Рахат Аманова: Мишканын ити/ Жетим үй (Аңгемелер)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖЕТИМ ҮЙ

…Экинчи кабаттагы үйдүн ачык терезесин ылдыйда, бактын көлөкөсүндө турган келин үмүттүү, кусалуу карап,көзүнөн мончок-мончок болуп төгүлгөн жашын сүртүп атты. Үйдүн терезеси көңүлкош, көңүлү калгандай, айнек жүзү сустайып карайт. Бул экөөнүн жан-туйгусун башка бирөө билбейт,үнсүз көрүшүп, үнсүз сүйлөшөт дайыма..
– Дагы келдиңби?! Мени жалдырап мынча карайсың? Кире бербейсиңби?!
– Кантип кирем?..билесиң да…квартиранттар жаман көрөт “эмнеге келди” деп..
-Анда эмнеге келдиң дейм да?!- жинденип бурк этти терезеден чыккан үн. Бул үйдүн Ээсинин үнү. Жан бүткөндүн баарынын Ээси бар, Ээси билет баарын, Ээси жандуу. Ал көзгө көрүнбөйт, сезилет, сүйлөшөт, баарын билет…
Сөз улана берди.
– Анда эмнеге келдиң?
– Сени сагынып, бир көрүп кетейин деп… Билесиң го, сени бир көрүп кетпесем болбойт да?..билесиң да… Сыртыңан болсо да көрүп кетем…
-Көрдүң. Эмне болду анан?! Эмне өзгөрдү?!
-Сагынычым тарады…биртке тарады…
-Ошол элеби?! – үнүнөн үй Ээси тииштенип, ачуусун араң кармап турганы сезилди.
-Ооба…жакында келебиз…Биротоло көчүп келебиз… күтө турчу? Биртке чыдап турчу?… – келиндин тамагы буулуп, көзүнөн агып куюлган жашына муунуп баратты.
– Келебиз?! Качан?! Качан келесиңер?! Калп айтпа дейм! Калп айтпа! Жанды чыгарып калп айтпа! Силерди күтө берип чарчадым!Канча жылдан бери күтө берип тажадым! Тажадым! Тажадым..
– Эмне кыл дейсиң анан?..Айтчы?.. Ал жакта тамыр жайып алдык?..Тиргилик үчүн барып…
-Ха! ..тамыр жайып алдык дечи ал жакка?!. хмм…мдаа..ал жагың өтө башкача ажайып жер болсо керек да а ?!..Тамырын жайып ийген имиш!.. Анда тентип тамырыңы жайып жүрө бер! Эмнеге келдиң темселеп?!
– Урушпачы?.. Ансыз да араң чыдап жүрсөк…дүйнөдөгү эң кооз, сулуу жер ушул экөөбүздүн жерибиз…ал жак токойлуу, шалбаалуу, салкын жер. Бөтөн элдин жери да… Биз ал жерге, ал жер бизге өгөй…Биз ал жакта жетим балабыз…

