Адабий сынак 37 Аңгеме

37

Астра – Жылдыз

Сагынарым

Ичиме – сүйүү батпайт,

Батпай барат сагынуу да,

Жек көрүп, таарынамын

Көөдөнүмдүн тардыгына.

Тынчтандыр же тапкын,

Үлгүлүү, жакшы себеп,

Кол шилтеп кетчүдөй,

Шарт басып бардыгына.

 

Мезгилдин сулуулугу

Мээримде табыларын.

Жүдөткөн бул сезимде,

Таптаттуу кайгы барын.

Мен азыр көп сөздөргө,

Билесиң кайдыгермин.

Антседа жүрөгүмдө,

Бар болсун сагынарым.

 

***

-Ысымдары анык эсимде жок. Кайсыл бир айылдагы мечиттин имамы мечитте уктап калыптыр.

Мечитти дайым кайнене, келин тазалап жүргөн. Алар келип тазалоого киришиптир.

Келин байкабай имамды ойготуп жиберет. Имам келиндин айдай жүзүн көрүп, таң калат. Ушундай пери бар турбайбы бул жарыкта- деп.

Ушунчалык катуу сүйүп калат.

Анын сүйүүсүнүн күчү ааламга теңделет. Ашыктыктын керемети молдону ыр жаздырат.

Ырды ташка чегип жазса- таш кызып жарылат. Ыр жазган колун сууга салса суу боркулдап булоолонуп кайнап чыгат.

Айылдын адил аксакалдары топтолуп молдону тыйып коюуга бел байлашат.

Бирок молдонун сүйүүсү күн санап элге жайыла баштайт.

Асып өлтүрө турганын айтышат.

Ошондогу молдонун сөзү айыл ичиндегилерди таң калтырды:

– ” Мен бир бечара мусапырмын, мен бир жөнөкөй мусулманмын. Напсиме күчүм жеткен, эркимди башкара алган, тарбиямды таразада сактаган, ыйманымды туу туткан, ынсап- ыкыбалымдын тизгинин кагып келген мен бир жөнөкөй мусулманмын.

Бирок, ошол ай жамалдуу перини көргөндөн баштап жүрөгүмдү башкара албай, эркиме күчүм жетпейт. Алла бир касиеттүү сезим берди. Бул сезим мени, менин дүйнөмү башкарып, бийлигин жүргүзүп жатат.

Эмне кылайын. Асып өлтүрө турган болсоңор, ыраазымын.

Башка айлам да, аргам да жок.

Анда айылдын адил аксакалдары: – Анда ыр жазгын да шишеге ( бөтөлкө) салып сууга агыз. Эгер чын эле ошол сен сүйүп калган келиндин чакасына сен агызган шише түшсө биз сага ишенели.

Ырды жазып шишеге салып сууга агызышат.

Ырас эле келиндин чакасына сузулуп калат. Келин шишедеги ырды окуп, мечитке алып келип берет.

Ошентсе да адил аксакалдардын ичинде, элдин арасында ар кандай күрөккө турбас сөздөр шыбыр-шыбыр болуп таркала берет.

– Акыркы жолу, ташка чегип ыр жаз, колуңду сууга сал. Эгер таш кызып жарылып, суу кайнаса биз сага ишенели- дешет.

Мына ушундай  кырдаалга туш болгон имам молдо такыр ыр жаза албай коёт. Аракет жасайт. Аракети текке кетет.

“Алдамчы”- дешип кээ бир адамдар, «жалганчы» – дешип айыл ичи дүрбөйт.

Даргага асууга буйрук берилет.

Муну угуп калган келин, эшикти акырын ачып маңдайында турган ошол молдого жүзүн(жамалын) көрсөтүп коёт. Кантседа аял киши боорукердик, мээримдүүлук касиетине ээ эмеспи.

Молдо, айдай перинин жамалын көрүп, эргүүсүнө ээ боло албай ташка чегип ыр жаза баштайт.

Анын алгач жазган ырлары айылда айтылып таралып кеткен. Ал ырларга салыштырмалуу бир канча мыкты сонун ыр жазат. Таш кызып жарылат. Суу кадимкидей кайнап чыгат.

Мына ошондо аксалдар: – Келиндин башын ачыктап, молдого алып берип никелетуу  керектигин айтышат.

Молдо макул болбойт.

-Менин напсимдин акысын бергиле.

Мен, ал келиндин чырайына ашык болдум. Бирок ал чырайды жараткан артындагы алланы сезбептирмин. Бул менин күнөөм. Мен, мени эс тандыра сүйдүрүп, ашык кылган чырайды жараткан алланы сүйөм. Кудурети күчтүү кудайым, мендей алсыз көр пендеңди кечире көр. Мендей күнөөкөрүңдү өзүң кечир.

Алланын жолунда сүйүүмдү бир гана аллага бурамын. Кудайдын улуулугуна, чебердигине дагы да таазим кыламын- деп сүйүүсүн, өмүрүн алла жолуна арнаган. Жогорудагы «кат жазылып салынган шишени сууга агызуу» уламыш катары тээ Кытайга чейин таркалган экен.

– Уламышты ушул, – деп бир күрсүнүп алды да Жылдыз, Астрага тигилип тиктеп туруп:

-Уккан белең, ушул уламышты?

-Жок, уккан эмес элем.

-Муну сага эмнеге айттым, билесиңби? Менин сүйүүм да ташты кызытып жарган, сууну кайнаткан ысык болсун деп тилек кылганмын, укканымда.

Кудайга шүгүр бул тилегиме кудай жеткирди.

Биздин сүйүү бүтпөй турган дастан болот буюруса.

Астра, мамалагым кукуладай сулуусуң.

Сулуу эле эмес, жаш баладай аруу тазалыгың бар. Сендеги бир касиет адамды жипсиз байлап алып өзүнө тартат.

Сен кайтып келгенче кантип сагынычка чыдаймын, билбейм…

Алкымынан жыттап, саамайын искеп сүйүүгө мас болуп турду Жылдыз.

 

***

Оштогу студенттердин жашоосу кызык. Көрүп суктана бересиң. Кино көрүп жаткандай карап отура берсең зерикпейсиң.

Кээде үлп эткен жел жок, шаар ичи кайнап, үп болуп чыгат. Сууга жетпей акактап калган балыктай болоруңа шек жок. Кээде салкын жел Акбууранын илебинен байма-бай келип турат. Төлөйкөн тарап жылдыздар жымыңдап тургандай элес калтырат кечкисин.

Отуз Адыр бийик, андыктан ал тарапта шамал- шайыр кыздай эле чачын желбиретип жүргөн чыгар…

-Жылдыз – деди, Астра эркелеп.

Ой чабытыңа таң каламын. Мынча ойду ичине кантип батырасың. Мени кучактап отурган соң, мени эле ойлонсончу, тентек- деп жылмайды.

***

1999 – жылдын 18- ноябры биздин үй – бүлөбүз үчүн эң оор күн болду.

21 жашында солкулдап турган бир тууган эжемден айрылдык. Ата-энемдин сыздаганын айтпай эле коёюн.  Баладан айрылууну эч бир ата-энеге кудайым ыраа көрбөсун.

Эгиз козудой ээрчишип жүрөт элек, анын сулуулугун эч бир жанга салыштыруу мүмкүн эмес эле…

Бир тууганымдан айрылып ,ич- ичибизден эзилип турдук.

