Жыргалбек Касаболот: Кыргыз аялдарынын дүйнөсү Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармаларында

Жыргалбектин пикири менен  коомчулук эсептешет, анткени ар бир сөзү баалуу: айткан- деген кебинин салмагы, орду жана изи бар. Бул анализдин айрым жерлери менен такыр макул эмесмин, ушундай пикир келишпестик окурман журтунда талкуу жаратат. Макала оголе көп алгы жактарынан сырткары, дал ушундай талкуу жаратканы менен да абдан баалуу. (Рахат Аманова) 

Жыргалбек Касаболот: Кыргыз аялдарынын дүйнөсү Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармаларында

Эгемендик жылдарында кыргыз көркөм адабиятынын ичинен проза багыты анча өнүкпөй келатканын көптөгөн адистер белгилеп жүрүшөт. Жазылгандары көбүнчө тарыхый инсандарга арналып же детектив жанрында окурмандын күнүмдүк гана муктаждыгын канааттандырууга жарап келатканы, идеялык же эстетикалык табитти канааттандыргыдай олуттуу темалар көтөрүлбөй жатканы да айтылууда. Ушул жагынан алганда дегеле дүйнө адабиятындагыдай эле Кыргызстанда да аялдар прозасынын потенциалы кыйла чоң. Анткени биринчиден аял авторлор салттуу түрдө күнүмдүк турмуштагы нерселерди, эркектер анча элес албаган көрүнүштөрдү жазуу жагынан чебер келишет. Экинчиден аялдар – адам баласынын, демек кайсы коомдун болбосун тең жарымы.

Топчугүл Шайдуллаева – кыргыз адабиятына салыштырмалуу кеч кошулган автор. Ал аңгеме жанрында жазат. Бул жанрдын азыркы заманга ылайык бир өзгөчөлүгү – тез окулуп, аудиториянын аң-сезимине бат сиңет, окурманды кыйнабай, ошол эле учурда чакан көлөм менен белгилүү бир идеяларды, проблемаларды козгой кеткенге ыңгайлуу. Айрыкча маалымат өтө эле көптүк кылган Интернет доорунда окурманга чыгарманы жеткирүүнүн актуалдуулугу артты. Айрымдар айткандай сөзсүз көлөмдүү чыгарма жазганда гана чоң жазуучу деп эсептелет деген стереотипти бул автордун чыгармалары четке кагууда.

Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармаларын бириктирип турган жагдай – дээрлик баарында кыргыз аялдарынын, айрыкча айылдык аялдардын тагдыры, көйгөйү, мүнөзү, түйшүгү чагылдырылат. Экинчиден көбү турмуштан алынып, ошол эле учурда кыйла актуалдуу социалдык маселелерди козгойт, окурманды ошолордун тегерегинде ой жүгүртүүгө мажбур кылат. Үчүнчүдөн баарында болбосо да кыйла бөлүгүндө мыкты чыгармаларга мүнөздүү болгон өтмө катар маанилер, улам ар кайсы өңүттөн ачылган көрүнүштөр чагылдырылган.

Төмөндө автордун 20га жакын аңгемесинен байкалган айрым жагдайлар, аларга карата мүнөздөмө жана сын пикирлер баяндалган. Алардын баары толук илимий негизде эмес, окурман катары кадимки эле формалдуу логиканын жана жекече табиттин базасында талданган.

 

«Балакана»

Кыргыз аялынын уялчаак, чыдамкай, көп жагынан баео образы жакшы берилген. Баш каармандын психологиясы бир топ жакшы ачылган. Бирок эркек бала аны түйшөлтүп жаткан нерсеге анчалык эле терең ой жүгүртүп жибериши бир аз шек жаратат. Бала апасына күйөрү чын. Антсе да бул оорунун маанисине аял башкача, баласы башкача мамиле кылат эле деп ойлойм. Кыргыз баласы адатта өз оюнда да мындай темаларга киргенден уялат, эркек балдар үчүн апасынын андай маселелери тууралу сөз кылуу да, ой жүгүртүү да табу. Аңгемедеги сөз болуп жаткан нерселер кыргыз окурманы үчүн кыйла жаңы тема. Андыктан аны чочутуп албаш үчүн анчалык натурализмге баруунун деле зарылдыгы жок. Албетте, эротикадан тартып натурализмге чейин көнүп калган азыркы кыргыз окурманына да, чет элдик окурманга да бул теманын ушундай өңүттө коюлушу кыйла кызыктуу болушу мүмкүн. Анын окурмандары да табылаары чын. Бирок Төлөгөн Касымбеков кыргыз менталитетин Батыш менталитети менен салыштырып айткандай, ачып кое турган жана жаап кое турган нерселер бар. Кеп аңгеме кайсы аудиторияга багытталганына жараша болот.