Үйдүн Ээси ылдыйда өзүн муңайым, кусалуу карап турган келинди аяп кетти, эми жүрөгү жибий түшүп, акырын үн катты:
-Келгилечи?..баса бергилечи?! келгилечи?.. Силерди сагындым…Өзүңөр жашагылачы?.. Мен силерди сагындым..,- деп үнү кардыга чыккан үйдүн Ээси токтоно албай эчкирип ыйлап жиберди.
-Макул…жок дегенде сен ыйлабачы?.. Келебиз дебедимби жакында…
– Силер мени түшүнсөңөр гана?..Бөтөн жерде жетим баладайбыз дейсиң…Менчи?! мен да жетим баладаймын! Мени таштап кеттиңер го?..Ар кимдин колунда кар болдум го?.. түшүнчү? чыдабай калдым..
– Түшүнөм..дагы биртке чыдап тур… Келебиз… Биротоло келебиз…Келебиз дебедимби…
-Ар кимиси келип жашайт…түрдүү адамдардан тажадым..Эч кимиси мени көңүлдөнүп карабайт.. эч кимиси… тебелеп-тепсеп, кирип-чыгып кете беришет… тажадым…
-Макул…Келебиз дебедимби…
-Силерди сагындым мен! Балдарыңар болуп бапырап, чогуу отурганыңарды сагындым!
– Жүрөгүмү эзбечи..суранам?..эзбечи?..- келин эми ары-бери өткөндөрдү да элес албай ыйлап баштады.
– Күлкүңөрдү сагындым…Күйөөң бир жерим “тык” этсе эле карап, оңдоп турчу. Сен мени тынбай жасалгалай берет элең. Эсиңдеби? ошонуңу сагындым.. Мээримиңерди сагындым..Келгилечи?.. баса бергилечи мени жалдыратпай?.. Келгилечи?..
– Макул…мен..барайын…жакшы тур… Келебиз дебедимби.. Келебиз…. Буюрса…Келебиз…
Келин көз жашын сүртүп, ары көздөй басып баратты.Анын сүйкүмдүү карааны узап кеткиче карап турган үй Ээси улутунуп, жашын сүртүп, өзү жакшы көргөн дубалын карап турду. Бул дубалда дайыма эсеп, тамгалары бар түстүү кагаздар тартылуу турчу.Балдары там-туң баскандан баштап күйөөсү-аялы экөө өздөрүнүн колу менен эсеп, тамгаларды тартып, түстүү сүрөттөрдү тартып, жабыштырып коюшчу. Балдары тили чыгып, чыга электе сөөмөйү менен түстүү эсеп, тамгаларды көрсөтүп ойношот эле. Анан дубалдагы туш кагаздарды тестиер тентеги да, жөрмөлөгөнү да, там-туң басканы да тынбай айрып,чукулашып, тытып, бою жеткен жерин жөн коюшпайт болчу.
Кызыгы, ата-энеси тартып, дубалга жык жабыштырып илип койгон эсеп, тамга кагаздарга тентектердин бири да тийишпеди.
…Үй Ээси ушул дубалын эш кылат, үй ээлерин сагынып куса болот. Балдары кандай болуп калды экен деп, кылыктарын эстеп жылмаят.Келин кетээри менен ындыны түшүп, жылдызы өчүп турган Үй Ээси “жакшы күндөрдү күтүп жашай берейинчи..”деп,өзүнө- өзү кайрат айтып, көз жашын сүртүп улутунду. Күтүү керек. Дагы күтүү…дагы канча күтөт.?.. Белгисиздик… Тунжурган үй Ээси айнектен келин кеткен жолду карап ыйлап турду. Жол карайт экен дагы … канча күн, канча ай, канча жыл жол карайт?.. Келишсе экен! келишсе экен… Батыраак эле келишсе экен! Тилеги ушул. Байкуш жетим үйдүн бар тилеги ушул. Көп жылдан бери зарлап тилегени ушул. Канча жолу ыйлады. Канча жыл жол карап ыйлады дейсиң… Канча жолу жетимсиреп жол карап умсунду?..
Жетим үй..жетим үй болгондон чарчады… мээримди сагынды…
-Жылдызым жанат буюрса! Жылдызым жаркырап жанат! Жылдызым бакыттан ушундай жанат дейсиң! Келишет! Алар сөзсүз келишет! Келебиз дебедиби?.Күтө турайын…эптеп чыдайын…-деген үй Ээси унчукпай ичинен муңканып, жашып, сүйкүмдүү дубалын өөп, сылап турду…

Рахат Аманова
Ош, 05.05.2011

 

 

 

 

 

 

 

 

 

