Болдукан Мамбеталиева: Сүйүктүүм келе жатат…
Сүйүктүүм келе жатат…
АЯН ТҮШ
Демиң менен бир элем…
Ачык турчу жабылбастан эшигим.
Түн уйкумда…
Турар элең терметип,
Сүйүү деген
Менин ыйык бешигим.
Түш көрчүмүн,
Анан өзүң тууралуу.
Ойлор сансыз,
Үймөлөктөп каптачу…
Терезелер
Тиктеп жолду кусалуу,
Келеби деп… Автобусту карачу.
Келүүчүсүң,
Акыр бир күн күттүрүп.
Толуп батпай
Калаар элем өзүмө!
Сырым катып,
Чүмбөт тартып жүзүмө,
Туруучу элем,
Тик карабай көзүңө!
Кубанычтан…
Бүт кан-тамыр какчу эле,
Уялгандан…
Кызыл чоктой жанчумун…
Эркелечүм…
Кучагыңда от болуп,
Сенден гана
Бакыт даамын татчумун.
Эриниң
Эриниме тийген кезде,
Сагынычым…
Арта түшчү эки эсе!
Ошол ирмем
Мен “өзүңө” мас болуп,
Калгым келчү…
Кучагыңда Түн кечке…
Эки жандай…
Бөлүнбөстөй эч качан,
Сендик болуп…
Калган болчум капкачан!
Ээ-жаа бербей
Тепкилечү жүрөгүм,
Бук болчумун…
Сен тууралуу жазбасам.
Кээ күндөрү…
Түшкө кирсең Аяндай,
Ойгонгондо
Ой учугун табалбай…
Бар сырымды
Сап-сап кылып баяндай,
Толуп-ташып кат жазчумун…
Үйүмө да…
Калаар элем баталбай.
Дал ошондой…
Сүйө аламбы өзүңдү,
Күтүп жүрүп,
Жүрөгүмө кеч кирди.
Эстедиңби
“Сүйөм” деген сөзүмдү,
Сен кечигип…
Мени издеп келдиңби?!
Таза сактап…
Калгым келген жүрөктө,
“Бакытымдын”
Бүтпөгөнүн эңсегем!
Өткөн чакка…
Калтырдым, бүгүн сени,
Кайра эми…
Козгобогун делебем!
Бир кез келер
Сени дагы унутам,
Ошол учур
Кандай болот билбеймин?!
Балким болом
“Тынч жашоону” каалаган.
Айырмалап
Жакшы-жаман иргеймин,
Мен жөн гана
“Адам” болом жашаган.
Күндөр дагы…
Болбой калар өзгөчө,
Болоор кудум бир күндөй.
Балким эстейм…
Кайра баштан өзүңдү,
Көргөн Аян түшүмдөй!..
07.01.2019
ВИДЕНИЕ ВО СНЕ
Едина я с тобой всегда…
Открыта пред тобою дверь моя.
Когда спала…
Баюкала меня,
Любовь –
Святая колыбель моя.
Во сне своем
Я видела тебя.
Бессчетны мысли
Лавой заполняли…
На окна я
Всегда гляжу с тоской,
Всё жду тебя… Автобус ожидая.
Ты приезжал
В итоге ожиданий.
От радости безмерной
Теряла я себя!
Но, тихо душу сжав,
Я укрывала счастье,
Стояла молча пред тобой
Не глядя на тебя!
От радости моей…
Стучала в венах кровь,
А от смущенья я…
Как уголек горела…
Я ластилась к тебе…
Горя в руках твоих,
Лишь от тебя
Счастливой я бывала.
Любовь моя…
Взлетала до небес,
Когда твоя губа
Моей губы касалась!
И в этот миг,
Став пьяной «от тебя»,
Хотела я
Чтоб Ночь та не кончалась…
Пусть станут две души…
Единой на века,
Ведь вся моя душа…
Давно уже твоя!
