдурбайм. Сөзсүз жылкы сойуш керек беле уу-у-уу. Башка сойо турганы жок бекен уу-у-уу. Алып барбайм…
Бала улам өрдөгөн сайын үнү жаңырып, табыйгат да коштой дуу- дуу эте дуулдагансып жатты. Туура да, бири биринин курманы болсо табыйгаттын да жүрөгү оорубай койбойт да.Алар үнсүз гана ыйлашат, жабырланышат. Ошон үчүнбү баланын ыйынан бир толгонуп алышкансыды го. Баланын аруу дүйнөсү барчаланып, ыйдын, атасынын зыкым зардабынанбы кичи жайлоого жеткенин билбей да калды. Жайлоонун көркүнө бала болсо да тойбой суктана берчү. Азыр анте албады. Түз эле Айкара көрүнгөн жакка жөнөдү. Жетип чыдабады. Айкарасын мойнуна асыла, жалынан сылай шолоктоп ыйлай божурап сүйлөй жатты. Жаныбар жүрөгү туйдубу же дайыма эркелеген ээсинин ыйлаганы чоочуркаттыбы окурана, балага түшүнбөй жатты.
– Сени кантип өз колум менен алып барып берем. Кантип? Атамды билесиң. Таш жүрөк. Сен эмес бизди да айабайт. Апам экөөбүздү. Ага сени сатып акча кылса болду. Айкарам, сен кандай жакшысын. Ошону атам кандай сезбейт. Эмне адам өлсө эле сөзсүз жылкы сойуш керекпи? Түшүнбөйм адамдарга сенчи? Сага да айла жок мен жетелесем кете бересиң. Мага да айла жок атамдан коркуп алып барышым керек. Эмне кылалы, айтчы? Кел экөөбүз тең барбай койобуз. Анан, анан атам апамды сабайт. Байкуш апамды…
Бала мурдун шор тарта дагы бышактай баштап көпкө турду. Болбоду. Акыры мезгилдин оор жүгүнө айласыз мойун суна баш көтөрө албай Айкарасын жалынан тарта илкий басып келген жолуна кайтты. Ичи эңшерилип пайда болгон ачуу боштукка кандайдыр бир жагымсыз толгоолор орун алып ичи ачышып баратты. Баягыдай ыйлабай өңү да мерездене бирок кадамын тездеткен жок.Улам ылдыйлай берди. Дале ойу уйгу- туйгу.
Мындайда убакыт тызылдайт да. Баланын ат жалына асылып ыйлап турганын уккан аксакалдар бир дары жактыра бербей бул убакка чейин этти асып койсо болот эле дешип. Арада угуп калган Чүкө аксакал,

-Тим койгула. Экөөн ыйлатып ажыратып эмне кыласыңар. Баланын жүрөгүн жаралап жатып…болбойт. Башкада жок беле таба койгула,- деп адам менен жаныбардын ортосундагы купуя байланыштын тамырына доо кетирбеди. Жылкы жандуу кыргыз жашай берерине ынана аксакал да балага ичинен ыраазы боло сүйүнүп койду.

А баланын сүйүнгөнүн айтпа.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.