Нурайым Шаршенбаева: Балдар үчүн жомоктор

Нурайым Шаршенбаева 

Жомоктор

ЭҢ ИШЕНИЧТҮҮ ВАЗИР

Илгери, илгери, кандуу бир жоортулда хандын улук  вазири  набыт болуптур. Хан абдан кейийт.  “Эми мындай ишеничтүү вазирди кайдан табам?”-деп санаага батат.

– Жан досум эле. Акылы тунук, кыраакы жан эле, элге кадыр-баркы жогору болчу…  Көптөгөн ички-тышкы душмандарымды  вазиримдин кеңеши менен жеңип келдим эле…”

Ошентип хан  кырк күн аза күтүп, вазирин жоктойт. Ханды тегеректеп жүргөн кеңешчилери улук  вазирдин ордун ээлегилери келип, кошомат кылууга өтүшөт. Ансайын хандын көңүлү чөгөт. Баягыдай кеп-кеңешин айтып, туура жолду көрсөтөр вазири жок, кимдин сөзүн угуп, кимисине ишенерин билбейт. Бир күнү ойлонуп отуруп, ордодогулардын баарын чакырат да:

-Мен улук вазиримден айрылып, кайгыдан кан жутуп турам… Көксөөмдү кантип суутушту биле албай санааркап, акыры бир бүтүмгө келдим.   Ушу жерде турган ар бириң, бирден жаш жигит алып келип, менин ордомдун дал ортосунда башын аласыңар! Ошондо гана демим сууп, вазиримди жоктоонун азабынан арылам. Кимде-ким айтканымды аткарбаса,  башы кыя чабылат ! – дейт каардуу.

Ханды баары таңыркай карашат. Бирок каяша айтуудан айбыгышып, баштарын жерге салып туруп беришет. Алардын арасынан бири:

-Урматтуу ханым! Күнөөсүз жаш жигиттердин башын алуу менен кантип көксөөңүз сууйт?! Андан көрө вазирдин набыт болушуна түздөн-түз себепкер душманды жок кылалы!-деп хандын буйругуна каршы сүйлөйт экен. Анда хан ого бетер кабагын чытып:

-Азыр душманды жок кылууга дараметим жетпейт! Менин айтканымды жасагыла! Кимде-ким каршы болсо башы кетет! Эртең ушул маалда ар бириңди күтөм!-деп кыйкырат.

Ошентип, эртеси күнү бирден жигит жетелеген кеңешчилер ордого чогула баштайт. Жасоолдорун ээрчиткен кеңешчилер элдин ыйлап-сыктаганына, көрсөткөн  каршылыгына карабай зомбулук кылышат.

-Ии-дейт хан чогулгандарга карап. – Баарыңар келдиңерби?  Араңарда буйругумду аткаргысы келбей баш тарткандар барбы?! Эгер бар болсо, биринчи ошонун башын алуу менен баштайбыз! – дейт сүрдүү.

Тургандар арасында күбүр-шыбыр угулат. Хандын буйругуна каршы сүйлөгөн баягы жөкөрү алдыга чыгып, сыңар тизелей калат:

-Улуу урматтуу ханым! Мен өзүм келдим! Күнөөсүз бирөөнүн канын төгүп, жакындарынын көз жашына себепкер болгуча, өзүм эле өлөйүн! – деп башын ийет.

Ага  башка жөкөрлөр аянычтуу карап: “Ай келесоо, өзүнө-өзү кылды,”-деп шыпшынышат. Ошондо хан тактысынан туруп барып, жигитти кучактап тургузат да:

– Сендей жигит издедим эле!  Улук вазирим сен бол! –деп далыга таптайт. Анан жарданып тургандарга :

-Туура эмес ишимди да туура деп кошоматчы  кеңешчилердин мага кереги жок! Баарыңар бошсуңар! Мен бүгүндөн баштап эч кимиңди ордодон көрбөйүн! – дейт каардуу.

Ошентип, хан тегерегинде жүргөн кошоматчылардан арылып, чыныгы намыскөй жигиттерди топтогон экен.

