Адабий сынак 26 Аңгеме- фантастика
26
ЧЫНЫГЫ КҮРӨШ
Жылдыз шаары. Бул шаардын жашоочулары өңчөй жаштар, иштесе ишке, ойносо оюнга тойбогон жаштар. Баары бир курактуу, не бир эмгектеген же ыйлаган бала үнү, не бир ашыкча кыйналган пендеси жок. Шаар жашоочулары да ушунусу менен сыймыктанышчудай. Эң тынч түндөр, кажы-кыжусу, ызы-чуусу жок шаарда бир өзгөчөлүгү асте басышып, ээрчишкен карылары жок.
Өтө тартиптүү, бир калыпта, өнүгүүсү жогору шаарда жашоо жер тургундарынын кыялы, кайсы жерде бейтапкана, кайсы жерде тартип сакчылары иштейт белгисиз, эли укмуш эмгекчил,шаары таза, көчөлөрү күнү-түнү жарык.
Мындан 30 жыл илгери эле баары башка эле, эми түптөлүп, эми өсүп-өнүп, жашоочулары “Жылдыз” шаарын кыялданышып,курушту, саат санап өсүп-өнүктү.
Бизге белгисиз күндүзү Күн түнөп, түнү Ай жаткан өрөөндүн эки эрени береги шаарда, эр ортону элүүдөн өтүштү, кырчын кездин күч-энергиясын, максаттарына айланган тилектерине ширелген жаш кездерин ушул шаарга арнашты.
Самат ошол тоо баласы, Сем болду, кыялы өзгөрдү, Керим Керим боюнча калды, айыл болгондо булар очор-бачар үй бүлө башчысымын дешип, билектен күч, көздөн нур кеткенче иштешип, ак сакалдуу ээгинде жасалма таңдай койдурган аксакалдар болушмак.
Азыр көрүнүштөрү 30дан жаш көрүнсө көрүнөт, медицина жетишип калбадыбы. Сем толук үй бүлө деле курбады, азыр баланы каалаган кезде, каалагандай жыныста, өңдө, мүнөздө жасап алган заманына ыраазы. Бул жашоосуна эң ыраазы ушул, жаштык колдо түбөлүктүү, жашоосу тынч, иштеген иши шаардын кадырлууларынан 3өөнүн бири…кааласа ар жылы Марска барып, өз көзү менен жасалган иштерине ыраазы боло маашырланат, “Жылдыз” алаканга салгандай көзөмөлүндө, ал эле эмес Жердин өнүгүүсүнө, өсүүсүнө инвестициялайт.
Сем десе шыңга бойлуу, көзү курч, ашыкча салмагы жок жаш жигитти элестетиңиз, Керим аз өзгөрдү…түнт, бир ойду көп электен өткөрүп, бир тыянагы чыкмайын сабыр кылган жигит .Тоонун боорукер уулу, буудай раң, ак көңүл, бул деле жарытып карыбады, бир өзгөчөлүгү агарган чачы. Аны боёгусу келбеди, чыныгы жашын так билип, анын бир белгиси катары кармап жүрөт, маңдайдан өзгөчө көрктүү агарып баштаган чачын бир күндө бир күзгүдөн тиктемейи бар. Карабаса да биринчи көзгө урунганы ошол.
Жаш өйдөлөгөндө түнт тартты же өмүрүнүн ушул шаарга байланыштуу бөлүгүн камтыган жарынын Космостогу жашоого кеткенинен бери оң тарап көкүрөгү тызылдайт кээде-кээде. Ал бир алыста калган айылын, андагы жаштыгын эскерткен белгидей алгач кубанып кетти. Тызылдаганы аяктары менен көкүрөгүндөгү боштук сыртка чыгып, көз алдын, айлананы каптап кеткендей сезим, бир жердин күчү жетпечүдөй куса-туулган жерге экенин туюп жүрдү.
Жетип эле боз топурагын жыттап, көк шиберин жаздангысы бар, чыккан-кире албаган шаардын шарты коё бербейт. Үч уулу өзү өңдүү болушуп, булчуңдары толуп, бойго жеткен убагы. Үйүндө гана сагынуу, куса, көөдөндү тиреген абаны чыгарып ойлоп алат, үчөөнүн бөлмөлөрүнө баш багат, кимисинен кабар бар, эмнесин айтат деп экран карамай, баары жазылуу, күндөрү жадыбалдай күн тартиби, иш күндөрүнүн толук экени…күндө ушул болсо да түгөлдөп алмайы бар. Ортончусу өзгөчө сезимтал, сырдуу бөлмөдөгү экраны көбүнчө өчүп калат, иш күнү жазылган менен сезими, эмоциясы белгисиз. Сөзсүз экранды оңдоп, көңүлсүз, көз үйрөнгөн сандарга карап жатканда уулу чыга келет.
