Бүкадича Акимжан кызы: “Карыптай…кайыр сурап сезимиңден”

Бүкадича Акимжан1983 жылы Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргыз-Ата (учурдагы А. Парпиев) гимназиясын бүтүргөн. 2000-2005-жылдары арасында Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетин аяктаган. 2005-2008-жылдары Анкара Университетинде  педагогика тармагында аспиратурасын, 2016-жылы болсо докторантурасын бүтүргөн. Учурда жогорку окуу жайда мугалим. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси.

 

ТОЛГОНУУ

Эзилип жүрөк…
Эчкирип ыйлап жибербей,
Энчимди неге мурдарак жүрдүм тиленбей.
Ээликкен көңүл эсиме салып элесиң,
Эңшерет дүйнөм… ойлорум сенсиз иргелбей.

Тилинип жүрөк…
Буркурап ыйлап жибербей,
Телмирип турам тагдырга азыр ширелбей.
Жыртылган дүйнөм шамалда улам делбиреп,
Самсаалайт ойлор катарлаш болуп тирелбей.

Кетилип жүрөк…
Озоңдоп ыйлап жибербей,
Боздоду неге ботосуз калган ингендей.
Бозоргон жүзүм болгонду сага айткандыр,
Буулугат кыял боз чобур атка мингендей.

Жанчылып жүрөк…
Жалооруп ыйлап жибербей,
Таңдарды тосом кирпигим такыр ирмелбей.
Телмирген көзүм төгүлүп сага айткандыр,
Кусалык өрттөйт дилинде туюп билгендей.

 

КУПУЯ ЖАЛБАРУУ

Карыптай… кайыр сурап сезимиңден,
Кетпеймин кайырчыдай эшигиңден.
Каккылап бош жүрөктүн каалгасын,
Бир ууртам сүйүү сурайм кешигиңден.

Дербиштей… делбе болуп сезимиңден,
Ак уруп кете албаймын эшигиңден.
Черткилеп мерез жүрөк терезесин,
Бир тамчы сүйүү тилейм кешигиңден.

Дубана болуп жүрөм сезимиңден,
Көңүлүм бош кайтарба эшигиңден.
Дат баскан жүрөгүмө эм болуучу,
Бир кашык сүйүү берчи кешигиңден.

 

ЫР КӨШӨГӨҢ

Ырзарлар… сизге, мага ыр төшөгөн,
Тартылбай калган мага ыр көшөгөң.
Таарынуу сизге азыр керексиздей,
Кемиген ырыскымды мен көтөрөм.

Ыңаалап жаңы ырым төрөлгөндө,
Ымыркай ырым бешик бөлөнгөндө.
Алдейлеп термеп чыгам ыр бешигин,
Ырларым көөдөн толбой көшөргөндө.

Ыр-кызым ырдан тапкан айданегим,
Ырларым ыр дүйнөдө кош карегим.
Ырымдап сизге окшоп калсынчы деп,
Ыр кешик ууртаттырган ыр белегим.

 

БИР АДАМ

Бир адам мен сүйгөн… мени сүйгөн,
Күлгөндө көзү оттой жанып-күйгөн.
Элеси күз күнүндө эске түшүп,
Качанкы бакыт күндү эстеп жүргөм.

Бир адам мени сүйгөн… мен да сүйгөм,
Сүйүүнүн бал ширесин татып, күлгөм.
Сабында ырларымдын изи калып,
Саргайган дептеримде каты жүргөн.

Шол адам мен сүйгөн… мени сүйгөн,
Аярлап жүрөгүмө катып жүргөм.
Адашып түштөрүмө кирет дагы,
Арзуусун издей берет күйгөн күлдөн.

Шол жигит мен сүйгөн… мени сүйгөн,
Тогошуп жылдар өтсө эстей жүргөн.
Сезимди жапжаш бойдон сактаганбы,
Жаштыгым көрө салдым көздөн күлгөн.

 

ЖАМГЫРДАГЫ КУСАЛЫК

Сагынарым билип туруп тунжурап,
Кусалыгым бербедиңиз кулпулап.
Сары күздө саргайынкы маанайым,
Жолуңузду күтүп жүрөм утурлап.

Сыртта жамгыр… жүрөгүмдө кусалык,
Ойлорум да сиз жөнүндө узарып.
Үчөө бирдей нөшөрлөсө тынымсыз,
Бийлеп алат мени ошол ызалык.

Кыялда сиз… сыртта жамгыр… төгүлүп,
Жүрөктөгү ыйым окшоп көрүнүп.
Кол чатырсыз жолуң күтүп турамын,
Көл-шал болуп үмүтүмө чөмүлүп.

Сыртта жамгыр… жүрөгүмдө кусалык,
Көрүшпөстөн сезим жолдон узадык.
Куйкалаган алоо оттун табында,
Ким күнөөлүү экендигин сурадык?..

Кыялда сиз… көкүрөктө таарыныч,
Көөнөрбөдү сары майдай сагыныч,
Нөшөрлөгөн жамгыр менен кошулуп,
Тамчылады мендик ойлор жарык-из…

Кыялда сиз… жүрөгүмдө күйүтүм,
Акталбаган ошол сиздик үмүтүм.
Алсыраган жандай илкип баратам,
Эстеп алып ууртуңдагы күлүшүң.

 

САГЫНДЫМ СЕНИ

Сагындым сени… сагындым сени чынында,
Көрүшпөй өттү канча жыл… тете кылымга.
Саргарып күтүп саамайым кетти агарып,
Сагыныч деген жазылып калдың ырымда.

Сагындым сени… саламым айттым булуттан,
Нөшөрлөп жаадым… ичиме батпай буулуккам.
Борошо карда бороондой болуп сагыныч,
Чыйрыгып турам, бооруңа барып ысынсам.
Сагындым сени… сагындым сени чынында.

 

КЕЧИР ТООЛОР!

Кечир тоолор! Кечир аскам таарынган!
Киндик каным ырас сенде тамылган.
Кирпик ирмеп карааныңды көрүүгө,
Кызың жүрөт алыс жерде сагынган.

Кечир тоолор! Тосмо болуп бере албай,
Бооруңдагы алтынга тең келе албай.
Мөңгүлөрүң арман жашын агызып,
Мөгдөйм, жүртум, сага бакыт бере албай.

Кечир тоолор! Кесир чыккан уулдарың,
Сен күткөндөй алгыр болбой шумкарың.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.