Рахат Жуманазарова-Шакирова: Сени эстейм
Рахат Жуманазарова-ШАКИРОВА
Сенин жалгыздыгың
Өзүң менен өзүң сырдашкан,
Өзүң менен өзүң муңдашкан,
Оолак болуп курбу-курдаштан,
Убактыңды бекер уурдашкан,
Жалгыздыгың жалгыз сага жарашат…
Көпчүлүктөн өзүңдү ала качасың,
Өз чериңди өзүң гана жазасың.
Өз күйүтүң өзүң гана басасың,
Тунган суудай терең ойго батасың,
Жалгыздыгың жалгыз сага жарашат…
Агымга каршы сүзгөн балык болуп,
Алыстан азгырыктуу жарык болуп,
Бүгүн жапжаш, эртеси карып болуп,
Алдыңдагы шараптан алып коюп,
Жалгыздыгың жалгыз сага жарашат…
Мүнөзүң бар эч кимге окшобогон,
Каткырып күлбөгөн же боздобогон,
Ашыкча жүктү өзүнө топтобогон,
Жан дүйнөсүн жасалма кооздобогон,
Жалгыздыгың жалгыз сага жарашат…
Чечилбеген түйүнгө окшоп,
Колдоно элек буюмга окшоп,
Бир сырдуулук өзүңдөгү …
Жүрөгүмдү койду козгоп…
Көчөмдөн өткөнүңдө
Мен жашаган көчөдөн күндө өтөсүң,
Сегиз жарым, тогуздар чамасында.
Алыстан карааныңды көрөөр замат,
Бекинем, дарбазанын далдасына.
Мендеги жашыруун бир ойлор менен,
Ишиң жок, өз жолуңда баратасың.
Кызык эй, кырктан ашкан мезгилимде,
Артыңдан аңдытып бир каратасың.
Кудай ай, көчөдөн бир өткөнүңө,
Үйүмө киргениңдей кубанамын…
Сени эстейм
Жашоомдо туңгуюкка кабылганда,
Жамандык жамгыр болуп агылганда,
Турмуштан тумшукка жеп кагылганда,
Бүк түшүп бүт ааламга таарынганда,
Жан дүйнөм жакшы адамды сагынганда…
Негедир, сени эстейм…
Тагдыр мени куруттай эзген кезде,
Турмуштун туздуу даамын сезген кезде,
Жалгыздыктан жаа бою безген кезде,
Түйшүктөрдүн түйүнүн чечкен кезде,
Баары бир убакыт таап арасында,
Негедир, сени эстейм…
Көңүлүм көк асмандай ачылганда,
Көзүмөн жаш акканча каткырганда,
Кимдир бирөө кездешүүгө чакырганда,
Кечигип аны көздөй шашылганда,
Шашылып баратып да жолду катар,
Бары бир, сени эстейм…
Кокустан бир жакшы ыр угуп калсам,
Мазмуну макул келип муюп калсам,
Көлмөдөй терең ойго тунуп калсам,
Көңүлгө канат бүтүп учуп калсам,
Кайра эле, баягы эле адатымдай,
Негедир, сени эстейм…
Уйкуга жатаарымда сени эстейм,
Кайра таң атаарында сени эстейм,
Айылыма кайтаарымда сени эстейм,
Элесиң аралашып бүт жашоомо,
Өзүңө өмүр бою жетпей келем…
Менин жообум
“Бейишпи же тозокпу бараар жерим”?
Мас элең, мага ушундай суроо бердиң.
Билбепмин, мынча терең санаа басып,
Билбепмин, кыйналганын мынча сенин.
Мен түшүнбөс көп маани бар сөзүңдө,
Орду толгус арман турат көзүңдө.
Али жашсың, бары сенин колуңда,
Бейишиң да, тозогун да өзүң да…
АРТЫМДЫ КАРАЙМ УЛАМ
Азыр мага
башымды жөлөп алып,
мойнунан бек кучактап
ыйлаганга ийин керек.
Ким болсо
ошол болсун,
атын да
айтпай койсун.
Мен ыйлап бүткүчөктү
чачымдан аста сылап,
болгону, болгону эле
ийинин тосуп койсун.
Элпектенип эч кимди
туурабасын,
эбиреп көңүлүмдү улабасын.
Эчкирип кошо ыйлап
бетимди суулабасын.
Эми кантем элдерден
өткөн-кеткен
дегенсип корунбасын,
уялбасын.
“Эмне болду айтсаң”- деп
сурабасын.
Баары бир жооп бере албайм,
бүт денем талып турат,
баягында бакыт издеп
чыккан элем,
ошол сапар мына азыр
карып турат.
Басынып, чүнчүп, анан
көңүлүм көп нерседен
калып турат.
Үн-сөсүз кулачудай,
жыгылсам турбачудай
бир кызык болуп турам.
Көрүнбөйт эч ким жодо,
акыркы күчүм жыйнап,
а балким келатат деп
артымды карайм улам…
Рахаттын ырларынан рахат аласың. Сонун!