Болот Таштаналиев: Акын Марат Токоев

 

Акын Марат Токоев

Акын Марат Токоев кызык жазат. Кызык дегеним – анын ырлары эрежелерге баш ийбейт, ырдын салттуу стандарттарына такыр окшобойт. Анын себеби ал биз ойлобогондой ойлонот. Ырлары да ошондой. Анын ырларын улуттук адабиятты тим кой, дүйнөлүк адабияттан да эч кимге окшоштура албайсыӊ.

* * *
Кыш кечи. Саат согот: “Чык-чык, чык-чык…”
Угулат негедир “Чык-кын, чы-лык…”
Жүрөгүм бушайман актаналбай.

Туура, өмүрдүн өтүп жатканы, адамдар убакыттын алдында алсыз экенин шурудай тизилген уйкаштыктар, көркөм салыштыруулар менен деле жазса болмок. Арийне, ал аны-муну айтып, укмуш салыштырууларды таап, кепти буйтактатып, алыстан баштабай, сааттын чыкылдаганынан “чык-кын, чы-лык…”ты табат.

Адатта акындар турмушту көркөм кабыл алып, анан аны кооздоп, шөкөттөп жазат эмеспи. Марат антип кооздобойт, шөкөттөбөйт. Анын ырлары одуракай, арсак-терсек. Окурманды тамшандырган, өзүнө тарткан көркөм салыштыруулар да жок. Жадагалса, анын ырларында уйкаштык деле сакталбайт. Бирок, анткен менен ырларынан ар бир сабынан поэзиянын илеби уруп турат. Анын ырлары уйкаштык да, үндөштүк да, бир сөз менен айтканда ырга мүнөздүү эрежелер сакталбаганы менен күчтүү жана ыргагы да, уйкашы да жайында салттуу ырлардай окулат. Орус жазуучусунун бекен, же акынынынбы токой жана токойдун четинде жалгыз өскөн дарак жөнүндө уламышы бар. Ошол жалгыз дарак жыл сайын эрте бүр ачып, кечигибирээк саргайчу экен. А токой болсо, кечирээк бүрдөп, эрте саргайып, токойго келаткан адамдын көзүнө иралды жалгыз дарак урунчу тура. Анысы кандай, улуттук поэзия мейкиндигинде да Марат Токоевге окшоп, эч кимге окшошкусу келбеген, башкаларга окшобогондой ойлонгон, башкача стилде жазган акындар керек. Болгону эскертип койчу нерсе, поэзиядагы мындай формалык жана мазмундук изденүүлөр “модага” айланып, хайп үчүн эле антип жазуунун зарылдыгы жок.

Акын Марат Токоев өзүнүн башкаларга окшобогон ырларын “мода” кубалап, же хайп үчүн эмес, жашап жана ойлонуп жазат. “КҮН МЕНЕН КУБАЛАШМАК” деген ырын тогуз жыл жазыптыр. Окуп көрөлү.
Казактын уч-кыйырсыз талаасында,
Кубалап келатамын кызыл Күндү.
Түлкүдөй улам жаӊы белес, кырда
Куйругун бултактатып шылдыӊдайт ал…
Күн менен кубалашмак ойногондон
Чарчабайм өмүр бою. Жетпегеним,
Жаӊы дем берет мага жашаганга.
Казактын уч-кыйырсыз талаасында
Кубалап келатамын өжөрлөнүп…
Бир күнү бул Күн өзү жетпей мага
Алыстан карап алып кейип калар.
31.10.2012-2021-ж.

Көрсө, Марат Токоев тогуз жыл күн менен бекер кубалашпаптыр. Тапчусун таап, айтчусун айткан экен. Ал жазгандай, адам баласы өмүр бою күндү кубалап, күн менен кубалашып жашайт да, анан бир күнү Күн адамды таппай, адамды жоктоп калат. Тирүүлүктүн айныгыс мыйзамы ушул.

Марат Токоевдин китебинин аннотациясында: “Жашоо – эсте калган айрым көрүнүштөрдөн, көз ирмемдерден турат. Алар кыл калемдин майда-майда сүртүмдөрү сыяктуу жашообуздун жандуу картинасын жаратат. Ырларымда ошондой кайталангыс көз ирмемдерди, сүртүмдөрдү жүрөгүм аркылуу өткөрүп, аны көркөм сөз менен туюнтууга, ошол ирмемдеги сезимди сактап алууга аракет кылып келем” деп жазылгандай, анын ырлары окурмандарды кайдыгер калтырбайт, ойлонтот деген ойдобуз.

