«Үнү каткан улар» – алп акындын дүйнөсүнө саякат, же Ризван Савайдын эмгеги тууралуу учкай сөз

«Үнү каткан улар» – алп  акындын  дүйнөсүнө саякат

 

Ризван Савай эженин  Жолон Мамытовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу  «Үнү каткан улар» аттуу китебине редактор болуп бересиңби деген сунушуна дароо макул болуп, анан бир чети  чочуладым. Алп акын тууралуу китептер бар эмеспи, алардан айырмасы бар бекен деген суроо пайда болду. Анткени редактор болгон оңой эмес, автор менен кошо чыгарма менен жашабасаң жарытып жардамың деле тийбейт, ал эми чындап жардамың тийиш үчүн китеп кызыктуу болушу керек.

Адеп ушундай ойдо калган жаным китептин биринчи барагын ачкандан баштап эле баш-отум менен кирип кеттим. Алтургай, калган бөлүмдөрүн качан жөнөтөсүз деп, эженин шаштысын ала баштадым. Биздин кызматташуу да өзүнчө бир сериал болду. Анткени 1993-жылдан баштап  Жолон Мамытов тууралуу маалымат чогултуп, улам архивин байытып отурган Ризван эже китебин жазганы менен, качандыр бир сааты чыкканда чыгарам деп он жылдан ашуун таштап койгон экен. Дегинкиси ушундай камылга менен жазылган  чыгармалар жакшы болот. Ризван эже улам мурдагы жазгандарын толуктап жөнөтөт, ошентип экөөбүз экрандын эки жагында күнү-түнү иштедик.  Ушундай катуу киришип кеткен экенбиз, качан жазгамаал жыйынтыктап бүткөндө гана абдан чарчаганыбызды сездик. Бирок кыйратып  бир чоң иш жасагандай канааттануу сезими болду, жашырганда эмне? Элге жакшы чыгарма жеткиргенге жардамым тийди деп, өзүмчө эле кудуңдап алгам. Бул бир айтып бүткүс бактылуу сезим болду. Себеби, параллель эле Табылды Мукановдун архивин казып окуп, анан Табылды Эгембердиев тууралуу китепке  да кыйыр түрүндө  кирише калдым эле.

Үч алптын дүйнөсүнө бир маалда сүңгүйм деп үч уктасам түшүмө кирген эмес . Жакшылыктын баары кокусунан болот, а кокустук кокусунан эме-ес…Үч алптын касиетиненби, же кандай, айтор, быйыл кыш ичи жылуу үйдөн такыр чыкпай отурганым менен, ай-ааламды айланып  учуп эле жүрдүм. Ак карлуу кышта Табылды Муканов, Жолон Мамытов, Табылды Эгембердиев үчөөнүн Кайлас  тоосундай сырдуу,сүрдүү, ажайып дүйнөсүнө  саякатка барып чексиз  бактылуу болгонум да чын. Ушундай бактыма себепчи  болгон айымдар: Тамара Токтомаметова эжеге (Табылды Мукановдун жубайы), Жаңылсынзат айымга (Табылды Эгембердиевдин жубайы) жана Жолон Мамытов тууралуу мыкты китептин автору  Ризван Савай эжеге ырахмат.

«Үнү каткан улар»- акындардын алпы  Жолон Мамытов жөнүндө эле эмес, улуу державанын- СССРдин тушунда бакубат турмуш кечирген акындын бактылуу замандаштары жана ошол советтик доордун тарыхый мезгилдеринен сүртүмдөрдү элестүү чагылдырган чыгарма. Советтик Кыргызстандын адабияты жана акын- жазуучулары тууралуу айрым эпизоддорду абдан билгичтик менен айкалыштырып,  документалдуу фрагменттер менен реалдуу окуяларды көркөм чагылдырганга жетишкен автордун эмгегине баа бердим.

