Адабий сынак 32 Аңгеме
32
Кароолду кароол кайтарып…
“Гүрт-гүрт” этип ат бир калыбында беде жеп жатты. Кыйладан бери тыт катардын түбүндө чалкалап жаткан ээси акырын өйдө болуп, кең талаага басып өттү. Муздак шамалдын илеби дароо сезилип, дене-боюн калтыратып жиберет. Жайдын аяк чени, айрыкча түн бир окумда талаа ушундай шамал болуп тураар эле. Мына, таза бышып жайнап жаткан дарбыз талаасы, андан ары табитиңи ача буркураган коондун жыты шилекей чубуртат. Тегерек азыр жылан сыйпагандай тынч. Бу талааны кооруган адам тээ баштагы кепесинде уктап жатса керек. Аттын ээси өтүгүн талпылдатпай тескерисинче мышыктай эле бут учунда барып дарбыздарды сыйпалай баштады. Колуна биринчи илешкен дарбыз өтө бышып кеткенби айтор түбүнөн чарт жарылып калган экен, аны таштап кийинкисин кармалады эле абдан чоң чыкты. Кулагын жакын алып барганча чертип көрүп дароо сабагынан жулду. Алыштарга суу коюлганына карабай ылайдан элпек өтүп коондун да мыктысын тандады. Экөөнү эки колго көтөрүп, араң басып келаткан, капыстан күбүр-шыбыр үндү угуп астындагы ылайга торопойчосунан гүп түшүп тыңшап калды. Эки атчан экен, караңгыда ким экендери таанылбай тыт катардын жанындагы жол менен өтүп кете беришти. “О кудай, байкабай калгандары дурус болду. Түн жамынып темселеп бул экөө эмне кылып жүрөт дейм да?”,-деп сүйлөнүп ордунан турду. Туш келди ар кимдин бедесин ушундайча куруткан аты куп семирген, ойдолоктоп ордунда турбай, учкашып жөнөгүчө ээсин да жүдөдүп шаштын алды. Анан ал ушул эле жердеги жүгөрүлөргө мүшөк ала келбегенине ичинен кейип койду…
Деги ал эмне үчүн иш ордунда эмес? Бул убакта иттен бетер сергек болуп айылдын тээ аяк жагындагы бир тарабы дан, экинчиси жашылча сактаган чоң муздаткыч кампасын кайтарышы керек эле го? Ушуну ойлоп кароол өзү да шылкыйп баратты. Мынтип иш ордунан жылт коюп, жылкысынын камын ойлоп жүрсө кайдан иште болсун. Талаадан ала келген мүшөктөгү оокатын үйүнө таштап өттү. Кампага келип адатынча айланага көз жүгүртүп калат…
Арпа, буудай бышкандан баштап дан сактаган кампада иш тынбайт. Түшкө жуук дагы тонналаган жүгөрү түшүрүлдү. Экинчи муздаткыч кампа азырынча бош, бирок, күз мезгили астанадан аттаганы турат, жакында бул да мөмө-жемиш менен жашылчага жык толот, анан кышы менен сакталып сатылат.
Бир күнү, кампанын ээси жакын басып келип;
-Иш илгери болсун! Жагдайыңыз кандай?-деп калды.
-Эң жакшы, келиңиз!-деп ордунан тура калды кырктардан ашкан кароол.
-Кампада көйгөй жокпу…?-деп кожоюн кеп баштаганда;
-Жо-жок кандай көйгөй болмок эле, баары жайында,-деп кароол шашкалактап жооп берди.
-Анда жакшы экен кароол аке, айтайын дегеним, биз сизге ишенип…, ал кайрадан сөзүн бөлүп;
-Ооба, ооба кам санабаңыз! Мен кайтарып турганда кампага чычкан да жолой албайт,-деп жиберсе болобу. “Ушу сөздү бекер айттым”деп ичинен өкүнүп калды. Кампанын ичинде чычкандар ары-бери жүгүрүп жүргөнүн ишчилердин баары эле көрүп жүрбөйбү. Кампанын ээси бир аз жылмайган абалда дагы бир нерсени айтайын деп барып, айткысы келбеди окшойт, кайра кете берди. Ал мында анда-санда келип турчу, акыркы күндөрү эмнегедир күн сайын каттап,кабар ала баштады. Бир нерседен шекшип калгандай мунусу кароолго бир аз жакпагандай.