Колотится в груди
Сердечко всё моё,
Нема я, если я…
Не воспою тебя.
Когда во сны мои…
Входил Виденьем ты,
Наутро просыпаясь,
Я не могла понять…
И тайны все свои
Я в строчках изливала,
Писала я стихи…
И дом…
Не мог сдержать меня.
Всё так и было…
Как долго я ждала,
И поздно поняла,
Что я могу любить.
Ты помнишь,
Как сказала я: «Люблю»?
Но опоздал ты…
Ты искал меня?!
Я в памяти…
Хочу всегда хранить
Свою мечту о вечном моем
«Счастье»!
Всё в прошлом
Я оставила… тебя…
Но вновь я в прошлом,
Под его я властью!
Придет то время,
Я тебя забуду,
Каким оно,
То время, будет, я не знаю?!
Быть может, буду я
Живущая «в покое»,
И, для себя
Всю жизнь перебирая,
Я буду просто
Добрым «Человеком».
Быть может, эти дни…
Не будут интересны,
И промелькнут, как тень… И о тебе
Я вспомню, может быть…
Опять…
Увидев лишь твое Видение во сне!..
СЕН СҮЙГӨН ЖАЗДА КАЙТАМ…
Үнүң угуп…
Сени көрүп көздөрүм,
Жаным жыргайт…
Бул жалганда турганда.
Сенден качып…
Кайда барат жүрөгүм,
Кайда барсам…
Сени издеп турат да…
Бирок бир күн…
Укпай калам үнүңдү,
Кулактарым жабылат…
Көрбөй калам…
Калдаңдаган карааның,
Көзүм топо жамынат…
Мен Музанын
Бейитинде тургандай,
Турганыңды…
Эстейм бейит алдында.
Суранамын…
Бул жашоомдо кылгандай,
Кечикпестен келсең экен,
Түбөлүктүү жайыма…
Ошондо да…
Күтөм Сени ашыга!!!
Угуп Сенин
Кадамыңды келаткан,
Алаарым чын…
Ордуман бир козголуп.
Колдоруңдун
Отун сезем шондо да,
Кеткениңде
Бейитиме гүл коюп!
Баягымдай…
Тасмалымды жаялбайм,
Бирок жаям… Элесимди…
Түрдүү дүйүм даам кылып.
Шамал болуп…
Өөп алам бетиңден,
Чай ордуна
Куям Сага ыр сунуп.
Башым жөлөп…
Анан Сенин ийниңе,
Көл-шал болуп төгүлөм…
Сүртүп жашым…
“Ыйлаба” деп сооротпо!
Жөн гана ук!
Үнүң катып демиңе,
Сылап көкүл саамайым.
Оку менин көзүмөн…
Жалгызсырап,
Жүргөнүмдү Сен жокто!
Жылдар өтүп…
Келалбасаң Сен мага,
Барыш үчүн…
Айланамын шамалга!
Жолугуу үчүн…
Мен өзүңө бир ирет,
Келем Сага…
Өзүң сүйгөн ар Майда.
Келген кезде…
Жаз мезгили айлыңа!..
Келип турам…
Жаз келгенде, Май айда!
21.01.2019
ВЕРНУСЬ ВЕСНОЙ, КОТОРУЮ ТЫ ЛЮБИШЬ …
Когда я слышу голос Твой…
Когда Тебя я вижу,
Я счастлива…
В жестоком этом мире.
Куда бежать
Душе моей беспечной…
Где б ни была она…
Тебя повсюду ищет…
Но, день придет…
Тебя я не услышу,
Уже закрыты будут уши мои, и…
И не увижу…
Я Тебя во мраке,
Землей укроются тогда глаза мои…
И, как в Раю
У Музы первозданной,
В могиле буду помнить…
Я Тебя.
Прошу лишь я…
Чтоб, как в земной Ты жизни,
Без опозданий приходил…
Ко мне, сюда…
И я здесь, как всегда…
Опять, как прежде, буду ждать Тебя!!!
