Анна Ахматованын ыры учурдагы акындардын котормосунда

Скарлет О’ Харага Анна Ахматованын ырына котормолорду топтоп, жарыялаганы үчүн ырахмат.

Жыйырма бири. түнү. Жекшемби.
Мунарыктайт талаа мүшкүлдө.
Бир келесоо ырдап кеткенби,
Сүйүү бар!- деп жердин үстүндө.

Жалкоолукту, эриккенденби?
Баары ишенип жашап жатышат.
Чын сүйүүбү, зериккенденби,
Жоготуудан баары качышат..

Дүйнө такыр бөлөк жаңырып.
Жымжырттыктан тилейт соолугун.
Капысынан мен да кабылып,
Ошол күндөн бери оорумун.

Которгон: Шайлообек Дүйшеев.
✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨

Жыйырма бири. Түн. Дүйшөмбү..
Караңгылык курчайт борборду.
Бир бекерчи ойлоп тапкан го..
Жер жүзүндө Сүйүү болоорун.

Жалкоолуктан, мүмкүн зеригип.
Баары ишенип жашап жүрүшөт…
Ажыроодон коркуп,…Жолугуп.
Ыр ырдашып, даңктап Сүйүүнү.

Сырлар анан башка ачылып,
Анан кайра дагы жымжырттык…
Капысынан мен да кабылып–
Ооругандай жүрөм кызыгы..

Которгон: Боз Торгой.
💫🥂 💫. 🥂 💫. 🥂 💫.🥂💫🥂. 💫

Жыйырма бири .Түн. Дүйшөмбү.
Мунарыкта бу борбордун карааны.
Бир бекерчи каалап Өзү билгенби,
Көктөн жерге берип сүйүү азабын…

Эрингенден, зериккенден ушундай
Баары ишенип, жашайт түгөл түтүшүп
Ажырымдан коркуп, күйгөн ыр ырдай
Кездешүүчү Күндү күндө күтүшүп…

Бирок сырлар бөтөнчөрөөк ачылып,
Дымып алар кулак- мурун кескендей
Мен байкоостон дал Ошого кабылып,
Ошо күндөн жүрөм дале кеселдей…

Которгон: Залкарбек Назарматов.

🍹✨🥂🍹✨🥂🍹✨🥂🍹✨🥂🍹✨

Жыйырма бири. Түн. Дүйшөмбү.
Караңгыда мунарыктайт калаа кең.
Кай бекерчи адамдарды түйшөлтүп,
Сүйүү бар деп ынандырып салды экен?

Жалкоолукпу? Ыкшоолукпу? Адамдар
Шондон бери, шунтип келе жатышат:
Арзып… коркуп коштошуудан, анан да
Ашыглыктын өрт ырларын жазышат.

Бирок бар сыр – айрымдарга ачылган,
(Жымжырттыкта уктуң беле сырдуу үн)
Мен да ага калпыс жерден кабылгам,
Ошол күндөн кудум оору сындуумун..

Которгон: Абдысамат Сарала.
✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨

Жыйырма бири. Түн караңгы. Дүйшөмбү.
Борбор дагы мунарыкка оронду.
Бир бекерчи өзү ойлоп тапкандыр,
Сүйүү деген жер жүзүндө болоору.

Жалкоолуктан, балким мүмкүн зээригип,
Баары ишенип, жашап өмүр сүрүшөт.
Ажыроодон корккон менен ыр ырдап,
Даңктап Сүйүү, жолугууну күтүшөт.

Ортодогу сырлар баары ачылып,
Жымжырт болуп, тынчтык орноп төгүлдү.
Кокусунан мен аларга туш болуп,
Оорукчандай сезип жүрөм өзүмдү.

Которгон: Эльбек Базаров.
✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨

Жыйырма бири. Тун . Дүйшөнбү.
Калаа жымжырт, мунарыкка оронгон.
Бир бекерчи калтыргандай ыр жазып.
Сүйүү бар деп сезимдерге оролгон.

Сагынычпы, кусаданбы, жалгыздыктан зеригип
Сүйүү бар деп, аздектеген бири- бирин
Жашырынып болсо дагы кезигип
Ишенишет, ыйыгындай сезилип

Капилеттен ачып салган сырларды
Сүйүү келип мага дагы тоорулуп
Ырдаймын деп мен да сүйүү ырларын
Ошол бойдон калдым болуп оорулуу

Которгон: Максат Керимов.
✨🍹🥂✨🍹🥂✨🍹🥂✨🍹🥂✨🍹

Жыйырма бири. Дүйшөмбү түнү.
Боз мунарык борбор четинде.
Бир даңгесе бар деп сүйүүнү,
Ынандырды жердин бетинде.

Кайдыгерликпи, же көңүл коштук,
Баары шунтип жашайт окшошуп.
Күтүп, айрылышуудан коркуп,
Арзуу ырын ырдап боздошуп.