МИШКАНЫН ИТИ
Аңгеме

Мишка чоң атасына куюп койгондой окшош: сары чийкил, коңкойгон бүркүт тумшук, арыкчырайынан келген шыңга бойлуу бала. Көргөндүн баары: “Чоң атасынын эле өзү! Копия экен!”- дей беришет. Ошо орус түспөл үчүн Мишка атыгып кеткен. Негедир ушул жакта сары, коңко мурун балдарды оруска окшотуп, Мишка деп атаган жайылып кетиптир. Орус түспөл балдар кыргызда төрөлүп турат эмеспи. Айылда андай балдардын баарын тегиз “сары” дешет. Сары Мишкалардын катары көбөйүп, айрымдары эбак чоң киши болуп калган үчүн, азыр аларды “белгиси” менен айырмалап айтышат: көр Мишка, узун Мишка, кодо Мишка, Мишка түгөт ж.б. деп.
Бул Мишканы чоң атасы менен энеси багып алган, тогузга эми чыкты, мектепке барат. Али кичинекей бала үчүн кошумча “желим ат” жабыша элек. Өйүз-бүйүз жайгашкан коңшу төрт айылды ортодогу сай менен дарыя бөлүп, бир кууш көпүрө бириктирип турат. Мектеп маңдайдагы айылда. Бул айылдын балдары чогуу барып-келип окушат.
Түштө мектепке жөнөгөн Мишканы көпүрөдөн өткөнгө чейин ити ээрчип барып, кайра ошо жерден күтүп алган адаты бар. Итинин аты Жолборс. Ал кадимки эле кыргыздын короочу тукумунан чыккан ит. Кыргыздын иттери өтө сак, аябай акылдуу, сөөлөттүү анан төрөпейил келет эмеспи. Сарала түспөл кара темгилдүү Жолборс ошондой кыргыздын короочу тукумунан болчу.
Мишка менен Жолборс экөөнүн жаны бир. Энеси күлүп айтмакчы: “Бир аяктан аш ичип, бир төшөккө жатпаганы эле болбосо, экөөнүн жаны бирге!”. Энеси дайыма күлүп ушинтип айтат, ал сөзү чын. Небереси менен Жолборстун өтө жакындыгынан, алтургай, кемпир-чал чочулап, экөөнү эки жакка бөлбөйт дагы эле. Кусадан бала деле, ити деле ооруп калгыдай. Өткөндө небересин коңшу айылда жашаган ата-апасына айылчылатып жөнөтүштү. Ит бир күн эч нерсе жебей жатып, анан эртеси эрте менен аткан октой секирип туруп, учуп жөнөдү.
Жар башынан Жолборстун коңшу айылга кеткенин карап турган кемпир-чал, Мишканы ити менен экинчи бөлбөйбүз деп макулдашкан эле. Былтыр жайлоодо небересинин аруусу кармап калып араң өзүнө келтирип төшөккө жаткырган эне, бир маалда Жолборстун боз үйдүн эшигине шырп алдырбай кирип келип, баланын жанына жатып алганын көрдү. Кемпир көрө сала “чык”, “кет” деп тап берсе, каакымдын паригин үйлөгөндөй көрбөгөн Жолборс, төрөпейилдигине салып, башын көтөрүп: “Бала ооруп жатат… Акырын?..” – дегендей акылдуу көздөрү менен карап койду. Бая эле оозунан ак көбүк агып, титиреп, өзүн жоготуп, кемпир-чалдын эсин эки кылган небереси көзүн ачып, итин көрүп, мойнунан кучактаган боюнча жылмайып уйкуга кирди. Баласынын ушинтип аруусу (эпилепсия) кармай бергени үчүн эси чыгып, айласы кеткен уул-келини апкеп берген эле. Анткени энеси кыргызчылык менен ырым-жырым жасап: чийди түтөтүп, кызыл-тазыл чүпүрөк менен ооруну “бууп” ж.б. миң алакет жасап атып, догдурлар «айыкпайт, опурталдуу» деген оорунун эпкинин кыйла кайтарып салган болчу.
Чалы эшиктен кирип келип, жанаша мемиреп уктап жаткан ит менен небересин көрдү. Кемпири ымдап: “Тим кой!.. Унчукпа! Акырын сүйлө…”- дегендей ишара берди. Эртеси эрте менен Мишка куландан соо так секирип күлүп туруп, Жолборс экөө боз үйдөн жүгүргөн боюнча оюн салып, атып чыгып кетишти. Түнү менен чийге пахтаны ороп, майлап, күйгүзүп шам жагып, келме келтирип, небересинин ден соолугун Кудайдан тилеп, жакасын уучтап отурган кемпир-чал шыбырап сүйлөп, бутунун учу менен басып,кирип-чыгып темир очоктун боюнда кирпик какпай чыгышкан эле. Балага туулгандан жармашкан бул илдеттин мойнун буруп, адаштырып коюш үчүн да кемпир-чал небересинин атын өзгөртүп Мишка деп алышкан.