 

«Намазшам гүл»

Баш каармандын башынан өтүп жаткан окуялар жакшы ачылган. Маселе негизинен туура коюлган. Кыргыз коомунда акыркы жылдары болгон окуялардан улам аял заты орустар айтмакчы «я и лошадь, я и бык, я и баба, и мужик» болуп атканы эч кимге жашыруун эмес. Аялдарга абдан чоң күч келип атканы чын жана бул абдан чоң коомдук маселе. Бирок бул чыгармада сүрөтттөлгөн өзгөрүүлөр өтө эле аша чаап, кыйла гротеск менен берилген. Анткени коюлган маселе туура экенине карабастан, баш каармандын башынан өткөнчөлүк өзгөрүүлөрдү кыргыз аялдары үчүн типтүү деп айтканга болбойт. Баары бир канчалык башынан кыйынчылык өтсө да, кандай жумуш кылса да аял заты аял затына тиешелүү, жок эле дегенде аны тааныта турган белгилеринен ажырабай эле жашап келатат. Ал тургай совет мезгилиндеги андан катаал турмушту баштан кечирген аял заты деле антип өзгөрүп кеткен эмес. Эгерде автор маселенин коюлушу үчүн ушундай күчөтмө ыкмаларга барган десек, анда туура. Бирок реалдуулуктан алыстап кеткен болот.

Ошондо да эки нерсени эсепке алыш керек. Таптакыр эле аңгемедегидей эркек мүнөз күтүп калган аялдар психологиялык жактан деле анчалык кыйналмак эмес. Сөгүнүп-сагынып, баарына орой мамиле кылып калгандары өз башына келген кыйынчылыкка деле ошондой эле мамиле кылмак. Экинчиден, эркекке айланганда деле башынан ошондой оргу-баргы тарс-турс жүргөн, эркек мүнөз аялдар көбүрөөк айланышы мүмкүн. Мурда уяң мүнөз күткөндөрү кийин канчалык орой түргө өтпөсүн, аял экени адатта баары бир таанылып эле турат.

 

«Айгүл Тоо»

Айгүл Тоонун тегерегиндеги коомдук окуялар документалдуу чындыктан алынган. Экологиялык проблема жакшы коюлган, жаратылыш менен адамдын ортосундагы сырдуу байланыштын психологизми жакшы берилген. Сюжет да, композиция да кыйла кызыктуу. Бирок айрым жерлеринде ынандыра бербеген жактары бар.

Апасын көтөрүп бараткан Азимдин образы жакшы берилген. Бул уникалдуу сцена, чет элдик окурмандарынын арасында ага суктангандар да болушу мүмкүн. Ага эл арасындагы динге байланышкан уламыштар себеп болгону көрүнүп турат. Бирок ошентип апасынын көңүлүн караган бала анын сезимине да аярлык менен карайт болсо керек деген ой бар. Апасынын гүл тууралуу айткандарына көңүл кош караган бала аны көтөрүп барарына деле анча ишенбейт экен киши.

Бүажар башы менен ташка тийип жарадар болсо бир жөн болмок. Бул чындыкка көбүрөөк окшойт. Сөзсүз эле аңгемеде көрсөтүлгөндөй жарадар болушу бир эсе күмөн жаратса, бир эсе иренжитет.

Мен Баткенге барып Айгүл Тоодогу гүлдөрдү көргөнүм жок, бирок Интернеттен сүрөттөрүн, видеолорун кыйла көрдүм. Канга окшоп кыпкызыл болгон бир да гүл көрө алганым жок. Кызыл деп айтыш кыйын. Ал тургай пионер жагоосундай да кызыл эмес. Баары кочкул сары. Аны кан менен ассоциация кылыш үчүн сөзсүз кызыл кылып деле кереги жок.

Физкультурник жигиттин өлүмүнө чын эле сүйлөшкөн кызына жаккысы келгени себеп болгону так эмес. Ал же так айтылышы керек, же энесинин гана оозунда калганы жакшы. Эл болсо таң калган бойдон калса ишенимдүү болмок. Бирок жалпысынан окуянын өнүгүшү жана чечмелениши да көп маселени козгоп турат.