* * *
Дүйнө – балалык түшүмдүн
Уландысындай. Бүгүн мен
Сырын жашоонун түшүндүм
Эми коркуу жок өлүмдөн.
Желге ыргалат жашыл чөп
Ар бир демине жооп берип.
Желдей желпиген жаш мүнөт –
Кылым карыткан таберик.
26.01.1994

 

* * *
Асман бетинде сейилде
Ай орогуна илинип
Араӊ бошонду ак булут.
Эркин жашоодо билбеген
Эмне экени буулугуу
Болгон кайгысы ушудур.
Жаан жаайт, буу болот кайрадан.
Азга созулат кулдугу,
А адамдыкы түбөлүк.
06.05.1995

 

* * *
Улам-улам жолду карайм.
Көрүнбөйбү бир караан?
Кимди күтөм? Өзүм билбейм.
өзүмдү өзүм алдап келем.
Үмүт менен жашап келем.
Неге күтөм? Өзүм билбейм.
“Эмне” эмеспи “Ким” дегеним?
Чын элеби деги менин
Күткөнүм бул? Өзүм билбейм.
01.02.1997

 

ҮЧ САПТАР

* * *
Кышкы түндүн жанды талыткан
Узактыгын мурда сезбепмин.
Бош ордуӊду колум сыйпалайт.

* * *
Мына дагы бир күн кетти чиркелип.
Ар бир күнүм жашоо болду чиркейлик
Төрөлүп мен кечте кайра өлөмүн.

* * *
Бүткөн бою титиреп
Көлчүк үнсүз кыйкырат
Кетсе бирөө тепселеп.

* * *
Аяп үшүгөн жерди
Дарак жалынын берди
өзү жылаӊачтанып.

* * *
Чаӊырыгы баламын
Кубалап жүрөт бөлмөдө
Безилдетип уйкумду.

 

ТААРЫНУУ АРАКЕТИ

Пенделик бул, билем, пенделик.
Эртеӊ эле өзүм күлөмүн.
Бирок азыр турам мен кейип –
Сагынбапсыӊ! Чынбы сүйгөнүӊ?
Гүлдөгөндөй гүлдөр бир жолу
“Азыр” менен жашайт жүрөгүм.
Болсо дагы үч күн болгону
Сагынбапсыӊ! Чынбы сүйгөнүӊ?

22.04.97

 

* * *
Кат-кат кийимдерге
Таш бакадай жашынган адамдар
Качкандай сууктун илешчээк колунан,
Чочулап да жылгаяктан
Чуркашат тамтаӊдап
Жаӊы баскан баладай.
Аалам тумактай аӊтарылып
Дарактар да жерди карай өскөнсүйт –
Каржайган бутактары тамырлардай
Кучактайт жетимсиреген асманды.
Суук кол мыкчыгандай жүрөктү
Кандай көӊүлсүз көрүнүш!
Көз жашыӊ да тоӊуп, муз болуп
Кулай албайт көзүӊдөн.
Бир гана алыс жер түйшүгүнөн
Асман коноктору – күмүш чымындар
Бейкапар бийлешет абада.
18.02.94-8.01.97

 

* * *
Биринчи жолу өмүрүмдө
Кыш келбесе экен деп тиледим –
Даяр эмесмин мен ага.
Көөдөнүмдө
Боштук… Жетишпедим
Сиӊирип алганга
Жаздын жаш демин,
Жайдын илебин
Жана да
Күздүн көркүн
өзүмө.
Тоодон түшкөн таштай
Каякка шашат өмүрүм?
Бир аз, жайласаӊ боло!
өзүмдү алайын колго.
Болбойт, чамгарактайт.
Дөӊгөлөккө жабышкан баткактай
үмүттөрүм чачырайт.
Тажаганбы ал менден?
Же мен өзүм чарчаган белем өзүмөн?
Толгонбу чарчоо жүрөгүмө?
Биринчи жолу өмүрүмдө
Кыш келбесе экен деп тиледим…
2018-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.