Ошо боюнча дагы он күн аралыгында эки жолу баланын аруусу кармаган сайын ит жыла басып үйгө кирип, жанына жатып жүрүп, Мишка оорудан таптаза айыгып кетти. Көптү көргөн карылар анын себебин түшүнүштү. Акылдуу ит ооруну өзүнө өткөрүп, бирок жаны бышык болгон үчүн тоготкон жок деп жоромолдоп коюшту. “Иттин жаны бекем”,“Иттей чыдамкай” деген сөздөр бекер айтылган эмес да деп, Жолборско берер ашын таппай, байкуш карылар да, ата-апасы да баланы Кайыптан кайра тапкандай басса-турса Кудайга ыраазычылыгын айтып жүрүшкөн кези эле.
Мектеби алыс болгондуктан, кышындасы эрте эле каш карайып, караңгы кирип калган маалда бала сабактан кайтат. Андайда чал-кемпир анча кыжаалат болушпайт. Анткени үйдү айланчыктап жүргөн Жолборс түштөн кийин бала келер маалда жыгач кашаанын илмегин тумшугу менен өйдө түртүп, атырыла тик жардан ылдый түшүп,сай жол менен чуркап жөнөйт. Анан бир аздан кийин жолду катар балдар болуп кар урушмай ойноп, алыс жолдо сайдын суугуна үшүй түшкөн энтеңдеген Мишка менен аны жандап келген Жолборс көрүнөт. Экөө жарышып чуркап келгенге энтиккен небересин кагылып-согулуп тосуп алган кемпир-чал Жолборско да кире беришке төшөнчү салып беришчү. Итти эшикке таштап койгонго көңүлдөрү кыйбайт, кышы менен анын орду ошо бут чечкен сөөрүсү бар далис. Жолборс эгерим шыйпаңдап жагынып, же коркуп каңшылап качып, же бейчеки арсылдап үрө бербейт эле. Көрбөгөнү өзү айткандай көр эле калган, бирок эгерим “көрдүм”, “билем” деп бирдеме айтпаган бир мүнөз карыя, Жолборсту өзүнө окшотуп “сырттаным” деп койчу.
Күз айы. Күн дале жылуу. Чоң атасы менен энесиникине айылчылап келген алты жашар карындашын Мишка ойнотуп аткан. Акылдуу Жолборс сөөрүгө чыгып кетпей, балдардын көңүлү менен болуп,далисте карап коюп жаткан. Ийик ийрип отурган энеси жыгач кашаанын эшигин ачып кирип келаткан кобурду тыңшап, эшикти ачып, бир карап эле балдарына коркуп кеткен үнү менен ымдады:
– Мишкабай бекит!.. Жолборсту бекит дейм!.. Ит атар..- деп. Учуп турган Мишка итин сөөрүнүн капталындагы эшикти ачып, астына киргизип жибергенге үлгүрдү. Аңгыча капыл-тапыл кирип келген ит атарлар эне менен амандашып, улуурагы өктөм унчукту:
– Эне, итиңер каякта?!
– Итпи?.. О итти наркы айылга балам алып кеткен эле.. Ит жок! Каяктагы ит?!. Өмүрүндө калп сүйлөбөгөн кемпирдин ээктери титиреп, айласыз айткан жалган сөзүнө какап, бирок анысына да кайыл эптеп итти сактап калыш үчүн жан далбастай көздөрүн ирмегилейт.
Ар ким өз ишинин устасы эмеспи. Айылма-айыл түрө кыдырып, канча жылдан бери түмөн иттин түрүн атып көнгөн ит атарлар жөн коймокпу? Экөө тең ит атып жүрүп, өздөрү да кудум ит сыяктуу жытчыл болуп, кылт эткенди сезип,жылт эткенден билип калган ишинин адистери болчу. Жашыраагы мыскылдагансып мыйыгынан күлүп кемпирге карады:
– Эне, мына, итиңердин жаткан орду турбайбы? Азыр эле туруптур бу жерден! Бул жакка беките койгон турбайсыңарбы! –деп, сөөрүнүн эшигин ачып, анда унчукпай жаткан Жолборсту көрсөттү. Жанатан бери ит атарлар билбей кетип калышат го деп турган Мишка чыңырып жиберди:
– Тийбе итиме!.. Жолборско тийбе дейм! Эне-е, мен атамы чакырып келейин!.. Сиз Жолборсту кармап туруңуз, эне!..
Бала чоң атасын чакырганы эшикке атып чыгып кетти. Ит атарлар энесин тоготпой атканын көргөн бала, чоң атасына ишенип чуркады. Карыя жардан ылдый сайга түшүп, эшегине эки фляганы артып суудан келаткан.