Услышав лишь
Шаги Твои к могиле,
Я вздрогну…
Тихо повернусь к тебе.
И рук тепло
Почувствую Твоих,
Что, уходя,
Цветы оставят мне!
Как прежде, я…
Не расстелю уж скатерть пред Тобой,
Но, расстелю… я Образ свой…
Разнообразный, дивно ароматный,
И ветром легким…
Поцелую я Тебя,
А, вместо чая, я тебе
Налью стихов настой богатый.
Склонясь к плечу…
Я вновь к Тебе прижмусь,
Потом потоком горьким я прольюсь…
Не утешай меня: «Не плачь»..
Слезу стирая!
Ты просто слушай!
Затаив дыханье,
Поглаживая волосы мои,
Читай в глазах моих…
Как было одиноко
Мне без Тебя, как было трудно, плохо!
Но если Ты годами всё-ж не сможешь
Ко мне прийти,
То я тогда…
В потоки ветра быстро обратясь,
С Тобой на встречу…
Мгновенно прилечу…
К Тебе примчусь…
Я каждый месяц Май,
Который Ты так любишь…
И каждую весну,
В весенний месяц Май,
Я буду прилетать,
Меня ты не забудешь…
СҮЙҮКТҮҮМ КЕЛЕ ЖАТАТ
Чачымда жел оюн салып,
Көйнөгүм элбек-делбек…
Мен дале
Токтоло элек селкидеймин,
Жүрөгүм элеп-желеп!
Кудайга
сыйынуум жеткен экен,
Күткөнүм чалды бүгүн.
Жол карап – кол бош эмес…
Таарынчым бүттү демек!
Кең далысы
Теңиримдин талаасындай,
Асман-жердин арасындай
жазы маңдай…
Коңур үндүү…
Дөөт черткен арфанын добушундай,
Каштары
тартылган жаанын кылы,
Эдемдин бакчасындай
келбет-сыны.
Карашы бүркүт көз,
Кабагы бүркүт кабак…
Кадамынын дабышы шуу-шуу этип
шуулдаган тоо шамалдай,
Сүйүктүүм келе жатат…
30.01.2020
МОЙ ЛЮБИМЫЙ СКОРО ПРИДЕТ
Волосами ветер играет,
Подол платья легко раздувает…
Ну а я –
Как девчонка-подросток,
Сердце скачет, как конь-недоросток!
Знать, до Бога
Доходят мольбы,
Мне любимый сегодня звонил.
Руки заняты, взгляд – на дорогу…
Значит, нет между нами обид!
Он в плечах настолько широк –
Как просторный наш небосвод,
А лицом настолько пригож,
Как весь мир окружающий наш…
Ну а голос его звучит,
Словно арфа в руках Давида,
Ну а брови его сошлись,
Как стрела, летящая долго,
И осанкой своей он велик,
Как прекрасный Эдема сад.
Взглянет коршуном грозным он,
И характером – коршуна нрав…
Звук шагов его – словно гром,
Ветер гор о нем весть несет,
Мой любимый скоро придет…
ТЕҢИРГЕ ТӨБӨМ ЖАКЫН
Шаар сыртында…
Оттор күйгөн айылымда көчө жарык.
Бирөө Таңды күтсө…
Бирөө Түн бүтпөсө дейт.
Демейкидей Жер Айды айланууда…
Улуган үнү угулат коңшу иттин,
Уйкусу качкан бекен?
Чоң толкундун жонуна
чыга калган кеме сыяк,
Деңиздин үстүндөгү…
Түн кучактап
баш койдук бир жаздыкка…
Жарк эткен Көз… Түрсүл Жүрөк.
Ааламды бүт батырган,
Көкүрөк кеңдиги ай!
Тамеки даамданат эриндери…
Кучагы – Эйден багы!