Көп өтпөй кампадагы бүт ишчилерге капыстан жыйын өттү. Эмне болгонун эч ким биле албай бири-бирине шыбырап коюп турушту. Камапанын ээси маанайы суз отуруп, эң акыры кароол жетип келгенде чогулушту баштады.
-Айтыңызчы кароол, бул жерде иштегениңизге канча болду? Күтүүсүз суроо, муну атайы сурады.
-Кампа курулуп ишке киргенден бери.
Негизи кампанын ачылганына деле өтө көп жыл боло элек.
-Мм… Өзүңүз айтмакчы сиз кайтарган кампага чычкан да кире албайт деп ишенгем, бирок мында гилейген эле келемиш жүрүптүр го? Кароолдун чекесинен тер кетти, жагымсыз жагдай болгону анык, ошентсе да сыр бербей;
-Келемиш адашып кирип алган тура,-деди. Анда ачууланган кожоюн кыйкырып-бакырып урушмак болуп бирок анткен жок, ал ушундай токтоо киши болчу.
-Сырттагы адамды чакырыңызчы!-деди ал бир ишчиге ишарат кылып. “Мунусу ким болду эми?”,-дешип ишчилер дале түшүнбөй турушат. Кароолдун болсо көзү чекчейип, жаны чыгып кетчүдөй “сатып койгон экен куу митаам”,-деди ичинен. Кирген киши үнүн өктөм чыгарып шашпай,колундагы кагаздагы кандайдыр тизмелерди окуй баштады “күндүн мына числосунда мынча кап буудай(арпа,жүгөрү)кампадан уурдалып чыгып паланча деген жерге алып барылып сатылган. Арасында жер семирткичтер да бар.” сөздөрүнүн мааниси ушундайча уланып барды, тизме ого эле көп. Элдин баары иштин чоо жайын эми түшүнүштү окшойт, ооздорун ачып туруп калышты. Бул чоң кампанын керектүү жайларына көп эмес видеобайкоолор орнотулганына карабай ушундайча иштер болуп жатканы баарына табышмак эле. Адамдан айла качып кутулбайт дегени ушул болсо керек. Былыктары чыгып калган кароол башын жерге салып үңкүйүп отурду, кызарып кеткен,тиги адам окуп бүтсө эле анын абийрин кошо ачып салмак болуп өзүнчө даярданды.
Кампаны кайтарган бир эле кароол бар экени баарына белгилүү, а экинчи кароолдун тымызын бар экенин эч ким билген эмес. Чын эле күтүлбөгөн окуя болду.
-Токтогула! Кыйладан бери үңкүйүп отурган кароол үрккөн немедей ордунан тура калып мындай деди;
-Мына бул мени каралап өзүн сүттөй ак көрсөтүп аткан кароолуңар жеткен куу түлкү экен. Керек болсо ал мени менен келишип, баарысын алып чыгып сатышып, акчасын тең бөлүшүп жеп жүргөн. Ишчилер “дуу”дей түштү, экинчи кароол болсо чочуган немедей түр көрсөтүп;
-Акылыңыз жайындабы, бул эмне дегениңиз, кана анда далилиңиз барбы мени ууру деген?-деп оозу-мурду кыйшайбай билмексен болуп койбодубу.
-Далилим бар керек болсо.
Кароолго кароол дайындадым деп кожоюн өзүн акылдуу сезип жүрсө бу эки митаам сүйлөшүп алып кампаны кошо курутайлы дешкен экен. Эки кароол айтышып жаакташа беришти. Ишчилердин жини келип бака-шака, алар кожоюн азыр баарынын таш-талканын чыгарат же айласы түгөп жер тепкилеп ыйлашы мүмкүн деп күтүп турушкан, бирок ал токтоо гана мыйыгынан жылмайып;
-Сырттагы адамды чакыргыла!-деди. Үчүнчү кароол кирип ишти жайгарбаганда, кылган кылмыштарын моюндабай эки кароол дагы көпкө талашып-тартышмак…