Рахат Аманова: “Сөз бергемин жылмайып мен кетем деп…”

* * *

Өтөт өмүр чет-четинен кетилген,
Өтөт жаштык өпкөлөнүп, эсирген.
Өргө тартып, көргө тартып көр оокат,
Өтөт өмүр баары-жогун кечирген.

2014, Ош шаары

 

* * *

…мага окшоп жүдөөсүң ээ, мекеним?,
түйшүк тарткан жүздөрүбүз жүдөңкү,
үзүк-созук жамак салган этегиң…
жардамым жок, күнөөлүмүн, төгүнбү?

кийгизбедик уул-кыздарың кур дымак,
көйнөк алып, көөлбүтүп көркүңдү,
же санааңды тынч койбодук чуркурап,
уялабыз кийимиңден жупуну.

көптү көргөн ойлуу жүзүң чарчаңкы,
көз чаптырып олтурабыз талаага.
күткөнүбүз багып алар бир уулуң,
ойлорубуз батып түркүн санаага.

ээрчип жүрөм баштыгыңды көтөрүп,
эрмек болуп унчукпаган карааным,
эртеңкиден үмүт артып, нур көрүп,
эр көкүрөк уул-кыздардын караанын,
эр көкүрөк уул-кыздардын кадамын.

20.04.2014, Ош шаары

 

* * *

Түгөнүү…
Өзүм менен маек, жөөлүгөн саптар.
№ 6-палатанын
“пациентинин” өзү менен маеги…

Качан, кантип музга айланып тоңгон эле журөгүм?
Кай себептен катаал тартып, каткан эле мүнөзүм?
Кай мезгилде урап түштү көөдөндөгү тирегим?
Кайып болду качан билбейм караан болчу көкүрөктө тилегим?
Билбейм кандай?..
Бирок азыр төгүп алып таштак жерге өмүрүмдүн мүрөгүн,
Мен өзүмө жакпай калган!
Мен өзүмдү таппай калган!
Мен өзүмдү жектеп ыйлап!
Мен өзумдү жоктоп ыйлап,
Мен өзүмдү өксүп издеп,
Жолун таппай, жолдо калган бирөөмүн!

Кай жеринен жазды билбейм бакыраң көз,
баёо мүнөз, аппак кыз?
Кай мезгилде кала берди сүйүү толгон
жазым, күзүм, ак жай таңым, аппак кыш?
Кайып болду кантип билбейм,
Караан болуп,коздон кайым туурумдагы аппак куш?!
Билбейм кандай…
Бирок азыр көргөн күнүм өңбү, түш?
Жашап жүрөм көөдөн бош!
Билем, бирок өгөй тагдыр мен адашып баш койгон!
Бүгүн мага-өмүрүмдү, көңүлүмдү, тилегимди бүт соргон,
Муздак, мерээз, мээрими жок таш коргон!

Кайдыгермин…
Кайдыгермин, басып кетем көп нерсеге кол шилтеп.
Жүргөнсүймүн, өтөгөнсүп өмүрүмдү
болоор-болбос, көнүл тойбос,
көндүм болгон иште иштеп…

…Сын такпачы! турчу ары!
ары жогум, жугуму жок акылыңды айтпачы!
Ансыз дагы жолдо турам эки айрылыш –
Бири жарык,бири артка кайтпачу…

Көрүп турам, кургурум,
көөдөнүңдү миң жеринен тешилген,
Көрүп турам мен сыяктуу тагдырыңды –
агы азыраак, карасы көп шоона жиптен эшилген…
Көрүп турам, кайран жаның кара күчкө карч уруп,
миң жеринен жешилген!

Көргүң келет бу жарыкта курган жан-
термелгенин бешигиңде сүйүүнүн,
санаасы жок уктаганың, көөшүлгөн?
Ыйлайсың ээ, бук болгондо тагдырыңдын чече албай түйүнүн?
Ыйлабачы,кургурум!
Көз жашыңды аарчы дагы, байкушум!
Кыйын өңдүү сыр бербей,

беткабыңды кий дагы!
Жаша дагы, сүйлө дагы жасалма!
Кээде бирок эстеп биздин экөөбүздүн сөзүбүз,
көздөрүңө айыбы жок жаш алба?
Же болбосо?..
Жоготтуңбу өзүңдү?…
Мен да жокмун, түгөндүм!
Кереги жок жайкап жашап өзүңдү!
Ой-кырыңды түзүңдү!
Бактылуудай көрүнгөнсүп бардыгынын көзүнө…
Жүрү кеттик жүрөк сүйгөн чын жашоого, кургурум!
Баарын,баарын
Жасалма жүз тагдырыңды ташка чап!
Быркыратып ургунуң!
Жүрү, кеттик!