Ыйласам жубатып, күч-кубат берип: – ата – энең ыйлап турса, сен да бир жактан жашык болбой, окууңду жакшы оку- деп, Жылдыз да менин карегим менен тең айланды.  Убакыт өтүп жатты. Билинбей эле экөөбүз кыз- жигит болуп сүйлөшүп эки жыл жүрүптүрбүз.  Жылдыз окуусун бүтүп, а мен үчүнчү курс болдум .  Ал өмүр бою бир болобуз- деп, ар убак убада берээр эле. – «Ата- энем менен барып сүйлөшүп келейин, жаным буюруса туулган күнүңө жетип келем»- деди.

Эх ошол күн акыркы жолугушуу экенин кайдан билдик. Жаратылыш да жашын төгүп, шамал астын -үстүн болуп,   чагылган да чаркылдап  туруп албадыбы. Биздин коштошуп алгыла – дегенсип, ошондо да сиз кара саябанды башыма тутуп, өзүңүз суу болуп жатсаңыз да «жаным күн суук болуп кетти, кийип жүр»- деп мага көк свитерди карматтыңыз. Тагдырдын бизге берип жаткан сыноолорун билгенде ээрчишип, турмуш жолуна аттанып кетпейт белек. Сиз ата-энеңиз менен сүйлөшкөнү кеттиңиз.

Эртеси апамдар Ошко келишип ,Жалал -Абаддагы атамдын бир тууган карындашы Сайра эжемдин үйүнө мени тойго алып кетишти.Тойду өткөрүп, эжемдер кал-десе да болбой, «кетишим керек»- деп туруп алдым.  Туулган күнүңдү өткөрүп берели- дешсе да болбойм.  Эжем байкуш бар тапканын чоң ала сумкага толтуруп салды. Нан, боорсок, күрүч, майын салып мени узатышты.  Кайдан билдим бир боорсок да мага насип кылбай калышын.

12-ноябрь күнү кечке жуук жатаканага келдим. Оюмда эч нерсе жок. Бирге жашаган досторум тосуп алышты… Студенттик күндөрдө бирде ач каласың, бирде ток болосуң. Мен кеткенден кийин эле жердешим Талгат келип досторум менен таанышып аларга чай уюштуруп,  мени отурушка барып келүүмө жардам беришин сураныптыр.  Мен келгенден кийин жарым саат өтпөй эле Талгат келди. Канчалык барбаймын, чарчап турам-дегениме койбой – «досторума айтып койгом, мени уят кылбачы»- деп туруп албадыбы.  Баё жаным мейли барып, бир-эки саат отуруп эле келем да- деген ойдо араңдан зорго макул болдум. Бүтүндөй Жылдыздан айрылып калаарымды билбептирмин.  Көрсө ал алдын ала баарын пландаштырып коюптур. Машинаны да сүйлөшүптүр ала качууга. Ошентип мени айылга ала качып, алып келди. Менин көңүлүм башкада экенин эч ким ойлоп да койгон жок.  «Жакшы кыз элден чыкпайт ,элден чыксада жерден чыкпайт»- дешип, аксакалдар батасын беришти.  Мына таш түшкөн жеринде оор болуп, бүтүндөй жашоом  өзгөрүп, жер астын- үстүн болду.

-Жок, отурбаймын-деп басып кетүүгө чамам жетпеди, анткени ата-энемди аяп, апам байкуш менин абалымды көрүп эле эс учун жоготту. Аксакалдардын батасын бузуп, астананы аттап чыгып кете албай кан жутуп кала бердим.

Эжемди сагындым. Эгиздей элек. Кайдан чыкты бул илдет. Белин көтөрө албай апакем канча сыздады. Кайгысын карабай туруп далысынан байкаткан атакем ай. Мөгдурөп болбой калды.

Кайгы-ызанын чок ортосунда болуптурмун. Бир жактан ата-энеме боорум ооруп, экинчи жактан Жылдыздан айрылып, үчүнчү жактан эжекемди жоготуп жоктоп турдум.

 

– Ким менен сүйлөшүп жатасың? Талгаттын капыстан чыга калганына чоочуй түштүм.

– Эч ким менен. Эч ким жок.

– Ооба, эч ким жок. Бирок сен бирөөгө сүйлөп жатпадыңбы?

– Эч кимге сүйлөгөн жокмун.

– Аа өзүң менен өзүң сүйлөшүп жатасыңбы. Кызык кыз экенсиң да – деп, жакшы көрүп жылмайып койду.

Унчукпай жер карап, ичимен калтырап кеттим.

Чын эле мен кимге сүйлөп жаттым эле. Үнүмдү чыгарып сүйлөп жибердимби?

Туура, болбосо Жылдыз каяктан укмак эле. Ии- ии Жылдыз дейм да кашайып, Талгат.

Мээме Жылдыз жазылып эле калбастан, тилиме да жат болуп калган экен да. Тынбай аны ойлой берип, бир күнү Талгатты «Жылдыз» – деп айтып жибербесем болду. Тизем титиреп, муздак тер басып пешенемди дубалга жөлөдүм.

Кой ай жакшына болоюн, уят болбой. Апам менен атамды капа кылбаган мен калдымбы эми.

Арытан Жылдыз акырын ышкырып ырдап шайдоот келатты. Ох жинди кыз.

Талгат келатты. Дагы адаштым.

– Астра, эртең Ошко жөнөйбүз. Апам айттыбы сага?

-Жок, айткан жок эле.

– Даярдык көрсөң болот, мага айтышты.

-Макул.

Эми, кантемин. Ошко барганда Жылдызга кантип караймын, эмне деймин. Кантип актанам. Кандайча жолугамын. Жок жолукпаганым жакшы.

Бир шаарда туруп кантип жолукпай калмак элек. Бары бир мени издеп таап жолукса керек.

Жылдыз, мени кечир…

Эртең менен эрте Ошко жөнөдүк .  Эми кантем жүрөгүмдүн жартысы болгон Жылдызыма кантип жооп берем, ансыз кантип жашайм , аны кантип унутам- деген ойлор мени кыйнап жатты.  Аны унутуу таптакыр мүмкүн эмес болчу.  Аны жүрөгүмдөн алып таштай албайт болчумун. Жол катар бир-эки жолу Талгаттын сүйлөгөнүн укпай калдым. Аа, эмне, түшүнбөй калдым-деп жаттым.

Бул да бирөөнүн алпештеп баккан баласы да. Оор басырыктуу. Тез ачуусу, чыкпайт. Мени карап жылмайып, суроолуу карап коёт. ***

Көңүл сынса, үмүт калат өлбөгөн,

Көңүлүмө көйнөк тиктим сөз менен.

Далай канча, далайлардын артынан,

Мезгил шашпай, мен шашылган өңдөнөм.

 

***

Ошко келип, окуума бардым. Студенттер, мен үчүн бир жума мурунку күндөр башкача болчу.

– «Ошол күнү каякта жүрдүң ? Сен сабакты себепсиз калтырчу эмес элең»- деп суроо берип жатышты, кыздар. Менин жан дүйнөм сыздап, сүйгөнүмдөн айрылып, кең дүйнөм тар болуп турганын сезишкен жок.  Араң турган жаным суроолоруна жооп бере албай шолоктоп ыйлай баштадым…

Эч ким токтото албады. Шарактап күлүп жаткан досторумдун күлкүсү да тыйыла түштү.  Бир чети мени аяп, бир чети болушу мүмкүн эмес – дешип, колтукташып аудиторияга алып киришти.