Бул оңой эмес. Адатта, атактуулар жөнүндө китеп десе эле жалаңкат фактыларды курумдай супсак тизмелеп,  анысы тарыхый бир сүртүмдүн деңгээлинде кала берген эскерүүлөр толтура.Бир адам тууралуу эскерүү деп,ал адамдын өмүр жолун, эмгегин, баатырдыгын, мыктылыгын айта бергенди стандарт катары көргөндөр көп. Эскерүү чыгармасын жазганда, бир кишинин тегерегинде айлана бербей, анын дүйнөсү жашаган заманды, доорду, замандаштары тууралуу кеңири айтып бергенде гана чыгарма максатына жетет, Ризван эженин китебинин өзгөчөлүгү да  мына ушунда.

Документалдуу фактылар менен, көркөм адабий тил жана публицистикалык  чегинүү менен катар, адабий сынды абай камтып кеткени менен да өзгөчө. Бир эле китепте: көркөм адабий, публицистика, адабий сын жана эпистолярдык  жанр  чеберчилик менен табигый  айкалышып, жуурулуп, бири-бирин толуктап турат.

Баса, адабий сынды жана эпистолярдык жанрды бөлүп көрсөтүүнү  туура көрдүк. Анткени, адабий сын качан эле улуу сынчылардын эмгектери менен илим  деңгээлине жеткени анык жана публицистиканын бир тамыры эмес, көркөм адабият менен катар, алтургай,  андан бийикте өзүнчө тамырын жайып койгон искусство. Адабий сын-адамтаанууну жана дүйнөтаанууну калыптандырган, ага негиз салган адамзаттын баалуулуктарынын бири болгон адабияттын маягы. Фундаменталдуу илимдердин: философия, коомтаануу, психология, педагогика, этика, эстетика, социология, тарых, маданиятаануу, тил жана адабиятаануунун негизинде өнүккөн жана ал илимдердин өнүгүшүнө да эбегейсиз салым кошкон адабий сын качан эле форматы публицистиканын негизинде калганы менен, анын алкагына масштабы сыйбай калган, андан өзүнчө бөлүнүп чыккан фундаменталдуу илим.

Эпистолярдык жанр деле ошо. Документалдуу факт катары публицистикага киргени менен, көркөм адабиятка не бир шедевр чыгармаларды жаратууга негиз болгон, публицистика менен көркөм адабияттын жана тарых илиминде тарыхый булак катары кызмат өтөгөн искусство.

Китеп тууралуу кепти уланта берели.

Алгач китепти ачканда  акындын апасы Алмакан сулуунун  өзгөчө тагдыры көңүлдүн борборун ээлеп  алат. Бул бөлүм баштан-аяк көркөм стилде, улам окуган сайын кызыгы алдыда өңдүү жетелеп кете бере тургандай чеберчилик менен жазылган. Совет доорунун алгачкы мезгилиндеги түштүк Кыргызстанда күч алып турган басмачылык менен, Ош шаарынын жака-белинен орун алган төлөйкөндүк жана чөлдүк кыргыздардын ошо кездеги жашоосу кинотасмадай көз алдыңа тартылат. Алмакан сулуунун теребелди термелткен жылаажын авазы,  кудум өрүк гүлүндөй аруулугу, мөлтүрдүн армандуу тун сүйүүсү менен корбашынын колуна түшкөнү өзүнчө  бир  көркөм тасма. Ушундай тамшанып окуган экем, алтургай Ризван эжеге айтып, бышкан өрүктөй ширин тилди кор кылбай китепти көркөм чыгармага айлантып таштабайсызбы деп жарга такадым. Аныма эже ынабады, туура кылган экен.

Анткени андан-ары арылап окуганда алп акындын үзөңгүлөш замандаштарынын: Сооронбай Жусуев, Турар Кожомбердиев, Кармышак Ташбаев, Сүйүнбай Тургуналиев, Курбанаалы Сабыров менен Омор Султановдун бейнесин ачып берген каттарды окуганда;  абдан кызык жана астейдил жазылган Мухтар Шаханов менен жолугушкан очеркти окуганда; акындын айылдагы жеңесинин элеттик кыргыз мүнөзүн эскерүүсүнөн окуганда; Владимир Маяковский, Николай Заболоцкий, Алыкул Осмоновдорго арналган бөлүмдөрдү окуганда;  дегеле айландырып келип, ооматтуу Оштун ар кыл тарыхый мезгилде чагылдырылганын окуганда; атактуу Ак-Бууранын жана совет доорунда акын билим алган Ленинград, Москва жөнүндө окуганда- бир макалада айтып бүтүрө  албаган таасирге тушугуп, бул китеп дал ушул форматта, дал ушундай турушунда туура экен деген бүтүмгө келдим.