Жүрөктө тынчтык, көңүлү кадыржам,
Бул жашоонун сырын ким тапса.
Мен да буга кокус кабылгам,
Ошол кезден баары бейтаптай.

Которгон: Азамат Омош.
🍹🍹🍹🍹🍹🍹🍹🍹🍹🍹🍹🍹🍹🍹

Автор: Анна Ахматова

Двадцать первое. Ночь. Понедельник.
Очертанья столицы во мгле.
Сочинил же какой-то бездельник,
Что бывает любовь на земле.

И от лености или со скуки
Все поверили, так и живут:
Ждут свиданий, боятся разлуки
И любовные песни поют.

Но иным открывается тайна,
И почиет на них тишина…
Я на это наткнулась случайно
И с тех пор всё как будто больна.

🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹

Жыйырма бири. Биринчи күн. Түн ичи.
Караңгыда калкып борбор түспөлү.
Бир бекерчи айтты экен ээй ким үчүн,
Жер шаарында сүйүү бар деп бизде бу.

Жалкоолуктан, зериккенден жана да,
Жашашууда дал ошондой ишенип.
Жолугууну күтүп, коркуп санаадан,
Арзуу ырын боздошууда күчөнүп.

Бирок сырлар ачылды анан башкача,
Жымжырттыктын тынчыганы дагы чын.
Мен кабылдым капысынан таптаза,
Шондон бери дарт баскансыйт баарысын.

Которгон: Шабдан Сулайманов

 *********************************

Жыйырма бири. Түн. Дүйшөмбү.
Күңүрттө сүлпөтү борбордун.
Айтыптыр бекерчи бирөөсү,
Ашыктык жерде да болорун.

Жалкоолук, а балким зеригип,
Ишенип жашашып келишет:
Жолугуу күтүлүп, айрылуу кейитип,
Сүйүүсүн ырдаша беришет.

Кээ бирге, бирок сыр ачылып,
Байырлайт аларга тынч убак.
Мен ага кокустан кабылып,
Жүрөмүн оорукчан жан сымак.

Айтмырза Абылкасымов

***********************************

Жыйырма бир. Түн. Жуманын дүйшөмбү.
Шаарды кысат мунарыктын чеӊгели.
Сүйүү эмне? Качандыр бир дүйнөдө
Бекерчинин таап алган бир эрмеги.

Андан бери иши жоктун бардыгы
Эрмек кылып жашап келет чын бүтүп:
Жолугушат, болбосун дейт айрылуу,
Сүйүү дешет ырдап, ыйлап, күйүшүп.

А азына сыры ачылат катылган,
Тынчтыгына кылсын жанды түшкүлүк.
Мен да муну аӊдап калып капыстан,
Жан дүйнөмдө сызылат бир үшкүрүк.

Нурланбек Кайрыев, 22.09.21

 ************************************

Жыйырма бири. Түн. Дүйшөнбү.
Шаарды оройт боз мунарык
Кай бекерпоз ойлоп тапкан?
“Суйуу бар” – деп деги ушу

Же эриккенден, а балким зериккенден
Баары ушинтип жашайт окшойбу
Ажыроодон коркуп, жоолугуп
Арзуу ырын ырдап даңкташып

Кээ бирооно анык сыры ачылып
Калат анан жымжырттыкка чөмүлүп
Мен да ага кокус кабылып
Ооругандай жүрөм чыйрыгып.

Анара Савай 23.09.2021ж.Алматы шаары.

***********************************

Жыйырма бири. Дүйшөмбүдө.Түн эле,
Борбор жаткан кою түндө чүргөөдө..
Бир бекерчи ойлоп тапты ушуну—
Деп сүйүүнү, жашайт жердин үстүндө.

Иши жокпу, балким жүргөн зеригип…
Ишеништи, ушундайбы тирүүлүк:
Ажырымдан коркуп, күтүп кездешип,
Сүйүүнү ырдап даңташышат биригип.

Бирок бирөө сырды мурда түшүнүп,
Унчукпоого өтөт даяр түрүнүп….
Мен туш болдум капыс ушу жагдайга,
Ошо күндөн ооругансыйм күрсүнүп.

Которгон: Лейликан Жумабаева

**************************************

Анна Ахматова

Двадцать первое. Ночь. Понедельник.
Очертанья столицы во мгле.
Сочинил же какой-то бездельник,
Что бывает любовь на земле.

И от лености или со скуки
Все поверили, так и живут:
Ждут свиданий, боятся разлуки
И любовные песни поют.

Но иным открывается тайна,
И начнет на них тишина…
Я на это наткнулась случайно
И с тех пор все как будто больна.

****************************************

Котормолорду топтогон: Скарлет О’ Хара 20.09.2021. Дүйшөмбү. ✍️

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.