Адабий сынак 41 Ыр

41

Доллар

Көптөрүн көрүүгө зар кылган
Доллардын кадыры жаркыган.
Айрымдар кармабайт аны эч,
Жетүүгө тоскоол бар, жар, туман.

Эгемен келгени шар учуп,
Сом менен тең чуркап жарышып.
Кирди да көргөздү күчүн ал,
Байларда, чоң жерде алышып.

Кадырын кастарлап баркташып,
Сомдордой бүктөбөйт, макташып.
Майда бир соодага, базарга
Салышпайт, жагынып, жакташып.

Доллардын азгырып көктөмү,
Долбоорду тартышат көк бөрү.
Болобу пайдасы?, – баары бир,
Дооранын сүрүшөт көптөрү.

Долларга жүгүнөт бүт дүйнө,
Анткени көптөрдөн курсу өйдө.
Чиренет Вашингтон тим эле,
Жашылбай турганда өйдөдө.

Доллардын күчүнөн жабыкпай,
Сом дагы катардан калышпай.
Өйдөлөп, өр алып кетсе экен,
ЕврАзия мейкинин чабыттай.

***
Динди тутуп а бирок, ыймансыз көп
Кудай бизге сыноону көп берүүдө,
Майыштырган тагдырлар бет келүүдө.
Сел агызып, от бүркүп, жер силкинтип,
Вирусунан өмүрлөр чектелүүдө.

Ай-ааламдан адамдар айгай салып,
Алааматтан аесуз бырчаланып.
Келатса да арамдык эч токтобой,
Айдан-жылга уланат кайталанып.

Намаз окуп, беттерин чүмкөнүшөт,
Сакал-мурут коюуну сүр көрүшөт.
Динди тутуп, дилине куйган менен,
Ыймансыздар неге анда көбөйүшөт?

Бала чакта динди биз билбегенбиз,
Дабаатчыдай шалбырак кийбегенбиз.
Жүрөктөрдө ар намыс, ыйман орноп,
Билимдүүлөр көп болчу, ийменгенбиз.

Биз өзгөрдүк, дүйнө да катуу өзгөрдү,
Курсагыбыз ток бирок, жан өзөрдү.
Беш маал намаз окуган мусулманды,
Мусулмандар аткылап, ок көзөдү.

Эркинбиз деп элөөрүп кетпегиле,
Бийлик, байлык напсисин чектегиле.
Кудай салган сыноону көтөрөлү,
Кыргыз деген өлкөбүз чекте бирөө!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.