***

Атактуу Алай тоолорунун мөңгүлөрүнөн байыркы Ошко агып түшкөн Ак-Буура жана анын башатынан эл бөлүп дыйканчылыкка пайдаланган, ал кезде  азоо атты агызып кетчү, аркырап агып турчу, азыр соолуп  бараткан Кайыңды  тууралуу окуганда кайсы кыргыз болбосун көзүңө жаш келип, жүрөгүң зырп этет. Кайран улуу сууларды цивилизациянын эпкини курутуп баратканын даана сезип, каңырыгың түтөйт. Мына ушунун өзү эле эмне деген таасир! Баарыбызга бир аяк сууну да аягыла дегендей астейдил  айтылып кеткен ичтен түтүү мээңе орноп  кала экен.Тээ башатында аркырап аккан Ак-Бууранын азыркы сүрүн, чамынган толкундарын карап туруп, азыр ушунча, илгери буураны агызып кеткен кезинде кандай болду экен деп, улуу дарыянын албуут толкундуу күчүнө  баа бересиң.

Бердибай жамакчы тууралуу бөлүмдү окуганда илгерки муунду көрүп калган биз курактуулар сыяктуу эле каңырыгым  түтөдү . Биз кадимки нукура кыргыздыгы кулк-мунөзүнөн, турган  турпатынан, дилинен, пейилинен, тилинен турмак, деминен көрүнүп турган  чоң аталар менен энелердин муунун көрүп калдык. Жолон Мамытовдун акын болуп калганына ошол өрөөнгө  белгилүү  Бердибай жамакчынын таасири  айтып бүткүс болгон экен. Келечектеги алп акынды-делдең кулак тестиер  Жолонду оттун боюнда алып олтуруп өткөн-кеткенди саймедиреп бергени бир, эшегине учкаштырып алып эки жакта эл аралатып  чогуу алып жүргөнү бир, дегеле көрөңгөлүү карыянын таасири өзгөчө болгон экен. Бердибек атаны  ашык-кеми жок эки генийдин: Александр Пушкиндин бакмачы энеси Ариана Родионовна менен  Чыңгыз Айтматовдун энелери -Айымкан менен Карагызга окшоттум. Дегинкиси, генийлердин бала  кезинде өөнө  боюна улуттук баалуулуктарды сиңирип койгон карыялар болот бейм. Жолон Мамытовдун 29 жашында жарык көргөн, акынды элге  тааныткан  «Отту сүйөм» деген ырлар жыйнагы жөн жеринен аталбаптыр, анткени жамакчы абасы менен от  боюнда не бир сыйкырдуу кечтерди кечирген тура. Карыя жамакчынын оттун боюнда ойго төнүп отурган образын Ризван эже ушунчалык сонун сүрөттөп берген: көз алдымда  оттуу ичкертип ойго баткан, шарактап кайнаган кара көө  көрөдөн чай демдеп ичип олтурган,же жалбырттап жанган кызыл жалынды, же кызыл чокту карап түпсүз ойлорго батып отурган ойчул атанын образы көзгө тартылып, эсте калды.

Жолондун тун сүйүүсү Турнайым  сулуу тууралуу, классташ  кызына  арналган тестиердин  сезимдери  акындын кийин жаралган ырлары менен коштолот жана абдан чебер сүрөттөлөт.

 Көңүл бийлеп, тиктей калсам көзүңдү,

 Көрдүм андан көзүм толо өзүмдү.

 Сен кайтаарда булак суусун чакалап,

Мен алдыңан торой чыкчу кезимди.

               ***

Желпилдеген жоолугуңду бир байлам,

Кыз кезиңди кызыл-тазыл кир жайган,

Мышыгыңды терезеден кетпеген,

Апакеңди ак чач болуп улгайган.