Мен ыйлап жаттым. Курбу кыздарым да мейли ыйлап алсын, жеңилдеп алат- дедиби, ар кимиси өздөрүнүн ойлору менен алек болуп тынчтык өкүм сүрүп турду. Дайыма сабакка өз убагында келген агай да кечигип жатты.  Ошол маалда эшик тыкылдап калды.  Кыздардын бирөө чыгып кайра келип: – «Астра сени..»-дегенден башка сөз айткан жок. Эшикке чыктым. Жылдыздын Айбек деген досу турат.

Демейде күлүп жайнап жүргөн досу мени менен салкын учурашты да:

-« Сени күтүп жатат, Жылдыз» – деди.

-Бара албайм-деп, жооп бердим да эшикти жаптым.  Кайра ордума келип бир топ олтуруп өзүмө – өзүм суроо бере баштадым . Кантип барбайм? Жок дегенде коштошуп, акыркы сөзүмдү кантип айта албаймын-деп, сумкамды алып жөнөп калдым. Майрам досум артымдан ээрчип:-«Астра эсиңе кел ,сен каякка?  Ойлонуп жатасыңбы? – деп ызылдап жатты.  Анын сөздөрү кулагыма угулса угулуп, угулбаса угулбай калып жатты. А мен ыйлап баратам.  Адам эмнени ойлосо ошол эле нерсе болот. Досума азыр аяшың жоолуман чыгат-дедим. Айткандай телеграфтын алдында жоолукту.

– Каякка баратасың?- деди, Талгат ойлуу.

-Китепканаага- деген жоопту айттым.

– Эрте бар, дос балдар үйгө келишет. Мен базарлык кылып барам- деп кетти.

Жылдыз жашаган квартирага келдик, Майрам экөөбүз. Кире албай, Жылдыз менен жолугууга даабай албай турдум. Жашым көзүмөн өзүнөн өзү эле агып жатты.

Майрам мага суроолу көзү менен:

«келдиңби, эми кирбейсиңби»- деген таризде карайт. Айланам айлан көчөк болуп баратты…

Жылдыздын тизесин кучактап солкулдап ыйлап жатканын көрүп заманам куурулуп кетти.

– Кечир мени ,кечир сизди ушул абалга мен салдым деп экөөбүз үйдү башыбызга көтөрүп ыйладык.  Ал жерде эч ким чыдап тура алчудайэмес. Кайра Жылдызым менин, мени күнөөлөгөндүн ордуна өзүн күнөөлөп:-«сени андан мурун, мен алып качып кетсем болмок эле»- деп кучагына бек кысып, көз жашын тыя албай жатты. – «Жүр, азыр да кеч эмес, алып кетем, экөөбүз эртең Москвага учуп кетебиз. Макул дечи»-деп сүранып жатты.  Мен кантип кетээр элем. Кете албайт болчумун…

Экөөбүздүн ыйыбыз түгөнөөр эмес.  Майрам  мени бекем кучактап, Жылдыздын досу Айбек  Жылдызды тартып,   кармашкан колубуз түбөлүккө айрылды…

 

Бир күн келип мен сизди ойлобой эч,

Кыялданбай, кыйналбай калаттырмын.

Сезимдердин түйшүгүн унуткарып,

Сенектиктин сепил ырын жазаттырмын.

 

Азыр болсо сагынычты басалбаган –

Күндөр өтөт кусалыкты ырга айлантып.

Узун түндү уктатпай ой курчаган,

Самап жүргөн күндөрдү кыялдантып.

 

Ортобузда ишеним, сый- урматтын,

Ордосунда зор болсун уюткусу.

Жүрөгүндө от сезим жанган кезди,

Адамзаттын келбестир эч унуткусу

 

***

-Китептердин дүйнөсү- деген аңгемени айтып берейинби, Астра?

-Жок, ал кандай экен?

Шарк -Юлдузу деген газетадан окудум. Латын графикасында, өзбек тилинде жазылыптыр. Такалып, какалып бир аз кеч, шашпай окуп чыктым.

Апамдар жолдон пирожки алган экен. Оролуп келиптир сыртына. Май болуп калган болсо да кичине окуп калып, кызыгып калдым.

***

Апам китепти жакшы көргөн, кадырлап сыйлаган адам .

Жаштыгыман китептер дүйнөсүндө ,акылмандар ааламында , окумуштуулар сөзү менен чонойдум. Рухий азыгым , жашоодогу талабым китептер болчу. Өмүр керемет болсо ,кереметин көрүү ,оттой ысып көлдөй терендикке чумкуп , алтындай ылайдын арасында жылтырап , махабаттын майлуу, турмуштун түрдүү соккуларына окуган китептерим жардам берет деп, ишеничим бийик болуп , өзүмдү эркин сезчүүмүн . Ал эми үйдө апам –« Дилин аллада , колун эмгекте болсун»-деп дайым эскертип турчу . Врач болуу тилегим ишке ашпаса да биолог мугалим болуп окуп , ишке кирдим . Канчалык китепти коп окусамда талабым дагы деле курч болчу. Тилчи мугалимге турмушка чыктым . Мага берилген келиндик септин, буюмдар, белектер көңүлүмү бир шкаф китептердей өзүнө тартчу эмес .

Бир күнү жолдошум: – «Пайдасыз билимден кудай өзү сактасын» – деди .

Окугандарыбыз жөнүндө маектешкенди жакшы көрчүбүз. Бул бизге адат болду .

Бактылуу бир жылды өткөрдүк . Бирок бөбөк жытына жетпедик . Окугандарыбызды жана уккандарыбызды турмушта канчалык денгээлде пайдалана аларыбыздын сыноосу келдиби дейм . Кудайга телмирип , врачтарга кайрылып , күн түн дебей. * Закариё аллайхиссалам * дуасын кайталадык . «- раббим бизге өз кучагыңан пакиза перзент атай көр. Албетте пенделеринин суранычын угуп , тилегин аткаруучу өзүңсүң , эй алла» … Ушундай болуп 4 жыл өттү. Кудайым бизге татынакай таттуу кыз перзент берди . Кызыбыз үйүбүзгө бейиштей жылуулукту алып келди.

Эн бир бактылуу элек. Күтүү менен өткөргөн күндөр артта калды.

Бир күнү эле үйүбүздү формачандар келип тинтуу өткөрдү, ошол эле күнү жолдошуму камакка алды .

Аныкталышынча жолдошум студент учурунда мыйзамсыз топтордун таасири астында болгон экен. Сот чечим чыгарып 6 жылга кесилди. Чечкиндүү, алал инсан экенин билчүүмүн, бирок мындай сынооду кайдан билмекмин.

Катуу коркуп кеткеним үчүн көкүрөгүмөн сүт чыкпай, кызымды малыш берип бага баштадым.

Кыйын күндөр башталды. Коркунучка басындым , буга сабырым жетеби? Үстөккө босток бир тууган эжем катуу ооруп калды. Ата энем эжем менен убара болуп жүрүшөт. Кайсыл шаарга алып барып көрсөтүшпөсүн баш чайкаган аргасыз врачтардын жүздөрүн көрүп жаткандарын айтышат. Жаратканга жалбарып сурандым.

