Адабий сынак 25 Аңгеме

25

Аллоо…

(аңгеме-диалог)

– Аллоо…аллоо…аллоо… дейм…
– Да …угуп жатам.
– Балам сенсиңби?
– Ооба…мен…ким бул?
– Ой,мен атаңмын…Кандайсың балам?Алоолоп жатып…
– Жакшы…өзүңүз кандай?
– Биз жакшы балам…
– Айта бериңиз, угуп жатам …
– Кандай балам…тынчсыңарбы?
– Тынч…тынч эле…айта бериңиз, жумушта болчуумун
– Тиги…апаң бир аз…
– Апам эмне болду?
– Бир аз табы айнып калыптыр…анан аны доктурга жаткырыш керек экен…
– Эмнеси ооруп жатат?
– Билбейм балам…
– Жаткыра бериңиз да…ошону дагы мага айтасызбы?
– Эми силерге айтпаганда кимге айтам…эки күндөн бери дене табы жогорулап эле…алсырайт байкушум. Анан айылдагы доктур кызга көрсөтсөм, “тез арада ооруканага жаткырыңыз…апанын дарты опурталдуу” дейт. Анан ошол “опурталдуу” деген сөзү мага катуу тийип жатат. Жаткырыш керек экен. Билесиң пенсияга дагы убакыт бар. Өткөн айдыкын алып, үйгө бир аз оокаттарды камдап алдык эле. Анан майда-чүйдөгө кетип олтуруп эле, чака тыйыныбыз калбаптыр.
– Ай,ушу силер…качан болсун “чака тыйын калбаптыр деп” суранганыңар,суранган. Качан деги “бар” деп айтасыңар?
– Балам…антип деле айтабыз. Силерден суранган деле жерибиз жок го. Кудага шүгүр,өзүбүздүкү өзүбүзгө жетет…Эми бу дарт айтып келбейт экен да…
– Ооба, апам да делдектебей,кичине сактанып жүрсө болбойбу. Жанын аябайт деги?
– Анан эмне кылсын бечара…бардык тирилик мойнунда болсо…
– Кайсы тирилик? Кайсы жумушуңар калып жатат деги? Тынч эле пенсияны жеп коюп жатсаңар болот да…
– Айылда болбойт да балам…кичине мал -сал болбосо да болчу беле?
– Ии,ошол малыңардан саткыла да…Ата, мен азыр жумуштамын. Чогулушум бар. Менде да азыр чака тыйын жок. Тиги, эркетайыңызга чалсаңыз. Ошондо акча үзүлбөйт. Анын үстүнө апам ошол баласын жакшы көрөт го, бизге караганда…
– Аа,балам, макул…аман бол…айла кеткенден чыктым эле да…

