Адабий сынак 29 Аңгеме

29

Самоорчу

(аңгеме)

– Ии ,кокуй, тур жата бербей, тиги Сагындык пендечилик кылыптыр…түндө үзүлүптүр…-деген, кемпири, сырттан алдастай кирип, үйдүн бир бурчунда колун башына жөлөп, жаздыкка ыктай жаткан чалына үн катты.
– Кайсы, Сагындык?
– Жанагы, чолокчу?
– Кайсы чолок?
– Ботом эй, тиги Алмаштын эричи?
– Аа, кокуй, десе, антип улам тергебей эле “самоорчу” дебейсиңби?…
– Аты Сагындык да…тур, эл катары барып кой.
– Сага ким айтты?
– Уй сааганы чыксам, ылдый жактан эле ызы-чуу үндөр угулат. Тыңшап турсам, ый…Адамдар ошол тарапка кетип жатышат. Анан сурадым да…Тур,сен да эркектерге кошул. Мен да көйнөгүмду алмаштырып алып, артыңдан барам.-деп, сыртка чыгып кетти. “Өхш…”-деп,ордунан жай гана кыймылдаган абышка, “атаң көрү, анын да ичер суусу түгөнгөн экен да…байкуш, бир момун жан эле…эч кимге жамандыгы жок…” Сыртка чыгып, галошун кийип, жолго чыкты. Убадалашкандай көчөнүн жогорку жагынан өзү курактуу эки абышка келе жатышкан экен. Аларга кошулду.
ххх

Ооба, бул чоң кыштакта “Самоорчу” атка конгон жигит бар эле. Анын туулгандагы азан чакырып койгон аты Сагындык болчу. Атасы элүу жаштын кырынан ашып, апасы да кырк эки жашка келип калганда төрөлгөн. Андан мурдакы балдарынын бардыгы ара төрөлүп, же бир жашка, бир жарым жашка келгенде оорубай этпей эле, перишти болуп учуп кете беришкендиктен,бул баланы сурап, тилеп жатып, аман алып калышкан эле. Ошондон улам да атын Сагындык деп коюшкан. Бирок, баланын туулганда эле бир буту экинчисинен кыска экенин ата-энеси билген эмес, же баам салышпаган. Кадимкидей жөрмөлөп жүргөндө анысы байкалбаган экен. Анан баса турган убагы келгенде бала негедир баса албай, көчүгү менен гана жылып жүрчү болгон. Ошондо да ага маани беришпей, “убагы келсе басат да”- деп, коюшкан. Бала чоңоюп, үч жашка келди, баспады, беш жашка келди баспады. Алтыга чыкканда ата-эне ойлоно баштады. Доктурларга алып барышты. “Кеч алып келдиңер го? Бир буту кыйла эле кыска экен…” дешти. Бирок, аракеттер болду. Баланы тик тургузуп, таяктн жардамы менен бастырышты. Ата-эне буга да шүгүр келтиришти. Бирөөлөргө жүгүн артпай, жок дегенде таяк менен болсо да, өзү басканына кубанышты. Экинчи бутун узартууга ал кезде медицинанын да күчү жетпейт эле. Антсе да, баланын андан аркы жашоосу тез-тез ооруканага жатуу менен өтүп жатты. Бир жагынан башы да башкача чоңое берди. Бул дагы жараткандын балага берген дарты белем. Аксап-тексеп араң басып жүргөн баланын абалы эненин журөгүн көп оорутту белем, же анын ушундай жаралуусуна өзүн айыптадыбы, бала эс тарткан сайын эненин абалы начарлай берди. Ата деле андан кем эмес азап тартат, бирок, ичинен сызат. Оор үшкүрүнгөн, азаптанган, баланын убакыт өткөн сайын жагымсыз абалга келгени аларга тынчтык бербедиби, биринин артынан экинчиси ээрчишип кете беришти. Баланы болсо мамлекет кароосуна алды.
ххх