…Караңгы Түн жарылып
Жол ачат аруу Таңга…
Жерди гүлгүн түскө боёп,
Күн чыгыштан
жайылып келет чыгып.
Коңур үн кулагыма
шыбырап эркелетет:
“Келемин, кайра кечте…
Саат үчтө…”
… Желе тартып
бир жөргөмүш келет түшүп,
Дасторконум жайылуу…
Мен комуздай
күүлөнүп табымдамын,
Асманымда
томуктай булуту жок.
Лебанон кедриндей боюм керип,
Бактылуу чагым жаным,
Теңирге төбөм жакын…
ДО НЕБА ДОРОСЛА
У края города…
В моем селе горят огни, на улицах светло.
Кто Утро ждет здесь…
А кто желает бесконечной Ночи.
Луна свершает путь по Небу как всегда…
И слышен лай собак издалека,
Для них опять пришли бессонны ночи?
Как лодка на волне большой,
взлетевшей к небесам,
мы словно в море…
Укрывшись Ночью,
мы на одной подушке спим…
Блеснет вдруг Глаз… И стукнет Сердце.
А грудь твоя так широка,
вселенную вместила всю в себя!
И на губах вкус сигарет…
Объятья – Райский Сад!
…Взорвется Ночь, и вновь она родит
прекрасное сияющее Утро…
Окрашивая в розовый всё цвет,
с востока мир охватит
ясность Духа.
И тихо мне на ухо голос твой
прошепчет ласково: «Смотри,
я вечером вернусь…
Как раньше, часа в три…»
…Спускается на паутинке вниз
вдруг паучок,
мой Стол накрыт…
Я, как комуз,
мелодией полна,
На небе надо мной
ни облачка.
И, в этом счастье, я, как кедр Ливана,
взметнулась до небес,
до Неба доросла…
ЭМНЕГЕ МЕН?..
Текчедеги китептерим
жер кучактап жатышат,
Качан, неге алганмын?..
Короомдогу
таштанды да чачылган,
Ой коңшу ит,
конок болгон окшойт ма-а…
Мен чагылган болуп үйдө отурам.
Башка шаарга
кетет экен кай бири,
Качып келген тагдырдан.
Мен качалбайм эминеге,
Тагдыр менен бир сыздайм?
Бир акылдуу:
“Өлүм – бул утуп алуу” – деген экен,
Мен да шондой…
Бир өлүмгө баш байлайм.
Мен эмнеге
эки айда бир сүйалбайм,
Түңүлдүрөт бул жалган…
Таштай жүрөк
эт жүрөктөн күчтүүбү?
Бир жыгылып…
Бирде туруп күч жыйнайм.
Деңизди теңге бөлгөн
Мусанын таягында күч жок эле,
Кудайдын кудуреттүү иши болчу.
Мен кезиккен
тең болдумбу Сүйүүгө?
Теңиримден келген аян-кут эле…
…Кечиргиле
мени сүйгөн мырзалар,
Мен болгону – Муза сүйүп жашадым.
Мен да “Бакыт” бермек элем бирөөңө,
Менин дагы
Кырк Чырагым жанды эле…
Бирок далай
бармагымды тиштедим,
Жектеп жашап
туруксуз бул дүйнөнү.
… Сүйүү жана Туруктуулук –
Жүрөктөгү Кураным!
Махабатты
ырдай берип жүрөгүм
Теңиримди дагы канча кейитем?
Мартин Лютер:
“Эртең келсе кыямат,
Бүгүн көчөт тигемин” – деп айткандай,
Азыркымдай
мен да өзгөрбөй каламын,
Ашыглыкка
батып кайра башынан…
16.10.2020
ПОЧЕМУ Я?..
Книжки на полках
спят беспробудно,
когда их покупала, и зачем?..
А на дворе
валяется весь хлам.
В гостях здесь
побывала чья-то тень…
А я одна, я дома у себя.
