Жылдызча Венера Үсөн кызы: Боорукер чакам
Жылдызча Венера Үсөн кызы
БООРУКЕР ЧАКАМ (миниатюра)
Алты кабаттан турган, кеңири имарат. Эң алдындагы жертөлөсүндө жайгашканбыз. Имараттын электр байланыштарын, газ түтүктөрүн жана дагы башка техникалык жактарын тейлеген жумушчулардын иш бөлмөлөрү бар. Алардын катарындагы чакан, жупуну бөлмө мага тиешелүү.
Мектептин төмөнкү классында окуган бир азамат: — Үй бүлөбүздө атам, агам, иним жана мен эркекпиз. Бир эле кыз бар, ал апам. — деп дил баян жазгандай, иштеген жеримдеги коңшуларым бүт эле эркектер, “кыз” — мен элемин.
ххх
Өткөн дүйшөнбү күнү, жертөлөдө иштегендерди башкарган башкаруучубуз бизге майрамдык жыйын өткөрүп, эки жумушчуга “Мактоо баракчасын” тапшырып, төрт жүз сомдон акчалай сыйлык карматты. Сыйлыкка алгач Борис Петрович татыктуу болду. Ал киши имараттын айланасындагы тал-теректи сугарып, арасын тазалап, жалбырактарга дагы суу чачып, “жуундуруп” жиберген багбаныбыз. Багбандан кийинки сыйлык мага буйруптур. Шыпырсам ыпыр-сыпыры оозу-мурдума кирген, терезесиз, таза аба жетпеген жер төлөдөгү эмгегим баалангандай.
ххх
Дүйшөнбү, “Мактоо баракчасы”, төрт жүз сом…
Бирок, дүйнөмдү козгогон Дүйшөнбү болду…
Өйдө жакта(бийикте) иштегендер ылдый жакта(төмөндө) иштегендерди басынтып, басып турушабы? Катуу буюм кармагандар — жумшак буюм кармагандарга жакшылыкты ыраа көрүшпөйбү? Ошондой окшойт… Болбосо, эмнеге минтип кайра-кайра үшкүрүнүп калат элем, “дүйнөмдү козгогон дүйшөнбүлөп” …
ххх
Ал келин экөөбүздүн жумуштагы шыпыргыбыз деле окшош, учтары барпайып. Эшик-терезелерди жууп-тазалаган жумшак чүпөрөгүбүз деле окшош, боз түстө.
Биздеги айырмачылык:
Ал — бешинчи кабаттын тазалыгына жооптуу. Кийимдерин алмаштырган иш бөлмөсү да бийикте. Пайдаланган чакалары катуу, темирден жасалган.
Мен — кээ бири жарактуу, кээ бири жараксыз жыгачтар, темирлер, имараттагы ашыкча буюмдар сакталган — жер төлөнүн тазалыгын сактоого жооптумун. Жумушума колдонгон чакам да бирөө эле, каучуктан жасалган жалгыз чака.
ххх
Кесиптешим экөөбүз бош убакыт болсо божурашып сүйлөшүп, кээде чогуу тамактанып ынтымактуу элек.
Баягыл, дүйшөнбүдөн кийин эле эмнегедир анын көзүнө “мокочо” көрүнүп калгандаймын. Мени караса, көзүнүн төбөсү менен карайт. Адаттагыдай эле, бирге чай ичүүгө чакырсам, келбейт. Жаныма такыр жолобойт. Анысы аз болгонсуп…
Мага берилген “Мактоо баракчасы” бир барак эле калыңыраак кагаз эле. Кесиптешим болгон ал келин аркылу сансыз “Каралоо баракчаларын” ала баштадым. Ал баракчалар колго кармалбайт экен. Кулакка эле түп-түз кирип кетет! Анан дагы, алты кабат имараттын арасында желдей учуп жүрүшөт.