– Атоу,салам. Кандайсыз,кандай жүрөсүз?
– Балам, өзүң көргөнүңдөй,иштерди жасап жатышат. Менде баары жакшы дегенче шашкан уул
-“Эң жакындарда экрансыз түз байланыш болуш керек, сөзсүз бирге жашайбыз, сизге келин алып барам! деп кубандырган.
Ошону уккандан бери санаасы көбөйдү, тигил топтон болсочу келини, түбөлүк жаш, сезимсиз куурчакты кантер экен…Сем экөөнүн жаштыгы ушуларга арналбадыбы, өз ойлорунда адам жашоосун жеңилдеткилери келишкен, үйдү, короону, майда – чүйдөнү жасап жатышса, бир көз караш программа менен иштешсе…жакшы эмеспи. Жумуштарында түндөп-күндөп калып иштешпедиби. Көрсө адамзатка түпсүз ор каза беришкен тура, майда жумуштун баарын алган топ роботтор эми интеллекти бийик затка айланып чыгышты, өркүндөтүштү…алар чоң ишкана ээлери болуп, жөтөлгөн, ооруган же жөн гана кечиккен адамды кыскартып жатышып, бул шаарда адамзат калбады… жүрөгүнүн тызылдаганы да ушул, булар таза сезимди жокко чыгарышты, тукум улоону токтотушту, жөн гана чыгымы көп дешип койду.
Жаман жери эмне ойлогонуңу окуп алгандары, сүйлөтпөй жообун кыска бергендери.
Дагы бир өзгөчөлүгү бул адам- роботтор өнүгүп-өсүүгө гана басым жасашкандары, буларда карыя, кары адам, жашын сыйлоо деген түшүнүктүн жоктугу.
Балбыраган бал тилдүү баланы тобу менен чыгарып жатышканы, мээримге тойбогон, көөдөнү бош бир кылка жаштардын өсүүсү, алардын бири-бирине куюп койгондой окшоштугун кантесиң, ысымдары бир өңчөй кыска…
Сөздөрү чорт-чорт,интелекти да жасалма, адамзатты чарчаткан интеллекти башташкандар ушулар.
Өмүр бою жаш дикторлор, кондукторлор,шофёрлор деги койчу бүт сферадан адамзатты кууп чыгышты.Анан кимдин жүрөгү тызылдабасын.
Булар эмоцияга алдырбай, биримдиги менен өнүгүүнү көздөй баратышат, “Жылдыздын” бактылуу тургундары ушул адам роботтору,оорушпайт,урушушпайт, өргүүгө чыгышпайт, үйгө да кетишпейт, кааласа заряддаганча эле көзүн жума түшпөсө 24 саат бою жемиштүү ишчилер.
Семдин эң кубандырганы, жаштык шаарын курганы, бир сырдуу топтун өзүн карап турганы, эмне айтса кайталагандары. Сүйгөн фразасы ” Адамга күнүң түшпөсүн” деген эле эмгекчилдигинин артынан Жер шарынын тарыхында калмай болду,өзү жөнүндө айтылбаган мактоо сөз калбады. Адамзаттын шедеврлери аталмыштарды бүт тармактан адам жоокерлери колго алып, кайталап коюшпадыбы. Көп сүйлөп мээ чарчатышпайт, сүйлөтпөй жасашкандары жакчу…оюмду окуп, кызматымды кылышса деген тилегине жетти.
Тоо койнундагы өрөөндүн шылдыр сууларын, табиятын деле жасап салайын деп белсенип жүргөн чагы…өзү жактырган суу жээктериндеги таштары, түшүп-чыгып ойношкон бийик дөбөлөрү, түштөрүндө көп көргөн ак гүлгө оронгон өрөөн.
Ээрчишкени дайым Керим досу,анын ишенимдүү өңү, жылмаят же суз тартат,ички сырын окутпаган,роботтордун интеллектинен бийик кыял-ойлуулугу ушул жерде башталгандай.
Анан дагы бир каарманы түшүнүн 10чуга чейин бир окуган Тоту.
