Адабий сынак 27 Аңгеме

27

ҮНСҮЗ БУЛБУЛ
(АҢГЕМЕ)

Автордон: Элибиздин тарыхындагы бул каргашалуу окуя өткөн кылымдын 30-чу жылдары Оштун Алайында болуп өткөн. Эгемендик бизге ушундай көз жаш, адашуу, жоготуу, кайгы-муң менен келгенин биле жүрсөк.

«Оштон кызыл аскерлер келатыптыр!» деген каңшаарды уккан эл түн жамына жолго чыкты. Мындайда кенебестик жаман! Баары шашылды. Күн батары менен жолго даярданышкан. Боз үйлөрүн топоз, атка өңөрүп, оокатын куржунга артып, жаш келиндер баласы, бешиги менен бир атка минип, иш билги келиндер, керилген кайненелер да салт эмес: неберелерин алдына алып, кээ бири артына да учкаштырып баратышты. Атка жетпегендер эшекчен жолго чыгышты. Алдыда атчан эркектер жол баштап, «айт», «куйт» деп, бир айылдын малын айдап алышкан.
Өз журтунан түн жамына качкандар Гүлчөнү бойлой аккан сууга ушул саамда окшош эле… Тоо суусу таштан-ташка урунуп, эч бир токтоосуз аккандай, мекенин таштап узак жолго чыккандар да мал-жандыктын артынан тыным албай жүрүп отурушту.
Гүлчөгө жеткенде, аярлап өтүштү. Чек ара тозоту бар кыштактын акиташ менен акталган тамдарынын боорунан жаңы эле атылган октун издери айдын жарыгында көрүнүп турат. Кечээги алааматтан жүрөгү түшкөн иттер да адатынча абалап чыкпады. Жол жээгинде кыйылган телеграф карагайлары жатат. Жыгылганы менен зымдары үзүлбөй калганын, ийнинен жарадар болгон кызыл командир Ошко кабар бергенге жетишкенин, кутумду уюштурган бийдин үч аялынан таркаган балдары кылгылыкты кылып коюп, Ооган тарапка из жашырганын бул жерде бараткандар билишпеди. Бар билгендери «Колхоз уюшулат экен! Мал-жандыктын баары, аялдардын баары ортодо болот экен!» деген ушак кеп! Ушундан коркушту…

– Айкөкүл, уктап кетпе! Сиңдилериңди жыгытып аласың! – дегенде ат үстүндөгү тестиер кыздын көзү умачтай ачылды.
– Жок, атаке! Жыгытпайм! Бекем кармап баратам!
– Ий ошондой десең, кызым!
Уктабай кет!

Кызыл ашыкка жеткен узун көйнөгүнүн үстүнө кооз седептери бар кемсел кийген Айкөкүл үйдөгү тогуз кыздын улуусу. Минген атынын туягы ташка тийгенде, башындагы үкүлүү тебетейин оңдоп коёт. Өзүнөн улуу төрт агасы бар. Алар да ушул жерде, топтун ичинде жүрүшөт.

Таң супа атканда качкындар майда бадалдуу капчыгайга жетишти. Бийик-бийик өрүктөрдүн ордуна ар-ар жерде жапыс арчалар топ-топ болуп көзгө урунат.
Айкөкүл жашыл арчанын буруксуган жытын алыстан сезди. Апасы ар дайым жазында «Алас, алас, ар балээден калас!» деп үйдү аластап, анан эшиктеги очокко пахта майын кызарта дактап, боорсок бышырчу. Ушундай бейкапар балалык күндөрүн эстеп, Айкөкүлдүн көзүнө жаш келди…

Чак түштө алыстан мотордун күрүлдөгөн үнү угулуп, атчандар аттан түшүп сай боюндагы бадалдарга жашынганча, аэроплан төбөдөн жакындап келди. Ачуу үнүнөн аттар үркүп, кээ бир атчандарды ала качты. Самолёт ушунчалык жакын учкандыктан, Айкөкүл ичиндеги эки учкучту даана көрдү. Артындагысы улам бир нерселерди алып, терезеден ылдый таштап жатты.
– Даң! Дүң!

Жараткан өзү сактадыбы, айтор эч ким жабыркаган жок.
Бирок баарынын эси чыкты. Мындайды ким көрүптүр! Асмандан кордук көрөбүз деп эч кимисинин уктаса түшүнө кирген эмес.
Таштаганы суу үстүнө жарылган учак ошол бойдон кайрылбай кетти…

Бешим маалда өз жеринен качкан эл Кытайдын чек арасына бут коюшту. «Чаң, чуң» деп сүйлөгөн чек арачылар ары жактан уйгур тилмечти чакырышты.