Ит атарлар сөзгө келбей Жолборстун мойнуна кайыш каргыны салып, жол жакка жетелеп жөнөштү. Кемпир аларга жалынып-жалбарып, небере кызын бир колу менен жетелеп ээрчип алды.
– Эми ушу бир итти тим эле койбойсуңарбы, а балам?.. Йе, айланайын, сөз укпай эмне болуп калгансыңар аа?.. Ботом, ушунча да таш боор болосуңарбы?.. Куудай төрт чачы калган башымы салбыратып, жалдыратып?.. Ыя, балам, бу Мишканин ити эле да?.. Итин атып койсоңор бала эмне болот аа?..-Ушинтип ээрчип суранган кемпирдин сөзүнө экөө “чым” деп койгон жок.
Мындай көрүнүш кадыресе болуп, буларга көнүмүш болуп калгандай. Канчасы ушинтип суранат дейсиң! Баарын уга берсе, анда бирине-бири атаандашып, эртең эле совхоздун конторуна же селсеветке арызданып барбайбы! Анан эр болсоң айыптан кутулуп көр!
– Ээ, эне, эмне эле суранасыз?! Өкүмат оору чыгат, ит-мышыкты калтырбай аткыла деп атпайбы! Биз эмне кылалы?! – Улуурагы энеге корс этип бир тийди.
Баятан бери буларды сөзгө келеби деп, катуу тийбей “балам” деп жалына сүйлөп ээрчип бараткан кемпирдин эми жаак эттери титиреп, ачууга алдырып, көздөрү чакчайып алкынып коё берди:
– Ок, караңгы десе! Караңгы!.. Ок, наалаты десе!.. Имне Бережнүп үйдөгү жакшына итти ат дептирби, а?! Өкүмат жолбун иттерди аткыла десе керек эле, а?!.. Оо, караңгы, наалатылар! Адамды ушунча жалдыратып какшатасыңарбы, аа?! Караңгы турбайсыңарбы! Караңгылар, аа!.. Наалаты десе!..
Жолборс болсо кадимки сырттан сөөлөтүнөн жазбай, жүнү жалтылдап, ары-бери булкунуп да койбой, чоочуркап үрүп да койбой, кериле басып унчукпай ээрчип келе берди. Сырттан болчу да..сырттан…
Ушинтип ээрчишип жол боюндагы эки ача зым жыгачтын жанына келгиче кошуна-колоң ызы-чууну угуп, үйлөрүнөн чыгып келип калышкан эле. Зым жыгачтын жанына келгенде чогулгандар “тим эле койгулачы” деп суранышса болбой, ит атардын улуурагы каргыны столбага арта байлап, Жолборско мылтыгын кезеди. Жолборс болсо унчукпай чокчоюп отуруп, кемпирдин жанындагы кызды карайт. Кымындай коркуу жок көздөрү менен кичинекей кыздан көзүн албайт. Балким, акыркы ирмемде Мишканы таппай, карындашын жакынсып турду бейм? Дал ошол убакта: “Жолбо-о-орс!. Эне-е!.. Жолбо-орс!..” деп чымын-куюн жүгүрүп келаткан Мишка көрүндү. Артынан колунда камчысы бар чоң атасы арышын кере басып ашыгып келатыптыр.
“Та-арс” этип, катар атылган мылтыктын үнүнө “каңк” эткен Жолборстун ачуу үнү аралаш чыгып, сырттан ит түйүлүп барып кулап түштү… Кемпирдин этегин кармап турган кыз: “Эне-е-е!.. Жолбо-орс! Жолбо-о-орс..” деп чыңырып ыйлап кирди. Үнү кардыккан кемпирдин ак чачтары жылбышып кеткен жоолугунун учунан сербейип көрүнүп, жаны күйүп кашайып кеткен турпатынан билинип, көзүнөн аккан жашын кальыраган колдору менен серпип : “Оо, какмарлар! Ушу кантип болсун?!. Ушундай кантип таш боор болсун?!.” дей берди. Күйүгүп чуркап жетип келген Мишка жерде кансырап жаткан Жолборсту бир карап, ишенбегендей энесин бир карап, анан үнүнүн болушунча:
– Жолбо-орс! Жолбо-о-орс дейм?!. Жолбо-орсс! – деп чыңырды..Бала жер-сууну бузуп ыйлап, ит атарларга карап: – Ээээ- э-энне-енңң!.. Атып койдуңарбы?!. Эээ-э-энне-еңң… Жолборс дейм!?. Жолбоорс?! Ээ-э-нн-енңңди…- деген боюнча балбалактаган жеңи менен токтобой аккан жашын сүртүп, үңүлдөп төш жакка чуркады… Аңгыча келип калган карыя көзүнөн чаары чыгып, сакалы титиреп, үнү кардыга сөгүп-сөздөп каарып кирди.