Тотуя ак жүздүү,бакырайган чаарчык көздүү, сербейген чачтары суйсалган кыз болуп бойго жетпедиби. Айылын бүт унутканы качан, ал жерде бир жарыбаса, эли таңдан кечке кажына иштесе да бай-бакубатчылыкка жетпеген, сезимдер менен жакын сезип бири-бирин,боор тартып жашашкан, бири-бирине кирип-чыгып кумурскадай жайнаган эл, жепирейген жер кепелер, кемшейген карылары бар айыл. Түш болбосо, эстемек кайда Тоту, Тотуя, Тото, Тотонгүл болбосо, эстесе ушул ак жүздүү, аркар төштүү, элик буттуу, көздөрү чаарчыктыкындай күнөөсүз, жапайы коёндордой сергек классташы түштөрүнүн коногу…ушуну гана өзгөрткүсү келбейт, бекитет, билдиргиси келбейт. Эң интеллекти бийик адам-робот да кожоюн ак булутту сүйөт дейт, бул Космос жолунда өйдө-ылдый көчкөн пайдасыз нерселер да…ии баса, түшүндө… түштөгү Тотуя карабайт, сүйлөшпөйт…таарынычы бардай. Же гүл терип кетет, же ак гүлдөрдө кызыл жоолугу бир чекит болгончо бир бурулбай аралап узака кетет. Узакта калганы да кеткени деп жүрдү, жүзүн эми унута да баштады, эстегени-көзү ,аппак тиштери, эки алдыңкы тиши коёндой көрүнүп турганы. Деталдап жыйнап жасаганы жүрөгү каалабады, көбөйүп кетүүсүнөн чочулады, сын-сымбатын уурдаганы деле жетишет, көчөдө млндогон Тотуялар…өңү башка, атайы ошонтти,анда-санда көрчү түшү кетпей күндө кайталанма болушун каалабады.Түшүндө бир да бери карабаганына, ак сүйүүсү жоопсуз калганына кекенди.
Үчөө жетелеше өсүп,жумшак мүнөз Керимди тандагандай көрүнчү…кыялында андай деле эмес дейт ойлогон сайын, аскерден келишсе ала качып кетиптир…Ойлосо колу,эрини ачуудан титирей түшөт.
Керимге да жок,Саматка да жок.Келген соң колоктоп жүрө алышпады сүйлөшүп,четке чыгып кетишти, турмушуна аралашышпады. Катуу урду Самат, барскандай колу менен, Неге коргободуң, неге сүйүүңдү айтып алып калбадың деп.
Бул да жаны калбай урду: Сен жактырам айтсаң өлөт белең” деп…эстесе жылмаят.
Тоту себеп бүгүнкү жакшы күндөргө жетишишпедиби…айылдан чыгышпаса бул өзгөрүүлөргө катышышпай калууну элестете албайт. Бир жагынан Тотуну алып кеткен айылдаш акесине ыраазы, секирүүчү күчтү бергенине.
Бүгүн ошол досуна сапар алганы даярданды, жолго узагы менен 5 мүн,анын 30 мүнөтү эле короодон чыкканга кетчүдөй болсо.Адамбыз го акыры деди,айтты да катуу чочуп алды,кайдан мынтип калды,бул ой мээге кайдан келди, роботторго дискриминациясы бар деп интеллекти бийик бир үйдөгүлөр маалымат таратып койсо,күнү кантмек…тез досуна жетүүгө ашыкты,жетсе эле бир өзгөрүү болушун туйду.
Сырт кадимкидей тынч жашоо, тынымсыз, үнсүз- доошсуз машиналар, бир өңчөй жаштар…элди байкагысы келип, автобус аялдамасында отурду…топ жаштар,күчкө, энегияга толгон жаштар колундагы саат маалыматын чыгарып турду,өңчөй роботтор экен, спортто жетишкендиктери таң калтырчу топ,тил билгендер 4-5 тилде эркин сүйлөө менен,музыкалык аспаптарда чебер ойногон кесипкөйлөрдү көрүп,суктанып адамзатка.
Өзүнчө эргип алды…адамзат өмүр бою аракеттенип, жасагандарына тез арада жетишүү деген эмне!
Досуна бараткан жолдо ой-пикирин,санасын башка нерселер ээлеп, аны үйдө экенин сурабай чыкканы болду. Көп аппараттарынан белги узатты, жооп жок, досу узакка кеткендей, бирок келбе деген белги жок, нукура конок күтүү салтын кармайчудай бүт белгиде жашыл түс.
Сыртта баары көркөм, таза, керимсел шамал болуп турат.
Самат досуна жөнөдү, бүт өмүрү күрөш менен өткөнүн, өзү жаш көрүнгөнү менен карылык желкелеп алганын түшүндү, сыртта бири-бири менен чарбасы жок эл кымгуут өз жашоосу менен алек экенин көрдү.
Бу жасалма интеллект ээлери адамзаттан көп сапаттары менен алдыда болгону менен ачылып сүйлөшпөгөндөрү кызык…бири-биринин оюн окуп турса эмнени сүйлөшмөк.
Жообу даяр, кыска, так.