 

«Атлес көйнөк»

Түштүк колорити жакшы берилген. Кичинекей кыздын атлес көйнөккө кызыгуусу, окуяны сүрөттөөдөгү деталдар жакшы ачылган. Кийимди кызына энеси эмес, атасы алып берип жатканы таң калтырат, бул да жергиликтүү менталитеттин өзгөчөлүгү болсо кызыктуу жагдай. Бирок окурман үчүн түшүнүксүз бойдон калган суроолор бар. Кыз кийин атлес көйнөктөрдү кийгенде эмнеге атасын элестетип алып жагымсыз болду? Анын атасынын акчасын уурдаткандагы корккону жакпадыбы, же ага чейин урушканыбы? Ага өзүн күнөөлүү сездиби? Же кийин так ошондой көйнөк таппай койдубу? Ушул жактарын ача кетсе жакшы болмок. Экинчиден бул аңгеме эмне максатта жазылганы түшүнүксүз. Анын максаты эмне?

 

«Гилемчи»

Кол өнөрчүлүк жана өнөр адамдары, алардын тагдыры, мээнети, түйшөлүүсү, турмуштагы өзгөрүүлөр тууралуу эң мыкты чыгармалардын бири. Бул боюнча фильм тартса да болчудай. Аңгемеде килем токуган аялдын кылган иши, анын өзгөчөлүгү, ага кылган элдин мамилеси, өзүнүн образы жакшы ачылган. Айрыкча соода-сатык заманы келип килемчилик четке сүрүлгөнү, далай кесиптер өзгөргөн доордун сүрөтү абдан жеткиликтүү берилген. Окурман үчүн да кызыктуу, чыгармачыл чөйрөдө жакшы кабыл алынаары шексиз.

Бир гана жери – килем деген сөздүн жазылышында ката кеткен. Адабий тилдин нормасын сактабасак кийин кыргыз бирин бири түшүнбөй кала турган күнгө жетебиз. Ошону оңдоп койсо эле мыкты чыгарма.

 

«Чыныгүл»

Автордун эң мыкты чыгармаларынын бири. Жесир калган соң айыл аксакалдарынын айтканына каршы албай улам бир чалга турмушка чыга берген, аларды аяп кетип кала албай кам көрүп жүрө берген, аягында өз уул-келининен жылуу сөз укпаган кемпирдин образы – кыргыз адабиятындагы сейрек табылгалардын бири. Аңгеменин негизги баалуулугу – жеке бакыт менен тар чөйрөдөгү коомдук пикирдин, жеке бакыт менен бирөөнүн бактысын ачуу зарылдыгынын, жеке бакыт менен салт-санаага жамынган калыстыктан алыс микросистемалардын ортосундагы карама-каршылык абдан жакшы, эч кандай эпатажсыз, жөнөкөй эле турмуштук сүрөттөө аркылуу ачылып берилгенинде.

Экинчиден кыргыз аялзатынын көптөгөн сапаттары да Чыныгүлдүн образы аркылуу жакшы чагылдырылат. Өз оюн ачык айта албаган уяңдык, абройлуу деген кишилердин айтканына каршы чыгып өз бактысын талашуу жөндөмүнүн жетишсиздиги типтүү көрүнүш болуп келгенин тана албайбыз. Бул чыныгы аял затына таандык сапат дайыма эле аял затынын бактысына иштей бербей тургандыгына далилдер көп.

Бардык системалар сыяктуу эле, салттуу көз караштардын ичинде да келишкис карама-каршылык бар. Чыныгүл кемпир айыл аксакалдарынын айтканынан чыга албай турмушка чыга берсе, уулу ошол эле салттуу көз караштардын айынан анын улам бир эрге тийип жүргөнүнө арданууда. Эгерде аксакалдардын сунушунан баш тартып койсо деле салтка каршы чыкты деп эч ким аны күнөөлөмөй алмак эмес. Демек кеп жалаң эле салтта эмес, дегеле система менен жеке адамдын ортосундагы карама-каршылыктын ар кандай өңүттөрүнө барып такалат. Кеп адам өзүнө ошол системанын кайсы өңүтүн тандап алганында.

Автор эне менен уулунун ортосундагы түшүнбөстүктү да, өмүрү ушундай турмушта өткөн кемпирдин абалын да абдан жакшы сүрөттөгөн.