– Алтун, кумуш болса бу едемга бериңла! – деди тилмеч жунго чапан кийип, белине күмүш кемер тагынган, эркек туруп чачы өрүлгөн башчыны көрсөтүп.

Айкөкүл ал кытайды кызыга карады. Сары тоголок жүзүнө тилип кескендей көздөрү жарашып, качып келгендердин азабына эмес, пулуна кызыгып, мышыктыкындай болгон сейрек мурутун сылап турду ал кытай.
Кичинесиндеги сары мышыгына окшотуп, күлкүсү келди. Бирок азыр күлө турган убак эмес. Артка жол жок! Качкын элге убактынча болсо да, корголоп турганга жер керек.

Качкын элдин абалын билген чек ара башчысы кебелбейт. «Жок!» деп айтса, иштин өлгөнү! Артта куугун болушу ыктымал.
Ушуну түшүнүп, мусапыр журт чачы өрүлгөн кытайга жалдырады. Алтын, күмүш тыйындар аз дегенинен аялдар сөйкө, билериктерин чечип беришти.
Ошондо гана башчынын кабагы ачылып, эки аскерин коштоп берди. Алар беш-он чакырым жүргөн соң, тоо этегиндеги аккан суусу бар жайык жерди көрсөтүп, келген жолуна түшүштү.
Түнү менен жол жүргөн эл түшкө барып боз үйлөрүн катар тигишти.

Ошентип күндөр өтүп жатты…
Алтын күз жаңы эле башталганда, бул жерге келгендерди кулак угуп, көз көрбөгөн кырсык тооруду.
Айкөкүл ал күнү уктай албады. Негедир жүрөгү кырсыктын болорун сезгендей…

Таң атарда сырттан аттардын дүбүртү угулуп, «Уралаган!» үндөр асманды жарды.
Боз үйдө жаткан эркектер дамбалчан сыртка чыкканда, мылтыктын оозу аларды мээлеп турган болчу.
Атчандар он боз үйдөгү элди аял, эркек кылып бөлүп, эки жерге тургузду.

– Кызым, апаңа караан бол, айланайын! – деди атасы ыраактан.
– Атаке!..Атаке!…Атаке!…
Бирок ызы-чууда оңойлук менен угулар эмес.
Аңгыча кител кийген мурутчан командир бирдеме деп атчан аскерлерге буйрук берди.
Эч ким ушундай болот деп күткөн эмес! Атчандар кылычын кынынан чыгарып, элүү метрдей жерде тизилип турган эркектерди оңго-солго чаап кирди. Теректи кыйганда кандай кулайт, адамдар да ошондой кулап жатты… Аялдар, кыздар, кичинекей балдар ыйлап, кыямат кайым болду. Адамдын канынан мал жандыктар үркүп, туш келди качты. Кан суудай акты…
Аскерлер өспүрүм балдарды да аяшкан жок. Кытайда ким көрмөк дештиби, миздүү кылыч менен далайын солойтушту. Кандын жытына мас болгон немелер колдору талыганда гана токтоп, кызыл командирин ээрчип, чек араны көздөй чаап кетишти.
Эси оогон аялдар бир саамга өздөрүн жоготуп, азыркы көргөнү түш экен деп ойлоп, «Караңгы түн менен кет! Аккан суу менен кет!» деп балакеттен кутулчудай болуп турушту.
Тилекке каршы кылыч менен чабылгандардын бири да ордунан козголбоду. Жер менен жер болуп, канга малынып жатты…

– Аа а а а! Айланайын тирөөчтөрүм! Силерде не жазык? Сагыным! Бердибегим! Узарбегим! Колдошум! Мен эми кантем! Кантип жашайм! – деп Айкөкүлдүн апасы аялдардын арасынан биринчи болуп ач кыйкырды.
Башка аялдар да ыз-тыз болуп, өз-өз баласын, жолдошун, атасын кучактап ыйлап киришти.

Ошончо эркектен кудайдын момуну Жоошбай тирүү калыптыр. Кылыч жонун сыйпап өткөнү эле болбосо, башка бир жеринде так да жок. Айкөкүлдүн атасынын ичине кылыч тийиптир. Апасы кардын жоолук менен бекем таңып койду.
Атасы бирде эсине келип, бирде эсин жоготуп жатты.
Адам баарын көтөрөт экен!
Аялдар ыйлап-ыйлап, көзүнүн жашы түгөнгөндө, өлгөндөрдү таш менен корумдап, жолго камынды.
Малдын көбү жок, болгонун Жоошбай чогултуп, мурда келген жолуна түшүштү.
Айкөкүл атасынын ордуна ата болуп, агаларынын ордуна ага болуп, бир да сиңдисин жолго калтырбай атасынын, агаларынын атына экиден отургузуп, аттардын баарын бирине бирин байлап, өзү эң кичүү сиңдисин алып, алдыда баратты.