Айылга купкуу тарткан, башы чоң, таяк таянган жигит келди.
-Сагындык келиптир…байкуш ата-журтум, туугандарым деп келген го?- деген, айылдын бирин-экин аксакалы жыйналып, аны менен ысык учурашып, ал абалын сурашкан болду.
– Мен жыйырма алтыга келдим. Мамлекет мени он сегизге чыкканга чейин эле багат экен. Андан ары жүк болбошум керек. Ошондуктан мен жаткан интернатта иштедим. Айлык алып,жан бактым. “Эми мындан аркы оокатымды кылайын” деп, силерге келдим-деди, жигит бет маңдайында тургандарга тартынбай сүйлөп.
– Келгениң жакшы балам. “Туугандын топурагы алтын” делет. Ушу тургандардын бардыгы эле негизи туугандарың болобуз. Ата-энеңди көргөн билгендер. Эми ар кимдин тиричилиги бар экен, сенден да кабар ала албадык. Тигине ата-энеңдин тамы турат. Эскирди, дубалдары урап да баратат. Эч ким тийген жок. Акыры сенин келээриңди билгенбиз да…-деп, айылдын эң улуусу делген, чийки саргыл абышка сүйлөп жатты.
– Мен сегиз жашымда кеткенмин. Анча-мынчалар эсимде. Айылымды эч унутпадым. Анан атам менен апам акыркы кезде түшүмө көп кирип жатышты. “Айылга чакырып жатышат го?”-деп, түз эле келе бердим-деп,тарсылдап сүйлөп жаткан жигитке бир алдын ыраазы болуп жатышты. Сөздөрү так жана даана. Адамдарга тике карап, кандайдыр бир ушул тургандарды жакынсытып жаткандай, аларга таянгандай, алардан жакшылык күткөндөй, үмүт арткан түру бар.
-Келгениң жакшы…жардам беребиз…эл-журт бар…ачка калбайсың…-деп, бир алдын жигитти аяган таризде шыпшынып алышат.
– Айыл өзгөрүп кетиптир…сиздерди тааныбайм деле, бирок, тууган экениңерди билем. Ошондуктан силерди издеп келдим да…-деп, бир аз жашый түштү, жигит.
– Ооба, балам, баарыбыз бир уруубуз. Атаң менен апаңды билебиз.
-“ Тамың турат” дедиңиздер,көрсөтүп коесуздарбы?-деп, аларга суроолуу карады.
– Ооба, ооба, жүр…-дешип, эмне деп сөз айтаарын билбей турган бир абышка, алдыга басты.
– Жүр, балам…үйүңдү көрсөтүп коелу…силер да баскыла-деп, ордуларында катып турган аксакалдарга үн катты. Алар да эми эстерине келгендей:
– Ооба, ооба…баскыла…-дешип, тиги абышканын артынан ээрчий басышты.

ххх

– Айылда той-топур болсо мени чакыргыла…самоор кайнатканды жакшы билем…мен ал жакта жалаң самоорго чай кайнатчуумун…-деди, жигит анын үйүнө келген кемпир-кезекке.
– Жакшы экен…ооба, айылда той-топур көп болот-дешти алар. Жигиттин үйү бир заматта
буюмдарга толуп кетти. Бири төшөнчүсүн, экинчиси керебетин, дагы бири казан-табагын көтөрүп келишти. “Көп түкүрсө көл болот” деген ушул тура. Келиндер дубалдары көчуп, каалгасы шагыраган, терезеси кол тийсе шагырап сынып кетчүудөй болгон үйдү бир заматта жаркыратып коюшту. Чакан бөлмө, чакан үй, жашаганга болот.
– Мына үй да даяр болду. Эми сени үйлөш керек…жашың да келип калыптыр…-деп, тамашага сала сүйлөдү, аксакалдардын бири.
– Канаке ошентсеңер…мен деле туугандарым сүйөп-таяп…боорго батырышат деп келдим да…-деп, жигит да тамашага тамаша менен жооп берди. Муну бардыгы түз эле кабыл алгандай болушту. Ошо болду,келиндер Сагындыкка кыз издей башташты.
– Колунда таягы эле болбосо, акыл эси тетик неме экен. Оокатын кылып кетет.
– Эми буга жакшы кыз керек…
– Кантсе да майып да…анын үстүнө” томолок” болсо…ким тиет дейсиң?
– Ботом, мунун бешенесине жазган бирөө тургандыр.
– “Кара далы” кыздардан караштырыш керек.
– Ай,аларың деле көнбөйт го?
– Өзүнө окшогон майып болсо…
– Ии,баса, жогорку айылда Акыштын экинчи кызы күйөдөн чыгып келиптир. Ошону караштырсак кантет?
– Кой эй, ал болбойт.
– Эмнеге?
– Боюнда бар дейт го?
– Эмне экен…даяр бала…
– Күйөөсү менен кайра жарашып алсачы?
– Жок, жарашпайт экен. Биротоло келиптир. Ичкич неме экен, тим эле кордоп салыптыр.
– Ошо, ичкичтен кутулуш кыйын да…
– Камалып кетиптир дейби?
– Чын эле ошону караштырыш керек экен…-деген келиндер, бул ойлорун байбичелерге айтып көрүшту.
– Барып көргүлө…-дешти,алар. Анан үч эркекти Акыштын үйүнө жиберишти. Айылда күйөөдөн чыккан кызды эч ким жакшы дебейт. Ата-энесине эле наала келет. Узун сөз болот. Ошого намыстанып, кызына ачуусу келип жүргөн неме, барган жуучуларга дароо эле, “макул” деген жоопту айтты. Анан каадасы кылып, союшу, анча мынча шириндиктерди алышып, эки байбиче, үч келин болуп барышты да, ай күнүнө жетип турган келинди Сагындыктын үйүнө киргизип беришти. Сагындык буга деле кайыл. Кыздын чоо жайын айтканда баарына макул болгон эле. Ошентип Сагындыктын үйүндө очокко чай кайнап, мордон түтүн чыгып, кичинекей үйүнө шаң киргендей болду. Көп өтпөй “ыңаалаган” наристенин үнү чыга баштады. “Бала кимдики болбосун, мен өзүм ата болом, өзүм багам” деп, шерт койгон эле. Мамлекет берген азын оолак пенсия тиет. Анан айылдагылар бир эчкини улагы менен, мал кылып ал деп, торпок беришкен. Ошолору чоңоюп жатат. Келин да бош келген жок. “Жакшы караса кара катын ак болот”дегендей, өңүнө чыгып, тиричиликке бош келбей, оокатын кылып кетти. Айылдагылар Сагындыктан шектенип, “курсакта келген неме менен калат го…”-дешчү эле, эки жылдан кийин келин, балтайган уул төрөп берди. Анын артынан кыз төрөлдү. Тириликтери элдей эле болуп баратты. Ушундайда тээ балалык кезде үйрөнгөн “самоорчулук” ишин да аткарып жатты. Айылдагы той-аштарда чоң самоордун жанында керели кечке олтурат. Анын колу тийгенде эле самоордогу суу шарактап кайнап, чайы да даамдуу болот. “Мунун бир сыйкыры бар. Биз жаксак, же оту күйбөйт, же суубуз кайнабайт. Балакет бул…”-дешип, эркектер да тан беришет. Аялдар болсо “ай, Сагындык, бизге да үйрөтчү? Бу сенде кандай жашыруун сыр бар яя? Сенин колуң тийсе эле самоор буркурап кайнап чыгат да…”-дешет, ага тийиштик кылып. “Ээ, жеңе, аны да билиш керек . Кеп менде эмес, кеп отту жага билиште. Мына минтип жагат…”-деп, кээде, зерикпей самоордун түбүнө отунду кынаптап салып, көрсөтүп берет. “Биз деле ушинтип эле от салабыз…күйбөйт го?…”-деген болушат.