– Аа… акмактарым… аай! Атаңдын оозунурайын кем акылдар, аа!.. Мыкаачылар!.. Бооруңар таш беле,аа?!.. Бу бир ооз жалынганда ойлонот да адам деген!.. Оо, убалдан коркпогон мыкаачылар! – деген карыянын ачуу үнү аралаш чыңырып ыйлап төшкө качып бараткан баланын үнү, энесинин этегине башын катып чырылдап ыйлаган наристе кыздын үнү, ак чачтары сербейип жоолугунун көрүнгөн эненин кардыккан үнү, жарданып карап турган улуу-кичүүнүн наалат айткан үнү заматта нес кылып койгондой, мындайды күтпөгөн ит атарлар басар изин таппай, турган ордунда теңселип калышты..
Мурда дайыма ээлери жалдыраса болбой, кулак кагып койбой иттерди атып басып кетип калчу экөөнүн аягы азыр шилтенбей турду.. Көпчүлүктүн ачуу аралаш сөзүнөн, көзүнөн өткөн уу болбойт! Азыр ит атарлар өмүрүндө биринчи жолу ачуу сөзгө уугуп турган сүлдөрүн сүдүрөп араң басып баратышты. Бир чайкам уу жутуп алгандай ачуу сөзгө уугуп, көңүлдөрү айныды. Дөңгө чыкканда жашы улуусу аркасына кылчайып караса, төшкө чуркап кеткен баласынын аркасынан чоң атасы бараткан экен. Кемпир ыйлаган кыздын колунан жетелеп, көзүн улам аарчып,араң илкип үй жагына жөнөптүр.. Ойлонбой ок атып алганы бир үйгө мынчалык алаамат саларын башында аңдабаган ит атардын улуусу шеригин кетирип жиберип, дөңсөөдө ойлуу телмирип тамекисин бурулдатып кыйлага чейин отурду…
Бир жумадан кийин баланын сабакта экенин билген ит атарлар кемпир-чалдын үйүнө келишти. Аларды «келгиле» деп суз кабыл алган кемпир баары бир экөөнү үйгө киргизип, астыларына нан, боорсок, чөбөгө, сары май, айран катык жылуу атала койду. Ал-жай суршып болгондон кийин улуусу сөз баштады.
– Аба, өткөндө айып иш кылдык.. Өкүмөттүн иши деп жүрүп, адам сыягынан чыгып калыптырбыз… Кечирим сурап келдик эле?… Энем экөөң кечирип койгула бизди?.. Айып бизде..Сураштырып жүрүп, жакшы иттин тукуму деп, мынабу күчүктү апкедик. Балага берип коюңуздар?.. – деген экөөнө карыя бир тиктеп алып, акырын унчукту:
– Кечирбей имне, балам, кечирбей имне? Силерди кечирбей биз каякка барат элек?.. Өзүбүздүн эле баласыңар! Балам, бирок экинчи ойлонуп иш кылгыла: милдетиң миң болсо да, сабылып, суранып турганга бир карап койгула?!. Илгери эрепересия дегенде силерге окшогондор милдетим дебей адамгерчелик кылса… канча адам камалбай, канчасы атылбай калмак… Ээ, аны эми айтканда имне?…Эмнеге айттым десең?.. Эсиме түшүп кетпедиби.. Бирди-жарым кайтчу жерден кайтып жүргүлө, балдарым, кармаган жерден сындыра бербей! Кийин өкүнүчү оор болот мындайдын..- деди.
..Убакыт учкан куштай өтүп, эки жылдан кийин тоо этегиндеги он чакты үйлүү айылды аралап, баягы эки ит атар келаткан. Аңгыча төш жактан: «Жолборс! Жолборс! Ал, ме! Ме дейм!»- деген баланын үнүн угуп калышты. Күн нуруна агала, караласы бар сары жүндөрү жалтылдаган ит менен бою өсө түшкөн бала карындашы экөө ойноп атышыптыр. Төштүн эгини орулган кенен этегинде оюн салып жүргөн үчөөнү көргөн ит атарлар баягы дөңсө жерге отуруп, улуусу тамекисин тутандырды.
Берекеси төгүлгөн күздүн кучагына бөлөнгөн алакандай айылды, Жолборсу менен ойноп жаткан Мишка менен сербейген карындашын, заңкайган сүрдүү тоолорду, жылуу теребелди карап,экөө унчукпай отурду. Улуусу баятан: «Тирүүлүктө тирүүнү тирүү жайраган токтойт бекен?..» деген миң түркүн ойго термелип отурган эле. Анан бир маалда улуурагы балдар жакты дагы бир карап алып, көзүнө сарыгып келген жашын сүртүп, үнү кардыга:
– Жүр, кетели,- деди.
Жашыраагы да ылдый болуп,мылтыгын жерден алганча көз жашын шеринине көрсөтпөй сүртүп алып, жөнөп кетишти. Баягыда, тээтиги зым жыгачка каргысынан байланып, акылдуу көздөрү менен кош оозду унчукпай карап турган сырттан Жолборс эстеринен чыкпай калган эле..Көз жашы азыр эмнеге акканын бир гана өздөрү билет болчу…