***

ЭКИ УУЛ

Илгери-илгери  бир абышка менен кемпирдин  эки уулу болот. Уулдары эрезеге жетип, өздөрүнчө түтүн булатаар мезгилдери келгенде, карыя уулдарын чакырып алып:

-Оо уулдарым, мына буйруса экөөң тең эр жетип, колукту алып, өзүнчө түтүн булатаар куракка  да жеттиңер. Үй-бүлө күтүш оңой эмес. Колукту алаардан мурда  мал багып, жер иштетүүнү жакшылап өздөштүрүп алгыла. Ушуга чейин, менин колума кол, бутума бут болуп, жардам берип жургөнүңөр менен, өз алдыңарча оокат кылып көрө элексиңер. Тээтиги  жайкалып жаткан кең талаам иштетилбей жөн жатат. Ошол айдыңды экөөңө тең  бөлүп берейин. Эгин айдап, бак өстүрөсүңбү же жайыт кылып мал багасыңарбы – өз эркиңер.  Кандай эмгектенип, канча байлык топтосоңор, ошончого ээлик кылып, келечекте үй-бүлөңөр менен пайдасын көрөсүңөр! – деп уулдарына жерин бөлүп бериптир.

Ошентип, ар кимиси өз үлүш жерин иштете баштайт. Бир канча жыл өткөн соң уулдардын бири атасына келип даттанат:

-Ата! Мага жаман жер берип коюптурсуз. Суу алыс. Жери кургак. Таштары көп.  Баарынан да мителердин ордосу экен. Канча аракет кылбайын, эч нерсе өспөйт, бышпайт,  бышса да, мите курттар жеп салып жатышат. А тиги балаңа берген жер абдан сонун экен. Эмне эксе да баары жакшы өсүп, кулпунуп калды.

Атасы барып көрсө, баягы жердин бир жак бөлүгү чын эле гүл бакчага айланып калыптыр.   Кооз гүлдөр көз жоосун ала көйкөлөт, алма, алмурут, өрүк, шабдаалы шак ийе мөмөлөптүр.  Түрдүү- түмөн жашылчалар жайкала өсүптүр.

Экинчи уулу алган жер кургап, анча-мынча гана бир нерсе өскөнү болбосо коко тикен басып жатат.

Карыя ойлонуп отурат да, эки уулуна бөлүп берген жерлерди алмаштырып коёт. Баарынан да, өз жерин көрктөндүруп алган уулу  таарынбаганына  кубанат.

Бир канча мезгилден кийин эки уул атага кайра келишет. Ачууланган улуусу сөз баштайт:

-Ата, мына бул алтын-күмүш менин жеримен чыкты! – деп жанындагы бир тууганын колундагы баштыкты  жаңсап көрсөтөт. – Мына бул уулуңуз, менин мурдагы жериме суу буруп жатып таап алыптыр.  Бирок, мага бергиси жок. Менин жеримен чыккан байлык меники болушу керек эмеспи! – дейт үнүн катуу чыгарып.

Болгон иштин чоо-жайын кыраакы карыя дароо түшүнөт да мындай дейт:

-Аа балдарым! Экөөңдү тең жакшы көрсөм да, бириңдин арыз-дартың үчүн экинчиңе адилетсиздик   кылып койдум эле, – дейт да даттанган уулуна карап: – Сенин эмгексиз  байлык табууну көздөгөнүң билинип калды уулум! Чынында  экөөңө тең бирдей жер бөлгөн элем. Мээнет кылган адам ал жерлерди бирдей кулпунтмак… Кийин уялаш иниңдин  гүлзарга айланткан жерин сага алып бердим.  Ага да тойбоптурсуң! Канча эмгек кылып, жайнатып койгон жерин алып койгонубузга таарынбастан, иниң менин сөзүмдү  жерге таштаган жок.  Анын кең пейилдигине абдан ыраазы болдум эле.  Ошондуктан Теңир өзү колдоп, жолун ачыптыр, байлык бериптир. Эми буга ач көздүк кылба! Бул ага буйруган энчи экен. Бир кезде атам, жериңе байлык каттым, неберелеримдин кимисине  буйруса, ошол таап алат  деди эле.  Атам айткан байлык ушул тура! Ал-күчүңдү аяп, бирөөнүн эмгегин баалабай, бекер байлыкка ээ болууну көздөгөнүң чекилик! Сен али бүлө күтүүгө жарай элек экенсиң. Колукту алып, үй-бүлө күтөөрдөн мурда маңдай тер менен оокат тапканды,  бирөөнүн ийгилигине кубанганды үйрөн! Ичи тардын иши жүрүшпөйт! Өзүң ушундай болсоң, балдарыңан эмнени күтөсүң?!-дептир.