Маселе абдан туура өңүттө коюлган, анткени биринчиден ал кыргыз коому үчүн жаңы нерсе эмес. Убагында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да айылдагы коомдук пикирдин басымынан улам кор болуп жүргөн аялдын тагдыры тууралуу жердештерине ачык кат жазып, ачуу сындаган жайы бар. Коомчулуктун бир даары эмгиче каршы болгон «Жамийланын» жазылышына да ошондой көрүнүштөр себеп болгон шекилдүү.

Аңгемеде уулунун аты айтылбайт, ролу энесине нааразы болгон келинге каяша айта албаган көңүлсүз маанайында гана көрүнөт. Калган окуялардагы ролу бүдөмүк. Бул да бекеринен эмес. Биринчиден, кайтып келген энесин таптакыр эле аялынын жемесине салып бергенге көңүлү кыйбайт, экинчи жагынан чын эле энесине болгон таарынычы да бар. Баласы болжол менен орто муун. Кыргыз коомунда дегеле аял затын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай калыс сөзүн айтып коргоп кала турган тарап – орто муундагы эркектер. Бирок алар өзүнүн ошол функциясын толук аткарбай, пассивдүү ролго өтүп алгандыктан кыргыз коомундагы аял-эркек мамилесине байланыштуу көп маселелер адилет чечилбей келатканы да чын.

 

«Абысындар»

Аңгеме бүтпөй калган. Жаш келин менен ага үйлөнгөн абышканын нике түнүн аңдыгысы келген абысындар качып кеткенден кийин автор эмне айткысы келгени белгисиз. Аңгеме абысындардын образын да ача алган эмес, жаңы түгөйлөрдүн ортосундагы мамиленин да уландысын көрсөткөн эмес. Ортосунан чорт үзүлүп, шашылыш аяктагандай элес калтырат.

 

«Долу»

Бир эсе күлкүлүү, бир эсе турмуш чындыгынан алынган, бир эсе ойлондуруучу аңгеме. Абышкасына таарынса эле дарыяга агып өлөм деген долу кемпирдин образы, анын артынан эч ким келбей койгондогу психологизми абдан жакшы берилген. Абышкасына ыраазы болгону, анын баркын билгендеги ойлору кыргыз наркын абдан жакшы сүрөттөйт. Адам баласынын жаратылыш менен болгон символикалуу байланышы да мыкты табылга.

 

«Кара жаздык»

Аңгеменин сюжети кызыктуу, бир эсе мистикалык десе болгудай окуялардан турат. Күйөөдөн жолу болбогон, кимге тийсе, ал тургай кимди жакшы көрсө улам бири кайтыш боло берген аялдын образы, ага карата айылдаштарынын эки башка мамилеси жакшы сүрөттөлгөн. Кызматын баары пайдаланып, бирок ырымынан баары корккон бул аял баарына чыдайт. Кайсы бир жагынан фатализм жыттанган бул чыгарма тек гана тагдырдын тамашасына көңүл бурбай, анын шартындагы адамдын психологиялык абалын, өз тагдырынан өзү качкысы келген аракетин, айылдаштарына жана тагдырына болгон таарынычын жакшы ачып берген. Каармандын андан наркы тагдыры атайын ачык калтырылган, бирок ошол туура. Аялдын жашоосундагы бир этап эмнеси болсо да бүттү, эми кийинкиси башталат жана ал таптакыр башка кеп. Эгерде сүрөттөп кете берсе узарып кетмек жана кызыгы кетип калмак. Ал ошентип ачык калганы менен окурманды кызыктырган бойдон калтырат.

 

«Кара туман»

Аңгеменин сюжети өтө кызык, күтүүсүз жагдайлары көп. Аксак кошунасы келип жүргөн азиз келин туманда сөзүнөн алдырып анын аялына билинип калат. Чындыгында туман бул жерде эки кызмат аткарат. Биринчиден, ал андан аркы окуяларга себепчи. Анткени ширеңке сураганы кошуна келин келбесе айып ачылат беле, ким билет. Экинчиден, туман – бул ошого чейин эле болуп жүргөн окуяларды жашырып жүргөн күч сыяктуу. Тескерисинче, тумандан кийин жүз сыйрылып, бет ачылганы турат. Үчүнчүдөн туманды тиги аксак жигит менен азиз келиндин жашыруун бактысына, соо келиндин тынч турмушуна кол салган символикалуу күч катары да караса болот.