-«Сабыр бер, күч кубат бер»-деп.

Эжем сакайып кетсин, ата-энем ыйлабасын, жараткан кудай эжекемди бизден айрыба, дарт бердиң шыпаасын кошо бер.

Андан бир аздан кийин жолдошум учун тилек кыламын.

Барынан дагы өзүмдүн абийир намысымды шайтандын азгырыгынан сактасын деймин.

-«Эх ошол күнгө чейин ыйманымды бекемдей көр»- деп.

Бир тууганым- аска белим, анын сакайып кетүүсүнө бир себеп бер – деп сурандым…

«Дөөлөт да эгиз, оомат да эгиз»-деп бекеринен айтылган эмес экен.

Китептерден жооп, маани издейм.

Атабыз алыста , мусапыр болчу .

3 айда 3 күнгө жооп берип турчу. Барып жолукканда –«окугандарыңан айтчы»- деп калат. Ага бир тууган эжемдин ооруп жатканын айтып маанайын чөктүрүүнү каалаган жокмун.

Мынчалык арыктаба, өзүңдү жакшы кара, ойлоно бербе – деген болот.

« Жыланачты 100 адам тоной албагандай эле билимдүүнү 1000 адам тоной албайт.

Бийик терек мурда кулайт.

Өзүмчүл киши өзгөгө жакпайт . Талапсыз өмүр – эч нерсеге жарамсыз өмүр . Татыктуу бакыт- оор кайгынын артында болот…»

Таң сүрөт, 3 күн бат эле өтүп кеттет. Барарда сагынуу менен билинбегени менен кайтканда бир жол узун сезилсе , бир машакаттуу сезилет.

Арада кызыбызда чоңоюп, акылын таанып кайра -кайра атасын сурайт.

-«Жумушта иштейт «- деп, алаксытам да өзүм ыйлап жиберем.

Кызым кээ түндөрү ысытмалап , ооруп кыйнаса да, көбүрөөк мени кайгымдан алаксыткан медерим болду. Убакыт өкүмүн жүргүзүп периштем 3 жашка толуп чоңоюп калды. Ушул 3 жыл мен үчүн кандай азаптуу экенин эстегим келбейт.

Бир тууган эжеми жерге бердик. Кагылайындарым ата энемдин ыйы жүрөгүмдү тешип, сөөгүмдү жаңырыгы менен чаккандай эле болду. Дайым ата энеме айтпаган сырымды, муңумду эжеме айтып берчүмүн. Эми кимге айтам, кимге сырдаш болом..?

Аңгырап аалам бош эле. Адашкан бир бечара элем. Же бир жылуу үйүм жок, же бир башымды жөлөйүнчү деп издеген адамым жоктой сезилет.

Эх…

Кызымды бакчага берип, өзүм мектепке жумушка кирдим . Айланамдагылар ар кандай кино сериалдар, алтын буюмдар , машина , үй-жай , акыркы модадагы кийимдер жөнүндө айтышат.

Мен аралашып сүйлөшүп кете албай жүрдүм.

Апам тоодой бел болду. Кызык, аялзаты күчтүү, кайраттуу жаралат тура. Атама караганда апамда кайраттын көрүнбөгөн бир күчү бар экенин туйдум.

Китептер менин рухий азыгым болду . Чыйралдым . Жумушта активдүүлүгүмөн, – «эри жок да азыр, ишке берилген»- деген сөздөрдү угуп калам.

Арыктап азып, жүдөп калыпсың – деген жакын туугандарымын кабатыры бар анан.

Көңүлүмө тынчтык , жүрөгүмө мелүүндүк, денеме кубат берген китептер жана апам, кызым. Китептерден себеп издейм. Дагы кайра эле жаратканга жалбарам.

Апам айтат: – «Кийизди кагуу үчүн келтектешет, жазалоо үчүн эмес, тазалоо үчүн. Турмуштун сага болгон соккулары сени жазалоо үчүн эмес , балким сени сыноодо тазалайт , кайгырба»

Мындай таасири терең сөздөрдөн улам жаңыланамын. Бул машакаттар, сыноолор дилими тазаласа, көңүлүмү жарытса, жүрөгүмдү агартса, миңден бир ыраазымын…

Кызым чоңойгон сайын түрдүү суроолорду берет . Атасын сураганда тамагыма бир нерсе тыгылып калат. Алыста иштейт- деймин да кабагым бүркөлөт. Бир жолу жолугууга өзүм менен кошо алып бардым атасы менен жолугууга . Кайтканыбызда эмне үчүн милициялар турат атамдын ишинде- дейт . Банкта иштеген тайэжесин эстеттим, ал жерде деле милициялар туратко деп.

– Анда эмнеге үйгө келбейт- деп суроо узатты .

– Жумушу ушундай – дедим . Бекем кучагыма басамын, көзүмдөн аккан жаштар анын бетин жууп түшөт.

– Атам келсинчи, апа –

– Жакында келет, сага белек , таттууларды алып келет.

– Керек эмес таттуу белектер. Мага атам келсин.

– Макул кызым, кудайдан сурайлы.

– Кудай ким, үйү каякта ?

Болушунча жөнөкөй кылып түшүндүрдүм…

Кызым бир күнү уктаардын алдында -Апа түшүңүздө атамы көрүп сүйлөшүп алың десе болобу . Тун бир оокумга дейре буулугуп ыйлап чыктым.

Эрте менен кызымдын:

-« Кудайыыыыым, атам эртерээк келсинчи»-деп өзүнө өзү сүйлөп жатканын угуп эт- жүрөгүм эзилип кетти. Жылуу кийинтип бакчага таштап, мектепке келип класска кире элегимде телефонум шынгырап калды. Жолдошум эркиндикке чыккандыгын айтышты. Кантип сабак өткөнүмү билбейм , периштемин сураганын Теңирим берди- деп улам ичимен кайталап жаттым. Кудайга шүгүр биз бактылуубуз.

– Ушул, деди Жылдыз кашын бир аз керип. Газетаны орой бүктөдү.

– Жылдыз аке, негизи өзбек калкы чыдамдуу, сабырдуу эмгекчил келет. Тили ширин болот да булардын.

Астра тармалданган чачтарын салаалап тарап, Жылдызга эркелегендей сүйөнуп отурат.

-Жылдыздар толук чыгып бүтсүн, анан коштошобуз – деп, Жылдызга карап жылмайды.

Кукулам, апам келген айылдан, эртерек барбасам болбойт. Билесиң го.

– Шашыла берет экенсиз, эртең кетем мен дагы айылга. Ушуну менен эки ай көрүшпөйбүз.

– Эртең менен эрте саат алтыда келем, мамалагым.

– А мен беште кетем.

– Анда беште келем.

– Анда мен төрттө кетем.

– Алтыным, мен төрт болбой эле келемин.

– Макул, анда.

Астра мурчуюп эркелеп, кылыктанып, бир таарынып жатып коштошту

***

-Апаа-аа, апаа-аа – деп кадимкидей жаш балача өңгүрөп ыйладым, ошол күнү. Туңгуюкка түшүп калганын жан дүйнөм сездиби үмүтүм бырт-чырт этип үзүлүп жатты.