хххх ххххх
– Аллоо …
– Да,угуп жатам.
– Бекзатсыңбы?
– Ооба,мен…
– Бул мен атаң…кандай уулум,жакшы турасыңбы? Иштериң ,ден соолугуң жакшыбы?
– Жакшы ата,жакшы…
– Балдарың жакшы жүрүшөбү? Дегеле кабар албайсыңар го?
– Ата, иш көп да…кол бошобойт.Азыр да чогулушта элем…
– Балам, мени менен сүйлөшө аласыңбы анда?
– Айта бериңиз…
– Апаң сыркоолоп жатат. Ооруканага жаткырыш керек болуп жатат…
– Эмне болду?
– Билбейм…алсырайт…тамак ичпейт…
– Доктурларга көрсөттүңүзбү?
– Ооба…ошолор айтышты “тез арада ооруканага жаткырыңыз, коркунучтуу”-деп.
– Анда жаткыраңыз да…
– Бир аз тыйын керек болуп жатат.
– Пенсияңар бар го?
– Ии,балам, аны жок кылып алдык эле да. Тиги агаңдан сурасам, анда да акча жок экен. Анан сага чыгып жатпаймынбы?
– Ата,менде кайсы акча. Билесиз, үйдө көп жанбыз. Балдар чоңоюп келе жатышат.Бирине тартсан, бирине жетпейт. Айлыктын көзүн карап олтурсам. Шаар жери болсо…баары сатылат…Же бир мага кимдир бирөө байлыгын калтырбаптыр…Ар бири кымбат телефон алгысы келет. Күндө кулакты жешет. Кимисине жеткирем билбейм…Ошо акча жоктугунан балдарыма да жаман көрүнүп жатам.
– Аа,балам, сенден да чыкпайт экен да анда.
– Капа болбоң ата. Эми айылда эл-журт деген бар го. Ошолордон чыгып калаар. Ии,баса, короодогу малдардан бирди сатыңыз да.
– Аа,балам, мал азыр арык. Анын үстүнө мал базар да келе элек. Эми силер берип турсаңар, мал семиргенде сатып, кайтарып деле берет элем…
– Ай,ата, ушинтип күйгүзөсүз да…
– Айла кеткендеги сөз да балам…аман болгула…
– Кызыңызга чалып көрбөйсүзбү, ошондон чыгып калаар. Күйөө балаңыз чиренген бизнесмен го…(түүт-түүт)
хххх ххххххх
– Аллоо….аллоо…
– Да…ким бул?
– Барыңар эле” ким бул?” дейсиңер да…бул мен атаңмын…
– Ии,ата,тааныбай калыптырмын да…
– Тез-тез кабарлашып турбасаңар,ошентип тааныбай каласыңар,балам…
– Тез-тез чалганга убакыт жок да…балдар менен керели кечке ызылдап эле…чалганга убакыт жок…
– Кызым кандайсың?..
– Жакшы ата, өзүңүз кандай?
– Жакшыбыз…биз жакшы.
– Апам кандай,тынч турасыңарбы? Айыл-апа тынчпы?
– Ооба,кызым, баары жакшы.
– Ии,ата,чалып калыптырсыз…?
– Тез-тез эле чалып турчу элем го…
– Тамашалап жатам…жөн жай элеби?
– Жөн жай деле эмес го?!…
– Чоочутпаңызчы, ата.Тынччылыкпы деги?
– Апаң бир аз коркутуп жатпайбы?
– Эмне болду? Ооруп жатабы?
– Ооба…
– Доктурга көрсөтүңүз да…
– Көрсөттүм…анан алар “ооруканага жатсын, тез арада дарылатыңыз”-деп жатышат.
– Анда жаткырыңыз.
– Ошо жаткырайын десем, акча керек экен да…
– Ким айтты? Пенсионерге азыр бардыгы акысыз.
– Акысызы да бар экен,акылуусу да бар экен. Эми бир аз болсо да тыйын керек болуп жатпайбы? Кичине тамак ашына да керек да жок дегенде.
– Тамакты өздөрү беришет да
– Ал жердин тамагы болбойт дешет
– Болот, ким айтат ошону…ал жерде сонун эле тамак беришет.
– Эми башкасына деле керек болуп калабы деп…тиги агаларыңда жок экен. Анан сага чыгып жатам да. Балким сенден чыгып калар,кызым.
– Ий,ата менде кайсы акча? Мен иштебей үйдө олтурам го. Иштесем да анча -мынча акча кармайт элем. Күйөө балаңыздын иши жакшы жүрүшпөй жатат акыркы күндөрү.
– Аа, кызым, түшүндүм. Макул, эптеп бирдеме кылармын. Эл-журт бар го. Силер ал жакта аман болгула. Балдарыңды өөп кой…
– Капа болбоңуз ата
– Жок,кызым…кайдагы капа…

хххххх хххххх
– Аллоо….
– ….
– Аллоо..
– ….
– Буга эмне болгон….жооп бербейт да…
– Аллоо..
– Эмне укпай жатабы?
– …
– Деги тынч эле бекен?..
– …
– Аллоо..
– …
– Мейли…дагы чалаармын…
ххх хххх
– Аллоо…
– ….
– Аллоо дейм….
– ….
– Мунусу деле албайт да? Буларга эмне болгон?
– ….
– Аллоо…иши көп окшойт…мейли, өзү чалаар колу бошосо…

