Жылдызча: “Ыр-Аке”
ЖЫЛДЫЗЧА
(“Ыр-Аке” китебинен үзүндү, 2015-жылы Кыргыз эл акыны Рамис Рыскуловдун 80 жылдыгына арналып жарыкка чыккан.)
ДҮЙНӨСҮ ЖҮРӨГҮНДӨ, БАЙЛЫГЫ БАРАКТАРЫНДА
Ыр-Аке — адамзаттын эрке баласы…
Ыр-Аке — кыргыздын кымбат уулу…
Ыр-Аке — талант…
Акын!
Сүрөтчү!
Кааласа — ырчы.
Кааласа – бийчи.
Ыр-Аке — дүр-дүйнөлүү жан. Дүйнөсү жүрөгүндө…
Ыр-Аке — бай адам. Байлыгы барактарында…
Байлыктуу, дүйнөлүү адамды сыйлаган инсандар көп.
Ыр-Акени көрсө кубанып, ызаат кылгандарды көрүп, баамдап жүрөм. Ал инсандарды мактагым келет. Ыр-Акени жалаң акылдуулар, интеллектуалдар анан таланттар сыйлашат жана түшүнө билишет…
Ыр-Аке сезимтал…
Ыр-Аке боорукер…
Ыр-Аке элпек …
Ыр-Аке камкор…
Ыр-Аке сыйкор…
Ыр-Аке калыс…
Ыр-Аке тамашакөй…
Ыр-Аке тамашакөй, — деп дагы кайталап айткым келет. Тамашалары далай жолу элди, эл ичинде мени да таңкалдырып, күлдүрүп келет.
Ушундай, адам баласына тиешелүү мыкты касиеттердин баары бар Ыр-Акеде!
Ыр-Аке — Замандаш.
Ыр-Аке — Күйөө.
Ыр-Аке — Ата.
Ыр-Аке — Тууган.
Ыр-Аке — Сырдаш.
Ыр-Аке — Жолдош.
Ыр-Аке — Дос.
ЫР-АКЕ — МЕНИКИ ДАГЫ…
Ооба. Ыр-Аке — Дос. Менин да досум болду. Кызыктарга, кыялдарга бирге баттык. Ээрчишип жүрдүк. Шахмат ойнодук. Таарыныштык. Жазылыштык. Кекетиштик. Кечириштик…
Ыр-Аке меникине келди. Мен Ыр-Акеникине бардым…
Ыр-Аке кээде менин көзүмө Ыр-Аке эмес эле Ыр-Баладай көрүнөт. Анткени, мүнөзү баладай таза, тунук. Баладай жан кайра мага — баласындай кам көрөт. Анда өзүмдү бөбөктөй, Ыр-Баланын кичинекей бөбөгүндөй сезип алам, оозумда упчум, колумда оюнчугум бардай…
Эмнегедир, Ыр-Аке мага өзгөчө көңүл бурган калыбынан эч жазган жок. Мен кайсыл редакцияда иштесем, издеп, таап алчу. Таанышкан күндөн эле мээримин төшөп, аяп жана мага ишенип да келет. Искусство, адабият боюнча кеп-кеңештерин айтат. Колунан келгенин бергенче шашат. Мактайт, жактайт. Капалансам, кошо капа болот. Мага арнап ыр да жазып жиберет. Тарткан сүрөттөрүн белек катары тартуулайт. Майда-чүйдө чыгармаларымын арасынан өзүнө жакканын каалашынча башка тилдерге которот, “өзбек, француз тилине котором”, — деп да айткан.
Эң кызыгы, Ыр-Аке менин чыгармачылыгымдан түркүн- түстүү жаратмандыктарды, ийгиликтерди күткөнү- күткөн…
Бир гана ой мени кыйнап келет! Ушундай улуу адамдын улуу мамилесине мен татыктуумунбу? Ишеничин актай аламбы?..
Менин “Көңүл” аттуу китепчемде кыскача аңгемем бар. Күн сымал, жүзүнөн, сөзүнөн жылуулук чачырап турган Күн-Адамым жөнүндө.
Анда: “Жакшы адам — баарыныкы деген ишеничтемин. Күн-Адам дагы жакшы адам. Ал меники дагы. Сиздики дагы…” — деп аяктагам. Ушул сөз азыр Ыр-Акеге да жарашып, дал келип турат.
Ыр-Аке — Баарыбыздыкы…
Ыр-Аке — Сиздики дагы…
Ыр-Аке — Меники дагы…
Ар бирибизде кадырлап-кастарлап ала турган инсандарыбыз бар. Өзү барда, көзү барда сыйлап алгыбыз келет.
Менде дагы, сый-урматымды түбөлүккө жасай турган улуу-кичүү, тең-туш замандаштарым көп. Ар бири мага жакшылыгын жасап, нурун чачып келишет.
Алар:
менин — Өмүрүмдү тилегендер.
менин — Көңүлүмдү алгандар.
Алар:
мени — Сыйлагандар.
мени — Түшүнгөндөр.
Алар:
мен үчүн — Кубангандар.
Жогорудагы замандаштарыма мен да эми нуруму чача алаар бекенмин?..
Азыр баарыңыздарды көз алдыма тарттым. Карээгиме чакырдым. Катар-катар тизилген сүйкүмдүү, жаркын жана мээримдүү жүздөр…
Карээгиме чогулгандардын эң алдында, сап башында — Ыр-Акени көрүп турам…
Ыр-Аке турат…
Жашы да улуу — Ыр-Аке.
Эмгеги да улуу — Ыр-Аке.
Таланты да улуу — Ыр-Аке.
Мамилеси да улуу — Ыр-Аке…