Ош, 15 июль, 2015 жыл,16:20

 

* * *

Күн өтүп, айлар агып, жылдар жылас,
Күлкүлөр эсте калды элес-булас.
Күбүлгөн жалбырактай күндөр өтүп,
Күз келди гүл өмүргө күүгүм талаш.

Июль, 2015, Бишкек

 

БАЛДАРЫМ

Шаты болом балдарыма деп жүрүп,
Шайым ооду, калдым азыр токтолуп.
Күндөр өттү көңүл ачкан бейкапар,
Курбу кыздар менен жүргөн топтолуп.

Билим берем балдарыма деп жүрүп,
Билигине май тамызгы, от коюп.
Жарык чачсын жашоосуна таалими,
Жанар тоодой жанып турсун октолуп.

Оңго басса оң колумдай деп жүрүп,
Солго басса, “олда-а, балам…” деп күйүп,
Ооруп кокус калбасын деп көңүлү,
Ойлоп сүйлөп, “оюнкараак…” деп күлүп.

Чынар кылам чырпыгымды деп жүрүп,
Чыдап келем миң санаага, миң бүлүк.
Ордо болсун балдарымдын калаасы,
Ооматы артып, деп тилеймин – Ой күлүк.

Чырактарым калбасын деп жөтөлүп,
Чымырканып, чыдап келем көшөрүп.
Таш-тикенек кирбесин деп, килемдей,
Таманына калгым келет төшөлүп.

Табын алып асман, жердин, ааламдын,
Тамырымды мөл булакка сугардым.
Каным, жаным, эне сүтүм кайыптан,
Касиеттүү элиң кыргыз, каралдым.

Чынар болор үч чырпыгым, чырагым,
Чындык сөздөн, чылк болоттон куралгын.
Улуу тоолор түбөлүктүү мекениң,
Уул-кызы бол учкан Бүркүт Уяңдын!

09.12.2015-жыл, Бишкек.

 

* * *

Сөз бергемин, жылмайып мен кетем деп,
Сапар алсам түбөлүккө кош айтып.
Күнгө,көккө, тоого,сууга күлмүңдөп,
Жакындарды балким, бир аз муңайтып.

Сүйүүбүзгө кана тойгон сүттөн ак,
Сулуу денем кепинделер суналган.
Аруулугу арбап, тойбой көзү аймап,
Шыпшынышар кепинчилер сууга алган.

Бир күйүнсө чын жакыным күйүнөөр,
Бир сүйүнсө күнүлөштөр сүйүнөөр.
Табытымда сөөгүм муздай электе,
Табалашып таз жорудай үйүлгөн.

Анан менсиз аппак таң да сөгүлөт,
Менсиз эле чайым кайнайт чөөгүндө.
Өлдү,өчтү, өз шору деп, топурак,
Салгандардын ичинен сен көрүнбөй.

Маңдайыман сылап,сүйбөй соңку ирет,
Колуң менен узаталбай сөөгүмдү.
Арбагыма куран окуп көмүскө,
Таш жүрөгүң миң тилинет төгүнбү?..

Улуу журттун кылымдарга урагыс,
Уят- ары сүйүүбүздү төгүндөп.
Оёо баскан ар кадамы тамга таш,
Оён гана бейитимде көрүнбөйт…
Оён гана бейитимде көрүнбөйт.

2018, Бишкек

 

* * *

Жолуктурсаң аялзатын жылдыздуу,
Жоодураган көздөрүнөн мени изде.
Көздөрүнөн көзүм турса чагылып,
Көксөөм калган биздин жашыл деңизде.

Күлүп турса гүлдөй сулуу жалынып,
Күлкүсүндө күлкүм турар жаңырып.
Айлуу түндө ай тамагын сүйөөрдө,
Атым атап албагын,ээ жаңылып?..

Жүздөрүнөн сүйүп койсоң жүзүмдөй,
Жүздөрүндө илебим бар үзүмдөй.
Сүйүп койсоң сулууларды суусатып,
А көп болсо экөөбүздүн сезимдей.