 ***

«Үнү каткан улар» эмнеси менен баалуу? Кыргыздын  ич-ара боло келген, дагы деле  бар трайбализм деген пастык менен  ооругандарга сабак болчу маалыматты камтыганы менен да баалуу. Ушул китепти окугандан кийин кыргыздын  атактуу акыны Омор Султанов агайга урмат-сыйым оголе артты. Анткени  толук кандуу кыргыз болуп калыптана электер  гана трайбализм менен ооруйт. Айкөл кыргыз эгерим бирөөнү жөн-жай  бөлгөн эмес, тескерисинче , пейили туура келсе бөтөндөрдү бооруна батырып эл кылып алган. Кыргыз  деп жаны күйгөн  улуу акындардын каттарында калган акылман сөздөрү эмне деген бийиктикке жетелейт! Каттан үзүндү келтирели.

 

Омор Султановдун каты

“Жоке сүйүнчү!  Духтар дүйнөсүндө бир перзент пайда болду. Катта(чоң-Р.И.) дух уулунун атын  Жангарач коём дейт. Ургаачы дух Сыргак коём дейт. Ошентип, духтар дүйнөсүндө ары сүр, бери сүр. Эки ат тең менин купулума толду. Кыргыздын нагыз аттары. Мен өзүм кызыма кыргыздын атын койбогонума саат сайын бушайманмын, апсалам кир. Мурун бизге жол көрсөткөн адам жок, ойду-келди баса берген турбайбызбы. Эмки жаштар каз-каз  тургандан  баштап эле адашпасын үчүн биз сөзүбүздү аябашыбыз  зарыл экен . Анын үстүнө Байтемировдордон тарбия алган  биз шордуулар…

Бүгүн бизде, республикада, коомдук илимдердин, Ленин күнүнө карата конференциясы болду. Философ Асанбек Табалдиев улут жөнүндө укмуш сүйлөдү. Оозеки күйүп туруп сүйлөдү. Теориялык, практикалык  жагынан да өтө көңүлгө ынанарлык. Кыскача айтканда, интернационализм дегенге  караганда  нацияны жогору койду. Лениндин сөзү менен бекемдеди. Улут  жөнүндөгү Сталиндин корутундусун Ленин жактырып, өзү редактор болгон журналга баскандыгын баса белгиледи. Улуттардын психологиялык өзгөчөлүгүн дайыма эске алуу менен  улуттарды жоюуга аракеттенбестен, алардын ортосундагы достукту чыңоого гана көңүл буруу керек дейт. Мен айтып жеткире албай жатам… Коомдук-илимий жыйналышта кыргыз интеллигенти ушундай сөз козгоп жатса,  жарылып кете жаздайт экенсиң сүйүнгөндөн”.

 

          Андан ары дагы бир каттан үзүндү .

“Москвич-9 ll лер саламатсыңарбы? Жаңы Москвичти (Кадыркул Даутов-Р.А.) этият кылгыла, авария болуп кетип жүрбөсүн. Өзүнүн сигналына караганда, көчөлөрдөн адашып  жүрөт имиш ко. Ал заади ошондой кысталак болчу. Кээде “Тмирязовду” таппай калчу эле. Жолон, аны жоготсоң жооп бересиң”.

    Карасаңыз,окурман,эмне деген бийиктик! Омор агай түштүк диалекте (катта, апсалам кир, заади) деп беймарал эле, көндүм эле маанайда жазганын айтыңыз. Азыр пастыктын түбүнө түшүп кеткен трайбалисттердин( башка көчөдөгү элди мындай коюп эле, адабиятка тиешем бар, түзүкмүн деп төш кагып жүргөндөр) түндүктүгү “бир боордугун” келекелеген таризде “ям” же “сарт” деп кошуп жазып, сүйлөп; түштүктүгү “коңкабайлап”, ” калмак” деп, же дагы бирдемени айтып, кылжыкелигин көрсөткөндү модага айлантып алышты.