Көзүмдүн жашы калбай, ким жаныма келсе жалдырап жардам сурап турду.

Азыр ошондогу абалымды, ошондогу бир жыл өмүрүмдү эч элестетким келбейт. Куурчактай сонун кийинген келиндин ичинде жашоого болгон кызыгуусу өчкөн, өлбөгөндон кийин туруп кыймылдаш керек да – деген ой менен өзүн зордоп жетелеген бир скелет бар эле.

Кыргыздардын кээ бир макалдары мага такыр жакпайт. «Кыздын барар жери күйөө», «таш түшкөн жеринде оор»

«Жакшы кыз айылдан чыкпайт» – дешип, мени сылап сыйпалап көндүрүүгө аракет кылган аялдардын көрөңгөсү копшок аталабы- деп, жийиркеничтүү карап, көзүмдө огум болсо атып жиберчүүдөй болуп турдум.

Менин демимди баскан алдыда кайнене болмуштун катуу айткан сөзү болду.

-«Балама асылбасын, айланайындар.

Айткылачы, кызыңарга. Уулума асылбасын. Кудайдан сурап, Теңирден тилеп жатып, зорго төрөп бактым.

Тийбесе тийбесин, менин уулумдай эрди таап тийип алганын көрөлү, убакыт көрсөтөт.

Менин балама асылбасын. Анчалык жаман көрсө, өзүм үйүнө алып барып коёмун»

Ачуу үстүндө эмне деп сүйлөп жатканымды элес албаптырмын. Бетиме суу чачкандай селдейээ түштүм.

Мындай сөздөрдү эч укпаган жаным, эсим оодарылып түштү баштанат. Тамагыма бирдеме тыгылып, буулуп эле калдым. Үнүм бүтүп калды.

 

– Келишти, кыздын акеси, эжеси, жеңеси келди. Бир аксакалды кошуп алып келишпептир да…

Эшик жакты карап туруп калдым. Акыркы үмүтүмдү ушулар тепсебесин деген коркунуч бар эле.

Жамалбек акем кирип келип, шашылбай эки жакты карады. Үйдөгү аялдар менен жайынча ал абал сурашып жатты. Качан көшөгөнүн ичине кирип менин абалымды сурайт деп күтүп жатам. Жамалбек акем шашыла тургандай эмес.

Акем кирбеди, мен неге уялып чыкпай жатам. Алыскы Ош шаарына кетип бирөө мени кайра өзүбүздүн айылга алып качып баса бергенинен уялып жатамынбы..? Же болбосо оозу шок аялдардан тартынып жатамынбы?

Ойлорум самаандай сапырылып жатты. Кайраттанып ордуман турдум. Үйдүн төр жак каршы улагалаш тарабында жеңем, отурат. Акем андан жогоруда отурат. Дасторкон алар келгенче эле салынып жасалгаланса керек. Аялдар шыпылдап кызмат кылып жатышат, бир эки чай ичип маек курган энелерди эсепке албаганда.

Акырын көшөгөнүн бир четинен чыгып, акемин жанына барып тизе бүктүм . Сүйлөгөн жокмун. Көзүн карап мени алып кетиңизчи деп жалдырап калдым. Акем мени чоочуй карады. Аялдарга табышмактуу карады.

– Айланайын кантет бул кыз. Көшөгөдөн көйкөлүп чыга келгенин кантейин. Эми акесине эркелегидей эселек эмес го. Чырагым, айланайын – деп кемпирдин бирөөсү шыпшынып алды.

-Кыз, бул жака жүрүңүз, деп жеңем колтуктай мени тартты. Акемин мойнунан кучактап өксүп ыйладым. Үнүм ыйлай берип бүтүп калганга чыкпаса  керек. Дабышым акеме араң угулуп жатты окшойт.

– Үшүяр болбойт белең өзүң, эми кеч болуп калды. Талгат жаман бала эмес. Ыйлап өзүңдү көп кыйнай бербе-деди Жамалбек акем сөздүн ток  этер жерин билдирип…

Жеңем дагы эле: – жүрсөңүз кыз, бул жака, туруң эми уят болот. Көшөгөдө сүйлөшөлү, туруң,

– Кыз, бассаныз эми, апам сизге бир сөз айтып жиберген эле- деп мени кыстай баштады. Жеңем менен көшөгөгө кирсем чыкпай калчуудай болуп көгөрүп, акемин жанынан жылбай турум. Эшиктен арык, бою нооча аял келип бир ныптаман сүйөп барып көшөгөгө түрттү

 

Астра бир тууган байкеси менен орто мектепти бүтүргөнчө кышта кышкы сарайда, жазында жайлоодо мал карашып бирге жүрдү. Байкеси Жамал улак чапчу. Кыргыздын улуттук оюну Көк бөрүнү бул жердегилер «Улак» – деп коюшат.

Атты кароо түйшүгү Астраны бир топ такшалткан. Аттын дорбосуна аттын кечки жемин тазалап салып койчу. Тазалаганда эмне жүгөрү, арпа, буудай экенинине карабай ташын терчү. Ташын тербесе, таш чайнаган ат дорбону силке берет, башын өйдө-ылдый кылып. Таш чайнап албайын, силксем таш ылдыйга түшөт – десе керек да чамасы- деп, ойлонот Астра.

-Аттын жемин тазалаган эмес окшойсуң, ат башын силкип калыптыр-деп байкеси Жамал корс этет.

Андыктан дыкаттык менен тазалап илип коёт.

Оо балалык чагында сигареттин калдыгын «бичок» дешээр эле.

Астарадан сураныч кылчу байкеси. Бичок көрсөң алып койчу-деп.

Эми байкеси алыстап кеткендей сезилди. Огобетер буулуп-буулуп ыйлады Астра.

 

***

Мажүрүм талдын түбүндө айдын жарыгында көп олтураар элек.Мен секелек жаш болчум, ал кантсе да менден беш жашка улуу, турмушту көп ойлочу да. Ал сүйлөп жатса мен асманды карап ,жылдыздарга, мажүрүм талга карап, кыялданып отурсам, эх жашсың да, мен эмнени айтып жатам ,а сен болсо жаш баладайсың да жаным – дечү.

Мен акмакмын да, группалаш Шамил деген жигит жакшы көрчү мени. Аны Жылдыз да билчү да. Аны менен отурушка барып келейин- деп, сурана берчүмүн. Макул, барып кел деп жөнөтөт эле. Эртеси мен аябай кыжалаат болдум,түнү менен уктай албадым сенин көңүлүңдү кыя албай жөнөтөм. А сен болсо эч нерсе менен ишиң жок, Шамил менен кетесиң – деп калчу.

 

Күн өтө берет экен. Жашоо улана берет экен. Окуумду сырттан окууга которуп, айылга келип жашап калдык.

Бир күнү мектепте сабакта отурганмын.

Терезени ким бирөө черткилеп,  колу менен жаңсап мени чакырды.

Эшикке чыксам Жылдыздын досу Айбек аке турат.

-Саламатсызбы?..

-Саламатсызбы, сиз кайдан бул жерде..?

-Жылдыз сени базарда күтүп турат. Саламдашып өтөлү деп эле.

Колу- бутум титиреп жансыз болуп бара жатты.

Базарга сабактын жарымынан жооп сурап бардым. Эч ким жок.