Ээ түбүң түшкүр дүнүйө, буларды го жасаптыр, салттан-санаадан жок макулук эмей булар,ишеним жок, сезими жок…шаардын келечеги барбы? Өзү непада көз жумса, ак кепиндеп аруу жууп, сөөгү Мекенине кетишин каалады, тирүүндө барбаган, кабарын албаган тоого улай жайгашкан айылынын боз дөбөлүү мүрзөсүндө калууну эңседи…тогуз жолдун тоомунда болгон сымал бүт жолдор айылга алып барып бүтөөрүн туйду. Бул жасагандарын көп эле макулук кылып салышкан тура, сезими жок муздак байланыштарын, көз караштарын, сүйлөгөндөрүн көрүп ичиркенип кетти…өз санаалары менен Керимдин үйүнө да жетти.
Сагынып, бетме-бет сүйлөшүүнү, жан дүйнө эңсеген баарлашууну, көптөн бери жүрөк өйүп, комптон билдире албаган аманат сөздөрүн камдап келди.
Эшиги кармай элек ачылып, үйүнө кирип барды, гүлгө оронгон короосу, аурасы таза, салкын үйү…Бөлмөгө киргенде көзү караңгылаша кетти, күңүрттүккө көнгүчө деди, жок буттары алсызданды, тизелери уюп ооруп,буту күчүн жоготуп баратты, эшиктин туткасына жабыша жерге сулап баратты…
” Каралдым ай, абайласаңчы”, деген үндү укту, бул сөздү уга элегине канча болду эле, балким 30 жылдан ашты, апасы гана ушундай дечү эмес беле, жөөлүп баратам деди өзүнчө, азыр биринчи жардамдар келет деп ишенимдүү болду, сезимтал экрандар бүт иштейт, абалымы жазып жөнөтөт деген абалда.
Чөкө түшүп жерге жакындап баратты, үйдүн полу муздак болуп өзүнө келтиргендей,көз алдында боз үйдүн жасалгасын көрдү, “кийиздер” деди, өзү укту сөзүн…жерде ала кийиз, бала кезде апасы боёко салып, түрдүү раңдагы кооз ала кийизди, көз майын коротуп, кол жоорутуп жасаган шырдактарды көрдү…кызыл, кызгылтым түстөр арбап баратты, оймо-оюктардын философиясына сүңгүп баратып, “Каралдым,кардың ачтыбы?” деп апасынын үнүн укту, оо түпкүрдө таштай каткан көз жашы жыйылып, катып калган көкүрөгү жибишди…көзүнө жаш денесин жылуулукка орой келди, көмөйкөйгө топтой чогула түшүп…жыпжылуу суудай акты. Апасынын ушул сөзүн сагынбады беле…
“Каралдым, өзүңдү аябайсыңбы, арыктаганыңы кантейин” деп кагылды, миң кагылды…Самат өзүн жаш наристедей сезди,”Апоу” деди,
Апа үн катпады, таарынгандай карабады,мен силерден кечпей калайын деди Самат, ата-апа мени кечиргиле, адамзат Жараткан берген өмүрү менен жашап, тукум улоосу керек тура, силер мени таштап кетпегиле деп,өпкөлөп ыйлады.
“Самат сени досторуң чакырышат, тур чыкчы эшике” деген сөзүн укту апасынын, бала кездей жепжеңил чуркап жөнөдү. Балдар,кыздар тоого жөнөшкөндөй, Тоту турат толукшуган айдай болуп,эми жүзүн жакшылап көрчүдөй бир болсо.
Кыздар суу жээктеп турушкан экен, Тотуну эңилип карай берди…
Тотунун бети анардай кызарып чыгыптыр, суунун чагылуусу менен жүзү андан да апакай болуп бир түрдүү кубулуп турду, ийилген кирпиктеринен, сымбаттуу мүчөсүнөн сулуулугу аша Саматты апкаарытты.
Муздак сууну чачып жиберди, каш кага күлгөн кыз, өпкөсү толо дем алып алды…
Сем өзүнө келди…Керимдин уулу жетип келип, кам көрүп жүрүптүр, жапжаш колуктусу да бар.
Өпкөсү көөп ыйлаган Сем, ак бата берди жаштарга, “Өнүп-өскүлө,өзүңөрдөн өзүңөр көбөйгүлө, уулуңар Улукмандай, кызыңар Бүбү Батмадай болсун, журт багаар уулдар тарбиялагыла” деди. Өз эне тилинде бата тиледи,ушундай балдарга кезиккенине өзүнө-өзү раазы болду. Досу да келээр убагы болуп баратты, Саматта жаңы пландар, максаттар ойгонду…