Анан да Омор агайдын ошол кезде тике айткан улутка күйгөн улутчулдугун бааладым, “интернационализм дегенге  караганда  нацияны жогору койду” дегеничи! Мынакей, акындыгы улуттук баалуулукка айланып кеткен Омор Султанов агайдын адамдык бийик сапаты, кыргыздыгы! Даа..мындай бийиктикке чанда адам жетет жана ушундай улут атасы деген касиетке татыктуу Омор Султанов агай менен замандаш экенибизге шүгүр.

 

Андан ары каттарды окуганда андан кызык.

 “Жоке саламатсыңбы!

          Менин жиберген китептеримди алдыңбы? Даутян кандай жүрөт? Ал китептердин тереңине түшүп кеткен го, кат  да жок көптөн бери. Аны орус тилинде сын жазууга үгүттө. Ошону жакшылап өздөштүрүп албаса, биз үчүн (өзүң билесиң) жол туюк экени белгилүү го. Өзүңдүн бүтүшүңө да аз эле калды. Орусча ырлар жарыялоого аракеттен. Досторду ( ар улуттан) көбүрөөк тап. Бул жердеги атмосфера барган сайын татаалданып баратат. Бөлүштүрбөй сүйлөгөн бир да адамды көрбөдүм. Улутчулдук эмес, уруучулдук күчөгөнүн карасаң. Мунун баары  социализмдин даяр дасторконуна мандаш урунуп  олтуруп калганыбыздан  го. Бул уруучулдук жаш таланттардын гана  трагедиясы эмеспи. Бирок, уруучулдукка каршы өлгөнчө күрөшүү керек. Түшүнүктүү жаштар ал тупикке кирбес деп ойлойм.

(Омор Султановдун Жолонго жазган каты, 18-март, 1970 –жылы, саат: 22.25)

 

             Омор Султановдун муногу сөздөрү ар бирибизге насаат  накыл кеп: “Улутчулдук эмес, уруучулдук күчөгөнүн карасаң. Мунун баары  социализмдин даяр дасторконуна мандаш урунуп  олтуруп калганыбыздан  го. Бул уруучулдук жаш таланттардын гана  трагедиясы эмеспи. Бирок, уруучулдукка каршы өлгөнчө күрөшүү керек. Түшүнүктүү жаштар ал тупикке кирбес деп ойлойм”.          ***

Жолон Мамытовду ар дайым  колдоп келген Сооронбай  Жусуевдин адамгерчилигине каттарды окуганда тан бересиң. Дегеле Жолон Мамытов менен үзөңгүлөш калемгерлердин ортосундагы каттарды окуп олтуруп таптакыр башка дүйнөгө туш келесиң. Андагы адамдардын бири-бирине жазгандары алардын канчалык терең, канчалык бийик экенин айтат. Сооронбай Жусуев, Кармышак Ташбаев, Сүйөркул Тургунбаев жана Курбанаалы Сабыровдун өз ара чын ыкластуу мамилесине тан берип, ошо кездеги акын-жазуучулардын бири-бирине болгон ишеними ушунчалык бийик жана таза болгонуна ынанасың да, ичиң да жылыйт.  Бул каттарды окуш гана керек.

***

Ал эми Жолон акындын канчалык мыкты жубай жана ата болгонун Меңди эжеге жазган каттарынан окуп, адамдык бийик сапаттардын ээси гана улуулукка жетээрине көзүм жетти. Балдарына жакын күйүмдүү ата болгонун, үй-бүлөдөгү мамилени туу туткан жубай болгонун, ата-энени, тууган-урукту,эл-жерди чексиз сүйгөнүн узун жазылган каттарынан окуп алып, эгерде эркек атмайдын баары Жолон агайдай бийик сапаттардын ээси болсо, аялзаты атмай чесиз бактылуу болуп, ата-эне атмай да бактылуу болуп, эл-жер да тынчтыкка, мээримге бөлөнүп, бул дүйнө агарып кетмек экен деген ой келди.

Улуттун улут болуп калыптанышына, жөн-жай жашоодо  Жолон Мамытовдой бүлөсүнө, тууган-уругуна, айылдаш жердештерине, элине бел болуп, туу болуп бере алчу, ичине ээр токум баткан эр көкүрөк эркектер гана жарайт, ошондой эр- азаматтар керек экен.

Уй-бүлөлүк бир катты толук мисал келтирли.