– Кана Жылдыз?

-Жылдыз жок, ал мага суранып дайындады, Астранын туулган күнүндө өзүнө жаккан нерсесин алып бер – деп.

Муштагылап уруп калдым.

– Башыныз барбы? Анан неге чынын айтпайсыз. Мага эч нерсе керек эмес.

Рахмат.

Айбек аке, болбой жатып бирдемелерди алып берген болду. Кайра жалгыз кайтамын мектепке, кала бериңиз деп, жалгыз келе жаттым. Жол катар бардык таттуу күндөрүбуздү эстеп ыйладым. Эч ким тоскоол болгон жок. Тоюп ыйладым.

Чын чынында тоюп ыйлап, өткөн күндөрдү кыялданып алуу мага белек болду туулган күнүмө. Башкасын эстегим келбейт. Жашоонун башка бөлүктөрү эсимде деле жагымдуу болуп калган жок турбайбы.

Колум үшүдү.

Кастюмумдун чөнтөгүнө бир колумду салдым. Бир колумда белек салынган сумка менен пакет бар эле.

Колума бир деме урунду. Эмне кагаз бул буктому үч бурчтук каттай. Кат экен. Токтой салып, каттын бүктөмүн ачтым. Турган жеримде катып калдым. Жылдыздын кол жазмасы…

Жүрөгүм түрсүлдөп чыкты. Жылдыз жанымда тургандай делөөрүп турдум.

 

Астрам менин!

Көбүрөөк кучактап турчу мени. Көбүрөөк сүйчү мени. Сенсиз мен дем ала албай демим кысылат. Сенсиз мага аба жетпегенсип буулуп каламын.

Астрам менин, кукулам, жаным, мамалагым…

Сенин аруулугуң ааламга барабардай сезилет. Алтыным, жаркыным, кызгалдагым… Сени өзүмө караганда миң эсе, милион эсе, чексиз жакшы көрөм. Биздин сүйүү аялуу да армандуу да экендигине карабай ошол сүйүүбузду ыйык тутамын, сыйлаймын, урматтаймын.

Жаным мени эч качан унутпа, мен да бир мүнөт эмес бир секунда да унутпайм.

Асылым, жарыгымсың, жашоомдун жарыгысың. Сени кантип сүйүп, кантип урматтап, кантип аяп калганымды айтып бере албаймын. Тентек балалык кыялың, эркелеп сүйлөгөндө адамды элжиретип жиберчү татынакай сүймөнчуктуу өзгөчө касиетиң бар. Ал сенин сендигиңди жараткан-өзгөчө бир башкача мүнөз. Эх шашып басканың, бут шилтесең да кыска кадам таштап тыпылдап басасың. Сүйлөсөң сөздөрүң илебиңден мөлт этип түшүп калчуудай эле сезиле берет.

Чачтарың жылтырап сары куйкул, кара түстөрдү уйгундаштырып алып журөт. Шамалга эркин желбирегенди чачтарың сонун өздөштүрүп алгандай.

Жаным, мени ойлоп санааркаба. Эмнеси болсо да, сен бактылуу болсоң болду. Сенин үй- бүлөң тынч, таттуу болсун.

Ала- Бука жергесинен болом- деген адамды уксам эле, сени сурай берчү адат таап алдым. Бараткан жолум, жасап жаткан жумушум да унут калып, сени саймедиреп айта берем. Тааныймын-десе го бир жөн. Тааныбайт экенмин- десе колунан дарбызы түшкөн баладай болуп мостоюп каламын. Жүрөк чиркин булкунат, сезимдердин талпынганын айтпа…

Аман бол, Астрам менин!!!

 

Таш жолдун четинде каккан казыктай канча турдум билбейм. Чаң каптата өтүп жаткан машинелердин бири сигнал берип өткөндөй да болду.

«Ой басып уктап калган го, ойготуп коёлу» – десе керек да айдоочусу.

Үйгө келип Жылдыз эсимен кетпей койду. Ары оонадым, бери оонадым. Турдум, бөлмөнүн ичинде айланып басып жүрө бердим. Бир убакта мектепте бирге иштеген курбум Элмира чалып калды.

-Альо, Астра, кандайсың. Түзүксүңбү? Бүгүн башкача болуп жүрдүң…

-Жакшы. Рахмат. Бары жайында.

– Аа дурус анда. Сени сурап коёюнчу деп эле чалдым.

Макул, эртең сүйлөшөбүз.

-Макул.

Унутпа мени –

учканда бизден

Убакыт куштай.

Ырды толуктайм

***

… Азыр сизге кыйын болуп жаткандыр,

Жан дүйнөңүз жанчылгандыр ызага.

Ысык кофе… дилден сүйлөп төгүлүп,

Бийлейлиби..? Чакырамын музага…

 

Азыр сизге эч ким жакпай жаткандыр,

Айткан сөзү оор тийип ар кимдин.

Улуу максат – чыңалткандай ынтымак,

Ызазы окшош адам керек деп билдим.

 

Азыр сиздин маанайыңыз жок чыгар,

Турмуш жүгүн улам -улам арткандыр…

Жашоо кыска, өмүр өксүк болбосун,

Күндү эстейли чексиздикке баткан бир.

***

Жапайы гулкайырлар

Бопбоз чаң жаап турат… Жолдун боюнда суу-суу – деп, айланага муңканып, асманга жалооруп турган жапайы ак гулкайырлар тагдырына баш ийгендей.

Асман менен жердин ортосундагы ыйык байланышты үнсүз, тилсиз байланышты ушул жерден буруксуп чыгып, кайра жаап жаткан бопбоз чаң тосуп калган өңдүү. Жердин какырап турганына карабай, жол жээктей жалбырактары, гулдүн желекчелери чандан калың тон жамынып ак гүлдөрүн соройтуп ачкарабай, гулкайырлар.

Ар кандай абалда бараткан унаалардын ичиндеги адамдардын көңүлүн бейыктыяр өзүнө тартып, жапайы гүлкайыр:-«Биз керек болсо суусуз какыраган таштак жерде да ачылып, жайнай беребиз» – дегендей.

Боз чымчыктар дүр-р этип учуп, тобу менен кайра кайкып мурунку учкан жеринен аркан бою аралыкка конушат.

Демейде жамгыр карызга келгендей чаң басып себелечү. Себелеген жамгыр абаны кыйла тазартчу. Жамгырдан соң жердин жыты буруксуп, бир өзгөчө серүүндүк болор эле. Мал жогото издеген адам кыңылдап ырдап же ышкырыгы менен музыка чалчу.

Азыр, мал чарбачылык менен алектенгендер ээк кага шыпшынат:

– Талаада эч нерсе жок, боз чалып жатат. Малдар тоодон келери менен колдон жейби, эмне балээ болот- дешип, тек кабатырда.

Астра өзү менен өзү болуп жалгыз жүрөт айылда.

Бопбоз чаң жаайт, айылдагы талаада,

Музоо мөөрөйт – энесинен адашкан.

Бир бурчунан көзүм көрүп дүйнөнү,

Мен ааламга тарып, сыйбай баратам.

 

Зым карагай кайкайышат тизилип,

Теректерден, дарактардан ыраакта.

Чоң жолдогу дөңгөлөктөр сүйрөгөн,

Боз чаң ээрчийт, албууттанып шарактап.