Ошентип, карыя мээнеткеч уулун үйлөнтүп, жалкоосун эмгекке көнүк деп узаткан экен.

2017-жыл, Шаршенбаева Нурайым

***

ИТ МЕНЕН КАРЫШКЫР

Илгери бир заманда Ит менен Карышкыр дос болушуптур. Алар чогуу аң улоого чыгышып, тапкан олжолорун тең бөлуп жешчү экен.

Бир жылы кыш өтө суук болуп, жан-жаныбар кырылып, ачарчылык башталат. Ит менен Карышкыр да ачкалыктын азабын тартышат. Эки дос эмне кылыштын айласын таппай, адамды эстешет.

-Жүр,-дейт Карышкыр, -адамга баралы, анын короосунда жандык көп, четинен уурдап кетебиз. Ошентип жан сактабасак бул кышта өлуп калчудайбыз,-дейт калчылдап.

-Барса  баралы-дейт анда ит, -Бирок, адамдын баккан жандыктарын уурдабайлы. Андан көрө бизди да короого киргизип ал деп суранабыз. Анын кыштоосу жылуу, тамагы да бар, бизди сөзсүз кабыл алат. Адамды кичи пейил деп уктук эле го,-дейт үмүттүү.

Көп өтпөй экөө адамга барып, жагдайларын түшүндүрүп андан жардам суранышат. Адам абдан боорукер болгондуктан көмөктөшүүгө ашыгат.

-Макул,-дейт ал,- Келгиле!  Менин короомдо орун көп. Каалаганыңарча жашай бергиле. Бирок, ар бириңе милдет тагам. Ошону аткарып турушуңар керек. Мага жөн гана жата берген бекерпостор жакпайт,-дейт.

Ошентип Ит менен Карышкыр адамдын кыштоосунда жашай баштайт. Бат эле жаз да келет. Карышкыр алдуу-күчтүу болгондуктан, ага кой кайтарууну, а итке  үй кайтарууну  сунуш кылат. Карышкыр буга абдан кубанат. “Жакшы болду,”-дейт ичинен-“Күнүгө бирден малын жеп турсам… Түгөнүп калмак беле… Эң башкысы курсак ток болот…” Ит башкача ойлонот: “Карышкырга оор болот го. Ал күнүгө  талаалап жүрсө, мен үйдө короо кайтарып жатамбы? Мейли, азырынча бара турсун. Дагы көрө жатаармын…”

Ошентип ар бири өз милдеттерин аткарууга киришет..  Адам күн сайын кечинде койлорунун кемип жатканын байкайт. Анын суроосуна карышкыр бирде жазгы туманды күнөөлөсө, бирде малдын тентип кеткендерин шылтоо кылат. Айласы кеткен адам эки достун милдеттерин алмаштырат да, итти мал кайтарууга жөнөтөт. Үйдө калган карышкыр адамдын берген тамагына ыраазы болбой, күндө иччү ысык канды көксөйт. Күндө жеп жүрчү этти сагынат. Жаны жай албай жыла басып короодон чыгат да, талааны көздөй жортот. Жайылып жаткан малды көргөндө көздөрү кызарып, шилекейи агат. Өзүн көздөй жүгуруп келе жаткан карышкырды көргөн ит досун көздөй утурлай чыгат.

–Эмне болду?!-дейт кооптонуп,- Баары жайында элеби?