Ошентсе да аңгемеде реализм жагынан аксап турган айрым жагдайлар бар. Мисалы, түн киргичекти бир топ бар экенин көзү көрбөгөн келин билиши шек жаратат. Мындан тышкары, эгерде келин көчөдөн келген кишинин жыты жана дабышы башка экенин билсе эмнеге жигиттин атын атады деген да суроо туулат.

Жалпысынан автордун кызыктуу аңгемелеринин бири.

 

«Келин таш»

Мифтик сюжет аралашкан, эзотерика менен мораль карама-каршы коюлган окуяны негиз кылган, кызыктуу аңгеме. Кайнатасынын каргышына калган келин ташка айланып калганы тууралуу уламыш далайынын үшүн алып, окуянын каарманына катуу таасир этет. Үйүндөгүлөрдүн адилетсиз мамилесине кабылган өнөрлүү келин акыры акыл-эсинен адашып тынат. Келин таш – ошондой адилетсиз мамилеге да чыдоого аргасыз кылган психологиялык факторлордун бири, келиндердин үстүнөн карап турган символ. Андай уламыштар адатта алда канча негиздүү окуяларга таянат. Мисалы, кайнатасын чын эле аябай кор туткан келиндер тууралуу уламыштар бар. Бирок аңгемеде так ушул каргыш менен адилеттиктин карама-каршылыгы тууралуу эл арасындагы аша чапкан түшүнүк жакшы ачылган. Анткени кыргыздын туура түшүнүгү адилетсиз каргышка маани бербейт. «Бөөдө каргыш бөрүгө тийбейт» деген кеп бар. «Каргышың кара башыңа» деген жооп да бар. Тилекке каршы, мисалы ала качууга туш болгон кыздар да ушундай «келин таштын» курмандыгы. Болбосо кыргыздын каргыш жөнүндө туура түшүнүгүн негиз тутса босогого жатып алмак тургай тизилип алса да аттап туруп үч түкүрүп  баса бермек. Же өздөрүн каргап жатып кутулуп кетмек. Бул эми учуру келгенде айтылган сөз.

Келин ташты жок кылгысы келген келин аны жок кыла албай калган трагедиясы бир чети туура берилген. Анткени андай түшүнүктөрдүн үстөмдүгү кете элек. Чындыгында ташта эч кандай деле күнөө жок. Балким бул окуя турмуштан алынган жана чындыгында эле ошондой аяктаган болушу мүмкүн.

Бирок кыргыз тарыхы далай «келин таштарды» талкалап чыгып кеткен Уркуялар менен Курманжандардын мисалын да билет. Эгер андайлар болбосо совет мезгилиндеги аялдарды эркиндикке чыгаруу өнөктүгү мынчалык ийгиликке жетмек эмес.

Демек аңгеменин финалына эки башка өңүттөн караса болот. Эгерде элге үлгү бергиси келсе келин таш биротоло элге дүң болуп талкаланганы же ага жеткирбей эле абышка кечирим сурап, келиндин астына түшкөнү туура болмок. Кыргыз совет маданиятында андай үлгүлөр да бар, балким андан алда канча жана негизсиз аша чапкандары да кездешет. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалими» боюнча тартылган фильмде мугалим Дүйшөн эч кандай күнөөсү жок эле ыйык бакты балталап кирет. Экинчи да вариант бар – келин ырдап чыгып, эл алдында өнөрү менен таанылып, бактысы ачылышы да мүмкүн эле. Эгерде кайсы бир катаал реалдуулукту бергиси келип, маселени ачык калтырса азыркы варианты да туура. Бирок анда аша чапкан уламыштарды айткандардын ою туура болуп чыгат, анда окурманда туура эмес жыйынтык келип чыгат. Азыркы турпатында мындай финалдын пайдасынан зыяны көбүрөөк.

Учуру келгенде айтыла кетчү сөз бар. Чолпонбек Абыкеевдин «Ай менен жарышкан автобус» деген чыгармасы белгилүү. Турмуштун оорчулугунан улам ичип кетип, бирок аялына өчөшүп жатып улам бир туура кадамга барып оңолуп кеткен мурдагы аракечтин окуясы абдан кызыктуу баяндалган. Убагында көптөгөн окурмандар ошол аракечти «өлтүрбөстөн», тирүү калтырып, ийгиликке жеткирүүнү автордон суранган жайы бар. Ушунун өзү кыргыз коому үмүт бере турган үлгүлөргө суусап турганынын белгиси. Балким ушул максат менен карап көрсө чыгарманын потенциалы ого бетер ачылышы мүмкүн.