Көзүң сүйүп, көп сулууну жактырып,
Көбү менен болооруң чын бактылуу.
..Көөдөнүңдү көзөп өтөр бир ирмем,
Көзүм турар жебе болуп октолуу.
Көөдөнүңдү көзөп өтөр бир ирмем,
Көзүм турар жебе болуп октолуу…

Ош, Апрель, 2014-жыл

 

КАЛКАТАЙ

Каалгый учуп, кайрымы жок шамалдын,
Үйлөп койсо эпкининен күбүлгөн.
Сары,күрөң,чоктой кызыл жамалдуу,
Жалбырактар жерде жатат үйүлгөн.

Бүчүр байлап, көркүн ачып көктөмдүн,
Жайы бою жашылыңар жайкалып.
Күүгө кирген күздүн азыр өктөмү,
Өткөн жазды алалбайбыз кайтарып.

…Араласам көчөлөрүн калаанын,
Баары-жогум көрүп-билип турдуңар.
Кайда жүрсөм калкатайдай карааным,
Күндөрүмөн күйүп-жанган туйдуңар.

Калкатаймын көздөн-сөздөн жашынган,
Күлкү-гүлү, ыйы-ыры аралаш.
Сырларымды жерге катып жашырган,
Бариктердей эч ким мени аябас.

Күйүп-сүйүп жүргөнүмдү жашырган,
Күздөй мени эч ким сүйүп аябас…

05.11.2017, Бишкек

 

КҮЗҮМ МЕНИН

Медериңмин мээримиңе бөлөнгөн,
Боёгуңдай тагдыр күткөн түркүн түс.
Мейкиниңде мен сүйүүдөн төрөлгөн,
Мемиреген мелүүн-серүүн коңур күз.

Пейилиңдей агыл-төгүл мүнөзүм,
Муздак шамал, жамгырыңдай кыялым.
Күн ачыкта нурга толсоң-ал да өзүм,
Сыбызгытат сезим күүсүн кыягым.

Жел бешигим ширин мөмө багыңда,
Шоокумуңан, шооратыңан термелем.
Шыбырыңды эркелетип сагынган,
Сезем,туям жыпар жыттуу жел менен…

Эңсегеним мөмө жыттуу сүйүү эле,
Сүйүү багын аралаймын күз кызы,
Бүрдөп, гүлдөп төгүлөмүн ширелүү,
Өмүрүмө чийилгенче түз сызык.

Бүрдөп,гүлдөп төгүлөмүн ширелүү,
Өмүрүмө чийилгенче түз сызык.

Бишкек, 12.11.2017

 

НИРВАНА

Сыра татып, ак көбүгү чертилген,
Сырдашалы,жүр, кеттик деп чакырдың.
Жандырмагы жанат кээде ушинтип,
Жан дүйнөсү мага жакын акындын.

Кооздук үчүн койгон жансыз, жасалма,
Койкоюшат тогуз сары жоогазын.
..Жүз көрүшпөй жүргөн жылдар ошончо,
Жүйөөсү күз жүрөктөрдө не жазык?..

Үлпөтүбүз үсөн- асан түспөлдүү,
Үзүр айттык ушул күнгө буюрган.
Түгөнбөгөн сөздөр менен каткырык,
Түндү жарды бизге окшоп кубулган.

Нирванага жеткен узак жолубуз,
Нугун бузбайт мамилебиз адамдык.
..Сулайман тоо сылап турду боорунда,
Сулуусунуп, гүлдөп турган бадамды..

Сулайман тоо сылап турду боорунда,
Сулуусунуп, гүлдөп турган бадамды.

17-21.03.2021

Нирва́на, Нибба́на (от санскр. निर्वाण, nirvāṇa IAST, пали nibbāna — «угасание», «прекращение», «отсутствие волнения», “отсутствие желаний”) — понятие в индийской религиозной мысли.