-Жок, адам кыйналып жатат! Сени ылдам келсин деди. Жардамын керек экен!-деп иттин шаштысын кетирет.

Ит үйдү көздөй зымырайт. Барса адам жайбаракат  жүргөн болот. Ошондо ит карышкырдын эмне себеп менен алдаганын түшүнөт да, кайра артын көздөй сызып жөнөптүр. Ит жетип барган кезде карышкыр бир койду жара тартып, этин сугунуп жаткан болот. Итти көргөн карышкыр мыскылдуу:

-Кел, ээтен сугун, жазгы шамалдан карыгып кеттиң го!-дейт. Иттин ачуусу келип, карышкырга тап берет.

-Бизди кыштоосуна калкалап, курсагыбызды тойгузуп жаткан адамга карасанатайлык кылдыңбы?! Муну кандай түшүнсөм болот!-деп азуусун арсайтып айбат берет. Ошентип экөө кармаша кетишет. Карышкыр канчалык күчтүу болсо да, ит шамдагайлык кылып, алдырбайт. Экөөнүн тең үйдө жок экенин байкаган адам аларды издеп талаага барат.  Ал эки достун кармашын көрүп таң калган имиш. Кимисине болушарын билбей, катуу кыйкырып жибериптир. Ошондо өзүнүн күнөөсүн билген карышкыр адамдын сүрүнөн коркуп качып жөнөйт. Жаракат алган итти үйүнө алып барып дарылап айыктырат да, аны түбөлүк дос кылыр алат. Ошентип, ошол күндөн ушул күнгө чейин карышкыр менен ит душман болуп калыптыр. Карышкыр күндө кечинде айды карап уулуп, ит менен дос болгон кезин эстеп муңканат имиш.

***

ЖОЛБОРС, БӨРҮ ЖАНА ЧӨӨ

Илгери бир заманда жолборс, бөрү , чөө дос болуптур. Үч жырткыч  чогуу-чаран ууга чыгып, балдарын тоюнтуп, ынтымакта жашашкан  имиш. Бирок тапкан олжолору мурункудай эле болгону менен, бара-бара курсактары тойбой калат. Мунун себебин ар бири өзүнчө издейт.

Бир күнү чөө жолборско келип мындай дейт:

-Досум! Күндөн-күнгө эле курсак тойбой баратат. Себеби эмнеде экенин билесиңби?

-Жок, – дейт анда жолборс. – Мен да ошону ойлондум. Бирок себебин таба албадым.

-Себебин сен таппасаң, мен таптым,- дейт анда чөө кытмыр. – Мына кара, сен үч жансың: өзүң, түгөйүң, анан күчүгүң. Мен жалгыз элем, дагы деле жалгызмын… А бөрүнү кара! Жылда бөлтүрүктүү болот. Бирден  эле эмес, ар жылы үчтөн-төрттөн. Алар эки жылдан бери эле ондон ашты. Тапкан олжобузду алар эле жеп коюуда.  Мына себеби!

Чөөнүн айтканын жөндүү көрүп,жолборс ойлонуп калат.

– Сен чын айтып жатасың. Бөрүнүн бөлтүрүктөрү үчүн менин күчүгүм ачка калышын каалабайм, – дейт ал ачуулана.

-Эми бөрүнү бул жактан кетирели. Ансыз да  токойдо жандык аз калды. Биз да жашашыбыз керек! – деп чыйпылыктайт чөө.

Чөөнүн сунушун жолборс туура көрөт. Экөө кеңешип отуруп, бул тууралуу бөрүгө айтууну чечишет. Ошентип, досторунун айтканына бөрү   макул болот да, бөлтүрүктөрүн ээрчитип, жер которуп кетет.

Бир күнү капысынан, жолбор менен чөөгө  жолбун иттер кол салат. Чөө жолборсту жалгыз таштап качып кетет. Токойдон чыгып  качып бараткан чөөнү бөрү  көрүп калат да, эмне болгонун сурайт.

-Жолборст өлдү! Жолбун иттер аны күчүгү менен кошо жарып кетишти! Мен араң жан качып чыктым! – деп, чөө  көздөн кайым болот.