хххх ххххх
– Аллоо …
– Да угуп жатам…
– Бул мен атаң?
– Ии,кандайсыз?Тынччылыкпы?
– Тынч балам…тынчпыз. Өзүңөр кандайсыңар? Таптакыр эле кабарсыз кеттиңер?!Телефон чалса албайсыңар?
– Дагы эмне болду?
– Эч нерсе болгон жок…жакшы кабар айтып коеюн дедим…
– Кандай жакшы кабар?
– Сонун кабар балам…
– Ии,айта бериңиз…
– Чогулушуң жок беле?
– Жок,айта бериңиз?
– Иштериң жакшыбы,анан? Балдарың чоңоюп жатышабы?
– Жакшы…баары жакшы. Иш болуп жатат…
– Бизде да баары жакшы балам. Тиги иниң менен карындашыңа да айтып кой. Апаң айыгып чыкты. Мурдагысынан да жакшы жүрөт.
– Ии,жакшы болуптур…эми барып,кабар алганга убакыт болбой жатпайбы? Анын үстүнө жол да алыс. Балдар мектепте. Келиниңиз да жумушунан бошобойт. Кызыңыз барып келсе болмок, үйүндө эле олтурат.
– Ыраазымын балам…жок дегенде ушинтип койгонуңа да ыраазымын.
– Ии, кандай жакшы кабар, ичти күйгүзбөй айтпайсызбы?
– Ээ, балам, апаңдын айыгып чыкканы бир сүйүнүч. Анан экинчи сүйүнүч…жакшы сүйүнүч.
– Маалкатпай айтпайсызбы эми?
– Айтып жатам го…
– Ток этер жерин айтың да…
– Мына эми айтып келе жатам…
– Ай,атам ай…бул жакта ойноп жүргөндой, ттм эле маалкатып аласыз да.
– Билесиңби, апаңдын эскирген бир кол машинасы бар эле. Силерге ошо менен кийим тигип берет эле го?
– Ии …
– Ошо машинасы чоң ишке жарады.
– Кантип?
– Ал тиги немецтердин заводунан чыккан, баалуу машина экен да. Аны колдонбой, тамдын жер төлөөсүнө таштап койгонубузга канча болду. Аны мен канча жолу “темир алгандарга тапшырып жиберели” деп,көтөрүп бара жаткан жеримден апаң алып калган. Байкушум ошондо ал машинанын сырын билген окшойт.
– Эмне сыр?
– Апаң ооруканадан чыгып, кичине кошуна колоңго түлөө сыяктуу бирдеме өткөрүп жаттык эле.Ошондо мектептин директору сөз кылып калды.
– Эмне деп? Болбойсузбу эми…
– Эмне шашылып жатасыңбы,убактың жокпу?
– Жок, сиз сөздү узартып жатпайсызбы?
– Эми башынан айтып келе жатамын да…уккуң келбесе анда тим эле коеюн…
– Жок,айта бериңиз…болгону ашыкча сөздөрдү айтып жатасыз да
– Ашыкча эмес…болгонун айтып жатам
– Ии,айта бериңиз…
– Ошо…”кимде Германиядан чыккан кол машина бар,эски?”-деди.”Эмне болду?”-деп,бардыгыбыз андан кайра сурадык.”Адамдар жүрүшөт. Ошол машинаны канча болсо да сатып алабыз.”-дешип деди. Мен апаңдын баягы жертөлөөдөгү эски машинасын эстедим. “Бизде бар”-дедим. Директор жазып алды. Анан эки-үч күндөн кийин үч киши келди үйгө. Экөө сырттан келген го,башка тилде сүйлөп жатышат. Машинаны сурашты. Алып чыгып, көрсөттүм. Ал жак,бул жагын карашып эле, тиги экөө кудуңдап сүйүнүп кетишти. Ичин ачышып, жазууларын текшеришти. Анан мени кучактап,апаңдын бетинен өөп эле болушпайт. Тиги жанында жүргөн жигиттен сурадым. “Булар эмне болуп жатышат?”-десем, “булар издеген дал ушул кол машина экен. Мындан бир кылым мурда кайсы бир заводдон саналуу гана ушундай машиналар чыккан экен.Ошолорду жыйнап жүрүшөт. Ошонун бири дал ушул сиздин кол машина экен. Ушунча жыл сактаганыңарга ыраазы болуп жатышат.”-деди. “Эмне муну алып кетишеби?”-дедим. “Ооба, бизге сатсын”-деп жатышат-деди.
– Ии,анан эмне кылдыңар,саттыңарбы?
– Кое тур эми,айтып келе жатпаймынбы?
– Айнып кеткен жоксуңарбы деп жатам да.
– Апаң саткысы келбеди…”Бул апамдан калган белек,эч кимге бербейм.тура берсин” дейт.
– Эми ошол эски темирди эмне кылат экен…деги саттыңарбы? Канчага алабыз дешти…
– Апан көшөрө берди. Тигилер жалдырашат. “Канча сурасаңыз беребиз” дейт. Улам баасын бычып жатышат. Апаңдын көшөргөнүнөн улам,”акчасын аз деп жатат” деп ойлоштубу,улам баасын көтөрүшөт. Апан болсо, “акчанын деле кереги жок мага” дейт.
– Анан эмне болду?