“ Меңдушка!

Ахвалың кандай? Сенден кат келгенче эле дагы кат жазгым келип кетти. Азыр эле Шанакейге кат жазып бүттүм, сүрөт сураган экен, сага салган сүрөттүн бирөөсүн салып жибердим. Чамасы, үйлөнгөнү жүрөбү дейм да, мага кыйытып жазыптыр, “келиңиз” деп. Ден соолугуң жакшыбы? Дарылануу маселеси кантип жатат? Врачка бардыңбы? Отпуск сурадыңбы? Эмне үчүн “Золотой корень” таасир кылбайт,  же үзгүлтүк менен ичип жатасыңбы? Апамын ден соолугу жакшыбы? Анализге мен кеткенден кийин бардыбы?  Кант жеп жатабы же жокпу?

Айгера чоңоюп жатабы? Ата дегенди үйрөндүбү деги? Көзүн чекчейтип  жылып жүрөт дечи бакыракай кызым. Куурчагын ойноп жатабы? Улан уулум жакшы жүрөбү? Аны көп урбай, алдап тарбиялагыла, акыңарды төлөйүн. Макиш сүрөтчү кандай? Жакшы тарткан, жакшы чыккан сүрөттөрүн катып койгула, кийин, мен барганда көрөйүн да. Шашпай, ойлонуп тартып үйрөнсүн.

Кудайберди акемдер, Якут жеңемдер, Турат акемдер, Момуштар жана калган бардык туугандарга салам. Өйүзгө бардыңбы? Жума акем Фрунзеге кетиптирби? Эл-журтта, газета-журналдарда, шаарда  не  жаңылыктар болууда?

Мен болсо окуп жатам. Баягы турмуш. Үйдү, өзүңөрдү сагынмай. Эркин экөөбүз тамак жасап, үй-бүлө туурасында сүйлөшүп калабыз. Сага салам айтып кой деп калат. Орчундуу эчтеке жаза албай жүрөм. ”Тынч Дондун” төртүнчү китебин окуп жатам. Хикметтин пьесаларын, Межелайтистин “Чыгыш новеллалары” деген  китептерди окуп чыктым. Эки жолу киного кирдим.  20-майдан 31-майга дейре 5 зачет, анан  17-июнга чейин 2 экзамен,  анан  бүтөт экенбиз.  Бир жумага Ленинградга алып барат экен да, андан кийин кайыр-кош айтат окшойбуз. Мендеги жаңылыктар ушул Меңдушкам. Эмки  жаңылыктарды  өзүңдөн  күтөм. Ысык саламым менен Жокоң.” 

 ( Жолондун Меңдиге жазган каты. 3-апрель, 1971-жыл)

Атагы чыккан 31 жаштагы акын атанын “Улан уулум жакшы жүрөбү? Аны көп урбай, алдап тарбиялагыла, акыңарды төлөйүн” дегени эмне деген мээрим толгон сөздөр!  Келечекте ата-эне  боло турган  улан-кыздарга жеткидей кылып, тарбия сааттарда тема кылып, атайы сабактарды өтсө болгудай таасири бар, ар бир ата-энеге сабак болгудай нуска кеп.

Дагы бир катынан үзүндү келтирели.

“Айланайын Меңдим!

      Менин  кыйынчылыкка жедеп көнгөн, таза ойлуу кичинекей баатырым! Сенин катыңды алып окуп, мен өзүмдү дагы бир жолу ит, акмак экенимди билдим. Мен адам болсом,  апам менен эжем экөө менен эчак эле ачык сүйлөшүп, тынчытып  коймок элем. (кыскартылды-РА.)

       …А сүйүүчү! Бизде ал жок беле?  Чыныгы сүйүү  тең  укуктуу, эки жаштын бири-бирине болгон эң ыйык сезимдери, таза мамилеси, ак жүрөгү, иш жүзүндө (ар бир майд,күндөлүк кыймылдардан байкалган адамгерчилиги) болгон  тыгыз  байланышы  го. Мен келечектен укмуштуудай зор сүйүүнү күтөм! Куру төш каккым келбейт, сенин сүйүүңө али татыксызмын…Улуу келечек, жакшы күндөр, мен үчүн тарткан кайгыңды бөлүшүүгө уруксат эт! Мени кечир! Сенден суранаарым: Турат акем менен уялбай эле ачык сүйлөшүп абалыңды баянда. Мен кат жазсам зор чууга айланбасын дедим. Аз калды,чыда! Бекем кучактап өөп, ысык саламым менен Жолонуң.