 

«Өрүк-эне»

Окуя жакшы сүрөттөлгөн менен аңгеме эмнеге багытталганы белгисиз. Жыйынтык жок. Өрүк менен аялдын байланышы жакшы ачылган, бирок автордун эмне айткысы келгени бүдөмүк.

 

«Орунча»

Турмуштук кызыктуу мисал. Адатта өгөй эне болгон аялдарды адабиятта терс каарман катары сүрөттөшөт. Бул чыгармада болсо тескерисинче жакшы аял кайсы жакка барбасын, баарын өздөй көрүп бооруна тартып өз болуп кетери жакшы сүрөттөлгөн. Чыдамкай, боорукер, жапакеч кыргыз аялынын образы жакшы ачылган. Башында эмне үчүн бир адамды эки башка ат менен атап жатышат деп таң калган окурманга анын сыры бара-бара ачылат. Жакшы чыгармалардын бир белгиси – коомго жаңы түшүнүктөрдү тартуулайт. Ушул жагынан алганда «өгөй» деген ажырымдуу, катуу сөздүн ордуна диалектиден табылган «орунча» деген жумшак, жакындаткан сөз бара-бара кыргыз лексикасына кирип кетиши да мүмкүн.

 

«Парз»

Башында эзотерикалык маанайга багытталган сыяктуу бул аңгеменин чыныгы турмуштук сыры бара-бара ачылат. Тирүү калган күйөөсү аргасыз жаңыдан аял алып жаткан, ырым катары ызасын басыш үчүн башынын тушуна суу куюлуп жаткан маркум келинге салыштырмалуу анын сиңдисинин күйүтү күчтүү болуп чыгат. Автор бул жерден бир эпизод менен жоголуп бараткан элдик ырым-жырымдарды да, турмуштук жагдайды да, аялдарга болуп жаткан туура эмес мамилени да козгой кеткен. Чыгарма ошонусу менен баалуу.

Мүрзөгө куюлуп жаткан суу тирүү келинге жетпей калганы аркылуу эки башка окуянын ортосундагы контраст абдан жакшы берилген. Мүрзө башына суу куюу – бул жерде аргасыз амалдын символу. Мүрзөнүн өзү – бул тирүүлөрдүн өлгөн үмүттөрү, тилектери. Бул ырым-жырым жашыруун жасалып жатканы бир чети реалдуулуктан алынса, бир чети адамдардын айтылбай жаткан ичиндеги арманына да символ катары кызмат кылат.

 

«Прокурор»

Автордун гениалдуу чыгармаларынын бири. Бир караганда адамды дендароо кыла турган кесирди көрсөтүш үчүн гана жазылгандай көрүнгөнүнө карабастан, анын тереңи аңгемедеги деталдардын өтмө катар маанилеринен ар башка өңүтүнөн ачылат. Жегич кудалар баарын даярдап, бирок чырагын унутуп калганы – көр дүйнөнүн баарын камдап, бирок ыйманын, жан дүйнөсүнүн жарыгын, абийири менен ар-намысын унутуп калганы. Жарык өчүп калып атканы да бир эсе биздин реалдуулук болсо, бир эсе азыр ошол баалуулуктар жетишпей жатканынын белгиси. Көпкөн прокурор күйгүзүп жаткан акча – ошончо адамды күйгүзгөн чечимдер. Анын ошончо кесир менен өрттөлүшү, улам көбүрөөк пачкаларды күйгүзүшү – өлкөдөгү коррупция ошончолук кынык алышы. Акча жөн эле күйүп кетип атканы – арам акча эч кимге пайда келтирбей, куру дымак үчүн гана кызмат кылып жатат. Анын үстүнө жегичтер акчанын чыныгы функциясын деле билбейт. Мисалы бир шкафында 10 миң долларлык костюмдары эле бир там болуп тизилип турганын айтып мактанган байлар болду. Анын баары жөн эле күйүп жаткан пачка акча, анткени бир киши кааласа-каалабаса деле бир эле кишилик тамак жейт, бир кийгенде бир эле кишилик кийим кийет, бир эле кишилик үйдө жашайт. 100дөн ашык жер участогу бар коррупционерлер, килейген там салып, бир бурчунда кайтарып отургандар – ушунун баары чындап келсе абсурд театры, антилогика, антиэкономика. Прокурор көпкөнчүлүгүнөн ошончо кишинин мээнетин күйгүзүп жатат.

