Рахат Аманова: “Кадакчы” жана “Намазшамгүл”-Топчугүл Шайдуллаеванын табылгасы
Рахат Аманова
“Кадакчы”жана “Намазшамгүл”- Топчугүл Шайдуллаеванын табылгасы
Т.Шайдуллаеванын чыгармачылыгы тууралуу сөз кылганда,элден мурда аталган автордун аңгемелери эмнеси менен айырмаланат, эмне үчүн актуалдуу болууда, эмнеси менен элдин кызыгуусун арттырууда деген суроо туулат. Биринчиден, Т.Шайдуллаеванын чыгармачылык дарамети кийинки маалда өстү жана ошонусу менен окурмандардын көңүлүн өзүнө бура алды. Автордун 2017-жылы жарык көргөн “Кызыл өрүк” жыйнагы менен жакында окурмандардын колуна тийген “Балакананын” айырмасы бир топ. Топчугүл эже тынбай изденип, окуп, иштеп, анысынан оң натыйжа чыгарды. Экинчиден, Т.Шайдуллаева өзүнун чыгармаларында түштүк колоритин, түштүк аялзатынын, түштүк кызынын бейнесин жаңы өңүттөн ачып бере алды. Кандайча? Жазуучу түштүк кыздарынын бейнесинен өрүкзар өрөөнүн алпейим кыздарынын бейнесин астейдил сууруп чыгып, көз алдыбызга тартып койду. Өрүкзар өрөөнүн кыздарынын өзгөчө майин жана сырдуу дүйнөсүн чебер ачып берген калемгердин чеберчилигине суктанбай койбойсуң.
Дегеле жазуучу чакан аңгемелеринде кыргыздын үч канатынын бири болгон ичкиликтердин дүйнө таанымын, кулк-мүнөзүн, жашоо образын таамай чагылдыруу менен алардын бейнесин мыкты ачып берген. Үчүнчүдөн, Т.Шайдуллаева улуттук адабиятыбызда Зуура Сооронбаева эжеден кийинки классик аял жазуучу болуп чыга келди. Учурда классик жазуучу деңгээлине жеткен калемгерлер дээрлик жокко эсе.
Кыргыз Эл жазуучусу Мурза Гапаров агайга баарыбыз эмдигиче суктанып жүрөбүз. Т.Шайдуллаева бул жагынан караганда аялдар прозасында Мурза Гапаровдун деңгээлине чыга алды. Алтургай айрым чыгармалары менен дүйнөлүк адабияттын деңгээлине көтөрүлө алды. Эгер мыкты которулса “Намазшам гүл”, “Кадакчы”, “Орунча”, “Чыныгүл”, “Келин таш” сыяктуу беш-алты аңгемесин эл аралык сынактарга жиберүүгө, анын ичинде Нобель сыйлыгына көрсөтүүгө болот.
Эмне үчүн? Бир эле мисал, Т.Шайдуллаеванын “Кадакчы” деген чыгармасы бар. Биз кадакчы деген ким экенин бала кезде көрүп калдык.Чоң энем сынган чыны, чайнектерди кадакчыга жаматып келдим деп калар эле. Мен:“Эне жаңысын эле сатып албайсызбы, кадатып убара болбой десем, энем: “Буюмду канча мээнет менен бирөө жасайт. Бул да ырыскы. Элдин керегине жарасын деп, уста дилин төгүп мээнет кылат. Анан муну кантип жүрөгүң даап ыргытып жибересиң?”-дейт эле. Илгеркилер нандан, суудан баштап, баарына абдан астейдил, этият мамиле кылган. Кадакчылык бир эле идиш-аяктын жетишсиздигинен эмес, ошол буюмду жасаган устанын эмгегине карата сыйды билдирет. Буюмду жасаган устанын эмгегин баалагандыкка жатат.