Жолборстун өлүмүнө ишене бербеген бөрү кармаш болуп жаткан жакка шашат. Чоңоюп, өзү менен тең тайлаша жортуулга чыккыдай болуп калган бөлтүрүктөрү да жардамга келет.  Алар жетип барган кезде  жолборс алдан тайып, жолбун иттердин курчоосунда калган эле. Жолборс бөлтүрүктөрү менен келген бөрүнү жолбун иттерге байланышы бар деп болгоолойт. “Аттиң! Чөөнүн айтканына кирип бөрү  досумдан кол үздүм  эле. Эми бул да мага душман болуп чыга келди”, – деп кыжаалат болот. Аңгыча  бөлтүрүктөрү коштогон бөрү  жолбун иттерге кол салат.  Жолборс оюнун туура эмес чыкканына кубанат. Ошентип,  эски достор душмандарын жеңип чыгышыптыр.

Чөөнүн  ууга жарабастыгын, булардын тапкан олжосун жашырып жеп жүргөнүн  экөө тең этибар алышкан эмес эле.

2017-жыл

***

АК ЭМГЕКТИН НАНЫ ТАТТУУ     

Илгери, илгери ак эмгек менен нан таап, эл катары  күн көргөн бир үй-бүлө жашаптыр.  Балдары чоңойгон сайын үй-бүлөнүн кем-карчы көбөйүп, тиричилиги   оорлой баштайт. “Буюрса, балдарыбыз эр жетсе, колубуз узарып, жашообуз оңолот,”- деп келечектен үмүт  үзбөгөн ата-эне  балдарына  жакшы тарбия  бергенге аракет кылат.  Аларды эмгектенүүгө, өз мээнети  менен нан табууга үйрөтөт.

Бирок, ар бир баланын өз кыял-жоругу болот эмеспи. Надыр дегени тентек, жалкоо, уйкучу.  Ал эр жеткен сайын оокаттуу  жашагандарга көз арта баштайт.   Ата-энесин: “Неге биз алардай боло албайбыз?! Силердин момундугуңардан биз азап чегип жүрө беребизби?!” –  деп жемелейт.  Атасынын: “Кой балам… Ар бир пенденин өз ырыскысы болот. Бирөөнүн оокатына  көз арткан эң жаман.  Андан көрө жалкоолонбой эмгектенсең жакшылыкка  жетесиң,”- деген акыл-насаатына кулак салбай, уурулукка азгырылат.

Бир күнү Надыр акча таап келем деп жолго камынат.  Ата-энеси  макул болуп,  иниси – Кадырды да кошуп жөнөтүшөт.  Уулдарын узатып жатып атасы:

–  Колубуздан келишинче багып  чоңойттук.  Өстүрүп-жеттилтик. Алыс сапарга аттанып жатасыңар, менин кебимди эсиңерден чыгарбай жүргүлө.  Кандай күнгө туш келсеңер да  уурулукка барбагыла. Бирөөгө кыянаттык кылган болбойт.  Башканын жашоосуна көз артып, өзүнүкүнө нааразы болгон да жарыбайт.  Нанды маңдай тер менен таап, адал тамак жегиле. Эмгексиз табылган нан  аш болбойт, ал эми ак эмгек менен тапкан нан эң даамдуу болот, – деп накыл кебин айтат.

Атасынын мындай насаат сөздөрүн бала кезден бери угуп жүргөнүнө  карабай  Надыр  этибар албайт.  Кайра атасын мыскылдап: “Эмгек мененби, жөн элеби… Айырмасы кайсы? Нандын даамы өзгөрүп кетмек беле?” – деп күлөт.

Ошентип  жөнөп кетишет. Аз жүрүштүбү, көп жүрүштүбү ким билет, айтор бир алма бакка туш келишет.  Күз маалы болгондуктан  бактардагы мөмөлөр  шак  ийип, берекесин төгүп турган.  Кадырдын: “Бирөөнүн алмасын суроо-сопкуту жок жей бергенге болбойт, ээсин табалы, ”-дегенине кулак төшөбөй,  Надыр улам бир алманы жей берет.