– Акыры менин ачуум келе түштү. “Болду эми бааланбай, эскирген немени эмне кыласың? Жу,мунуң, иштебесе,сат…эмне гөрүңө алып кетесиңби?-деп,апаң байкушка да катуу тийдим. Анан тигилерге карап, “акыркы баасы,канча бересиңер ?” -дедим. “Эки миллион сом”дешти.
– Эки миллион сомбу?!
– Ооба..
– Чындап айтып жатасызбы?
– Эмне мен тамашалашмак белем сени менен. Чындап эле…
– Коюнузчу…ишене албай турам…
– Ишенсен койсоң,ал сенин ишиң…мен болгонун айтып жатам, балам
– Ошончого сатылдыбы?
– Ооба…акыркы баасы ошончо болду.
– Эмне анан ушунча убакыттан бери айтпай жүрдүңөр?
– Убагында айтайын деп, телефон чалсам, бириң да алып койбойсуңар…ишиңер көп болдубу, билбейм…
– Коюңузчу ата, кантип эле албай коелу?
– Ооба, балам, таптакыр албадыңар…
– Акчаны нак бериштиби, анан?
– Ооба,ошол жерден нак санап беришти. Мынча акча кармабаган жаным, алар улам тутам акчаны колума карматкан сайын,колдорум титиреп кетип жатты.
– Ай,ата, кичине “балдарым менен кеңешейин” дебепсиз да. Бизди чакырсаңыз, балким андан да жогору баада сатылмак. Ушундайда унутасыңар да.
– А,балам,эмне келет белеңер?
– Чакырсаңыз келет элек да…
– Аныңарды билбепмин…Апаңардан кабар алганга убактыңар болбоду эле…анан мында деле аларда убакыт болбойт дедик да.Бирок,акчаны алгандан кийин силерге чалдым. Таптакыр телефонуңарды көтөрбөй койдуңар…же,”дагы акча сурайт” дедиңерби, билбейм.
– Кантип эле…кантип эле албай койдук. Кайра-кайра чалбайт белеңиз?
– Чалдым балам…кайр-кайра чалдым…бириң да албайсыңар…анан “кой, өзүбүз билгендей иштете берели”дедик.
– Эмне,ошончо акчаны иштетип салдыңарбы?
– Иштетпей анан…
– Ушинтесиңер да…кичине бизди да ойлоп койсоңор болот беле? Бардыгыбыз айлык менен олтурабыз. Балдарыбыз чоңоюп келе жатышат.
– Ойлодук балам…силерге да бир аз кайрылышалы дедик. Бирок…
– Эмне бирок…?
– Ойлоп көрсөк тамдын үстү тешилип,жамгыр жааса суу өто баштады. Силер чоңойгон үй эскирди…Кимди кутүп,кимге карап олтурат элек. Айылдагылар да ошондой кеңеш беришти…
– Кандай?
– “Тамыңарды жаңыртып алгыла” деп.
– Тамыңар жакшы эле болчу го?
– Кайдаан балам…эскирди да. Силер төрөлө электе салынган…
– Эми силерге жаңы тамдын кереги не? “Үңкүр да болсо, үйүм бар” дегендей, жашап турганга турат го.
– Эми дос-душман дген бар экен. Куда-сөөк деле айтт экен. Анын үстүно силердин келээр жериңер да ушул там да.
– Биз кичине бутка туруп алганда,башкасын салаарбыз…азыр шашылбай турсаңар болмок.
– Апаң ооруканага жатып,операция болду. Ага көп эле акча кетип,элден карыз алганбыз. Мал баасына чыкпай туруп алды…ошолорду бердик. Анан ары ойлонуп,бери ойлонуп, жаңы там тургузуп алдык….
– Ммм…
– Эми келсеңер,балдарыңар кирбей, жийиркенип турчу үй жок. Жаңы үй…жаңы буюмдар…Анан усталар да үйдү салып жатып, “карып калыпсыздар, дараткана менен жууна турган жайды деле ичине куруп берели” дешип,андайларын да салып беришти. Кудук казып,суу толтуруп алабыз. Үйдөн суу алып, үйгө оокат жасап,апаңар оңуп эле калды.Анан кир жууй турган машина алып беришти кошуналар чогулуп.”Койгула” десек болушпайт. Шаардыктардай эле жашап жатабыз. Айылда деле барын жасап алса болот тура. Силер жаңы шаарга барганыңарда жашаган үйүнөрдүн ичинен ысык суу,муздак суу чыгып турчу эле го. Биз да ошондойду да койдуруп алдык. Анан жууна турган жайы да бар. Ошол балам,азыр сүйүнүп турабыз…силерди да кубанат го дедим эле…
– Эми кубанган,кубанбаганда эмне?..Баарын өзүңөр чечипсиңер…чече бергиле…силерде балдар жок да
– Кой балам,антпе…тиги иниңе,карындашыңа да айтып кой…
– Аларга айтканда не?
– Апаң жашарып калды. Андан көрө бала-чакаңар менен келип, конок болуп кеткиле ,балам. Карыганда жашоонун жыргалын көрө баштадык.. Силер келсеңер элге да “тойчук” берип коелу…(түүт-түүт)
– ….

Аягы

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.