 

– Көчөңөрдөн өтпөдүбү таргыл уй,

Муйузу чоң, пешенеси ак кашка?

Төлгө салып пайгамбардын жолуна,

Кээ бир жандар ишенишет ак ташка.

 

Чыз- чыз этип желиндерди тарткылап,

Ак сүт түшөт көбүктөнүп чакага.

Чарт- чурт эте, от чыгара, тай тору,

Ташка чалат, күч келтире такага…

 

Боз чаң жаап, саргайыңкы иреңи,

Колот турат, сары чапан кийгени.

Согушу күч бир жүрөктүн сезимин,

Бөлөк жандын кыйын экен билмеги.

 

-деп ыр жазып койду дептерине.

***

– Дарыны неге ичип жатасың, Астра?

– Боюмда болуп калбасын деп.

Анык эле акмак турбайсынбы?..

Сага ким күйөт апаңдан башка.

Эч кимге эч качан ишенбе.

Суранам андай кылба, жаным балам.

Эми сени Жылдыз албайт. Эрге тийип чыккан кызды алып, ал акмак эмес да.

– Апа, Жылдызды билбейсиз. Ал туруктуу адам. Анын сүйүүсү таза.

Ал мени 10 жыл күтөмүн деди. Эгер жакшы жашап кетсең тоскоол болбойм сенин бактыңа деген. Менин бактым үчүн ал өз өмүрүн текке кетирип жатпайбы…

– Койчу, сулуум менин, козум, алтын кызым. Балким сенин бактың Талгат болсочу. Жылдыз бактыңды бузуп жаткан адам болсочу.

– Кантип эле андай болсун. Апа, койсоңузчу. Айткан сөзүңүзгө өзүңүз да ишенбейсиз керек болсо.

– Макул, шашпай сүйлөшүп алабыз. Азыр менин бир суранчымды аткар. Дарыны такыр ичпеймин деп сөз бер.

– Анда боюмда болуп калсачы.

– Ооруп каласың. Кудайдын каарына калып кетпечи алтыным. Дарыны иче турган болсоң мени тирүү өлтүрөсүң. Эжеңден айрылдым. Сен дагы мени таштап кетесиңби..?

-Макул, апа. Ичпеймин. Бирок Талгаттын үйүнө барбаймын анда.

– Макул, барбайсың.

Биздин ортобуздагы жаңжал ушундай болуп бүттү. Көпкө чейин апамдардыкында болдум.

Бир күнү Майрам чалып калды. Анда сотка жок, домашный телефондон байланышчубуз.

Жылдыздын Россияга кеткенин Майрамдан уктум.

Айрылуунун азабын жалгыз өзүм тарттым бул сапар.

Өңүм азып, бар жоктун арасында максатсыз жашап калдым.

***

Тынчыңды албай узак-узак күтөмүн,

Иренжитпей – учкун сезим, кыялды.

Ушул күздүн кар жамынып бүтөрүн –

Эскертпесин.., ойлонгум жок сыягы…

 

Ушул СҮЙҮҮ – кичинекей каралдым,

Чоочуркайбы, сөздүүлөрдөн таяк жеп..?

Жараттык биз бул СҮЙҮҮнү сыйлоодон,

Табыштаймын: – «мен бар-жокто ая» – деп.

 

Кандай десем: барыбирби же сага),

Жан дүйнөңдүн көрөңгөсү эмне дейт..?

Бугум ашып, айталбаймын эч кимге,

Бүгүн эртең күз жамгыры себелейт…

 

(Күз айы)

Алчынбай калпа кынтая түштү. Тулку боюндагы кара жин чыгып өзү дагы чарчап калганын сезди. Мунун атын мурда «Алчын жинди», «Алжыган жинди» – дешчү. Туубаса жинди бул, ата-энеси билдирчү эмес эч кимге. Эми чоңоюп, үйүндөгүлөргө баш бербей элирип чыкпадыбы…

Көкүрөгүнөн гүрүлдөгөн дабыш чыгарып, бир жерге тыгылып калган мышыктын, аюнун, иттин, үнүнө окшогон үндөрдү чыгарып кыйнала берчү. Транска түшүп кеткенде боз үйдүн түндүгүн тээп салт аша, асман чапчыган чаңырыгы менен дупурөтүп жерге түшчү. Жаштыгы эмес балачагы 30га жакындап калганда токтолду.

Ак мазарга ак эчки, көк мазарга көк эчки атап, ыйык жерлерге сыйынып, бата-тилек, ырым-жырымдын түрүн жасашып тырнак сурашканда ушул баласы көрүнгөн.

Алда кудай сеники, алда кудай меники-деп, багып торолтушпады беле. Багы жокко дагы жок дегендей, көрөр көз туягы минтип жинди чалыш десе дурустай, жакшы десе жарты жиндидей болуп чыкты.

Бир күнү Чуст районуна барышты. Кулактан кулак угуп отуруп бир молдонун деми, эми күчтүү экенинен кабардар болушуп.

Календер сыяктуу олуя чалышпы деп ойлоду алгач. Сакалы куудай экен.

-Ассалоому алейкум.

-Ваалейкум салам- деди жүзү нурдана жымыйып молдо.

Абалды түшүндүрүп баласын жаңсай көзүнө жаш алды.

– Алла, алла- а. Жараткандан жардам берилет инша-аллах. Кыжаалат болбоң, ээ бураадар. Мен Кудайдын кулумун. Колуман келген тескери дубаны окуп беремин. Кудай кааласа сүйүнүп кеткейсиз.

– Йе-ээ, тескери дуба дейсизби?

– Оң дуба окусам уулуңуз бешбетер болуп калышы ыктымал. Ичи толо тескери жин. Оң менен тескери кагылышып бешбетер болот, бураадар.

Ушул сукбатташуудан кийин, кээде атка чегерилген арабада эки бутун, эки колун байлап, кээде эшекке миндирип, жетелеп алып келип жүрдү, уулун.

– Ээ келиңиз келиңиз… Издеген имкан табат. Буюруса жакшы болгуусу бар. Жакшы жагына ооп калдык.

Молдо бир топ сүйлөп сүйүнчү кебин билдирди.

Акыры ортозаар болуп айыкканда, үйлөп коюш керек, жашы өтүп баратат дешип калды.

Урук-тууганы жердин жети түбүнөн ата тегин, жээк жатын сураштырбай туруп эле бир туйдөк чачты алып берип, нике окутуп коюшкан.

Кийин Алчынбай өзү ошол Чусттагы молдону таап, алдына барып жүрүп- жүрүп, арада бир жакка кетишип жети жыл жоголду.

Аялы атасыныкына таарынган бойдон кетип, келбеди.

Үй, там-ташы атасы салып берген боюнча жалгап бир таш коюлбай, кароосу жок, короо жайына элдир-селдир жүргөн малдар кирип, тебелеп тепселген калыбында турду.

Токтолгон олуттуу мүнөз байлап, сакал-мурут койгон, жарашыктуу кийинип, сөөлөт күтүп Алчын келди. «Каякта жүрдүң, каяктан келдиң» – деп такып сураган адам болгон эмес.

Короо жайын тазалап, кыраатын келтирип куран окуп, алдынан чыккан жардамга муктаж адамга айттырбай жардам берет. Жоголгон жылкы болобу, торпок болобу, жетим улак болобу бардыгын жоромолдоп айтып берсе, таап алышчу болду адамдар.