 

* * *

Эмне калды дейсиң биздин аялдык,
Ары-куну бийик,терең ,
Сырыбызда айтылбаган-делбеген?
Жасатыбыз бирибиздин-бирибиз
Жасаткыбыз келип турган тирүүлөй,
Жаныбызды ачыштырган
Күндөштүктөн өлбөгөн…

Ташы калды дейсиңби?
Бул ортодо экөөбүздүн көрбөгөн.
Кашайгандан жаныбыз, айландык го
Аккууларга ургаачы.
Жан шеригин жоготкондой ,
Боюн таштап аскага,
Көз жашыбыз көлдөгөн…

..Айдагында шамалы урган жазмыштын,
Учуп жүрүп ары-бери урунуп,
Өмүр сүрүп тек гана,
Жүргөн элек бир жарыкты эш тутуп,
Бирде жанып, бирде өчүп.
Кесилишти анан биздин жолубуз,
Жарык күндү тең экиге,
Бөлгөн күнү күндөштүк.

Туйгунумду туурумдагы көргөндө,
Эстен тана селт этип,
Нуруң өчүп, үлп этип,
Мен унчукпай карап турдум кантейин..
Билген элем,эртели- кеч келээриңди
Көшөгөмдү бир серпип!
Көргөн элем түшүмдө.
Көшөгөдөн көрүп мени качып турган үшүңдү.

Жалт карашып жалтанбай,
Карап турдук сынашып.
Анан,анан кынтык таппай, өөн таппай,
Бирибизге – бирибиз,
Көңүл тоё суктанып!
Билдик анан эмне себеп экендигин,
Экөөбүздү энчисине айлантканын,
Эркектердин султаны.

Дүйнөбүздү эки башка ажайып ,
Асмандагы асан-үсөн түстөгү,
Көрүп туруп күлгө айланып,
Күйүтү өчүп күндөштүк,
Кечиришип,чечилишип,агарып,
Айтып турдук:
-Мен өзүңдөй сүттөймүн!
-Мага ишен, сүттөйүм!

..Жоомарт тагдыр ыроолонгон Жолдууга,
Жоодураган сүйүүбүздөн байланган,
Бешенеге баш ийүүбүз оңдуудай,
Бешенеге баш ийүүбүз оңдуудай..

03.09.2018

 

* * *

Кайдан келдиң кайрылып?
Кайдан келдиң экен мага кайрылып?
Күүгүмдөгү боз тумандай күтүүсүз,
Жол издеген жолбундай,
Жок издеген караандай,
Жоктон эми табылган бир жоочудай,
Кайра эмнеге келдиң экен кайрылып?

Дүйнөдөйсүң күүгүм,сургулт жагымсыз,
Мүрзөлөрдүн арасынан келгендей.
Согуп турат сен тараптан соолуган,
Бейдабаанын үнү солгун үмүтсүз!
Бейдабаанын өчүп калган шамчырагы биликсиз!
Мүрзөлөрдөй суугуң уруп кашайгыр!
Келгениңен-
Үшүп турат жан дүйнөм!
Чоочуп турат жан дүйнөм!

Сезилесиң жашагандай арбактарды аралап,
Мүрзө жыттуу дүйнөң менен кашайгыр!
Мүрзө жыттуу дүйнөң менен караңгал!
Сүлкүлдөгөн дүйнөң күйгүр жасалма!
Келгениңди кантейин
Жашап жүрсөм эптеп күндө,
Жаным уучтап сарамжал…

Кабыл алдым эмнеге?
Кабыл алдым сени эмнеге кайрадан?
Керегиңди сездим бекен жаныма,
Сүлүк курттай соргонуңду арам кан?
Же болбосо көнүп калган жаратымдай, жарамдай?
Кабыл алдым балким сени,
Кийген өңдүү тул кезимде убактылуу карамдай…

Сени кийип убактылуу азалуу,
Күйүп бүтүп күл болуп!
Келди го дейм өрттөп салып көгүмдөй түк кутулгум!
Келди го дейм азаптуудан биротоло кутулгум…

2019

 

* * *

Эч нерсеге кайгырбай да, сүйүнбөй,
Күн өткөрүп жүрсөң керек кайдыгер.
Кээде кокус кылт дей түшсө эсиңе,
Кусалантып биз ээндеген айдыңкөл.

…Жубу менен моюндашып эркелеп,
Сууда сүзүп, төшүн тиреп айкашкан.
Айдыңкөлдө ээн-эркин ойногон,
Биз экөөбүз чүрөк менен көйкашка…

Мен да жүрөм күн өткөрүп алымча,
Өтөөсүнө чыгайын деп өмүрдүн.
Эсте калган элесиңди эш тутам,
Аманатың өңдүү мага теңирден.

30.04.2022, Ош шаары

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.