Эки чакырым жүрүп-жүрбөй атасынын абалы оордоду.
Жерге түшүрүп, бадалдын көлөкөсүнө сүйөштү. Атасы абдан кыйналып турду. Ошентсе да баш аягын жыйып, баарын мында чакыргыла дегендей ишарат кылды. Көздөрү кайгыдан шишиген аялдар Айкөкүлдүн атасын ыйламсырай тегеректеп турушту.

– Ыйлабагыла! Ыйлагандан пайда жок! Мобул кичинекей балдардын тагдырын ойлогула! Мекенсиз адам – үнсүз булбул! Эч токтобой, туулган жерге кайткыла! – деп айтып атасы көз жумду.
Күткөнгө убакыт жок болчу.
Ошол эле бадалдын түбүнө таш менен корумдап, журттан тозгондор тоолору асман мелжиген, бетеге жайыттуу Алайды көздөй жылышты..

Соц тармактар:

7 thoughts on “Адабий сынак 27 Аңгеме

  • 02.09.2021 в 14:06
    Permalink

    Бул аңгеме нукура кыргыз элинин башынан өткөн катаал күндөрдү даана баяндаган чоң , мыкты чеберчилик менен жазылган аңгеме болуптур. Ангеменин автору ошол каргашалуу окуяны жакындан билген, биздин тарыхыбызга кайдыгер карабаган , алп жүрөктүү, боорукер адам болсо керек. «Мекенсиз адам үнсүз булбул» деген сөзү жүрөгүмө таамай тийип, мекенибиздин, жерибиздин баркын билүү жана көздүн карегиндей сактоо биздин ыйык парзыбыз экенин эске салган мыкты аңгеме экен. Кыргыз эли илгертеден келе жаткан улуу эл. Биздин баштан эмнелер гана өткөн жок. Элибиздин сабырдуулугун, жерибиздин ыйыктыгын унутпайлы! Кайрадан тарыхты, ата бабаларыбыздын баскан жолун эске салган авторго чоң рахмат! Сизге таазим.

    Ответ
  • 08.09.2021 в 12:49
    Permalink

    Мыкты аңгеме болуптур. Тили жатык. Эч бир ашыкчасы жоктой. Эгемендик бизге токсонунчу жылдары асмандан түшкөндөй эле бекер келди деп жүргөнүбүз менен азабын кийин тартпадыкпы. Өткөн тарыхыбызда автор жазгандай трагедиялуу окуялар көп болгон. Ошонун бирин ал таасирдүү бере алган.

    Ответ
  • 22.09.2021 в 21:45
    Permalink

    Эгемендуулук кандай азап,тозок менен келгени,кийинки муунга сабак болчу чыгарма болуптур.

    Ответ
  • 28.09.2021 в 13:29
    Permalink

    Таасирдуу ангеме болуптур.бугунку биздин жай турмушубуз учун канчадан Бир туугандарыбыз каны жаны беришкен

    Ответ
  • 28.09.2021 в 18:33
    Permalink

    Авторго ийгилик

    Ответ
  • 01.11.2021 в 23:19
    Permalink

    Эгемендиктин баа баркына жетууго ундогон чыгарма болуптур.Авторго чыгармачылык ийгилик.

    Ответ
  • 02.12.2021 в 13:58
    Permalink

    Мен эмне десем.Жашоо ушунчалык татаал.Бирок жашоо татаал дейбиз.Эми ойлоп корлучу,биздин ата-бабаларыбыз биз учун,жаш тагдырлар учун,кандай азаптуу кунду басып отушту.Мен бул чыгарманы окуганда,журогум ушунчалык толкундады.Кыргыз элинин тагдыры,башынан откон оор кыйынчылыктары ото татаал.Бул тагдырды,кыргыз элинин тагдырын жазган автор чыныгы патриоттуулугу менен жазган.Бул чыгарманы жазган учурда ,озунун жан дуйносун,ички жашоосун жанырткан.Кыргыз элинин тарыхын,бутун адам затына тараткан.Адамдардын,мекенине болгон суйуусун кучоткон чыгарма экен.Бул чыгарманы чыгарган авторго таазим кылам.Кыргыз элинин кайрадан тааныткандыгы учун авторго чоон рахмаат!

    Ответ

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.