Адабий сынак №39 Ыр
Кызгалдактар ачылганда сен келгин
***
…ай экөөбүз түн күзөттүк ой менен,
Кою, жымжырт, уюган зор салмагын –
дүйнөсүнө катып.., берди уруксат:
-Кыялданып бакытты тут, кармагын:
– “Уялгандай, тартынамын сүрдөнөм,
Камкор карап, мени сыга кучактап.
Жытың искейм үстүндөгү күрмөдөн”-
А чынында күндөр кеткен ыраактап.
…жолугабыз кызгалдактуу талаада,
– “Ушул жерлер жыпжылуу нак коломто,
окшойт го ээ, кызыл жалын бүркүптүр”
-дейсиң мага колдоруңду оролто.
Боюң узун, согончогум көтөрүп,
Моюнуңа асылганым – чын бакыт.
Бул чөлкөмдүн кенендигин билдирип,
Анда-санда чымчык сайрат үн катып.
Шамал жүрсө чачым учуп оролот,
Сылагылап, бети башың аймалап.
Кандай кооз сүрөт көрсөм жүктөймүн
Ай менен түн күзөтөмүн кайталап.
***
Чаң сапырган куюн изин калтырган,
Түздүгү кең мен жашаган чөлкөмдүн.
Аппак жайык кыш мезгилин өткөрүп,
Кызгалдактар ачылганда сен келгин.
– Албарстынын ышкырыгы ойногон,
Урчук таштуу аскалуу- деп, жердигим,
Шашпай сага түшүндүрөм – дегенсиң,
Ал жерлерде жашоо сырын, эрдигин.
Мезгилдердин күчү менде, сен жакта:
Өтөөсүнөн чыгар кайрат, өжөрлүк.
Көл дүйнөңдү жар чапчыган, толкуган,
Каршы чабак салып бейгам өтөрмүн.
Бизде күчтүү: ызгаарындай чилденин,
Жылуулугу таш кызытып кесерин-
Айтып турат сүйүү, мизин курчутуп
Абайлайлы, түшүрбөйлү беделин.