Адабий сынак 28 Поэма
28
Көк сулуу
(поэма)
15-жыл, а кылым XXI,
Адаты бар көлгө келчү жылда бир.
Жай мезгилдин татынакай келгини,
пайда болду жесир келин кумда бир.
Таң аткандан көлдү тиктеп олтурат,
элиргенсип жээкке жетип, кол сунап.
Кайрак кумга арта салып денесин,
а этегин толкундарга толтурат.
Толкундардын ыргагына берилип,
келин жатат көл жээгинде керилип.
Кумар отун жагып алат бир далай,
келген сымал жаш күйөөсү тирилип.
***
Соңкулары тизилип кезегине.
чабылганда толкундар этегине.
Көзүн жумуп, чалкалайт жесир келин,
кайтып барат кумарлуу кечээгиге:
Кечээгиси чайыттай болгон жарык.
Баш кошушкан буюруп нике кайып.
Жыл болгондо ээрчишип жары менен,
Ысык-Көлгө келишкен чатыр алып.
Сүйгөнү бар дүйнөсү колунда бар,
“эң бактылуу мен” деген оюнда бар.
Эне болуу бактысын күтүп жүрөт,
алты айлык келиндин боюнда бар.
Келишимдүү, сымбаттуу күйөөсүнө,
көз салган көп, кайрылбай бирөөсүнө,
түбөлүккө жанында бир болууга,
ант беришкен, эл туруп күбөөсүнө.
Кыялдарын тындырбай кулдай салып,
эртеңкиге күн эрте жумшай калып.
Эң сулуу жан – кош бойлуу билген сымал,
жада калса күн кетпей тийди чайыт.
Чуу кыйкырык чочутту “чөктү” деген,
Баары жапырт жүгүрдү тобу менен.
Бири бирин толуктап калган кезде,
келин кечип жөнөдү көлдү терең.
Көл тараптан: “бер кел” – деп, угулууда,
жаңырыкка жаш келин жулунууда,
кармап калбай көпчүлүк коё берсе,
даяр эле бой таштап жыгылууга.
“Боюңда бар экен” – деп кайрат айтып,
– чыга албайсың сүйүүңдү кайра тартып,
жанын тапшыр деңизге аманатка,
өзүң болсо келип тур кайра кайтып.
– Мунун жайы бөлөк деп таң калышып,
Жетсе керек Азиреил чарчап учуп:
“Бирөө өлдү, жерде экен бирок ыйык,
кире албадым ичине жан талашып.
Сен жараткан жүрөктөй шайтан кирбес,
киргизбеди таза экен баш багызып”.
Укканында шашылып Эгем өзү,
Умтулгандыр козголуп дене көчү:
Күнөөсү аздыр келген соң ыйык жайга,
бейишимдин көрсүн деп керемети”.
Себеби көл – бейиштин бир үзүмү,
суудан алат күнөөсүз, ак кишини.
Тетир ишиң жокко эсе момун болсоң,
кандай бакыт тереңде шыр үзүлүү.
Мына ошентип табылбай калды дене,
Үч күн, үч түн кыдырды тынбай кеме.
Куран окуп үч күн соң, а денесин
аманатка тапшырды Көл энеге.
“Апа” десе ойгонуп ойлорунан,
Эске түшөт дагы бир сырдуу окуя:
Жаңы кылым, алгачкы жыл, мезгил жай.
Он тогузга чыгуучу жандаган кыз,
кичик кези, апалап ойноп жүргөн.
Адатынча таратып келин куса,
чатырчага жашынып, корлойт күндөн.
Маектешип тынчтыкта отурушкан,
бир толкун жок түрүлгөн көл бетине.
Токтоо, жайдар күйөөсүн салыштырып,
ашыгууда көк сулуу келбетине.
Ал аңгыча жүрөгүн болк эттирип,
илгеркидей кыйкырык чуу угулду,
атып туруп ордунан жээкте турган,
жетип-жетпей кызына суй жыгылды.
Жээктен алыс бараткан эстен танып,
элден мурда жетиптир толкун кызга.
Кучагына көтөрүп алган сымал,
Кум үстүнө суу сиңди чыгып тышка.
Кайдан-жайдан толкунду пайда болгон,
атасы экенин сезиптир дароо кызы.
Көлгө кайра “аталап” чуркап барат,
сагынычтан унтулуп жанагысы.
Кайдан-жайдан толкунга пайда болгон,
Эл чурулдап, таң калып, бакылдашат.
Келин жатат суналып кумдан турбай,
ырыкматын кайталап, алкып жатат.
Ошондон соң апасын кыз шаштырып
“Кеттик, апа, атама” – деп аптыгып,
жөнөп калат кыялга макулдашып,
өтсө деле көл жээкте бүт жашчылык.
…”Сүйүнөмүн, көрүп таңдын атканын,
жактырамын күндүн кызгылт батканын.
Баарыбызды эки чарчы жер алса,
а күйөөмдүн көлдө чалкып жатканын.
Ыраазымын, тагдыр сага ыракмат!
Бир өмүрдү койдуң көлгө тузактап.
Сүйгөн жарды ыйык көлгө айланттың
каалашынча туруш үчүн кучактап.
Ысык-Көлдү сүйгөн жарга айланттың,
мени болсо келин кылдың куу – аппак”.
16.08.15