– Жол болсун, жигиттер!

Жигиттер чоочуп кетип карашса, ак сакалдуу абышка келип калган экен.

– Ассалом алейкум ата! – деп Кадыр тура калып, абышка менен учурашат.

Надыр жамбаштап жаткан бойдон  баш ийкемиш этип, алма жегенин улантат.

– Жигиттер, бул алма багы меники… Карылык жеңип, каруум кайтып, алманы терип  алууга жарабай калдым.  Мага жардам бергиле.  Терип, базарга алып баралы… Пайдабызды тең бөлөлү, –  дейт абышка, жолоочуларды кепке тартып.

Бул сунушка кубанып кеткен бир туугандар   дароо макул болушат.

Бирок жалкоолукка көнүп алган  Надыр ошол замат жатып алат.    Абышка менен Кадыр алма  терип бүткөнчө ал уйкусун кандырып, курсагын тойгузуп жүрө  берет.  Терим  бүткөн соң,  абышка:

– Эми балдарым, жүргүлө базарга барып, алмаларды соодалап  келели, -дейт.

Кадыр менен абышка алманы  арабага  жүктөй баштайт.

-Абышка, базарга өзүңөр  эле бара бергилечи, мен чарчадым, эс алайын, – деген Надыр кайрадан уйкуга кетет. Соодалары  ийгиликтүү жүрүп , абышка менен Кадыр көңүлдүү кайтышат.

– Келе эми, менин акымды  бергиле, пайдасын тең бөлөбүз дебедиңер  беле? – деп  Надыр  акча талап кылат.

Агасынын бул жоругуна уялып Кадыр: “Менин үлүшүмдү  эле ал, абышканыкына тийбе,” – дейт.  Надыр кубанып акчаны чөнтөккө кымтыйт.

Эки бир туугандын эки башка кулк-мүнөзүнө абышка таң калат. Пайдадан кол жууган жигитке  койнунан бир эски дасторкон алып чыгып сунат:

– Ме, муну сен ал. Ушунча эмгек кылып, куру кол кайтканың жарабайт.

– Рахмат ата!

Кадыр дасторконду алганда Надыр каткыра күлүп аны шылдың кылат.

Ошентип экөө  үйлөрүнө жөнөшөт. Узак жолдо Надыр нан сатып алып өзү тоё жейт. Инисине анча-мынча беримиш болот. Кадыр койнундагы абышка берген дасторконду алып чыгып, жерге жаят.  Нанын койгондо дасторкондун үстү дүйүм тамак- ашка толуп калат.  Муну көргөн Надырдын көзү жайнайт.  “Сыйкырдуу дасторкон тура!”   Ниети бузулган Надыр  сыйкырлуу дасторконго өзү ээлик кылгысы келди.

– Сен акчаны эле ал,  бул дасторконду мага бер. Үйгө  кантип куру кол  барасың?

Ак көңүл Кадыр агасынын сунушуна макул болот.

Ошентип, алыстан келген бир туугандарды ата-энеси  кубанып тосуп алат. Кадыр атасына акчасын берет.  Надыр жайыл дасторкон алып келдим  деп мактанып ортого жая салат.   Дүйүм тамак-аш толуп чыкканда  баары кубанышат.

Надыр дасторкондогу азыктан  жеген сайын, даамы жок экенин сезет. Бирок башкалар үчүн  даамдуудай –  тамшана жеп отурушат. Түркүн тамактын эч бири Надырга жакпайт, жегени аш болбойт. Акыры кускусу келип ичи ооруп чыдабай калат.

Байкап отурган атасы  бул дасторкондун Надырга кандайча тийип калганын сурайт. Уулдары баарын төкпөй-чачпай айтып беришет. Ошондо карыя:

– Аа балдарым, бирөөнүн эмгегине карасанатайлык  кылбагыла дегеним ушул да… Эмгексиз тапкан нан  даамсыз болот, – деген экен.

2017-жыл

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.