Аңгемеде чырак алып келчүлөр кечигет. Бул да азыркы реалдуулук – өлкөгө жарык берчүлөр кечигип, ар кимиси ар кай жерден жарык издеп, андайлардын карааны көрүнбөй жатканы да чын. Өлкөгө жарык алып келчүлөр прокурорлор эмес, ошол тышка кеткендер экени да чын. Окуяда келиндер чыгып кеткен, алар бир эсе чын эле реалдуу жашоодо жумшаганга ылайык каармандар, бир эсе миграциянын, жөнөкөй карапайым адамдардын символу.

Чыгарма чыныгы реалдуулуктан алынган же алынбаган күндө да жогоруда айтылган символдору аркылуу эле өтө чоң тарбиялык функция аткарат.

Балким аңгеменин аталышын «Прокурор» эмес, «Кесир» деп койгондо мааниси мындан да жакшы ачылмак.

 

«Сынык»

Ооруканадагы аялдардын тарыхы бир караганда башка, ача келгенде башка болуп чыгат. Күйөөсү жок баш каарман адегенде күйөөлөрүн жактырбаган башка бейтап аялдарды жактырбай, алардын камкордугуна суктанып жаткан болсо, кийин эркектер тууралуу ою өзгөрөт. Ооруканадагы баш каармандан башка аялдардын сыныгы – бул сөөктүн эле сыныгы эмес, көбүнчө көңүлдүн сыныгы. Диалогдордогу, окуялардагы атмосферада сөөктүн сыныгы бүтсө да көңүлдүн сыныгы, мамиленин сыныгы бүтпөй, ошол бойдон калганы көрүнүп турат.

 

«Тракторчу келиндер»

Согуш убагында болгон окуя, андагы психологиялык кырдаал, турмуштук жагдай жакшы сүрөттөлгөн. Совет адабиятында андагы кыйынчылык белгилүү бир стандарт менен гана сыпатталса, бул жерде анын башка да өңүттөрү ачылат. Эркек-аял ортосундагы азгырык да, ошол азгырыкка алдырбаган туруктуулук да жакшы баяндалган. Болгону аял башы менен чолок ветеранды чаап жиберген раистин образы көп нерсени бузуп турат. Экинчиден согушту көрүп келген киши анчалык эле коркок билиш болушу шек жаратат.

 

«Эки эшиктүү үй»

Илгери айылдык кеңештин катчысы болгон жалгыз бой аялдан, анын кыздарынан жана канчык итинен башка эч ким жашабаган үйдүн эки эшиги бар. Элге карата ачылган эшиги эл көргөн чындыгы болсо, ички эшиги өзүнүн ички чындыгы. Өзүнүн жакын тууганына күйөөсүн өзү өткөрүп берген аял айылдагы эжесинин сөзүнө сынат. Бирок ошол эле учурда анын өзүнүн да чындыгы бар, аны башкаларга түшүндүрүш кыйын. Аңгеме психологиялык кырдаалды реалисттик өңүттө ачып, адам менен иттин ортосундагы аналогия аркылуу аялзатынын татаал жана карама-каршылыктуу тагдырын жакшы чагылдырган.

 

Корутунду

Жалпысынан Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелери турмуштан алынган. Автордун коомдук уюмдарда иштеп, эл менен аралашып, ар кандай окуяларды угуп жүргөнү анын чыгармачылыгына жакшы таасир эткени, турмуштук багажын байытканы көрүнүп турат. Эстетикалык жана көркөм баалуулугу жагынан өз окурманын таап келаткан, талаш-тартышка жем таштаса да эң негизгиси кайдыгер калтырбаган авторлордун бири.

Болгону автордун алдында турган адамдык да, маданий да олуттуу маселелердин бири – чыгармаларын өзү аралашкан чөйрөнүн идеологиясына баш ийдирип албай, уникалдуулугун, чыгармаларына көрк берип турган улуттук колоритин, тарыхый тамырын сактап калуунун зарылчылыгы. Бул аңгемелер жарык көрсө кыргыз коомунан кыйла окурмандардын жүрөгүнөн түнөк табары чын.

16.09.2021

(Автордун пикири «Кыргыз маданият борборунун» көз карашын билдирбейт) 

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.