-«Чыгышты карай бас, батыштан табасың» – деп, айтса туура чыгат.

Айылдагыларга табылбас жомок болду да калды. Көпкө чейин жалгыз жашап жүрдү. Күндөрдүн биринде уулу келиптир, баягы туйдөк чач аялы кеткенде ичинде күмөнү бар эке эле – деген сөз чыкты. Атам мени үйлөйт бекен, аял алып берсин-деп келиптир, дешти.

Баласына айтыптыр:

-Үйлөнөсүңбү, үйлөйүн. Макулдашкан кызың барбы?

– Ооба, бар.

Атасына армандуу балалыгын айткысы келбей буулугуп, тумчугуп жүргөнүн билдиргиси келбей.

Кантип үйлөнтмөк элеңиз, үп-чүп жемишибиз болсо..?

-Көңүлүңдү жай кылгандын чачынан алып кел. Дуба окуймун. Кыз астананы аттап өзү кирип келет.

– Койсоңуз, ата. Дуба сизди думана кылат көрүнөт.

-Алып кел!!! Күчтүү буйрук бере сүйлөдү, Анарбай калпа баласына обдула жакындап.

Аргасыз басып чыгып кетти.

Эшикти аттары менен сырткы эшиктин алдында төшөлүп турган тери талпакка көзү түшүп, жүнүнөн кичине кыркып алды да, кайра кирип атасына узатты.

Ичинде атам кайдан билмек эле деген ой болду.

Атасы буюгуп, булдурактатып перс тилдериндеби айтоор башка тилде дуба окуп кирди. Чөк түшүп этегирээк жерге ыңгайсыз отуруп калды.

Болду же болбоду, канча окуду билбеди.

Чай кайнатым убакыт өттү окшойт чамасы. Эшик ачылып, не көз менен карабасын, жакасын кармап тооба келтирүүгө да жарабай, келмесин оозуна алалбай, акыл-эсин жыялбай, үшүн жоготту. Жансыз тенесине жан киргендей тери талпак тик туруп кирип келди…

Баласы атасы окуган дубанын кереметин, атасынын күчтүү касиетин акылына сыйдыра албай турду.

-Каргайын десем – бир баламсың, каргабайын десем шум баламсың.

Чыгып кет, төрт таманың кабыла, кайда кетсең анда кет- деп буюра сүйлөдү.

Эрдин шалпайтып, кайда барам түн катып, кеч кирди деп айтууга даай албады…

Алчынбай калпа акырын жамбаштай отуруп кынтайды.

Үйгө кирип келген талпак улагада жатты жайылып.

–  Мына ушундай калпалар жашап өткөн өрөөн бул жер. Жер- сууңдан айланайын.

Кемпирдин бырыш баскан колдорун карап, кандай жумуштарды жасаган кол, кайраттуу кол деди, Астра оюнда.

Астранын бул уламышты укканы качан. Дагы бир жолу укту. Унчукпай ыйлай берди. Буулуп кеттим. Ичиме кусалык толуп кетти. Эмне кылайын. Ойлобоюн деген сайын оюмдан кетпей жатат..?

Кемпирге башын жөөлөп бир аз турду Астра.

– Эми андай кылба. Ойлогуң келгенде ойло, айткың келгенде айт. Эстегиң келгенде эстеп, элестетип, кыялданып жаша. Кыялыңда бактылуулук бар го. Кыялданууга эч ким тыюу салбайт. Өзүңдү тыйба. Макулбу, кызым.

-Макул – деди Астра. Астранын кирпигин жаш суулап төгүлүп турду. Бул чырайдын уюткусу муңдуу абалы шекилдүү.

Астранын бир нерсе айткысы келип турганын сезди.

Айта бер, кызым. Айт, тартынбай айт.

-Мен, мен… Дары ичип жаттым эле.

Неге дары ичесиң?

Боюмда болушун каалабайм?

-Мунуң жакшы эмес. Билесиңби сага болгон окуяны айтып берем.

Бир үйдүн эркеги шоопур экен. Камаз айдап тиричилик кылчу. Аялы аскал-таскал 3 баласы менен үйдөгү иштер менен алек. Бир күнү дагы боюнда болуп калганын сезген келин, боюнан алдырып салууну туура көрөт. Жолдошу да:-« өзүң чеч, ден – соолугуңа кара» – деп коюп, камазын үйгө калтырып, гөр-жер алганы базарга кетет. Эки баласын үйгө камап, кичинесин бешикке бөлөп, аялы боюнан алдырганы больницага барат.

Үйдө эч ким жок. Эки баласы аябай кутурушат. Бешиктеги бала ойгонуп кетип, ыйлай берет.

-Ыйлай бербе, чочоңу кесебиз, деп – ата- апасын туурап урушат.

Дагы эле ыйлап чыр салганына ортончу баласы кайчы менен шимектен чыгып калган чочосун кыркып коёт. Бешбетер чыңырып ыйлаганы үчүн коркуп, терезени ачып качып чыгышат экөөсү. Барып камаздын астына жашынышат.

-Атам келсе сени урушат.

-Сени урушат.

-Сен неге кырктың?

-Сен айттыңго кесебиз деп.

-Мен жөн эле коркуттум эле да.

Ошентип отуруп эки баласы камаздын астында уктап кетишет.

Жолдошу базардан келип эле өң алеттен кеткен баласын бешиктен чечип, орой салып, больницага алып жөнөп берет, камазды айдап…

Камаздын астында эки баласы тепселип кала берет. Больницага жетпей кичи баласы көз жумат.

Аялы боюнан алдырып келгенде үч баласынан тең айрылганын билет.

Перзент бул жараткандын ыйык белеги. Кааласа алып коёт. Антип Теңирге тескери караба, айланайын.

Астра жүрөгү опкоолжуп чыкты.

Кудай ай кечир мени деди ичинен.

Айылдагы бул кемпирдин жол боюнда отуруп өткөн кеткенге кеп салганы эле канча бакыт, канча сабак жашоого.

Баркы жок кемпир болгону менен ичи толо акыл кенчи. Тоготпой салам бербегенге терикпей өзү салам берет.

Жолдо Астра ушуларды ойлоп дарыны ичпешим керек деп эсептеди.

***

Бир күнү Талгат, апасы менен келип мени чакырып аябай бирдемелерди түшүндүрүп сүйлөштү. Жылдыздан айрылганымды тан алган элем. Айылдагы абийир намысыма сөз тийишин каалабай турганымды билдим. Талгаттын бир тараптуу сүйүүсү күчтүүлүк кылды. Мени аяп:-«ооруп жатасың го ээ, өңүң өчүп турат. Ошого барбай жаткан белең. Жүрө бер үүйг,өзүбүздүн врачка көрүнөсүң» – деп камкордуу сүйлөп жатып музга айланган жүрөгүмдү ээритип турду.

Бардым. Талгат военныйда иштечү.

Жумушу менен кеткенде төрөлгөн, туң уулум.

Толгоо тартып жатканымда Жылдызга ичимен сүйлөп:- «Сиз болгондо, жанымда турмаксыз»-деп өкүнүп, сыздап жаттым.

Андан бери эки уулдуу болдум.

 

 

 

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.