Рахат АМАНОВА
2020, Бишкек

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КЫЛДЫРЕК

Аңгеме

Бала кылдыректи зуулдатып, төштүн этегиндеги дөндөн ылдый жүгүрүп түштү.. Баятан бери дөңдөн ылдыйышка кылдыреги менен чымын-куюн жүгүрүп келген бала арыктан өтүп, эс алганы отурду да, кылдыреги менен зымелегин кармалап жылмайды.
Атасы кышындасы туулган күнүнө белек кылгандан бери «машинесин» жанынан чыгарбай жүрүп, азыр жайдын күнү жыргап ойноп айдаганы айдаган. Атасы эски колясканын дөңгөлөгүн чыгарып, кылдырекке ылайыктап, жоон зымды эки-үч кайтара ороп, баш жагын ийрейтип, илмек баш зымелекти кошо жасап берген. Баса, эски велосипеддин кызыл төгөрөк жангычын алып, аны зымелектин сап жагына кадап берип “бул фара болот” деген. Туулган күнүнө кылдыректи зымелеги менен белекке алган бала ошондо дүйнөдөгү бактылуунун бактылуусу болчу! Быйыл алтыга чыгып калга мадырабаштын эси-дарты ушул «машинесинде».
Ананчы! Кылдырек деген машина да! Атасынын колунан баары келген үчүн, кылдыреги менен зымелегин абдан ыңгайлуу жасап берген эле. Кайда болбосун айдап кете берсе болот: аңгил-дүңгүл жар башына, аңызда, өңгүл-дөңгүл дөңдө, таштак сай жолдо, дайрадагы көпүрө аты бар ничке өтмөктөн, төштүн эңкейишинен кылдыреги менен асфальт жолдо айдагандай текирең-таскак салган бала алдына эч кимди салдырбайт. Кээ бир балдардыкы чоң велосипедден болгон үчүн, оор зымелектин башына илип алып айдаганда калдаңдап ары-бери боло берет. Төштө турмак, түз жолдо түзүк айдай алышпайт. Балдар болуп жарышканда, велосиреддин дөңгөлөгүнөн жасалгандары калдаңдап ыргып кеткенде ызаланып ыйлагандарын айт. Ошон үчүн тыпыйган кылдыреги менен зымелегин уурдатып ийбейин деп корккон бала “машинесин” түнү үйгө алып кирип алат.
“Машине” деп, оюнчугуна апасы ат койгон. Себеби, кышындасы белегин алары менен үйдүн ичинеде “вуу-уу-у” деп ойногонду баштап, жолуна тоскоол болгондорду: үйдөгүлөрдү, буюмдарды көрсө, “кы-ы-ыйк” этип бурулуп, атасына, апасына, карындашына, үкасина жакындаганда “пи-и-ип” деп эскертип токтоп, машинага айланган. Эки бөлмөлүү үйдүн жерге салган ала кийизи менен үч шырдамалы дароо баланын сүйгөн жолуна айланды.
Оймонун артынан кубалап айдап кете бересиң, кете бересиң, дегеле тажатпайт! Анан шырдамалдын оймокторуна уккан, билген, теледеги кинолордон көргөн шаарлардын аттарын коюп алган. Ортодогу оймодо – Бишкек, жанындагысы Ош, анан таятасынын айылы, чоң атасынын, өздөрүнүн үйү бар. Апасы чоң шырдамалдын төрт четиндеги оймолорго да ат коюп берген: Москва, Париж, Рим, Лондон деп. Азырынча шаарлардан ушуларды билет.
Баланын башка да оюнчуктары бар: бош консервалардын жез идишин былчыйтып, бириктирип койгон каталектери толтура. Каталектерди биринин үстүнө бирин тизип, балдар болуп он кадам алыстан таш менен уруп ойношот. Андайда мергендигин көрсөтөйүн деп ар кимиси ашыгат. Анткени, каталекти таамай ыргыта койгондорду чүкө атышмайга талашып кошуп алышат. Чүкөлөрү да бир баштык. Арасында кызыл, көк, жашылга боёп алгандары бар. Чүкөнү жакшы ойногону үчүн баштыгын бөксөртө койбойт. Домпойлорунан үчөө бар. Баса, каталектерин эстебеди беле! Консервалардын жез тыштуу капкактарын дароо чыгарып, андан эмнени кааласаң жасасаң болот.
Атасы жасап берген жука жез капкакты чүргөгөн жебенин огун жаасы менен атса барбы! Андай жебеден атасы бешти жасап берген.
Достору менен чогуу жаа менен жебени бекитип “апачи” ойношот, болбосо чоң балдар көрсө тартып алат деп коркушат. Анан да жука жез капкакты тешип, жип өткөрүп, “апачи” болгондо чөптөрдүн арасына илип койсо, “белыйлар” келатканда бутуна илинип, шыгырап билинип калат. Ошон үчүн балдар көчөдө жолдон бошогон консерванын жез идишин көрсө эле “лып” илип кетишет! Дароо капкагын чыгарып алып, идиш жагын таш менен уруп былчыйтып каталекке айлантышат. Антип дароо каталекке айлантып былчыйтып коюшпаса, кыздардын колуна бүтүн тийсе бүттү дей бер! Бекитип бербей коюшат. Бекитпей анан! Консерванын бош идишин көргөн кыздар андан “үй” ойногонго түрдүү буюмдарды жасашат. Алар капкагынан тарелка жасап, идишин казан дешип, анан “тамак жасадык” деп, капкагын ачып-жаап жыргай беришет.
Баланын төрт жашар карындашы качан болбосун оюнчуктарын талашканы талашкан “үй жасап ойнойм” деп. Айнек идиштердин, желим идиштердин пөктөрүн да карындашы талашат. Балдар пөктөрдү чогултуп түрдүү оюндарды ойлоп чыгарып атышкан. А кыздарчы? Кыздар болсо баягы эле “үйдү” ойноп, желим идиштердин пөктөрүн “пиала”, “чыны”, “чөйчөк”дешет. Айнек идиштердин жез пөктөрүнөн өздөрүнө “алтын” шакек, топчу, дагы жез пөктөрдү бири-бирине бурап улаштырып, “алтын” чынжыр жасашат.
Бала ушуларды эстеп, эсине дароо чүкө, кателек, пөктөрү салынган баштыктары түшүп, карындашы менен кичинекей бөбөгү чачып салбады бекен деп үйгө жетип келди. Баары жайында экен. Чүкө салган баштыктары менен кошо калгандары да тамдагы өзү бекиткен эски чемодандын ичинде жатыптыр. Үйгө келери менен адатынча беш жашар карындашы чапкенедей жабышты: “Кылдыйек үйрөтүңүш!”- деп. Эки жашар бөбөгү да тили келип-келбесе деле: “Кылдыйе-ек! Кылдыйек бейчи?..”- дей берди артынан калбай ээрчип.