(Жолондун Меңдиге  жазган каты, айы-числосу, жылы жазылган эмес.)

Мындай оттуу сезимдерди окуган ким болбосун  акындын аялзатына жасаган аяр мамилесин көрүп, айкөл дүйнөсүн баалайт. Ушул каттарды алыскы Ленинград менен Москвадан жазып жатканда акын болгону 30 жаштын ары жак,бери жагында болгон. Ал эми жазгандарынын мазмунучу? Бул каттарды толугу менен окуп  чыккан окурман атмай  Жолонду алп акын деп замандаштары жөн жеринен айтпаганына көзү жетет. Адамдарга жасаган мамилесинен адамдын адамдыгы билинет эмеспи, ал эми акын  улуу адамгерчилик сапаттарга ээ, пейили деңиздей чалкар, дүйнөсү алп, айкөл болгон экен…

***

«Үнү каткан улар» дагы эмнеси менен өзгөчө? Китепте жалаң  эле  Жолон  Мамытов жөнүндө эмес, акындын дүйнөсүнө  жакын адамдар жана анын тагдырындагы урунттуу учурлар тууралуу кеңири айтылганы менен өзгөчө. Мисалы үчүн, Владимир Маяковский, Никололай  Заболоцский , Алыкул Осмоновдордун  чыгармачылыгы жөнүндө  бөлүмдөр абдан жакшы жазылган. Алардын тарых,таржымалына автор кеңири токтолот.

Ал эми Качкынбай Артыкбаев агайдын сын макаласына сыны да өзүнчө чоң сөз кылганга арзыйт. Албетте, бул бөлүмдө автордун бардык ойлору менен эле макул боло бербейсиң  дечи, ошентсе  да адабий сынчынын  макаласына сын айтуусу  эле  адабият жандуу тарыхый илим экенине да ынанасың. Себеби, аттуу-баштуу көркөм сөз ээлери жана сөз ээлерине айтылган сындар ар дайым окула берет жана кайсы доор, кайсы заман болбосун өткөнкү мурас бүгүнкүнүн көзү менен талданып, табигый тандоодон өтүп турат. Адабият илими  ушундай жандуу процесстин ээси. Бул процесс  сөз жашап турганда токтобойт жана көркөм  дүйнөгө тиешеси бар сөз ээлерин элеп  турат. Бул табигый тандоодон чанда бир калемгер өткөнү менен жана  анын сөзү кылымдарга мурас болуп калганы менен адабияттаануу баалуу.

***

Алп акындын ошондой табигый тандоодон өтүп, кылымдар бою жаңырып жашай бере турган ары жөнөкөй, ары гениалдуу “ Издейм сени” аттуу, Рыспай Абдыкадыровдун сыйкырдуу обону оболотуп таштаган атактуу ырын ким билбейт?

А тескерисинче Жолон Мамытовдун композитор Сатылган Осмонов менен биргеликте чыгарган, көпчулүккө белгисиз “Сепил” аттуу либретто-операсы тууралуу, анын таржымалына кеңири токтолгон автор абдан жакшы айтып гана бербестен, адабий талдоо да жасайт.

Адабий сынчы катары Ризван Савай  акындын ушул  чыгармалырына кеңири токтолуп, ийнине жеткире талдаган. Адабияттаанууга кызыккан окурмандар бул талдоолорду окуганда өзүнө көп нерсе алаары бышык.

Кыскасы,макалада дагы көп нерсе тууралуу айканга мүмкүнчүлүк болбоду, китепти окуган ар бир окурман өзүнө керектүү нерсе таба турган Ризван Савай эженин эмгеги үчүн ырахмат жана дагы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Рахат Аманова

16.09.2021, Ош.

 

 

 

 

 

 

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.