Ал келиндин ким, кандай экенин эч качан сүрөттөп айтып бере албасам керек…
ххх
Күндөрүм гана муздак, суз боло баштады… Зергер, уста акелердин бирине барууну эңсейм, “коргошунуңуздан ээритип туруп, кулагыма куюп саласызбы?” — деп сурангым келет.
Ыраматылык, чоң энемдин бир жолу айткан сөзү нечен жыл өткөндөн кийин, кайрадан жаңыргансыды. Кыраакы жан, азыркыдай абалга туш болооруму сезгенсип, айтаар сөзүн көзү барында эле айтып коюптур. Мындай деген эле:
— Жашооңдо күтүлбөгөн өзгөрүү болсо, жакшылыктын жарыгы жанса… Ошондо, сенин тегерегиңдегилер ортолоруна чагылган түшкөндөй “чарт” экиге бөлүнөт. Сага чын пейилинен боорун төшөгөндөр — жакшылыгыңа кубанышат. Ал эми, арамзалары — касташууга өтөт…
ххх
Акыры буюктумбу? Буулуктумбу?..
Аңгырап кенен, шыпырып бүткөнчө эле шалдырап шайым кетет, — деп наалып жүргөн жер төлөдөн бир күнү эле бут коёрго жер таппай калдым! Эч жерге батпагансыйм, ишимди да жасагым келбейт, сыртка да чыккым, үйгө да баргым келбейт…
Шыпыргы менен жерди чапкылап, каучук чакам менен асманды ургулагым эле келет. Эмне болуп жатам? Асманда Кудай бар, үстүбүздөн бизди карап турат деп өйдө карап жалынып турчу элем го!
Бизди көтөрүп турганы үчүн жерге ызаат кылчу эмес белем! Эми болсо, бирин ургулап, бирин чапкылагым келип баштады. Жертөлөдө мен эмес эле, жомоктогу Желмогуз деген неме олтургандай…
Бир колума шыпыргымды, бир колума чакамды көтөрүп иш бөлмөмдөн чыктым. Жертөлөдө эч ким көрүнбөйт. Жымырайып жымжырт.
Күүлөп туруп, шыпыргымды жерге чаптым. Жерди чапкылагым келгендегиси…
Чакамды кош колдоп, болгон күчүм менен өйдө ыргыттым. Асманды ургулагым келгендегиси…
Чакам өйдө жакка “тарс” тийип, кайра башыма кийилип калды. Башымдан чыгарып, чирене маңдай жакты көздөй ыргыттым. Электр тармагынын чебери, Кемел мырзанын бөлмөсүн “кайтарган” каалгасына тийип, жерде чачырап жатып калды. Канчага бөлүндү билбейм.
Ызаланып, ыйлай албай, күчүмдү колумдагы тилсиз, жансыз буюмдардан чыгарып жатсам да, акыл-эсим ордунда эле. Туруп турганым менен бутум кыймылын токтотту. Баса албай катып калгандаймын. Эки көзүм Кемел мырзанын “токмок жеген” каалгасында…
Кемел мырза белгисиз бир жаман окуядан сактангансып, каалгасын кичине ачып жылчыктан көзүн жүлжүйтуп аңдыды. Анан кененирээк ачып, ак чачтуу башын чыгарды. Мени эми даана көргөндөй. Жаныма эки аттап жетип келди, өңү кубарып-кумсарып кеткен. Дароо эле чачтарымды артка сылады. Чакам кийилип калганда саксайып калсам керек.
— Ким ал? Кайда качты? Иш убагында келип сага кол салганга кандай акысы бар? Азыр артынан жетип барам? Кандай кийимчен? — деп ызырына жеңдерин, шымынын багелектерин түрүп кыйкырып баштады.
— Эч ким тийген жок, тынч эле, — деп айтайын десем, тилим күрмөөгө келбейт, сүйлөй албай калыптырмын. Жалдырап эле караганга гана жарайм.
Аңгыча эле, Алан мырза кычкач, балкаларын кармаган бойдон жетип келди.