Азыр да карындашы жетип келип кылдыректи сураганынан эптеп кутулуу үчүн: “Кылдыректи кыздар ойносо болбойт. Көчөдө балдар көрсө уят болот! Сен кыздардын оюнун ойной бер да?”- деди.. Анысын көргөн апасы акырын кагып койду: “Койчу, балам?! Үкалариңи зарыктырбай кылдырегиңи берип ойнототуп койсоң боло?”- деп. Апасы эч качан балдарын урушчу эмес. Эч качан! Ошон үчүн апасынын акырын кагып койгону балага катуу тийип, ызасына чыдабай ыйлап жиберди. Агасынын ыйлап жатканын көргөн карындашы менен иниси да апасын чочулап карап, агасынын жанына катар тизилип туруп алып ыйлап коё беришти. Апасы ыйлаган балдарын карап, камыр жууруп жаткан колун сууга жууй салды да, чөгөлөп отура калып үчөөнү өпкүлөп кирди. Бала таң калып, апасынан сурады:
– Апа, үкаларим эмнеге ыйлап атышат?
– Сага болушуп ыйлап атышпайбы….Сени урушуп койсом ыйлап атышпайбы. Болду, балам, экинчи сени дагы, үкалариңи да урушпайм!.. Мени кечирип койчу, балам?..- деген апасы үчөөнү алмак-салмак өпкүлөдү.
Дайыма апасы туура эмес болсо кечирим сурай турган. Апасын көрүп, балдары да бири-биринен кечирим сурашчу. Апасы алтургай, ысыгыраак тамак берип алса, оозу күйүп бирөө-жарымы чочуп кетсе да балдарынан кечирим сурап ийет жалынып-жалбарып. Бала жарк этип күлүп: “Апа, мен сизди кечирдим! Эми мен жакшы бала болом! Үкаларима кылдырегими берем а, апа!”- деген бала карындашы менен инисине “машинесин” алмак-салмак берип, үй ичин айланып-чуркап ойноп жүрүштү.
Эртеси эртең менен үйдүн алдына отуруп алып, уулунун кычкач менен зымдарды, эски-уску темир буюмдарды бурагылап атканын көргөн атасы таң калып сурады:
– Эмне кылып атасың, балам? Устачылык кылайын деп атасыңбы?
– Ии, ата, кылдырек жасап атам! Үкаларим азыр тургуча кылдырек жасап берем! – деген баласына күлүп караган атасы:
– Анда сага жардамдашайынбы?- деди.
Бала башын ийкеп, атасы экөө устачылыкка киришти. Атасына айтып, “кыздарский” анан “кичине балдарский” жасайлы деген бала, кечээ апасы урушса карындашы менен иниси экөө өзүнө болушуп кошо ыйлаганын, эми эч качан бир туугандарынан оюнчук аябай турганын айтып берди. Уулунан эми эле угуп аткандай болгон атасы кечээги окуяны келинчегинен да уккан.
Келинчеги да эми балдарын какпай турганын, баласынан кечирим сураганын, кичинекейлери агасына болушуп ыйлаганын көрүп жашыганын айтып берген эле.
Кышындасы уулунун туулган күнүнө белек алып бергенге акчасы жок жаш айалемет ата, балдарынын эски коляскасынан кылдырек жасаган болчу. Анан өз колу менен жасаган белегин бир шоколад менен алтыга чыккан уулуна карматып, уулун куттуктап, эшикке чыгып ызасын эч кимге көрсөтпөй жашыган…
Эгерде айлыгы кеңири жете турган жумушу болсо кана?!. Уулун, үй-бүлөсүн Ошко алып барып шаарды айландырып ойнотуп, балдары каалаган оюнчуктун баарын алып бермек! Балдарын шаарга алып барып ойнотмок турсун, тамак-ашына жеткирип жашаганына шүгүр айтып жүрбөйбү. Анан да үч баласы болгону менен үстүнө баш калкалар үйү жок. Эми үй алуу үчүн балдарын таштап, тээ Россияга барабы? Жок! Балдарын таштап келинчеги экөө карыш жылгысы келбейт. Анда кантип үй алышат? Каяктан акча табышат? Айлыгы тамак-аштан артпай атпайбы? Ушундай түмөн ойдон жүрөгү түпөйүл жаш ата ичинен улам күбүрөп:“ Ынтымак болсоңор экен, ырыстууларым… Ушундай күйүмдүү болсоңор экен. Күйүмдүүлөрүм..”- деп баятан бери жанында тегеренип жүргөн уулуна карап бактылуу жылмайып, эки кылдыректи бат эле жасап койду.Бир саат өтүп-өтпөй кылдыреги кызыл боёкко боёлгон, апасы гүлдүү жоолугунун гүлдөрүн, жалбырактарын кесип берип, алардын учун атасы уулу экөөлөп зымелекке скочтоп койсо тимеле укмуш кооз болуп калган “кыздарский” кылдырек менен тыпыйган кичинекей кылдырек зымелеги менен даяр болду. Бала жерде салынган төшөктө ысылап, томолонуп уктап жаткан кичинекей бөбөгү менен карындашын жүгүрүп кирип ойготту:
– Атам экөөбүз силерге кылдырек жасап койдук! Карасаңар? Жаман сонун жасадык! Жүрсөңөр! – экөөнү тышкы үйгө алып чыгып көрсөттү.
Үчөө кылдыректер менен алек болуп, дүйнөдө жок керемет буюм алгандай бактылуу күлүп-жайнап, үй ичин тоз-тополоңго салып оюнга киришти. Балдарын кубанып карап турган бактылуу жаш жубайларга мындан артык бакыттын кереги жок болчу! Болгону батирдин акчасын төлөп алышса батыраак… Анан эптеп үй салып алышса… Кылдыраган жашоонун кылдыреги бактылуу бул бүлөнү кайда алып барары али белгисиз болчу. Азыр алар чексиз бактылуу! Кымбат баалуу оюнчук турмак, арзан оюнчуктарды “алып бер” дегенди билбеген, дегеле шаарларда базарларда оюнчук саткан толтура күркөлөр бар экенин билбеген, даяр оюнчуктардын түрү сатыла турганын билбеген балдары менен бактылуу эле. Бул бактысын жаш жубайлар эч нерсеге алмашкысы келбейт. Эч нерсеге! А бирок үйү жок кыйналып кетишедиби… Үй салабыз деп балдарын таштап алыска кетишсе чүрпөлөрү түшүнөт бекен? Балдары кечиришет бекен? Балдарынан кечирим сурап өздөрү үйрөтүп койбоду беле? Кичине катуу айтып алып кечирим сурап үйрөтүп коюшпады беле. Эми таштап кетишсе балдары кечиреби же жокпу? Кантип балдарын таштап кетишет?..
… Азырынча бактылуу бүлө дүйнөнү үч кылдырек менен чарк айланып-тегеренип, атасы, апасы кошо ойноп, ала кийиз менен шырдамалдагы оймо-шаарларга балдары менен чогуу саякаттап,бакытка тунуп турган эле.. Бактылуу бүлөнүн жарыгы чачырап, дүйнө жүзүн жаркытып турду..

Рахат Аманова
12.03. 2020

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.