Аталган аңгемеде жазуучу каармандардын сезимдерин туюк ишаара менен мыкты ачып берген. Башка улуттагы устаз менен бир көзү соолуп калган келиндин ортосундагы сүйүүнү чагылдырган. Аңгемеде бир ооз сүйүү жөнүндө оозанбай туруп, автор аял-эркектин ортосунда болчу сезимди ачып бере алган. Топчугүл эженин чеберчилиги ушунда. Кичинебизден эле окуган жомоктордо оң каармандар эркек келишимдүү, баатыр, кыз болсо айдай сулуу, акылдуу болуп, акырында баш кошуп бактылуу болду деп аяктайт эмеспи. Жазуучулардын көбү ушул жомоктордогу образдардан алыстап кетишпейт: бири-бирине сезими ойгонгон каармандар идеалдуу, сырткы дүйнөсүнө ички дүйнөсү төп келген сулуу адамдар.“Кадакчыда” башкы каарман кем сүйлөгөн, жөнөкөй, бою пекене, сакал-муруту өскөн башка улуттагы киши. Экинчи башкы каарман келиндин күйөөсүнүн идиш-аяктарын талкалап сындыра берген адаты бар. Идиштер менен кошо келиндин жан-дүйнөсү акырындап талкаланып, бүлүнгөнү – көмүскө параллелизм – жазуучунун табылгасы. Аңгемеде жазуучу сүйүү тууралуу бир ооз сөз айтпай туруп, улуу сезимди ачып бере алган. Башкача айтканда, устаз киши көзү сокур келиндин сынган буюмдарын бүтөп жүрүп, ичинен бүлүнгөн, талкаланган келиндин жан-дүйнөсүнө, жашоосуна кадакчы боло алды. Ачык айтпаган мамилеси менен анын сезимдерин ойготуп, баалап, барктай алды. Бул аңгеме- атактуу жапон жазуучусу Акутагаванын деңгээлиндеги чыгарма. Эгерде баарыбыздын жашообузда сыртынан билинбеген ушундай асылыбыз-кадакчыбыз болсо кандай жакшы. Ар бир аялдын кадакчысы болсо дээр элем. Андай аялзаты бактылуу жан.
“Намазшам гүл” – айта берсе диссертация жаза турган аңгеме. Жазуучу элдин баары суктанган назик кызды үлбүрөгөн намазшам гүлгө параллель келтирет. Намазшам маалында ачылган үчүн айылдагы эл намазшам гүл деп атап койгон. Башкы каарман – бойго жетип гүлдөй буралган Жамал. Атасы ичкиликтин айынанан каза болот. Жамал өзүнөн кийинки бир туугандарын багыш үчүн апасына жардам берип жүрүп, гүлдөй буралган кыз кадимки эле эркек балага айланат – сырткы кебетеси, аң-сезими, психологиясы. Бул – чоң трагедия. Анткени, нукура аялзаты болуп жаралган ургаачы, көр оокаттын айынан эркек кишиге айланат. Ооба, физиологиясы толук кандуу эркекке айланбаса да (жынысы), психикасы трансформацияланып, сырткы кебетеси да трансформацияга тушугат. Көр оокаттын айынан сулуу кыздын эркекке айланган жеке трагедиясы кимди болбосун кайдыгер калтырбайт.
Себеби, мигрция жылдары канча сулуу кыздарыбыз эне болуу,жар болуу бактысынан ажырап, Намазшамгүлдүн тагдырын башынан кечирди. Бойго жеткен кыздар, жаш келиндер айласыз турмуштун оор жүгүн көтөрүп (чаар баштыкты да, чаар баштыкты мойнуна арткан көр оокатты да)жүрүп, турмушка чыкпай, балалуу да болбой калгандары канча? Жамалдай оор трансформацияга тушукпаса дагы, ата-энесинин оор жүгүн жеңилдетем деп жүрүп, өз жашоосун жашабай үй-бүлө багуучу мигрант машинага айланган Намазшамгүлдөрдүн образын жазуучу ушунчалык чеберчилик менен туюнтуп койгон.
Жазуучу аңгемеде бир замандын экинчи заманга тогошуп, трансформацияланып өзгөргөнүн тээ алыстагы элеттик кыздын жеке трагедиясы ркылуу көмүскө боёктор менен чийип өтөт. Мурдагы замандын аң-сезимге сиңген коллективизминен, жаңы замандын “жан-жаныңды бак” деген жекечил аң-сезимге өткөн өткөөл замандын тушундагы экономикалык, социалдык катаклизимди Намазшамгүлдүн образы аркылуу берип койгону калемгердин чеберчилиги. Учурда миграция толкунунун акырындап жээкке калкып чыгып аткан коомубуздагы ушул сыяктуу көйгөйлөрдү Топчугүл Шайдуллаевадай көркөм чагылдырылган чыгармалар дээрлик жокко эсе. Болсо да андай чыгармаларды классикалык үлгүдөгү көркөм чыгарма дей албайбыз. Анткени,көпчүлүгү көркөм чыгарма деңгээлине жетпей жалаңкат окуяларды баяндоо менен чектелет.
Адабият-улуу философия. Адабият философиялуу илим. Ушундай улуу илимге ар бир элдин акын-жазуучусу татыктуу салым кошкусу келет. Өз элинин жашоо-тиричилигин, аң-сезим, акыл-эс, маданий философиясын терең туюнтуу, болгондо да көркөм чыгарма аркылуу туюнтуу озуйпасы Топчугүл Шайдуллаевага буюрган экен. Озуйпасын татыктуу өтөп келаткан жазуучу эжеге ырахмат.
2022-жыл