— Башкаруучубуз тилдедиби? Ага капа болбо, ачуусу бат келгени менен алтын киши. Жашы улуу экенибизге карабай, Кемелди деле, мени деле тилдей берет. Сөгүп алып кайра кечирим сурайт жалооруп. — деп, Алан мырза да мени соорото баштады. Ага да будуң-чаң болуп калганымдын себебин айта алган жокмун.
Кемел мырза болсо ким бирөөгө ачууланып, мушташууга даярданып жаткансып шымаланганын токтото элек. Кайдан-жайдан имаратта коюлган телефондорду оңдогон жаш жигиттер да пайда болуп калышты.
— Ии, эже… Эмне болду?
— Сүйгөнүңүз жөнүндө жаман жаңылык уктуңузбу? — дешти алар, мени аялуу карашып.
Эң биринчи жаныма келген Кемел мырза аларды бакыра тилдеп кирди.
— Сүйүү дейсиңер! Кабар дейсиңер! Эси-дартыңар сүйүү, күйүүдө! Бир киши биздин кызыбызга кол салды! Бирдеме менен урган экен, Кудай жалгап, кызыбызга тийбей, менин эшигиме тийди. Радиомду өчүрүп чыкканымча эле ал акмак ың-жыңын билгизбей качып кетиптир. Кежигесинен келиштире кармап туруп былчылдатып жанчмакмын! Силер эшигиңерди бекитип олтуруп албай, жертөлөдө өз жүрөбү, бөтөн жүрөбү деп байкоо салып турбайсыңарбы!..
ххх
Кемел мырзанын “мага кол салган бир киши” жөнүндөгү жоромолу жүзүмө жылмаюу тартуулап, бутумду иштетип, тилимди күрмөөгө келтирип салды. Мен үчүн күйүп-бышып жатса…
— Бушайман болбоңуздар… Өзүмчө эле… Бара бериңиздер!.. — деп, мени тегеректеп алган төртөөнү тегерете бир карап, жерде жаткан шыпыргымды алдым да, чакамдын сыныктарын колума чогултуп бөлмөмө кирип кеттим.
Алар турган-турган жеринде мени ээрчий караган боюнча калып калышты.
ххх
Бугум, буулукканым чыгып бөлмөмдүн саргайган дубалына жөлөнүп турам. Мага нааразы болгонсуган шыпыргым башын үч бурчтуу кылып улагада жатат. Жанында талкаланган каучук чакамдын сыныктары, сыныктардан муңдуу добуш жай сызылып чыгып, мага сүйлөп жаткансыйт…
— Унчукпай туруп эле неге тополоң салдың? Мени оң колуңдан түшүрчү эмес элең… Бир жолу, “жансыз буюмду да капалантпашыбыз керек…” — деп ким бирөөгө айтканында колуңда элем, эсиңдеби? Ошондо, ичимдеги муздак суу да жылый түшкөн. Күтүүсүздөн мени ыргыттың, кулагым үзүлдү, жүлүнүм талкаланды.
… Башыңдан кандай азап өтсө да, токтоолук менен чыдап, көтөрүп койсоң болмок. Бирок, кудуретиң жетпеди. Мени атайын талкалаган жоксуң, ошон үчүн сени айыптабайм, аяйм гана. Качантан бери жанашып жүрүп жакын болуп калганбыз. Сен эми, мени — бир чакаңды эстеп алып да эзилип кыйнала бересиң. Бул мүнөз сенин каның, жаның менен кошо бүткөн. Мен талкаланып жок болуп эле кетпей сага жарат болуп жабышып калаарыма гана өкүнөм. Мени да унута албай мындан ары кыйнала бересиң. Билем сени, мени эстейсиң, кайгырасың, жашыйсың… Бүгүндөн баштап, жоготкондоруңдун, издеп жүргөндөрүңдүн, кайра кайрый албагандарыңдын катарына — бир чакаң да кошулду. Алсыз, эң акыркы үнүм менен коштошуп турам, кош…
2005-жыл