В другие города
бегут все от судьбы,
а почему же я
с судьбой своей смирилась?
«Смерть – это выигрыш!» –
сказал мудрец один,
И я такая же…
лишь смерть всегда мне мила.
Но почему-же я
раз в месяц не влюблюсь?
Весь мир – обман…
А каменное сердце
сильней живого?
Раз упав…
я набираюсь сил, и поднимусь.
Но силы нет сильнее,
чем в палке Моисея,
что разделила море пополам,
То – сила Божья,
я же, повстречав
Любовь, осилю ли ее?
Тем смыслом, что мне Богом дан…
…Простите уж
вы, господа, влюбленные в меня,
моя любовь сейчас лишь – Муза.
Я «Счастье» дать кому-нибудь могла б,
И у меня горит в душе
Любви Лампада…
Но много раз я
искусала пальцы,
в обманном мире этом
без любви.
…Любовь и Верность –
Библия души!
О сколько мне
Писать лишь о Любви,
Расстраивая Бога?
Мартин Лютер
сказал когда-то: «Древо посади,
пусть завтра рухнет мир!»,
и я сейчас
останусь всё такая ж,
и уйду
я всей душой опять
в Любовный омут…
ЖОЛ АЯГЫ
Сенин ордуң
“ыйык жайдай” сезилчү,
Кудуреттүү
Кудай менен кезикчү…
А мен сага
аялдырмын жөн гана,
Тагдырыңда
келип бир күн кетүүчү…
Көрдүм… Туйдум
жеңил-желпи мүнөздү,
Кадырладың мени билбейм,
канчалык?
Теңеп сени
эч табылбас бакытка,
Кээде өкүнөм
алмашканга Теңирди!
Азганактай
күткөм бакыт аялдык,
Шунтип сага
үйдүм бекен бир чоң жүк?!
Бир дагы шам
жарык чачпайт эми эч,
Жолдун дагы
болот экен аягы…
Жайык дайрам
эми сага чөмүлбөйм,
Чыгыш жактан
чыкчу Күнгө жылынбайм.
Өчкөн канжа
тутанбайт да, сорулбайт,
Көкүрөктө
үшкүрүк да соолуду…
Балким сага
бары-жогум билинбейт,
Отураарсың
да бир кызга кат жазып…
Өтө кызыл
бат оңгондой өңүнөн,
Андан дагы
тез муздаарсың, тез жанып…
31.10.2020
КОНЕЦ ПУТИ
Всегда ты был
«достойным уваженья»,
с Всесильным Богом
дружбу ты водил…
А я была
лишь женщиной прихожей
в твою Судьбу на день лишь, – ты решил…
Я видела… И знала
равнодушье,
не знаю, как
Ты уважал меня?
Считала я тебя
Великим счастьем,
за что же наказал
так Бог меня?!
Крупицу счастья
от тебя ждала лишь.
Ужели для тебя
то – непосильный груз?!
Погасла уж
души моей лампада.
Уж близится конец
сего пути…
Не окунусь
в широкую я реку,
и не согреюсь
в солнечных лучах.
Ту трубку, что потухла,
не раскуришь,
и даже вздох увял
на сердце у меня…
Быть может,
я исчезну – не заметишь,
быть может,
вновь напишешь – но другой…
И снова
весь любовью загоришься,
но скоро вновь
ты охладеешь к ней…
31.10.2020
Автор: Болдукан Мамбеталиева
Которгон: Таалай Осмонов
БаракелдеКотормосу да мыкты келишиптир. Акын менен отормочунун жан дүйнөсү бир сыяктуу туюлат. Ушул ырларды окуган адам кыялга батып, ыр жазгысы келип кетет. Бирок сенчилеп, сөзгө бай болбогон соң сен жазган ырлардан гана ырахат албаска аргасы жок болуп калат. Мен да так ошолордун биримин. Мени кыял кемесине салып сыздырнан ырларың үчүн чоң ырахмат.