ххх

Сагындыктын өмүрү айылдагы жакшылыктарда самоордун жанында өтүп жатты. Адатта той-аш, жакшылыктар күз айында күчөйт го. Ошол күнгө кадимкидей камданат, чыдамсыздык менен күтөт, ишин сагынат. Топураган элге аралашканына кубанат. Анын үстүнө жакшылык ээси эл таркагандан кийин Сагындыктын “кызматына деп”, оокат-аштан салып берет. Кээ бирлери колуна тыйын карматат. Айрымдары башына калпагын, үстүнө чапанын кийгизет. Ушул иши аркылуу анын Сагындык аты өчүп, Самоорчу аталып калды.
– Самоорчу аке, сизди чакырып жатат. Бүгүн биздин үйдө той…-деп, чабарман бала келет.
– Самоорчу тез жүр, үйгө уяттуу меймандар келип калды. Самооруңду кайнатпасаң болбойт. Бир ысык чай ичели…-дейт, дагы бирөөсү.
– Ай, Самоорчунун чакыргыла. Ал келмейин,силердин самооруңар кайнабайт…-деген, жакшылык ээси,чыдамсыздык менен Сагындыкты күтүшөт. Мындай ирмемдер ушул чоң кыштакта көп кайталанат. Анын атын уккандар башка айылдан да атайын келип, алып кетишет. Анын чайын ичкендер сөзсүз тамшанып туруп, “кана, дагы куйгулачы, абдан даамдуу экен, башкача чай го…самоордо кайнаптыр ээ?…”-деп, таңдайы так болот…Бирок, Сагындыктын оорусу күчөп, буту жакшы шилтемге келбей баратты.Негедир башы катуу ооруйт. Тез картайып кеткенсиди. Балдары болсо чоңоюп келе жатат. Чоңойгон сайын чоң кийип,чоң ичет экен. Таягына жөлөнүп,таянып жатып,араң басып келип ,самоорго жеткен соң, анын жанынан чыкпай, керели кечке самоор кайнаткан күндөрү да өтүп жатты. Неси болсо да үйүнө бирдеме алып барыш керек…

ххх

Самоорчунун үйүндө топураган адамдар. Бири шыпшынат…экинчиси көз жашы кылат. Дагы бири “эми айылдагы жакшылыктарда ким самоор кайнатат?…”-деп кейийт. Анын орду ушул эле ирмемде билинди. Өз үйүндө самоор кайнаган жок. Анын ордун басчу эч ким жок тура. “Мага үйрөтүңчү…мен үйрөнүп алайынчы…”-деп, эч ким анын кашына келип, ишин колдон алган эмес тура…Самоорчуну акыркы сапарга узатаарда анын үйүндө самоор кайнаган жок….

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.